Menu

Кыргызстан-Венгрия

Элчи Талантбек Кушчубеков Венгриядагы кыргыз студенттери менен жолугушту

Үстүбүздөгү жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуп жаткан Кыргызстандык студенттер жана жарандык  коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда элчи Т.Кушчубеков Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы элчиликтин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүү аспектилерине кыскача токтолду.

Ошондой эле жарандарга Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле жаштарды жана билим берүүнү колдоо боюнча мамлекеттик саясат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан, Тышкы иштер министрлигине жана өлкөнүн чет өлкөлүк мекемелерине белгиленген милдеттер жөнүндө маалымат берилди.

Жолугушуунун соңунда элчи Т.Кушчубеков жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ошондой эле студенттердин Элчиликтин ар кандай маданий иш-чараларына, анын ичинде Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоонун алкагында, Венгриядагы Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер элчиге өздөрүнүн суроолорун бере алышты. Студенттердин турмушунун актуалдуу маселелери, Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуунун формасы жана башка темалар боюнча пикир алмашуу болду.

Венгрияда Кыргыз Республикасынын элчилиги негизделди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыздоо максатында токтом кылынат:

Будапешт шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин уюштуруу.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:

—        Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү;

—        өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү.

Меню