Menu

Кыргызстан-Россия

Украина КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Москвадагы парадга барышын айыптады

Украинанын Тышкы иштер министрлиги КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Москвадагы Жеңиш парадына барышын –  “өзүнүн жашоосу жана эркиндиги үчүн күрөшүп жаткан украин элине карата карасанатай кадам” деп атады.

Билдирүүдө парадда Украинага каршы агрессивдүү согушка катышып жаткан орусиялык аскердик техника көрсөтүлгөнү айтылган.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Орусия президенти Владимир Путин “украиндердин өлтүрүлүшүн, Украинанын шаарлары менен айылдарынын талкаланышын, украиналык балдардын уурдалышын жана оккупацияланган украин аймактарынын тургундарына каршы репрессияларды актаганы ” белгиленген.

“Иш-чаранын алдында Орусия Украинага 25 канаттуу ракетасын кое берүү менен дагы көп курмандыктарга жана кыйроолорго тушуктурду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө Борбор Азия жана Кавказ элдери 78 жыл мурда нацизмди жеңүүгө баа жеткис салым кошкону айтылат.

9-майда Москванын Кызыл аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Бул жолу Москвадагы парадга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери, Армениянын премьер-министри катышты. Беларустан Александр Лукашенко да барды. Алардын көбүнүн парадга катышары бир күн мурда гана белгилүү болду.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялаган 2014-жылдан кийин Жеңиш парадына чет элдик лидерлер көп барбай калган. Былтыр кошуна өлкөсүнө каршы агрессия баштаганда Москвадагы парадга бир да чет өлкөлүк жетекчи барган эмес.

Орусиянын эки шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылат

Орусиянын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын жаңы башкы консулдуктарын ачуу тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалыматтык саясат бөлүмү 8-майда кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул эки шаардагы башкы консулдуктар Кыргызстандын жарандары Орусияда мыйзамдуу жана ыңгайлуу жүрүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында ачылууда.
Кыргызстандын 1 млн ашуун жараны Орусияда эмгек миграциясына экени айтылып келет.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен тышкары Москва, Екатеринбург шаарларында башкы консулдуктары бар. Новосибирск шаарында вице-консулдук иштейт.

Садыр Жапаров расмий сапар менен Орусияга кетти

Президент Садыр Жапаров 7-майда расмий сапар менен Орусияга учуп кетти. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы кабарлады.

“Сапардын жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүү өтөт. Өлкө лидерлери эки жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулайт. Ошондой эле, расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун башка расмий адамдар менен жолугушуусу пландалган. Мындан сырткары ал 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат”,- деп жазылган маалыматта.

Садыр Жапаровду коштоп кеткен делегациянын курамында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев , Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев бар.

Буга чейин Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду “Жеңиш күнүн майрамдоого арналган иш-чарага катышуу үчүн” Москвага келип кетүүгө чакырганы белгилүү болгон.

Рахмон 2021-жылдын 9-майында Москвадагы парадга барган жалгыз чет элдик лидер болгон. 2022-жылы, Орусия Украинага согуш ачкандан кийинки 9-майдагы аскердик парадга бир дагы чет элдик президент же өкмөт башчы барган эмес.

Орусия Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларынын күжүрмөн даярдыгын күчөтөт

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базалардын күжүрмөн даярдыгы күчөтүлөрүн билдирди. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Шойгу бул билдирүүнү Нью-Делиде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жолугушуусунда айткан. Ал бул кадамдарды АКШ жана анын өнөктөштөрү Борбор Азияда аскердик таасирин калыбына келтирүүгө аракет жасап жатканы менен байланыштырган.

“АКШ жана анын өнөктөштөрү террорчулукка каршы күрөшкө жардам берүүгө жамынып алып Борбор Азиядагы аскердик таасирин калыбына келтирүүгө аракет жасап жатат. Алардын аймактагы өлкөлөргө аскердик инфраструктураны жайгаштыруу тууралуу өтүнүчтөрүн ШКУ аймагындагы туруктуулукка түздөн-түз коркунуч катары баалайбыз. Биз өзүбүз тараптан Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскердик базалардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатыбыз”,-деген Шойгу.

