Menu

Кыргызстан-Казакстан

15 жыл дайынсыз болуп, бир казактын малын багып жүргөн кыргыз жубайларга убактылуу паспорт берилди

15 жыл дайынсыз жүргөн кыргызстандык жубайларга убактылуу паспорт берилди. Алар 19-октябрга караган түнү Кыргызстанга келгенин журналисттерге бир тууганы Элмира Рыскелдиева билдирди.

“Кыргызстандын Алматыдагы консулдугуна рахмат. Агам чек арадан өтүп келатып “Кыргызстан” деп кыйкырып, баарыбызды ыйлатты. Азыр жаныбызда. Эми апасы, бир туугандарынын жанында болот”,- деди Рыскелдиева.

Буга чейин ЖМКлар 15 жылдан бери дайынсыз болуп келген жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунда табылганы тууралуу маалыматтарды жарыялашкан.

Анда алар казак айылдарынын биринде бирөөнүн малын багып, короо-жайын карап жүргөнү, үч жолу казак полициясына кайрылып жардам сураганынан майнап чыкпаганы айтылган.

Жакындары кыргыз бийлигине кайрылып, жубайлардын паспортторун калыбына келтирип, мекенине алып келүүгө жардам сурашкан.

Азыр Казакстандын аймагында расмий эсеп боюнча 35 миңден ашык кыргызстандык жашап, иштейт. Бейрасмий эсепте алда канча көп болушу ыктымал экени айтылып келет.

Кыргызстандан Казакстанга суу бериле баштады

Талас облусунун аймагындагы Киров суу сактагычынан Казакстандын Жамбыл облусуна суу берүү башталды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин маалымат каражаттары Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитовго шилтеме берип жазышты.

Казакстан менен Кыргызстандын акыркы өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйыны Акылбек Жапаров менен Алихан Смаиловдун катышуусунда Тараз шаарында сентябрдын аягында өткөн. Анын жүрүшүндө тараптар Киров суу сактагычынан суу берүүнү калыбына келтирүү жаатында макулдашууга жетишкен.

“Биз Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, Киров суу сактагычын ачуу боюнча учурдагы шарттарды макулдаштык. Учурда суу сактагычтан 12 куб метр суу Жамбыл облусунун суу сактагычына топтолуп жатат”, – деп билдирди Нуржигитов.

Ал акыркы эки айда Казакстанга суу келбей калганын кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстандын Киров суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү быйыл соңку 30 жылдагы эң төмөнкү чекке түшкөн. Казакстан сугат суунун жетишсиздигинен улам 13 районунда өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

Киров суу сактагычынын башчысы Шыгай Момуналиев буга чейин “Азаттыкка” августтун этегинде суу сактагычта болгону 10-14 млн куб суу бар экенин айткан. Бул 2022-жылга салыштырганда 10 эсеге аз. Былтыр августта бассейинде 100 млн куб суу топтолгон.

1976-жылы ишке берилген Киров суу сактагычына долбоордук көлөмү боюнча 550 млн метр куб суу батат. Расмий маалыматка караганда, суу сактагычта суу эң көп топтолгон убак 2016-жылга туш келип, анда 500 миллиондон ашык метр куб суу топтолгон. Киров суу сактагычына топтолгон жалпы суунун дээрлик 80% Казакстанга кетет.

Таластын Манас району суунун 20 пайызын гана колдонот. Казакстан сууну алганы үчүн кенемте катары Киров суу сактагычын жыл сайын ремонтоп, оңдоо иштерин жүргүзөт.

Казакстан Россиянын күйүүчү майларын Кыргызстанга өткөрбөй жатат, 20 күндөн кийин Кыргызстанда май таңкыстыгы жаралышы мүмкүн

Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы Орусиядан ташылган күйүүчү майларды Казакстан аркылуу алып өтүүдө кыйынчылыктар пайда болгонун билдирди.

