Menu

Кыргызстан-Тажикстан

Кыргызстанда Тажикстандын эки жараны өмүр бою эркинен ажыратылды

Баткен облусундагы сот Тажикстандын эки жаранын — Аскар Юнусов менен Абдурозик Каххоровду өмүр бою эркинен ажыратты. Алар “Тынчтыкка каршы кылмыш кылуу” жана “Талоончулук” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Тажикстандын соттолгон жарандары быйыл апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу кагылышуудан кийин кармалган.

Азырынча Тажикстандын бийлиги Каххоров менен Юнусовго карата чыккан сот өкүмү боюнча комментарий бере элек.

Аскар Юнусовдун атасы Абдулазиз Юнусов өкүм 14-сентябрда чыкканын билдирди. Анын айтымында, сот отурумдары жабык өтүп, сот залына айыпталуучулардын жакындары киргизилген жок.

“Тергөөдө уулумдун куралдуу адамдардын жанында турганы тартылган видеодон башка эч кандай далили болгон эмес. Бул анын күнөөсүнүн жалгыз далили”, — деди ал.

Каххоровдун жубайы Наргис Жабборова сотко Кыргызстан тарап дайындаган адвокат Мелис Абдураимов катышканын билдирди.

Аскар Юнусов менен Абдурозик Каххоров быйыл май айында кармалган. Абдулазиз Юнусовдун айтымында, алар чек ара сызыгы жок аймакта кыргыздар менен бир көчөдө жашашат.

Ал ортодо 15-сентябрда Кыргызстандын тажик улутундагы үч жаранынын үстүнөн сот отуруму башталды. Алар апрель-май айларындагы куралдуу кагылышууда кылмыш кылган деп айыпталууда. Прокуратура айыпталуучулардын ар бирин 20 жылдан соттоону өтүндү. Аларга карата өкүм 21-сентябрда чыгат деп күтүлүүдө.

“Озоди” радиосунун колуна тийген документтерге ылайык, этникалык тажиктер “Мекенге чыккынчылык кылуу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Мыйзамсыз маңзат сатуу” беренелери боюнча айыпталууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Тараптар бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсы карта менен, кайсы юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.

Президент Садыр Жапаров Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, тажик тараптын демилгеси боюнча Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрында Душанбе шаарында өтө турган ШКУ жана ЖККУ саммиттеринин күн тартибин талкуулашты.

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу дагы бир жолу жылуу куттуктады.

Өз кезегинде Садыр Жапаров кыргыз тарап Тажикстан менен эки тараптуу мамиленин кеңири багыттары боюнча ишенимге негизделген, конструктивдүү кызматташууга дайыма даяр экенин белгиледи.

ЖККУ: Кыргызстан менен Тажикстанда аскердик машыгуулар өтөт

Орусия баш болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттер Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт.

Бул тууралуу ЖККУнун өкүлү Владимир Зайнетдинов 27-августта “Интерфакс” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы биргелешкен аскердик машыгуу 7-9-сентябрда өтөт.

Мындан сырткары Владимир Зайнетдинов тажик-ооган чек арасына жакын тилкелерде дагы үч аскердик машыгуу уюштуруларын, төртүнчүсү быйыл ноюбрь айына пландаштырылып жатканын айтты.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Ооганстандын Борбор Азиядагы кошуналары бул өлкөдөгү коопсуздукка бушайман болуп, ал жактагы кырдаал дагы курчуса качкындардын агымы чөлкөмдү каптайбы деген тынчсыздануусун айтып чыгышкан.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтор протоколго кол коюшту

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 16-22-августунда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Исфара шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү.

Тажикстан Лейлекте казган аңды көөмп, курулушту токтотту

Лейлек районуна караштуу Катта-Туз аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган аң жана Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган аң толтурулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

12-августта президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы аң казуу аракеттерин токтотуу жана башка чек арага жакын аймактардагы тажик тараптын жүргүзүп жаткан курулуш иштери боюнча Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Баткен жана Согд облустарынын башчылары баштаган эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүүдө.

