Menu

Кыргызстан-Тажикстан

Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык жаза өтөп жатат

Баш прокурор Курманкул Зулушев 6-апрелде парламенттеги отчетунда Тажикстандын абактарында кармалып турган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, тажик абактарында 13 кыргызстандык жазасын өтөп жатат, алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылгандар.

Абакта отургандардын маселеси жакын арада пландалып жаткан Тажикстандын баш прокурору менен жолугушууда талкууланышы мүмкүн.

Коңшу мамлекетте камакта отурган жарандардын маселесин депутат Шайырбек Ташиев көтөрдү. Ал тажик укук коргоо органдары кармап кеткен Баткен облусунун тургуну Саидакмат Артыков кыйноого кабылганын, аны “тыңчылыкка” айыптап, өмүр бою соттошконун, кийин ал жаза 18 жыл абак мөөнөтүнө алмашканын айтты. Аны экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн башкы прокурордон сурады.

Зулушев Саидакмат Артыковдун тагдырынан кабардар экенин маалымдады.

Артыков былтыр сентябрда Тажикстандын күч кызматтары тарабынан “чек араны мыйзамсыз кесип өттү” деген кине менен кармалган.

Жакындары аны бошотууга жардам берүүнү өтүнүп акцияга чыгышкан, бийликке кайрылышкан.

Тажикстан тараптан буга байланыштуу расмий комментарий боло элек.

Өткөн жылы сентябрда тажик күч кызматтары чек аралаш аймактан төрт кыргызстандык жаранды кармап кетишкен, алар сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулган.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы ок атышуу боюнча өз иликтөөсүн жүргүзөт

10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя боюнча эки тараптын чек арачыларынын сүйлөшүүсү аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусу менен Тажикстандын Согд облусунун чек ара кызматкерлери сүйлөшүүнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй чечимге келишкен:

– Ар бир тарап курал колдонулган окуя боюнча иликтөө жүргүзөт. Алдын ала жыйынтык эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын башчыларынын 12-мартка пландалган жолугушуусунда айтылат.

– Ар бир тарап чек арага жакын аймактагы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө чек арачылар тарабынан кыргыз-тажик чек арасындагы чекти сактоо маселеси каралган. Эки өлкөнүн чек арачылары аскердик техникасын окуя болгон жерден кайра ордуна кайтарууну макулдашкан.

10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 10:50дө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде кызматын өтөп жатып, буга чейинки багытын өзгөртүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан.

Тажик чек арачыларына башка да аскерлер жардамга келгени, натыйжада алар көбөйүп, жаңы чектен өтүүгө аракет кылганы, бирок кыргыз тарап андайга жол бербегени айтылды.

Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, атышуу 10 мүнөттөй уланган. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок.

“Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянуу менен ок атышууда чек арачы каза таап, дагы бир киши жабыр тартканын жазды.

Кыргыз тарап Тескей деген жер чек аранын тактала элек тилкесине кирерин, бирок ал жакты кыргыз жарандары пайдаланып келгенин билдирди.

Тажикстандын расмий органдары бүгүнкү окуя тууралуу маалымат бере элек.

Садыр Жапаров Россия-Украина окуяларын согуш деп атап, калыстык позициясын билдиргендин эртеси Тажикстан Кыргызстанды көздөй ок атты

Бүгүн 10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 10:50дө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей деп аталган жергесиндеги чек аранын тактала элек тилкесинде кызматын өтөп жатып буга чейинки багытын өзгөртүшкөн жана кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылышкан.

Окуя болгон жерге тажик чек арачыларына башка да аскерлери жардамга келгени, натыйжада алар көбөйүп, жаңы чектен өтүүгө аракет кылышканы, бирок кыргыз тарап андайга жол бербегени маалым болду.

Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, атышуу башталып, 10 мүнөттөй уланган. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок.

Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү дароо телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, аскерлерди окуя болгон жерден алууну жана кошумча күч-каражат тартпоону макулдашышты. Сүйлөшүү уланууда.

Кыргыз тарап Тескей деген жер чек аранын тактала элек тилкесине кирерин, бирок ал жакты кыргыз жарандары пайдаланып келерин билдирди.

Ал ортодо “Озоди” радиосу Исфарадагы өз булактарына таянып, чек ара окуясынан курман болгондор бар экенин кабарлады. “Окуя нөөмөттөгү тажик чек арачылары алмашып жаткан учурда болду. Нөөмөткө жаңылар келгенде кыргыз чек арачылары аларды кемсинтип, эскертүүсүз эле биз тарапты көздөй ок атышты. Жыйынтыгында бир тажик чек арачысы каза болуп, бир дыйкан жаракат алды”, — деп билдирген булак.