Буга байланыштуу расмий Бишкек азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар: “Кант” авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт. Мурда бул объекттердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.

Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын ташууга уруксат берүү үчүн шарттарды атады

24-апрелде Москвада Кыргызстандын айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов менен Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Россельхознадзор) башчысы Сергей Данкверт жолукту. Бул тууралуу маалымат Россельхознадзордун сайтына 25-апрелде жарыяланды.

Мекеме жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү ЕАЭБ өлкөлөрүнө жүк ташыгандардын реестрине киргизүүдө жана Орусияга азык-түлүк экспорттоону көзөмөлдөөдө кыргызстандык адистер “формалдуу мамиле жасай турганы ырасталганын” билдирген.

Ошондой эле сүт ташыган компанияларды текшерүү учурунда лейкоз, паратуберкулез жана бодо малдын жугуштуу плевропневмониясы боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы берилбегени, шарп ылаңына каршы эмдөөнүн натыйжалуулугун тастыктаган документтер болбогону да жазылган.

Балыкка байланыштуу текшерүүнүн жыйынтыгы да ушундай болуп чыкканы, ал эч кандай ветеринардык күбөлүгү жок ташылып келгени жазылган.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Данкверт Россельхознадзордун текшерүүлөрүнөн кийин гана Кыргызстандын сүт азыктарын жана балыкты Орусияга киргизүүгө уруксат берилиши мүмкүн экенин билдирди.

Жакында тиешелүү органдардын өкүлдөрү Кыргызстандын балыкты кайра иштетүүчү эки ишканасын видеотекшерүүнү макулдашып, андан кийин сүт азыктарын өндүргөн ишканаларды карап чыгары айтылды.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги сүйлөшүү тууралуу маалымат бере элек.

Россельхознадзор мекемеси 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө тыюу салган. Расмий маалыматта мындай чечим 10-16-апрель күндөрү сүт фермалары жана сүт чогулткан жайлар текшерилгенден кийин кабыл алынганы жазылган.

Ушул айдын башында Россельхознадзор кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген “Тойбосс” компаниясы дооматты четке каккан.

Ага чейин, февраль айында Россельхознадзор кыргыз балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлаган. Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөп жатышат.

Россия Кыргызстандын сүт азыктарын ташып келүүгө да тыюу салды

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Аширбай Жусупов Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө салган тыюу боюнча маалымат берип, Орусиянын Россельхознадзор мекемесинен Кыргызстанга эч кандай документ же кат келбегенин айтты.

“Россельхознадзордон кандайдыр бир талап болсо Кыргызстан баарын аткарганга даяр. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулуп жатканда биздин инспекция бардык ишканаларды ЕАЭБдин реестрине киргизгенбиз. Бир гана айырма Кыргызстанда сүт малдын ээлеринен чогултулат. Алар ушул боюнча гана анча-мынча кемчиликтерди айтышкан. Мындан башка жүйөлүү себептер жок”, деди Жусупов.

Орусиянын Россельхознадзор мекемеси 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө тыюу салган. Расмий маалыматта мындай чечим 10-16-апрель күндөрү сүт фермалары жана сүт чогулткан жайлар текшерилгенден кийин кабыл алынганы жазылган.

19-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев ЕАЭБдин талаптарына ылайык Кыргызстандын азык-түлүк продукцияларын экспорттоо маселеси тууралуу жыйын өткөргөн. Анда тийиштүү мекемелердин башчыларына Орусияга балык, тоок этин жана сүт азыктарынын экспортун көбөйтүү үчүн бардык шарттарды түзүү тапшырмасын берген.

Ушул айдын башында Россельхознадзор кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген “Тойбосс” компаниясы дооматты четке каккан.

Февраль айында Россельхознадзор Кыргызстандын балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлаган. Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөп жатат.

