Үстүбүздөгү жылдан тартып кыргызстандыктар Улуу Британияга ( Ирландия, Шотландия Уэльс жана Англия) легалдуу түрдө 6 айга иштеп келүү мүмкүндүгү түзүлдү. Бул тууралу КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.
Министрликтин Жарандарды жумушка орноштуруу борбору 2022-жылдын 16-мартында Улуу Британиянын тийиштүү уюмдары менен айыл чарба жумуштарына кыргызстандыктарды тартуу боюнча келишим түзгөн. Ал макулдашуу боюнча быйыл, 2022-жылы 1000 кыргыз жараны Улуу Британияга барып иштеп келе алат.
Каалоочулар «AgriHR» компаниясынын сайтына катталып, өздөрү эле бекер тандоого катыша алат. Быйыл 1-июнга карата 7000 кыргыз жараны бул өлкөгө барып иштеп келүүгө арыз беришти. Алардын ичинен 203 кыргызстандык Лондонго учуп кетишти, дагы 400 жаран июнь айында учуп кетүүгө даярданышууда.