“Озодинин” билдирүүсүндө бул маалыматты Исфара шаардык ооруканасынын дарыгерлери да ырастаганы айтылган. Азырынча Тажикстандын расмий бийлиги чек арадагы курал колдонулган бул окуя боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.

Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, ортодогу чек ара сызыгынын 60 пайызга жакыны такталган.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ 9-мартта КР Президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө “бүгүнкү күндө Россия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип атканын көрүп жатабыз…  Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек”, – деп билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын өз ара соода жүгүртүүсү кескин төмөндөдү

Кыргыз-тажик чек арасы дээрлик бир жылдан бери жабык, бул Согд облусунун экономикасына терс таасирин тийгизүүдө.

“Озоди” радиосу 2021-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын өз ара соода жүгүртүүсү эки өлкөнүн экономикалык кызматташттык тарыхында эң төмөнкү деңгээлге түшкөнүн жазды.

Согд облусунун Статистика башкармалыгынын директору Накхат Хакимзода Кыргызстан менен соода жүгүртүү былтыр 25,1 млн долларды түзгөнүн, анын ичинен 3,3 млн доллар экспорт, 21,8 млн доллар импорт экенин билдирди. Ал бул сан Кыргызстан менен соода төмөндөп кеткенин айгинелеп турганын белгиледи.

Согд облустук бажы башкармалыгы да өз ара сооданын кыскарганына тынчсызданып, Тажикстандын түндүгүндөгү айыл чарба багытындагы райондор негизинен түшүм сатуу менен акча таап келишкенин белгиледи.

Согд облусунун бажы башкармалыгын башчысы Бахром Исматуллозода жаңжал эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына каршы келерин айтты.

“Бул Тажикстан үчүн да, Кыргызстан үчүн да пайдалуу эмес. Экономикалык көз караштан алганда өткөн жылы кандайдыр бир белгилүү көрсөткүчкө ээ болгон жокпуз. Мыйзамсыз ташуу фактылары да белгилүү бир деңгээлде кыскарды. Чек ара жабык кезде бир дагы аткезчи буга даабайт”, – деди ал.

Өткөн жылы Согд облусунда мыйзамсыз чек арадан өткөнү үчүн ондогон кыргызстандык кармалып, жоопко тартылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин солгундап кетти. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт болуп, 87си жабыркаган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка имараттар, автоунаалар өрттөлгөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал быйыл 27-январда болду. Аскерлер аралашкан атышуудан Кыргызстандан 13 адам жараат алса, Тажикстандын “Ховар” маалымат агенттиги эки тажик жараны көз жуумп, 10 киши жарадар болгонун жазган.

Ташиев: Ворухка жол курууга уруксат берүү маселеси жакында каралат

Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына жол курууга уруксат берүү маселеси жакынкы күндөрү кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын ишинде каралат.

Анын жыйынтыгынын негизинде гана иш жүрөрүн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 29-январда билдирди. Анын айтуусунда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия бул маселени жакынкы күндөрү карайт.

“Бүгүн эки тараптуу жумушчу жолугушуу болду. Эки жарым саат бардык маселелерди талкууладык. Негизинен делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу, 27-январдагы куралдуу жаңжалдын себебин иликтөө тууралуу сөз болду. Өкмөттөр аралык комиссиянын иши Ворухка жол куруу маселесине келгенде токтоп калган болчу. Эми кайра ошол жерден уланат. Эгер комиссия кайра дагы бир пикирге келе албай, талаштуу суроолор жаралчу болсо, тажик УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов экөөбүз кайра жолугушуп, талкууламак болдук. Бүгүнкү сүйлөшүүдө биз чек арадагы куралдуу жаңжалдар чек ара толугу менен чечилмейинче токтобой турганына толук ынандык. Чечимдерди кабыл алууда эки мамлекеттин элинин кызыкчылыгына ылайык иш болот деп сүйлөштүк”.

Ташиевдин айтуусунда Ворухка карай курулуучу жолдун макамын мамлекеттик келишим менен аныктоо №39 протоколдо жазылган. Макамды аныктоо иштери өкмөттөр аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

2021-жылдын 1-майында эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында кол коюлган №39 протоколдо тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашканын Тажикстан тарап расмий кабарлаган. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат.

Тажикстандын “Ховар” улуттук жаңылыктар агенттиги мындай чечим Тажикстандын жарандарынын жана алардын автоунааларынын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу үчүн кабыл алынганын билдирген. Бул жолдун курулушу Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын тактоо иштери жыйынтыкталганга чейин башталышы керек.

