Menu

Кыргызстан-Кытай

Орусия Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү менен аскердик машыгуусун баштайт

Москва 50 миңдей аскер катыша турган кезектеги машыгууга даярданууда. Маневр 1-сентябрда башталат жана бир жумага созулат.

Ага Кытай, Индия, Лаос, Монголия, Никарагуа, Алжир, Сирия, мындан тышкары Беларус, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын аскер кызматкерлери катышат.

Машыгуу кургактык менен катар суудагы ар түрдүү операцияларды камтыйт.

Ошол эле маалда Орусиянын Тынч океан флоту менен Кытайдын Аба-деңиз күчтөрү Жапон деңизинин акваториясында деңиз коммуникацияларын жана деңиз экономикалык ишмердүүлүгүн коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерге катышат.

Орусия Коргоо министрлиги машыгуу коргонуу мүнөзүнө гана ээ экенин жана кайсы бир өлкөгө каршы багытталбаганын айтууда.

Ду Дэвэнь, элчи: "Кытай элчилиги КЭРде билим алып жаткан студенттерге виза алуу үчүн «жашыл коридор» ачат"

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Анда түрдүү тармактарда, атап айтканда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы эки тараптуу мамилелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Эдил Байсалов Кыргызстан үчүн Кытай тарап менен кызматташуу артыкчылыктуу багыт катары саналарын, анткени эки өлкөнүн элдерин кылымдык тарых байланыштырып, алар жакын коңшу, ишенимдүү өнөктөш жана чыныгы дос экенин белгиледи.

Жолугушууда кытай тарап “Ден соолук экспресс” долбоорунун алкагында жакынкы арада катаракта дартынан жабыркаган кыргызстандыктарды дарылоого жардам бере турган медициналык адистердин тобун жөнөтөрү талкууланды. Ошондой эле, кытай тарап Кыргызстандан студенттерди кабыл алууну жандандырууда – 2022-жылдын 25-августунан 30-сентябрына чейин элчилик КЭРде билим алып жаткан студенттер үчүн виза алуу үчүн «жашыл коридор» ачат. Акыркы жылдары студенттер карантиндик чектөөлөрдөн улам Кытайга кирүүдө белгилүү кыйынчылыктарга туш болууда.

Ошондой эле Кытай коронавирустук инфекцияга каршы 500 миң вакцина жөнөтүүгө даярданып жатканы, мындан тышкары өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарынын интенсивдүүлүгүн жогорулатуу маселеси иштелип жатканы белгилүү болду.

Кыргызстан жана Казакстан ТИМи: Тайван Кытайдын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Айбек Смадияров Нур-Султан Тайванды Кытайдын ажырагыс бөлүгү деп эсептей турганын билдирди.

“Казакстан Республикасы “бирдиктүү Кытай” принцибин колдойт жана Тайванды Кытай Эл Республикасынын ажырагыс бөлүгү деп эсептейт”, – деп билдирди Смадияров КазТАГ агенттигине.

Ал Казакстан учурдагы эл аралык укуктун жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) нормаларынын сакталышын, анын ичинде БУУнун Башкы ассамблеясынын 1971-жылы кабыл алынган резолюциясын колдой турганын белгиледи.

“Чет өлкөлөрдүн расмий делегацияларынын сапары Кытай Эл Республикасынын өкмөтү менен макулдашылышы керек деп эсептейм”, – деп кошумчалады Смадияров.

3-августта Кыргызстандын “Кабар” улуттук маалымат агенттиги Тайвандын тегерегиндеги окуяларга байланыштуу кыргыз ТИМинин билдирүүсүн жарыялады.

АндаБишкек кыргыз-кытай ортосундагы бардык негизги документтеринде көрсөтүлгөндөй “Тайвань маселеси” боюнча турумун өзгөртпөстүгү жана “бирдиктүү Кытай” саясатын колдоорун тастыктай турганы белгиленген.

Ошондой эле Кыргызстандан Тайвандын айланасындагы окуяларга кылдаттык менен көз салып турганы айтылат. Бирок бул билдирүү Тышкы иштер министрлигинин сайтына же социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланган жок.

