Menu

Кыргызстан-Тажикстан

Кыргызстан ЖККУ машыгуусун өткөрүүдөн баш тартты

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Кыргызстанда боло турган кезектеги аскердик машыгуусу өтпөй турган болду. Бул тууралуу 9-октябрда журналисттерге Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Кыргызстан машыгуулар өтпөй турганы жөнүндө чечим кабыл алды” деп билдирди мекеме.

ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн “Бузулбас боордоштук” командалык-штабдык машыгуулары 10-14-октябрда Балыкчы шаарынын жанындагы “Эделвейс” полигонунда өтмөк.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Сентябрдын ортосунда Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу жаңжал үчүн эки мамлекет бири-бирин аскердик агрессияга айыптап жатат.

7-октябрда Кыргызстан ЖККУнун уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуш кылган. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Ереванда уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн жыйынында “Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берип, мындан ары куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн ЖККУ ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө чакырды” деп айтканын ТИМдин басма сөз кызматы билдирген.

ТИМ Кыргызстандыктарды Тажикстанга сапарга баруудан убактылуу баш тартууну өтүнөт

Кыргыз Республикасынын жарандарын Душанбе шаарындагы Эл аралык аэропорттон кармап, Тажикстандын аймагына негизсиз киргизбей жаткан учурлар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, Министрлик төмөндөгүлөрдү белгилейт.
2022-жылдын 30-сентябрына чейин кыргыз тарабы тажик тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстандын аймагына кирүүсү, андан чыгуу тартибинин өзгөргөндүгү тууралуу эл аралык келишимдерде бекитилген тартипте билдирүүнү ала элек.
Ушуга байланыштуу, Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын аймагына кирүүсүнө чектөө коюлушунун бардык кырдаал жана себептери такталганга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарынан Тажикстан Республикасынын аймагына баруу, же Тажикстандын аймагы аркылуу транзит менен башка өлкөлөрдөн келүү, чыгуу сапарларынан убактылуу баш тартууну өтүнөт.
Тажикстан Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары бузулган же аларга карата кысым көрсөтүүлөр көрүнүшү болгон учурда жарандарыбыз Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ыкчам байланыш телефонундоруна кайрылса болот:
 +996 551 312 000 – КРнын ТИМнин Консулдук департаменти;
+992887782223 – Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилиги.

ИИМ: Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бурмаланган жана жалган маалыматтарды таратууда