Бирикменин 3-октябрда тараткан маалыматына караганда, 1-сентябрдан бери “Казакстан Темир жолу” улуттук компаниясы эч кандай расмий түшүндүрмө бербей туруп жүк алып өтүүлөрдүн айлык планы тууралуу макулдашууну кабыл албай жатканы айтылат.

“Мунай ташуучу жергиликтүү компаниялар “Кыргыз Темир жолу” ишканасы менен бирге бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатат. Бирок бүгүнкү күндө октябрь айы үчүн коюлган пландар “Казакстан Темир жолу” тарабынан четке кагылып жатат. Күйүүчү майды Казакстандын аймагы аркылуу алып өтүүдөгү бул көйгөй 20 күндөн кийин Кыргызстанда май таңкыстыгын жаратышы мүмкүн”, – деп жазылат билдирүүдө.

Бул тууралуу мамлекеттик мекемелер комментарий бере элек.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 1 млн 300 миң тоннадан 1 млн 500 миң тоннага чейин күйүүчү май керектейт.

Соңку эки жылда Орусия менен түзүлгөн келишимдин негизинде күйүүчү майдын индикативдик планы 1 млн 200 миң тонна мунайды түзгөн. Бул аталган көлөмдөгү күйүүчү майды бажы төлөмүсүз ташып келүүгө болот дегенди билдирет. Ал эми 2023-жылы индикативдик план боюнча 945 миң тонна гана күйүүчү майга келишим түзүлгөн.

Кыргыз-казак өкмөттөрү данды үзгүлтүксүз жеткирүүнү макулдашты

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинде социалдык маанидеги жүктөрдү – дан, май, кант жана күйүүчү-майлоочу майды үзгүлтүксүз жеткирүү макулдашылганын билдирди.

Тиешелүү протоколго 23-сентябрда Казакстандын Тараз шаарында өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынында кол коюлган. Жыйында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек арада жүктөрдү негизи жок кармоолорду токтотуп, тоскоолдуксуз өткөрүү керектигин айткан.

Кыргызстанда ушул айда Казакстандан ташылып келген ундун баасы кымбаттады. Буга чейин Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Руслан Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15% кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет.

Август айынын соңунда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде жүк ташыган машиналардын узун кезеги пайда болгон. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги мындай абал үчүн Казакстанды “Евразия экономикалык биримдигинин эрежелерин сактабай жатат” деп айыптаган.

Казакстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз иштерге каршы иш-чаралар жүрүп жатканын жарыялаган.

Казакстан Ысык-Көлдөн 49 жылга ижарага алган 4 пансионат боюнча убадаларын аткарган жок

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 19-сентябрдагы жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Самат Шатманов Казакстанга 49 жылга ижарага берилген Ысык-Көлдөгү пансионаттар жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, пансионаттар ижарага алынгандан бери эч кандай оңдоп, түзөө жүргүзүлгөн эмес.

“Бүгүнкү күндө төрт пансионат Казакстандын министрликтеринин алдында болгондуктан, биз сураган 3-4 жылдыздуу мейманканаларды курууга каражаты жок экен. Казак тарап инвесторлорду тартуу боюнча өзгөртүү киргизип бергиле деп суранган”, – деди Шатманов.

Депутат Улугбек Ормонов башка мамлекеттерге ижарага берилген пансионаттар жөнүндө келишимдин шарттары аткарылбай жатат деп сындады.

“Келишимге кол коюп, талаптарды айтып алып аны сураган эч ким жок. Ал ким менен кантип курат, эмне ишибиз бар? 49 жылга бердик, талаптар аткарылбаса, келишим жокко чыгарылышы керек”, – деди ал.

Депутат Ормонов Азербайжанга беш жылдыздуу мейманкана куруу үчүн Ысык-Көлдүн жээгинен 17 гектардан ашык жерди 49 жылга ижарага берүү тууралуу келишимди да тыкыр кароо зарыл деген маселе көтөрдү.