Кыргызстан менен Орусия абадан коргонуу боюнча бирдиктүү система түзөт

Орусиянын өкмөтү Кыргызстан менен абадан коргонуу боюнча биргелешкен системаны түзүү жөнүндө макулдашууну жактырды. Документке эки өлкөнүн коргоо министрлери былтыр кол коюшкан.

Тараптар бул көптөн бери пландалып келаткан долбоор экенин билдирүүдө. Ошентсе да аталган жагдай Украинадагы согуштун фонунда кабатырлануу менен кабылданып жатат.

Орусия менен Кыргызстандын абадагы чабуулдардан биргелешип коргонуучу система түзүүгө байланыштуу орус өкмөтүнүн токтому мекеменин атайын сайтына жарыяланды. Документке Орусия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин кол койгон.

Бул кабар чыккандан көп өтпөй 10-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров телефондо сүйлөшкөнү белгилүү болгон. Анда алар жалпы кызматташтык жөнүндө кеп кылышканы айтылган.

Эки өлкөнүн ортосунда абадан коргонуу боюнча бирдиктүү система түзүү боюнча буйрукка 2022-жылдын 8-июлунда орус президенти Владимир Путин өзү кол койгон.

Орусиялык “Интерфакс” агенттигинин маалыматына караганда, Орусия менен Кыргызстандын абадан кол салуудан коргонуунун биргелешкен системасы атайын түзүм сыяктуу болот. Анын курамына кирчү аскерлер эки тараптын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тандалат. Орус күчтөрүн Кыргызстанда жайгаштыруу үчүн кыргыз тарап Орусияга келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин беш гектар жерди акысыз бериши керек болот.

Иш жүзүндө абадан коргонуу жаатында Кыргызстан менен Орусия келишими буга чейин эле бар болчу. Болгону ал көп тараптуу деп саналчу. Тагыраагы 1995-жылы 10-февралда Алматы шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө 12 мамлекеттин лидерлери бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Анын ичинде Орусия менен Кыргызстандан сырткары Азербайжан, Молдова, Армения, Беларус, Тажикстан, Грузия, Түркмөнстан, Грузия, Казакстан, Өзбекстан жана Украина да бар эле. Бирок Украина менен Түркмөнстан КМШнын негизги жобосун кабыл алган эмес, Грузия болсо Орусия менен согушкан соң уюмдан чыгып кеткен.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу – Канттагы аскердик аба базасы. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

Адистер түшүндүргөндөй, Орусия так ушул базалар аркылуу азыр деле Кыргызстандын абадан коргонуу миссиясын аткарып турат.

Кыргызстандын бийлик башындагылар буга чейин Орусия менен болгон абадан коргонуу боюнча орток система тууралуу билдирүү жасашкан эмес. Бирок президент Садыр Жапаров да, андан кийинки деңгээлдеги аткаминерлер да өлкө мындан ары өзүнүн Куралдуу күчтөрүн чыңдай турганын айтып келишет.

Буга чейин Кыргызстан абадан коргонуучу “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” аскердик техникасын, “Байрактар” учкучсуз учактарын алганы расмий маалымдалган.

Орусияга келген кыргыз мигранттары убактылуу каттоого жардам берүүнү сунуштаган алдамчыларга даттанууда

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар бул өлкөдө убактылуу каттоого турууга жардам берүүнү сунуштаган алдамчыларга даттанууда.

Алардын айтымында, ортомчулар Орусиянын Ички иштер министрлигинин базасына каттатуу үчүн мигранттардан акча алышат. Бирок полиция текшергенде алардын аты-жөнү базадан чыкпай калып, айып пул төлөп же мекенине депортация болуу коркунучуна кептелүүдө.

Мындай ортомчуларга алданып калгандардын бири – Жолболду Султанбек уулу. Орусияга баруу үчүн ал Кыргызстанда $700 насыя алган. Бул каражатты ал Москвага авиабилет алууга, батирге төлөөгө жана документтерин тууралоого короткон. Жолболду жасалма каттоо үчүн алдамчыларга 15 миң рубль ($200) берген. Ал Орусияда үч жыл иштөөнү пландаган, бирок депортация болуу коркунучунан улам кайра Кыргызстанга кайтып келди.