Ал эми кыргыз бийлиги бул протоколго ылайык, Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жол куруларын ырастаган. Бирок бул Ворухка коридор берилди дегенди түшүндүрбөй турганын, жер да, жол да кыргыз тараптыкы болорун, болгону тажик жарандарына ал жол менен каттоого уруксат берилерин маалымдаган.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Тажикстандын “Ховар” маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

Былтыр апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алган. Тажикстан бийлиги бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын билдирген.

ИИМ: Баткен районунун Көк-Таш айылындагы оор ок атуучу куралдарды колдонуу менен кол салуу окуясы боюнча кылмыш иши козголду

Кечээ, 27-январь күнү саат 18:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Самониен айылы чектешкен, такталбаган чек ара тилкесинде Тажикстандын жергиликтүү тургундары курулуш иштерин жүргүзүп жатышканда, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери тарабынан токтотуу талабы коюлган.
Ага каршы болгон Тажикстандын жарандары Ош-Исфана унаа жолу менен Исфара-Ворух жолдорунун кесилишине таштарды коюп, жолду тосуп алышкан.
Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүү өткөрүлүп, курулуш иштерин токтотуу, унаа жолун ачуу боюнча макулдашууга жетишкен.
Бирок саат 19:30 чамасында эл аралык келишимдерди бузуу менен улуттук кастыкты көздөп, куралдуу агрессияны пландап, агрессивдүү согушту көрсөтүү максатында жөнөкөй жарандар жашап жаткан Баткен районунун Көк-Таш айылынын Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Дахма участкаларына, Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө участкасына жана Көк-Таш айылындагы ИИМдин Ички Аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн имаратына Тажикстандын  Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери оор ок атуучу куралдарды колдонуу менен кол салышкан.
Натыйжада,  жергиликтүү тургундарынын турак жайлары, 707-аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана 1 жаранга ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген.
Аталган факт боюнча Баткен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, тергөө иштери башталды. Ал эми денесинен жараат алгандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кыргызстандыктын Тажикстанда камалганын бийлик ал өлгөндөн кийин билди

Тажикстандын түрмөсүндө каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү Баткенге жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

“Чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген айып менен эки жылга соттолгон Кудайберди Бекмуратов аттуу жарандын каза тапканы 14-январда маалым болгон.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаевдин билдиришинче, тажик абагында каза тапкан жаран тууралуу буга чейин жергилктүү бийлик өкүлдөрү менен тиешелүү органдар кабардар болгон эмес. Маркумдун уулу атасынын сөөгүн алып келүүгө жардам сурап кайрылганда гана ачыкка чыккан.

“Ал тууралуу бизде буга чейин маалыматтар болгон эмес. Анын жакындары дагы тажик тарап кармап алганын айтып кайрылган эмес. Ал былтыр 29-апрелде кармалган дегендей айтып жатышат. Биз анын баарын тактап жатабыз. Ал буга чейин Тажикстандагы Канибадам районунун Маданият айылында үй-бүлөсү менен жашап келген экен. Толук такталбаган жерлерде алардын жарандары бизде, биздин жарандар алардыкында жашай берген көрүнүштөр бар. Ал жаран качан соттолгону тууралуу бизде азырынча так маалымат жок. Тиешелүү органдардан тактап жатабыз. Анын баласы Лейлек районунун акими менен байланышып, атасынын сөөгүн алып келгенге жардам сураптыр. Ошондо гана биздин жарандын каза болгону билинди. Тажикстандын аймагында жашагандыктан бизге кайрылган эмес. Маркум тажик тектүү кыргыз жараны болгон”.

Мунун алдында Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги анын өлүмүн ачык, адилет иликтөө тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн. Кудайберди Бекмуратов №6 абакта жатканы айтылган. Буга байланыштуу тажик тарап расмий комментарий бере элек.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев ушул тушта коңшу өлкөдө он жаран кармалып турганын билдирген.

“Биз алардын баарын бошотконго аракет кылып жатабыз. Мен бул боюнча Согд облусунун губернатору менен сүйлөштүм, кат жолдодум. Ал дагы өздөрүнүн жарандарын бошотууну суранып жатат”.

Буга чейин кармалгандардын арасында Жерге-Тал жана Мургабдагы туугандарынан кабар алуу үчүн барган Кыргызстандын жарандары дагы бар экени маалым болгон.

Былтыр сентябрда Лейлек району менен чектеш аймактарда Тажикстандын чек арачылары он чакты кыргызстандыкты кармаган. Баарына “чек араны мыйзамсыз кесип өттү” деген айып коюлган. Алардын айрымдарынын туугандары бийликке бир нече жолу кайрылып, жакындарын бошотууга жардам сураган.