Салык кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Умтулов Казакстанга 49 жылга ижарага берилген Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын экөө гана иштеп жатканын, алар 2023-жылы төрт миллионго жакын салык төккөнүн маалымдады.

Кыргыз өкмөтү көл жээгиндеги “КазГу”, “Олимп”, “Казакстан” жана “Самал” пансионаттарын 2006-жылы 49 жылдык мөөнөткө деп Казакстанга ижарага берген. Эки тараптуу келишимде эс алуу жайлары 6-7 жылдын аралыгында оңдоп-түзөөдөн өтүп, туризмди өнүктүрүү боюнча чоң долбоорлор ишке ашары жазылган.

Жакында эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги өзбекстандык компанияларга Ысык-Көлдөгү “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары 49 жылга пайдаланууга берилгенин жарыялаган.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң" бекетинде да кезек пайда болду

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булуң” өткөрмө бекетинде да жүк ташуучу автоунаалардын кезеги пайда болуп, 146 автоунаа Казакстанга кире албай турат. Бул тууралуу 23-августта Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы дагы бир “Ак-Тилек” бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 493гө жетти. Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа кирген.

Кыргызстандын өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Чүй облусундагы “Ак-Тилек” бекетинин жанында айдоочуларга жардам көрсөтүү үчүн чатырлар тигилген. Ал жерлерде айдоочуларга медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилет.

“Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 20-августтан баштап жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда боло баштаган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочуларга чатырлар тигилди

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде тыгында турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү 22-августта маалымдады.

“Айдоочуларга медициналык, психологиялык жана башка жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулду”, – деп айтылат билдирүүдө.

Өкүлчүлүк учурда тиешелүү мамлекеттик органдар жол кыймылын жана коомдук коопсуздукту сактоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Буга чейин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы маалымат таратып, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте эч кандай чектөө жок экенин билдирген.

Анда чек арада мыйзамсыз иштерге каршы чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылган.

Мурдараак Казакстандын каржы министри Ерулан Жамаубаев “ал жерде маңзат аныктоо боюнча операция жүргүзүлгөнүн, мындан улам Чек ара кызматы менен Улуттук коопсуздук комитети тыкыр көзөмөл кылып жатканын” маалымдаган.

Кыргыз тарап Казакстандын 22-августтагы расмий билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Аталган бекетте жүк ташуучу автоунаалардын кезеги 20-августтан тартып узара баштаган. 22-августта алардын саны 500гө чукулдады.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Казакстан буга чейин “Ак-Тилек” аркылуу бир саатта 14-15 машине өткөрсө, азыр 4-5 саатта бирден автоунааны өткөрүп жатат.

Кыргыз-казак чек арасында 300дөн ашык жүк ташуучу машине кезекте турат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 21-август саат 18:30га карата 370тей жүк ташуучу автоунаа Кыргызстандан Казакстанга өтө албай, кезекте турат.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз тарап машиналардын жай өтүшүнүн себептерин талкуулоо үчүн Казакстандын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуу маселесин карап жатат.

Казакстан 21-августта саат 09:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта үч гана машинени өткөргөн. Мекеме Кыргызстан тарап чек арада эч кандай чектөө киргизбегенин жана өткөрмө бекет кадимки тартипте иштеп жатканын кошумчалады.

Казакстан окуя боюнча азырынча комментарий бере элек. Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде утур-утур жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда болуп турат.

Кыргызстан Казакстанга Киров суу сактагычынан сугат суу берүүнү убактылуу токтотту

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги 13-августта билдиргендей, мындай келишимге тараптар июль айында Бишкекте өткөн жолугушууда жетишкен.