22-сентябрь күнү Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аймагына келишкен Тажикстандын жарандарын жана этникалык тажиктерди кысымга алуу. коркутуу, кемсинтүү жана аңдуу учурлары акыркы күндөрү болушу мүмкүн деген билдирүүсүн жарыялаган.
Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги дүйнөлүк коомчулуктун алдында биздин өлкөнү атайылап каралоо аракетин көрүп, аны менен кошо өздөрүнө өздөрү карама-каршы пикир жаратып жатканын белгилейбиз.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Кадамжай районунда этникалык тажиктердин соода-сатык дүкөндөрү жабылып, чек арага чектеш райондордогу Кыргызстандын жарандарын атайылап этникалык тажиктердин үйлөрүнө жайгаштырып жатышат деп айтылган. Бул маалыматты текшерүү учурунда дүкөндөрдүн жабылышы тастыкталган жок. Ал эми коопсуз жайларга көчүрүлгөн жарандарды этникалык тажиктер  үйлөрүнө өз ыктыярлары менен киргизишкен. Коомчулукта алар активдүү позицияны ээлеп тургандары үчүн аларды эч ким талкулоого укугу жок.
Ош облусунда белгисиз адамдар улуттук  касташуу (араздашуу) максатында “АзаттыкРадиосу” кыргыз кызматынын кабарчысы этникалык тажик Насибахон Давронбекованын сабалганы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт.
Социалдык тармактарда жаран Давронбек Насибхонов өзүнүн пикирин билдирген. Ал билдиргендей, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн сайтында анын атын дагы кошуп, этникалык тажик (аял киши катары) катары көрсөтүп, “Азаттык Радиосу” кыргыз кызматынын кабарчысы деп белгилешкен.
“Бирок мен эркекмин жана бул жалпыга маалымдоо каражатына эч кандай тиешем жок.  Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги менин атымды саясий максатта колдонуусун каалабайм. Бул өлкө менен мени эч нерсе байланыштырбайт”,-деп ал өзү жазган.
Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан Ош облусундагы жогорку окуу жайларында билим алышкан 500 студентти-Тажикстан Республикасынын жарандарын өз өлкөсүнө депортациялоо пландалып жатат деген маалымат тастыкталган жок. Кыргыз—тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатак башталгандан баштап  укук коргоо органдары тарабынан Бишкекте жана башка шаарларда жогорку окуу жайларда билим алып жатышкан тажик улутундагы жарандардын коопсуздугу камсыздалууда. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана студенттери менен тынымсыз байланышып жатышат. Чет өлкөлүк элчиликтерди, анын ичинде Тажикстандыкын кайтаруу күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.
2022-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин шаардык милиция бөлүмчөсүнө Тажикстандын жараны А.Алиевдин жеткирилгени жана ал суракка алынганы жөнүндө маалымат тастыкталган жок.
Баткен облусунда жабырлануучуларга акча которууга мажбурлоо максатында өлкөбүздүн аймагында убактылуу иштеп жүргөн Тажикстандын жарандарына карата кысым жана коркутуулар болуп жатканы жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт. Жабыркагандарга акча чогултууга катышуу же катышпоо ар бир жарандын укугу, аларды мажбурлоого эч кимдин укугу жок.
Ошондой эле, тажик улутундагы жарандардын куугунтукталганы тууралуу башка маалыматтар дагы тастыкталган жок.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргызстандын аймагына келишкен Тажикстандын жарандарын жана этникалык тажиктерди кысымга алуу.
коркутуу, кемсинтүү жана  аңдуу учурлары катталбаганын билдирет.  Бул билдирүү жалган болуп саналат. Ошону менен бирге акыркы убактарда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жалган маалыматтарды атайылап таратуу менен алектенип жатканын баса белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин улуттук белгилер боюнча кысымга алуу  билдирүүлөрүн жалган экенин билдирет. Биз, дүйнөлүк коомчулук Тажикстандын тышкы саясий түзүмү тараткан бурмаланган маалыматтарды эмес, тастыкталган маалыматтарды алуулары керектигин эске салабыз.

Кыргызстан-Тажикстан: чек аралар жабык, бирок товар алмашуу токтогон жок

Кыргыз-тажик чек арасы жабык экенине карабастан, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда товар алмашуу толук токтогон жок.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу көлөмү дээрлик 7 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик 60% аз.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Тажикстан бири-биринен кайсы товарларды сатып алып жатканы белгисиз. Мурда Кыргызстандан Тажикстанга күн караманын үрөнү, кондитердик жана ун азыктары, көмүр, мунай, минералдык жер семирткичтер, жыгач жана башка товарлар экспорттолуп келген. Өз кезегинде Тажикстандан пияз, жүзүм, шабдалы өңдүү жашылча-жемиштер, электр энергиясы жана дары-дармек келип турган.

13-июлда Тажикстандын Бажы кызматынын башчысы Хуршед Каримзода бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик дээрлик жок экенин билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда беш бажы бекети бар. Алар бир жылдан ашык убакыттан бери жабык турат.

Кыргызстан менен Тажикстандын алакасы жакшы болуп турганда эки өлкө ортосундагы товар алмашуу көлөмү 185 миллион долларга жетчү.

2021-жылы 24-майда Кыргызстандын өкмөтү “чек ара маселеси чечилгенге чейин” деген түшүндүрмө менен кыргыз-тажик чек арасын бир тараптуу жапкан. Мындай чечим өткөн жылдын апрель айынын аягында катталган чек арадагы куралдуу кагылышуудан кийин кабыл алынган. Анда кыргыз тарап 36 кыргызстандык каза болуп, 183 киши жараат алганын билдирген. Тажик тараптын маалыматына ылайык, ал чек ара кагылышуусунда 19 жараны өлүп, дагы 87 адам жарадар болгон.

Тажик абактарындагы 11 кыргызстандык мекенине кайтарылды

Тажикстандын абактарында кармалып турган 11 кыргыз жараны Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралу 2021-жылдын 24-октябрынан бери Коженттеги абакта кармалып турган Айдарбек Хайдаров журналисттерге билдирди.

Ал өзү менен кошо тажик абактарында кармалып турган дагы 10 кыргыз жараны 7-июлда Кыргызстандын аймагына өткөрүлгөнүн билдирди.

Укук коргоо органдарынын талабынан улам ашыкча маалымат бере албасын түшүндүрдү.