Жолболду сыяктуу ортомчуларга алданып калган мигранттар жүздөп саналат. Укук коргоочулардын белгилешинче, алдамчылар адатта Орусиянын ири шаарларында иштеп, “өз кызматтарын” өлкөгө биринчи жолу келгендерге, орус тилин жана документтерди тууралоо жол-жобосун билбеген мигранттарга сунушташат. Көбүнчө ортомчулар өз кардарлары менен онлайн сүйлөшүп, каттоо үчүн мөөнөтүнө жараша 60 доллардан 250 долларга чейин алышат.

Укук коргоочулар мигранттарды каттоого туруу үчүн ортомчуларга кайрылбоого чакырып келишет. Алардын айтымында, расмий орган бербеген документтердин баары жасалма болуп эсептелет.

Ал арада Кыргызстандын миграция маселеси үчүн жооптуу кызматтары Орусияга жана башка өлкөлөргө иштегени кетип жаткан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө. Бирок мигранттардын көбү чет өлкөлөргө мындай курстарынан өтпөстөн эле чыгып кетип жатышат.

Бир аптада 136 кыргызстандык Орусиядан чыгарылды

Өткөн аптада 136 кыргызстандык миграциялык мыйзамдарды сактабаганы үчүн Орусиядан чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубандык Акматбеков билдирди.

Ал Сахарово айылындагы убактылуу кармоочу жайында ушундай эле негизде жүздөй кыргызстандык кармалып турганын кошумчалады.
“Буга чейин Сахарово айылындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайда кыргызстандыктар узагыраак кармалып жатат деген маалымат чыккан. Биз жума сайын барып, кимдер, эмне себептен кармалганын тактап турабыз. Андай маалымат туура эмес экенин көрдүк. Ал жерде дайыма эле 100дөй Кыргызстандын жараны болот. Кээде азаят, кээде көбөйөт. Биз барып кеткенден кийин же өздөрүнүн пландуу иштериби, кыска убакыттын ичинде убактысы келген 136 адамды өлкөдөн чыгарыптыр. Бул күнүмдүк болуп жаткан жараян. Азыркы учурда дагы жүзгө чукул кыргызстандык ошол жайда жатат”, – деди миграциялык өкүлчүлүктүн жетекчиси.
Акматбеков кыргызстандык мигранттардын арасында Орусияда алты айлап, бир жылдап документтерин толуктабай, каттоого турбай жүргөндөр бар экенин кошумчалады.
Социалдык тармактарда Орусиядан бир жумада эле кеминде 140тай киши депортация болгонун, 60тай жаран Москвадагы кафелердин биринде ооз ачып жаткан учурда кармалганын жазышкан. Акматбеков соңку кармоолор тууралуу маалымат бар экенин белгилеп, алардын саны Кыргызстандын Москвадагы элчилиги менен бирге такталып жатканын айтты.
Соңку жылы Орусияда миграцияга байланыштуу бир катар жаңы талаптар кирди. Бул өлкөгө 2021-жылдын аягына чейин келген чет элдиктер, анын ичинде кыргыз жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин медициналык кароодон өтүп, бармак изин каттатып, сүрөткө түшүшү керек болгон. Бул үчүн Москвадагы жарандар шаардан 70 чакырым алыстагы Сахароводогу көп функциялуу миграциялык борборго барып, узун кезек күтүшкөнүн айтып нааразы болушкан.
Былтыр аталган борбор аркылуу эки миңден ашуун кыргызстандык Орусиядан чыгарылган.

Орусия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү автоунаа берди

Орусиядан гуманитардык жардам иретинде өлкөгө 40 өрт өчүрүүчү автоунаа келди. Бул тууралуу 28-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

1-мартта Бишкектин эски аянтында техниканы салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өтөт.

Маалыматка караганда, өрт өчүрүүчү унаалар эки өлкө президенттеринин буга чейинки макулдашуусунун негизинде грант катары берилди.

1-февралда президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кытайдан грантка келген 100 даана техниканы тапшырган. Алардын 85и өрт өчүрүүчү автоунаа болгон.

Меню