Маалыматка ылайык, 17-19-июль күндөрү Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын суу маселеси боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн.
Анда казак тарап Талас дарыясынын бассейнинде суу жетишсиздигин, мындан улам Жамбыл облусундагы эгин талааларын сугаруу оор болуп жатканын белгилеп, Киров суу сактагычынан сууну көбүрөөк өлчөмдө кое берүүнү суранышкан.
“Алар 18-июлдан 31-июлга чейинки аралыкта Киров суу сактагычынан сууну мурда макулдашылгандай секундасына 40 куб метрден эмес, 45 куб метрден кое берүүнү сурашты. Кыргыз тарап бизде да эгин талаалары куурап жатканын себеп кылып, суунун агымын көбөйтө албасын билдирген. Ошондой эле казак тарапка эгер сууну секундуна 45 куб метрден кое бергенде Казакстандын жалпы 3,54 млн. куб метр лимити 4-августта аягына чыгары эскертилген. Ага карабай, казак тарап өтүнүчүнөн баш тарткан эмес. Жыйынтыгында эки тарап августтун 2-декадасынан тартып Казакстанга суу берилбей турганын ачыктаган протоколго кол коюшкан”, – деп жазылган маалыматта.
Айыл чарба министрлиги сугат суу маселеси Таласта бүгүнкү күндө да курч бойдон турганын, Киров суу сактагычына секундуна 1,3 куб метрден гана суу агып кирип жатканын маалымдоодо. Былтыр ушул күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 13,7 куб метрге жетип аткан.
Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги Кыргызстан Казакстанга 4-августтан тарта Киров суу сактагычынан суу берүүнү токтотконун маалымдаган. Мекеменин сайтында Казакстанга аталган суу сактагычтан секундасына 45 куб метр суу берилиши керек болсо, азыр бир да куб метр суу өтпөй жатканы жазылган. Ага ылайык, сугат суу тартыштыгынан Казакстандын түштүк аймактарындагы буудай, кант кызылчасы жана пияз айдалган 4 миң гектар талаа кургап калуу коркунучунда турат.
Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык, Киров суу сактагычындагы суунун көлөмү 9-августта 32,48 млн.куб метрди түздү. Былтыр ушул убакта суу сактагычта 177,28 млн. куб метр суу болгон.

Бишкек Астанадан кыргыз жарандарынын Казакстанда жүрүү эрежесин жөнөкөйлөштүрүүнү сурады

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Казакстандын Бишкектеги элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады.

Имангазиев кыргызстандыктардын Казакстандын аймагында жүрүүсүн тескеген жаңы эрежеге тынчсыздануусун билдирген. Кыргыз тарап айрыкча күн сайын чек арадан өткөн жүк ташуучулар, такси айдоочулар жана курулуш, тамак-аш тармагында иштегендерге тоскоолдук жараларын белгилеген.

Казак дипломаты чек арадан өтүү жана чет өлкөлүктөрдүн Казакстанда жүрүү эрежелери мыйзамсыз миграцияга каршы чаралар экенин түшүндүргөн. Элчи Жошыбаев бул маселени тийиштүү органдын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууда талкуулоону сунуштады.

27-январдан тарта Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары Казакстанда жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат.

Мурда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандары Казакстанда чек арадан чыгып-кирип коюп, каалашынча жүрө берчү. 30 күнгө чейин эч кандай каттоосуз, 60 күн жашаган жеринде каттоого туруп жүргөнгө укуктуу болчу. Андан кийин чек арадан чыгып, кайра кирип, дагы 90 күн жүрө алышчу.

Эми Казакстанда узак мөөнөткө калууну пландаган чет элдиктер бир жылдык виза же убактылуу жашоого уруксат алууга милдеттүү. Виза чет элдик паспорту барларга гана берилет.

Мигранттардын маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен сүйлөшкөнүн парламенттин шаршембидеги жыйынында айтты.

Азырынча Астана бул маселе боюнча комментарий бере элек.

Орусияда былтыр күздө армияга мобилизация жарыялангандан бери аскерге милдеттүү жарандардын көбү Казакстанга кире качкан. ФСБнын чек ара кызматынын маалыматына караганда, былтыр үчүнчү кварталда 1,3 миллион орус жараны Казакстанга кеткен.

Меню