11-августта Лейлек районунун Интернационал айылдык ооруканасына Тажикстан тараптан ок атылган. Андан экинчи кабаттын терезеси талкаланып, окуя болгон жерде 5,45 мм калибрдеги “АК-74” автоматынын огу табылган.

12-августта облустук жыйында Арка айылындагы Катта-Туз мунай куурлары жайгашкан жерде Тажикстандын куралдуу күчтөрү аскердик окопторду казып алганы да айтылган.

Катта-Туз аймагынан Тажикстан 1974-жылдардан бери мунай өндүрүп келген. Аймак Кыргызстанга 1992-жылы өтүшү керек болчу. Бирок Тажикстан 1980-жылдары түзүлгөн макулдашуу менен кийин да иштетип турган.

2013-жылы кыргыз чек арачылары Тажикстандын мунай өндүргөн мекемесин Кыргызстанга таандык аймактан чыгарып жиберген.

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, кырдаал жайгарылды

24-июлда Баткендин Көк-Таш аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында катталган чатак боюнча президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымат таратып, кырдаал жайгарылганын билдирди.

Расмий маалыматта, Көк-Таш айылындагы Кум-Мазар деген жерде эки тараптан тең чек арачылар ок чыгарганы айтылат. Чатакташууга чек арадагы талаштуу тилкеде тажик жарандары тазалоо иштерин жүргүзгөнү себеп болгон.

“Учурда абал туруктуу, жеринде эки тараптын чек ара кызматтары, Баткен районунун акими жана тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери ортосунда сүйлөшүү жүрүүдө. Жараат алгандар жок”, – деп айтылды облустук бийлик тараткан билдирүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткендин Кум-Мазар жеринде тажик жарандары кыргыз тарап менен макулдашпастан тазалоо иштерин жүргүзүп баштаганда чатак чыгып кеткенин кабарлады.

“Ал жерге Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар барышкан. Тажик тургундары кыргыз тараптын иш-чараларды токтотуу талабына көнгөн эмес. Эки тараптын кайым айтышуусу мушташ, бири-бирине таш ыргытууга жеткен. Кыргызстандын чек арачылары ок чыгарып, ага жооп катары тажик чек арачылары ок аткан. Кыргыз тарапта жаракат алгандар жок”, – деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү окуядан кийин жолугуп сүйлөштү. Жолугушууга эки тараптын жергиликтүү бийлик башчылары жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү дагы катышкан.

“Кыргызстандын Кум-Мазар жана Тажикстандын Сомоньен жерлеринде кандайдыр бир чарбалык иштерди жүргүзбөө тууралуу макулдашылды”, – деп айтылды Чек ара кызматы тараткан билдирдүүдө.

Чатактарды алдын алуу үчүн эки өлкөнүн чек арачылары менен күч кызматкерлери биргеликте иш алып бармай болду.

Кыргызстан ооган кыргыздарын тарыхый мекенине көчүрүп келүү максатында БУУ менен тажик бийлигине кайрылды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам Тажикстанга кире качкан кыргыздар тууралуу маалымат таратты.

Анда памирлик кыргыздар тууралуу маалымат текшерилип жатканы, аймактагы шарттын катаалдыгынан, байланыштын начардыгынан кандайдыр бир так, кеңири маалымат алууга мүмкүн болбой жатканы айтылат. Ошондой эле ооган кыргыздарын Кыргызстанга алып келүүгө аракет жасалып жатканы белгиленген.

“Кыргызстандын ТИМи ооган кыргыздарына байланыштуу БУУнун тиешелүү бөлүмдөрүнө кайрылды. Ооган кыргыздарын тажик-кыргыз чек арасынан тоскоолдуксуз өткөрүп коюу өтүнүчү менен Тажикстанга нота жөнөтүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул маселе президенттин, Министрлер кабинетинин көзөмөлүндө экени жазылган.