Анын атасы Умарбай Хайдаров абактан бошотулгандардын абалы жакшы экенин айтты:

“Баткендин Кызыл-Бел чек ара бекетинен чыгып келди. Ден соолугу жакшы. Он бир кишини чыгарып келишти. Укук коргоо органдары өзүбүз алып келебиз дегендиктен, биз барган жокпуз”.

Умарбай Хайдаровдун маалыматына караганда, кайтарылган алты жаран Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы милициянын жергиликтүү пунктуна жеткирилген, төртөө Бишкекке жөнөтүлгөн.

Бошотулгандар ар кайсы мезгилде чек арадан мыйзамсыз өттү деген негизде Тажикстанда кармалган.

Бул маалымат боюнча Кыргызстандын расмий органдары комментарий бере элек.

Буга чейин президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз жана тажик мамлекеттик органдары абактагы жарандарды алмашуу жараянын баштаганын кабарлаган. 3-июнда Лейлек райондук соту Кыргызстанда кармалып турган 11 тажик жаранына 50 миң сомдон айып салып, абактан бошоткон.

Быйыл апрелде Башкы прокуратура тажик абактарында 13 кыргызстандык жазасын өтөп жатканын, алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылгандар экенин билдирген.

УКМК: Тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, биздин аскерлерге карай ок чыгарган

Бүгүн, 3-июнда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен ок атышуу болду.

Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жатып, шарттуу чек ара сызыгын мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстандын аймагына кирип келген Тажикстандын чек арачыларын байкашкан.

“Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарды эске албай, тажик чек арачылары Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган. Эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда кагылышуу чыгып, тажик тарап миномёт курал-жарагын колдонду”.

2022-жылдын 3-июнунда саат 14:15те ок атышуу токтотулду, эки тараптан тең жарадар болгондор бар.

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык топтору кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жолугушуу өткөрдү

2022-жылга пландалган графикке ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2022-жылдын 25-майынан 30-майына чейин Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында өтө тургандыгы пландаштырылган.

УКМК: Сүлүктүнүн көмүр кампаларында мыйзамсыз иштеп жана жашап жаткан Тажикстандын 11 жараны кармалды

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз миграция каналы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Тажикистан Республикасынын жарандары Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз жашап жана иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

Ушул жылдын 29-апрелинде Сүлүктү шаарынан УКМК кызматкерлери тарабынан Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Жаббар-Расулов районунун Коргончо айылынын туулуп-өскөн тургундары, белгиленген тартипти бузуу менен мыйзамсыз эмгектенип жүргөн 11 жаран кармалды. 

Бул факты боюнча 2022-жылдын 30-апрелинде КР УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш иши катталган. 

Кармалган Тажикстан Республикасынын жарандары УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргыз элчилиги Тажикстандын абактарындагы кыргыз жарандарынан кабар алды

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги бул өлкөнүн абактарында отурган кыргызстандык жарандардан кабар алганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 6-7-май күндөрү элчиликтин кызматкерлери Дүйшөмбү, Вахдат шаарларындагы жана Явон районундагы абактарда отурган төрт кыргызстандык менен жолугуп, алардын укугун коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле тажик тараптын жардамы менен аларга Кыргызстандагы жакындары менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев Тажикстандын абактарында бүгүнкү күндө 13 кыргызстандык бар экенин, алардын экөө эркинен өмүрүнүн аягына чейин ажыратылганын быйыл 6-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айткан. Ал абакта отургандардын маселеси Тажикстандын башкы прокурору менен пландалып жаткан жолугушууда талкууланышы мүмкүн экенин билдирген.

Тажикстанда камалып отургандардын көбүнө чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу айыптар тагылган. Жакындары аларга айып негизсиз тагылганын айтып келишет.

УКМК: Тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алган эмес

Тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан маалыматтын алкагында, алынган ишенимдүү маалыматтарга караганда, тажик тарап “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарды чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзбөгөндүгүн маалымдайбыз.

Буга байланыштуу тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу маалымат такталбаган маалымат.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап, тынчтык жана жакшы коңшулук саясатын жүргүзүп жатканын маалымдайбыз. Кыргыз тарап сатып алган түрк учкучсуз учуучу учактары Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун жогору болуп жаткандыгына байланыштуу коргонуу максатында гана алынган. Кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт.

Меню