Menu

Кыргызстан-Россия

Кыргызстан Орусия менен эсептешүүсүндө толук бойдон орус рублине өттү

Кыргызстан Орусия менен эсептешүүлөрүнүн баарын орус рублине өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда журналисттерге экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

“Орус-кыргыз товар жүгүртүүсү толук рублге өттү десек болобу, күйүүчү-майлоочу материалдардан тышкары да?” деген суроого министр төмөнкүчө жооп берди.:

“Толук өттү десек болот. Анткени Орусия SWIFT системасынан чектелгенден кийин операцияларды башка валюталар менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан азыр эң альтернативдүү валютабыз – орустардын рубли болуп жатат. Бажы биримдигиндеги пошлинабыз да азыр Орусия менен рубль–сом болуп жүргүзүлүүдө”.

Министрдин айтымында, буга чейин газ жана күйүүчү майлоочу материалдар боюнча “Газпром” менен эсептешүү доллар менен жүрчү.

Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин Батыштын бир катар санкцияларына кабылган жана анын он чакты банкы SWIFT системасынан өчүрүлгөн. Бул система аркылуу дүйнөдөгү банктар жана каржы институттары акча которуулар тууралуу кат алып турат. Ага 200 мамлекеттеги 11 миңден ашык уюм киргизилген. Айрым эсептерге караганда, SWIFT аркылуу жылына 5 миллиарддай кат алмашылат.

Май айында Кыргызстандан эң көп суммадагы доллар чыгарылган, анын 80,1 миллиону Орусияга жөнөтүлгөн

Быйыл май айында жеке адамдар тарабынан Кыргызстандан 85,5 миллион доллар сыртка чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча которуу тууралуу отчетунда айтылат.

Чыгарылган каражаттын 80,1 миллиону Орусияга жөнөтүлгөн. Айрым басылмалар мындай сумма акча которуулардын көлөмү ыраттуу эсептеле баштаган 2005-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экенин жазып чыгышты.

Буга чейин Кыргызстанда накталай доллардын жетишпестиги байкалып жатканы кабарланган. Муну өкмөт жана Улуттук банктын жетекчилиги белгилеп, ага каршы чаралар иштелип жатканын билдирген эле.

Ал эми май айында 257 миллион доллар Кыргызстанга келген. Анын 245 миллион доллардан ашыгы Орусиядан кирген.

Кыргызстан Орусиянын чек ара кызматына 25 сотых жерди ижарага бергени жатат

Кыргызстан Орусиянын чек ара кызматына Бишкектен 25 сотыхка жакын жерди 49 жылга ижарага бергени жатат. 13-июнда эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууну парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети колдоду.

Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Мирлан Бакировдун маалыматына караганда, Бишкектин Жибек Жолу жана Керимбеков көчөсүндө жайгашкан эки жер тилкеси “Глобал Инвест” ачык акционердик коомуна таандык. Ага Орусиянын чек ара кызматкерлерине турак жай жана башка имараттар курулган жана мүлктү Орусия жеке тараптан сатып алган. Орусия эми аны мыйзамдаштырууну суранып жатат.

“Алар жеке тарап менен келишим түзүп мүлктү алып атат. Кыргызстан аны Кадастрдан каттап, жерге мамлекеттик макам берет. Ал жердеги мүлктү жеке менчикке, ал эми жерди көп жылдык пайдаланууга алуу милдеттенмесин алып жатат”, – деди Бакиров.

Бакировдун айтымында, 1999-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы чек ара кызматташуусу жөнүндө макулдашуу кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргызстан орус чек арачыларына турак жай үчүн Новопокровкадан имарат берген. Бирок ал жердеги имаратта шарт жок болгондуктан, орус чек ара кызматкерлери Жибек Жолу жана Керимбеков көчөсүндөгү эки имаратты алган.

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Эл аралык иштер боюнча комитеттин жыйынында башка мамлекеттин аскерлерине Кыргызстандан мүлктү менчикке берүү кооптуу экенин айтты.

Бишкек - Самара, Бишкек - Казан, Бишкек - Новосибирск поезддеринин жол кире акысы арзандады

«Кыргыз темир жолу» УК» МИ Россия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашуу боюнча 2022-жылдын 3-июнунан баштап эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин жол кире акысына арзандатууну киргизет:

1)    Бишкек – Самара

Плацкарт вагондо балдардын билети 3 600 сомдон, чоңдор үчүн билет 9 643 сомдон башталат.

Купе вагондо балдардын билети 4 675 сомдон, чоңдор үчүн билет 12 694 сомдон башталат.

2)    Бишкек – Казань

Плацкарт вагондо балдардын билети 4 592 сомдон, чоңдор үчүн билет 12 476 сомдон башталат.

Купе вагондо балдардын билети 6 217 сомдон, чоңдор үчүн билет 17 104 сомдон башталат.

3)    Бишкек – Новосибирск

Плацкарт вагондо балдардын билети 2 940 сомдон, чоңдор үчүн билет 7 761 сомдон башталат.