Тажикстандын Хожент облусуна караштуу Гафуров райондук соту былтыр ноябрда “чек арадан мыйзамсыз өткөн” деп айыпталган кыргызстандык үч жаранга өкүм чыгарган.

Ага ылайык, Айдарбек Хайдаров менен дагы бир жаран эки жылга эркинен ажыратылган. Ал эми үчүнчү кыргызстандык 18 жылга кесилген. Буга байланыштуу кыргыз бийлиги да, тажик тарап да маалымат берген эмес.

Талаштуу тилкелердин айынан эки өлкөнүн чек арасында чыр-чатак байма-бай болуп турат. Былтыр жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Чек ара кызматы: күйүүчү-майлоочу май Тажикстанга аткезчилик жол менен ташылып жатканы жөнүндө кабар жалган

Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү-майлоочу май аткезчилик жол менен өткөрүлүп жатканы тууралуу билдирүүнү четке какты.

Мекеменин маалымат жана коомуникация башкармалыгы кабарлагандай, 14-декабрда соцтармактарда жарыяланган видео жана билдирүү чындыкка дал келбейт. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, видеодо көрсөтүлгөн бензовоз «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомуна таандык жана Баткенден Жалал-Абад облусуна бараткан.

«Чек ара кызматы КР жарандарын коомчулукту бул түрдөгү маалыматтар менен адаштырбай, маалыматтарды тиешелүү органдардан тактоого чакырат», – деп белгилеген мекеме.

Билдирүүдө Министрлер кабинетинин 1-марттагы токтомуна ылайык, мунай жана мунай өнүмдөрүн ЕАЭБ аймагынан тышкары ташууга тыюу салынганы кошумчаланган.

Мындан тышкары аткезчилик менен күрөшүү максатында чек араларда мобилдик топтор иштеп жатканы, ал жерде компетенттүү органдардын кызматкерлери гана эмес элдик кошуундун өкүлдөрү да бар экени айтылды.

Буга чейин Баткен облусунда элдик кошуундун мүчөлөрүнө карата даттануулар болгон. Анда Ош-Исфара трассасында элдик кошуундун өкүлдөрү мыйзамдарды бузуп, жүк ташыган автоунааларды токтотуп, Тажикстандан товарлар аткезчилик жол менен ташылууда деген шылтоо менен товарларды жок кылып жатканы айтылган.

Акыйкатчынын Тажикстанда абакта отурган кыргыз жараны боюнча катына жооп келе элек

Кыргызстандын Акыйкатчысынын кеңсеси Тажикстанда абакта отурган кыргыз жараны боюнча тажик тарапка жолдогон катына жооп келе элек. Бул тууралуу 17-ноябрда Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, расмий кат Тышкы иштер министрлигине жана Тажикстандын Омбудсменине 11-ноябрда жөнөтүлгөн, азырынча жооп боло элек.

Тажикстандын Жийделик айылында жашаган Кыргызстандын жараны Сайдахмет Артиков (Саидакмат Артыков) эки ай мурда кармалган. Жакындары аны бошотууга көмөктөшүүнү өтүнүп кыргыз бийлигине кайрылган жана ал абакта кыйноо көрүп, ооруканага жатып чыкканына кабатырлыгын билдирген. 44 жаштагы Артыков ушул жылдын 16-сентябрында “чек арадан мыйзамсыз өттү” деген кине менен кармалып, Тажикстандын Кожент шаарындагы тергөө абагына камакка алынган.

12-ноябрда Бишкекте Артыковду бошотууну суранып акцияга чыккандар менен жолугушууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чыгып, маселени тийиштүү органдарга жеткирип, кыргыз жарандарын чыгарууга көмөктөшөрүн айткан.

Баткенде коңшу өлкөнүн жараны ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облус боюнча башкармалыгы тарабынан баңгизатын саткан чет элдик жаран кармалган.

Шектүү Баткен облусунун Жаштык айылынын аймагында Тажикстан менен чектешкен башкы жолдо баңгизаттарды жеткирүүнү уюштуруп, сатууну көздөгөн. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ыкчам иликтөө иш-чаралары маалында кармалган киши Тажикстандын жараны экени аныкталган. Тинтүү учурунда жанынан 9,5 килограмм салмактагы өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Соттук-химиялык экспертиза жүргүзүлүп, алынган зат Ооганстанда өндүрүлгөн нашаа болуп чыккан.

Кармалган жаран Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Кыргызстан маңзат ташылган жолдун боюндагы мамлекет экени айтылып жүрөт.

Адистер бул жолду “Түндүк маршрут” деп атап, Ооганстандын героини Тажикстандан Кыргызстан аркылуу тонналап, Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жашыруун каналдар аркылуу тарай турганын белгилешет.

Меню