Мунун алдында Тажикстандын Чек ара кызматы Ооганстанда жашаган 340тан ашуун этникалык кыргыз талибдерден качып келгенин, жолдо эки ымыркай чарчап калганын билдирген.

Анда гуманизм жана ынак коңшулук принциптерин карманып, ооган кыргыздарын өз аймагына киргизгени, качкындар Мургабдагы Кызыл-Рабат айылындагы Чоштепа жана Дуйтук участогуна жайгаштырылганы кабарланган.

Душанбе: Кыргызстан Тажикстанга келаткан жүк ташуучу унааларды өткөрө элек

Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим чет өлкөлөрдөн жүк ташып келаткан 60 фура Кыргызстандан өтө албай турганын билдирди. Быйыл апрелде болгон кандуу чек ара жаңжалынан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын жапкан.

Азим Иброхим 14-июлда маалымат жыйынын өткөрүп, президент Садыр Жапаров Душанбеге сапар менен келгенде Кыргызстандан өтө албай жаткан жүк ташуучу унаалар маселесин кыргыз кесиптеши менен талкуулаганын айтты.

“Менин кыргыз кесиптешим бул маселени карап чыгууга убада берген. Бирок, тилекке каршы, жыйынтык жок. Бул жерде көйгөйдүн башка жактарын да эске алуу керек”, – деп белгиледи министр.

Азим Иброхим кыргыз кесиптеши менен жолуккан учурда бул абал кыргыз экономикасына да зыянын тийгизерин, себеби 60 фуранын үчтөн бир бөлүгүн гана тажиктер, калганын кыргыз айдоочулары айдай турганын айткан.

Тажикстандын транспорт министри бул маселени дипломатиялык деңгээлде чечүүгө аракет көрүлүп жатканын кошумчалады.

Ошол эле маалда Азим Иброхим Тажикстандан чыга албай жаткан кыргыз фуралары барбы деген суроого жооп бере алган жок.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Аким: кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү уланып жатат

Баткендин Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлдөрү тажикстандык күч кызматтары менен чогуу 8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо аймагындагы жаңжал боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын билдирди.

Рахманкулов так маалымат сүйлөшүү бүткөндөн кийин болоорун кабарлады.

Буга чейин Чек ара кызматы Кыргызстандан бир аскер кызматкери каза болгонун расмий билдирген: “Тажикстандын чек арачыларынын куралдуу кол салуусунан улам Кыргызстандын чек арачысы, 27 жаштагы сержант Хуснидин Хожиев курман болду. Жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилүүдө”.

Тажикстандын улуттук “Ховар” маалымат агенттиги тажик чек ара кызматына шилтеме кылып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз берген деп жазды. Кыргыз тарап жаңжалга тажик чек арачылары себепкер болгонун маалымдоодо.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Кыргыз тарап чек арадагы атышуу тууралуу маалымат берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы 8-июлда кыргыз-тажик чек арасында болгон ок атышууга тажик чек арачылары себепкер деп билдирди.

“Кыргызстандын чек арачылары Лейлек районундагы чек ара аймагында жайгашкан Наумин ашуусунда атчан баратып, Чашмагилдан тилкесинде Тажикстандын чек арачыларынын чабуулуна кабылган. Натыйжада, эки тараптан тең ок атылган. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатат”, – деп жазылган билдирүүдө.

Ага ылайык, Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев жана башка күч кызматтарынын жетекчилери окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Эки тараптан тең бул окуя териштирилип жатканы маалым болду.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу 8-июлда, саат 16:00 (Тажикстандын убактысы боюнча 15:00) чамасында болгону маалымдалган. Окуяны Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилери талкуулап, анын себебин чогуу иликтөөнү чечкенин кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Тажикстандын улуттук “Ховар” маалымат агенттиги тажик чек ара кызматына шилтеме кылып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз болгонун жазды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Меню