Купе вагондо балдардын билети 3 801 сомдон, чоңдор үчүн билет 10 219 сомдон башталат.

  • Шейшептердин баасын эсепке алуу менен.
  • Салыктарды эсепке алуу менен.
  • Поезд жөнөгөнгө чейин билетти канчалык эрте сатып алсаңыз, ошончолук арзан болот.
  • Баалар валютаныналмашуу курсуна жана тарифке карата индексация коэффициенттерине жараша өзгөрүшү мүмкүн.
  • Бир жүргүнчү үчүн,өзүнчө орун ээлебеген,5 жашка чейинки балдар акысыз. 5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын билети чоңдорго караганда эки же андан көп эсе арзан.
  • Жүргүнчүгө 36 кг кол жүгүн жана жалпы 200 см үч өлчөмдүү жүктү бекер ташуу жана төлөм үчүн кошумча 14 кг.
  • Үй жаныбары кол жүгүнүн нормасынын эсебиненбекер.
  • Кол жүгүнүн нормасынын жана өлчөмүнүн эсебинен мотору жок, чечилген велосипед бекер.
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жүргүнчүлөр кол жүгүнүн белгиленген нормасынан ашыкча, алардын кыймылы үчүн зарыл болгон жабдууларды акысыз алып жүрүүгө жана жетектөөчү иттерди бекер алып жүрүүгө укуктуу.
  • Поезд жөнөгөнгө чейин 24 саатка чейин комиссиялык жыйымдарды кошпогондо, акча кармап калбай, жол кире акысын кайтарып берүү.

Сурап билүү телефондору (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40

Кыргызстан күйүүчү майды Орусиядан рубль менен сатып ала баштады

Кыргызстандагы нефтетрейдерлердин басымдуу бөлүгү Орусиядан күйүүчү-майлоочу майларды орус рубли менен сатып ала баштады. Бул тууралуу 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Монополияны жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Депутат Дастан Бекешев доллардын курсу төмөндөсө да күйүүчү майдын баасы эмне себептен түшпөй жатканын сурады.

“Бизге Монополияны жөнгө салуу агенттиги доллардын курсунун жогорулоосу менен күйүүчү майдын баасы да өсүп жатканын айткан. Андан бери доллардын курсу такыр башкача болуп калды, бирок күйүүчү майдын баасы мурдагыдай эле. Суроо: баа кайра каралып чыгабы?”, – деди ал.

Тайлаков импортерлор күйүүчү-майлоочу майды орус рубли менен сатып алып жатышканын билдирди.

“Бүгүнкү күндө нефтетрейдерлердин 70% күйүүчү майды рублга сатып алып жатат. 20 күндөн бери ушундай болуп жатат. Калган 30% төлөмдү доллар менен жүргүзүүнү улантууда”, – деди ал.

Дастан Бекешев Кыргызстан күйүүчү майды пайдасыз шартта – кайсы валюта кымбат болсо, ошол акча менен сатып алып жатканына ачууланды. Ал төлөмдү бир валюта менен жүргүзүүнү бекитүүгө чакырды.

Кыргызстанда соңку жылы күйүүчү майдын наркы кескин кымбаттап кетти. Эң эле популярдуу болгон Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 62,9 сом (0,8 доллар) турат, бир жыл мурун анын баасы 49,4 сом болчу.

Кыргызстан жыл сайын 1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май колдонот. Өлкө мунай продукцияларынын дээрлик бардыгын Орусиядан сатып алат.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жүргүнчү ташыган темир жол каттамы жанданат

6-июндан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташыган темир жол каттамы жанданат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Бишкек-Казан багыты ар аптанын дүйшөмбү, Бишкек-Самара багыты жумасына эки жолу, шаршемби жана жума күндөрү, Бишкек-Новосибирск багыты сегиз күндө бир жолу каттайт.

Бишкек-Казан багыты боюнча биринчи каттам 6-июнда, Бишкек-Самара 8-июнда, Бишкек-Новосибирск 9-июнда каттай баштайт.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы Казакстандын эрежеси боюнча жүргүнчүлөрдө соңку 72 саатта жасалган ПЧР тесттин вирус жок деген сертификаты талап кылынарын эскертет. Беш жашка чейинки балдар үчүн сертификат талап кылынбайт. Орусиянын талабына ылайык, ЕАЭБге мүчө эмес өлкөлөрдүн гана жарандарынан ПЧР тесттин жыйынтыгы суралат.

Темир жол каттамы 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу токтогон.

Орусия Ооганстандан кыргыз жарандарын эвакуациялады

Орусия Ооганстандан 18-декабрда эвакуациялаган 200дөй адамдын арасында өзүнүн жарандарынан тышкары оогандык студенттер жана Кыргызстандын жарандары бар экенин бул өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Төртүнчү жолу уюштурулган аскердик-транспорттук эвакуациялоого жалпысынан үч учак тартылды.