2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга иш сапар менен барышы эл аралык коомчулуктун бүйүрүн кызыткан окуялардын бири болду.

Расмий Бээжин Пелосинин сапарына каршылыгын билдирип, арал тарапта аскердик машыгууларды баштарын жарыялады. Нэнси Пелоси Кытайдын каршылыгына карабай, Вашингтон Тайванды колдоодон баш тартпай турганын айтты.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган “Гоминьдан” партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өз борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет.

Президент Садыр Жапаров менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Пекин шаарына (Кытай Эл Республикасы) 3-6-февраль күндөрү болгон жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

– Кыргызстандан Кытайга сояны экспорттоо боюнча протокол;

– 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭР Маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташуу программасы;

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын ЖМК жана басма сөздү башкаруу мамлекеттик башкармалык ортосундагы классикалык улуттук көркөм чыгармаларды жана адабиятты өз ара которуу жана басып чыгаруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протокол;

– Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен КЭР Улуттук статистикалык бюросунун ортосундагы статистика чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы жашыл чөйрөнү өнүктүрүү инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Циндао шаары (Кытай Эл Республикасы) менен Бишкек шаарынын (Кыргыз Республикасы) ортосунда Дэн Сяопин баштап Алыкулов көчөсү, Кустанайский көчөсүнө чейин батыш зонасын жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү жөнүндө меморандум.

Садыр Жапаров Пекинде Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына боло турган иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү.

Бул дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылып жаткан учурдагы кырдаалында эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгы менен шартталган.

Мамлекет башчысы аралыктан иштөө режимине карабай толук кандуу иш графиги боюнча иштөөсүн улантат.

Үстүбүздөгү жылдын 3-5-февралына белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Министрлер Кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй менен жолугушту.

Акылбек Жапаров белгилегендей, биздин өлкө Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттер аралык мамилелерди жана көп кырдуу кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана келерки жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет.

«Бул жылдар аралыгында өз ара аракеттешүү аркасында өлкөлөр коңшулук, достук, ишенимдүү мамилелерди куруп жана сактап келүүдө. Биздин кызматташтыгыбыз эки өлкө элинин түпкү таламдарына жооп берген бардык маселелер боюнча өз ара колдоо көрсөтүү жана туруктуу өнөктөштүк менен мүнөздөлөт», – деди ал.

Ал Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда берилген гумантирдык жардамга, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Акылбек Жапаров кыргыз тараптын биргелешкен инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, өз ара сооданы өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын баса белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи, бул биз үчүн стратегиялык мааниге ээ жана республиканын транзиттик өлкөгө айланышына мүмкүндүк берет.

Акылбек Жапаров ошондой эле «Бир алкак – бир жол» доктринасы алкагында кызматташууну мындан ары активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй өз кезегинде эки өлкө ортосунда эки тараптуу мамилелердин жана ар тараптуу кызматташтыктын жогорку деңэгээли орун алгандыгын белгиледи.

«Кытай Эл Республикасы келечекте Кыргыз Республикасы үчүн ишенимдүү кошуна жана өнөктөш бойдон кала берет. Биз мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз», – деди ал.

Ли Хуэй белгилегендей, кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээли жалпы региондун коопсуздугун камсыз кылууга маанилүү салым кошууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрүү пункттарында жүк ташуу көлөмүн жогорулатууну талкуулашты.

Кытай Кыргызстанга 1200 тоннадан ашык азык-түлүктү жардам катары берди

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1 150 тонна буудай уну, 75 тонна кумшекер жана 50 тонна соя майын берди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады.

Жардам 5-октябрдан 25-октябрга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна өткөрүлүп берилди. Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Кытайдан келген жардам материалдык резервдер корунда сакталып турат.

Жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү азайды. Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2% кыскарды.

Өлкөдө июль айында бир килограмм буудайдын баасы 29,15 сомду түздү. Муну менен буудайдын баасы өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3% кымбаттады.

Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбаттоо өкүм сүрүп турган чак. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады.

Арзыбек Кожошев: Бишкек шаарындагы жол катмарын калыбына келтирүү боюнча долбоорго жараша 23 көчөдөгү жол инфраструктурасы жакшыртылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү» долбоорун кабыл алуу-өткөрүү Актысына кол коюу салтанатына катышты.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, аталган долбоор алкагында жалпысынан узундугу 40 км жакын жолдун асфальт бетон катмары калыбына келтирилген, 23 көчө оңдолуп, борбордун транспорттук инфраструктурасы жана жол кыймылы, андагы өткөрүү мүмкүнчүлүгү жакшыртылган.

«Аталган долбоорлор «Бир тилке бир жол» белгилүү демилгелер алкагындагы Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы достукту жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын элчиси белгилегендей, мындай долбоорлор эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлинин ачык далили болуп саналат.

Андан соң «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү» долбоорун кабыл алуу-өткөрүү Актысына кол коюу салтанаты өттү.

Жыйынтыгында Арзыбек Кожошев кытай тараптан көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыразычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ар дайым колдоого даяр экендигин белгиледи.

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Кытай өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде 100 млн АКШ долларын бөлүүгө даяр

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Коопсуздук жана коргоо, соода-экономикалык кызматташтык, инвестиция тартуу жана башка тармактарда Кыргызстан менен Кытайдын достук жана ынак коңшулаштык мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы регионалдык коопсуздук жана туруктуулукту камсыздоо Кыргызстан менен Кытайдын тышкы саясатында негизги артыкчылыктарынын бири  болуп келерин белгиледи.

Президент акыркы бир нече жылда, анын ичинде пандемияга карабай, Кытай Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу жана товар айлантууда алдыңкы орундардын бирин ээлеп келе жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров билдиргендей, Кыргызстан Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карайт жана өз ара сооданы өнүктүрүүгө, өз ара кызыкчылык туудурган, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

Ал учурда өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Аны менен бирге соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү, ошондой эле жогорку стратегиялык мамилелерди колдоо максатында, кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы дайымкы аба каттамдарын жандантууну маанилүү деп эсептейт.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу боюнча маселени талкулоодо Президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн эле улуттук маанилүү долбоор эмес, жалпы эле регион үчүн маанилүү экенин жана кыргыз тарап бул багытта активдүү диалогду улантууга даярдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И Садыр Жапаровго жана кыргыз элине КЭР төрагасы Си Цзинпиндин жылуу саламын жана кайрылуусун жолдоду.

Ал Кыргызстан менен ынак коңшулаштык мамилени чыңдоого кызыкдар экенин билдирип, өлкөгө стабилдүүлүк жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү каалады.

КЭР мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо иретинде Кыргызстанга 650 млн юань (100 млн АКШ доллары тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын белгиледи.

Ошондой эле Ван И КЭР өкмөтү коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 млн доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди.

Мамлекеттик кеңештин мүчөсү кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирди.

Ал ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусу менен эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын жандантуу зарылдыгы туурасында пикирин колдоду.

Мындан сырткары, тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин жана

Афганистан Ислам Республикасындагы кырдаалды талкуулап, эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын бул багытта өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Белгилей кетсек, жолугушуу Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммитине жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышуу үчүн иш сапары менен жүргөн Душанбе шаарында өттү.

Кыргызстанга 1,25 млн доза өлчөмүндөгү Sinopharm вакцинасынын жаңы партиясы келди

Кыргыз Республикасына республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган 1 млн 250 миң доза өлчөмүндөгү коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm кытай вакцинасынын жаңы партиясы жеткирилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кытай Эл Республикасына COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө, ошондой эле вакцина сатып алуу маселесинде көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Министрлер Кабинети жарандарды өзүн жана жакын адамдарын сактап, вакцинацияланууга чакырат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айынын башында республиканын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча 1 млн 100 миң доза кытай вакцинасы сатылып алынган. Жалпысынан 2 млн 350 мин доза сатылып алынды.

Меню