Ал учактар менен Ооганстандын борбору Кабулга азык-түлүк жана дары-дармектен турган 36 тонналык гуманитардык жүк жеткирилип, кайра ошол жактагы орусиялык жарандар, Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алган ооган студенттери жана кыргыз жарандары ташылып келди.

Кабулдан 18-декабрда учуп чыккан учактар Тажикстандын Гиссар жана Кыргызстандын Кант аэродромдоруна май куйдуруу үчүн конуп, 19-декабрда Москва облусундагы Чкаловский аэродромуна жеткени маалымдалды.

Кыргызстандын канча жараны эвакуация болгону тууралуу айтылган жок. Кыргыз бийлиги да азырынча маалымат бере элек.

Ооганстанда өкмөттү башкаруу “Талибан” кыймылына өткөн кездеги башаламандык учурунда бул өлкөдөгү ондогон кыргызстандыктар эвакуацияланган. Кыргызстан оогандыктарга эки жолу гуманитардык жардам жеткирген. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Ооганстанды гуманитардык каатчылык каптаса Борбор Азияга качкындар агылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Кыргызстан өз товарларын Орусияга жеткирүү үчүн өзбек поезддеринин кызматын колдонууну каалайт

Кыргызстан өзбек айыл чарба өнүмдөрүн Орусияга ылдам жеткирүүгө жол ачкан «Агроэкспресс» поезддеринин мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууну каалайт.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров орусиялык “Коммерсантъ” басылмасына маек куруп жатып билдирди.

“Өзбекстан азыркы учурда Орусияга агропоезддерди жүргүзүү мүмкүндүгүн карап жатат. Биз да ал жакка өз вагондорубузду чиркөөнү каалайбыз”, – деген Жапаров.

Кыргызстан Орусия менен бирге Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө. Эреже боюнча уюмга мүчө өлкөлөрүн арасында товар алып өтүү эркин. Иш жүзүндө биримдиктеги мамлекеттер өз ара ар түрдүү чектөөлөрдү киргизип келишет. Өзбекстан ЕАЭБдин курамында жок.

«Агроэкспресс» поезди Ташкенттен Москваны көздөй ноябрдын ортосунан баштап каттай турганы айтылган. Казакстан да бул долбоорго кошулган. Алгачкы поезд менен мөмө-жемиштер жеткирилет. Айыл чарба өнүмдөрү алгач Казакстан андан соң Орусияга жөнөтүлөт.

Ушул тапта «Агроэкспресс» Москвадан Ташкентке буудай, ун жана эт азыктарын ташып келүүдө.

КР ТИМи РФ полициясы белгисиз жаранга карата күч колдонгону тууралуу видеоматериал боюнча билдирүү таратты

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги социалдык тармактарда Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин белгисиз жаранга карата күч колдонгону тууралуу видеоматериал боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди.
Учурда Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Ошондой эле Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан социалдык түйүндөрдө деструктивдүү мүнөздөгү такталбаган маалыматтарды жана комментарийлерди таркатпоого чакырат.
Ошол эле учурда бул иш боюнча кошумча маалымат берилерин белгилейбиз.

Шереметьево аэропортуна учуп барган кыргызстандыктар тыкыр текшерүүдөн өтүүдө

Москвадагы Шереметьево аба майданында 7-октябрдын таңында учуп барган Кыргызстандын ондогон жараны тыкыр текшерүүдөн өтүүдө. Аларга укуктук жактан жардам берүү үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен үч юрист барды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Юристтердин бири Акимбек Маматов 6-октябрда Ош-Москва каттамы менен учуп барган кыргызстандыктардын текшерүүсү аяктап, 7-октябрдагы таңкы рейстегилер Орусиянын Чек ара кызматы тарабынан текшерилип жатканын айтты.

“Чек ара кызматынын жетекчилигинин айтуусу боюнча Кыргызстандан келген айрым жарандар аты-жөнү, фамилиясын өзгөрткөн же жаңы паспорт алгандарды көбүрөөк текшерип жатышыптыр. Биз жарандар менен сүйлөшсөк, 6-октябрда келгендер жок экен, 7-октябрдагы каттам гана текшерилүүдө”.

Элчиликтин өкүлдөрү Шереметьево аэропортунун жетекчилигинен бир нече саат турган кыргызстандыктарга ысык тамак-аш берүүнү өтүндү.

Орусияда быйыл 15-июнда президент Владимир Путин “коронавирустун алдын алуу үчүн чет өлкөлүк жарандардын жана Орусиянын жарандыгы жок адамдардын абалын жөнгө салуу боюнча” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, 30-сентябрда Орусиянын аймагында жүргөн башка өлкөнүн атуулдарына карата “миграциялык жеңилдиктердин” мөөнөтү аяктамак. Министрлик ага чейин миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, аны расмий каттатуу сыяктуу иш-чараларды толук бүтүрүү зарыл экенин эскерткен.

Мындай документтери толук болбогон шартта миграциялык кызмат, полиция айып салат же Орусиянын аймагынан чыгаруу чечимин кабыл алат.

Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.

Меню