Menu

Кыргызстан-Тажикстан

Душанбе: Кыргызстан Тажикстанга келаткан жүк ташуучу унааларды өткөрө элек

Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим чет өлкөлөрдөн жүк ташып келаткан 60 фура Кыргызстандан өтө албай турганын билдирди. Быйыл апрелде болгон кандуу чек ара жаңжалынан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын жапкан.

Азим Иброхим 14-июлда маалымат жыйынын өткөрүп, президент Садыр Жапаров Душанбеге сапар менен келгенде Кыргызстандан өтө албай жаткан жүк ташуучу унаалар маселесин кыргыз кесиптеши менен талкуулаганын айтты.

“Менин кыргыз кесиптешим бул маселени карап чыгууга убада берген. Бирок, тилекке каршы, жыйынтык жок. Бул жерде көйгөйдүн башка жактарын да эске алуу керек”, – деп белгиледи министр.

Азим Иброхим кыргыз кесиптеши менен жолуккан учурда бул абал кыргыз экономикасына да зыянын тийгизерин, себеби 60 фуранын үчтөн бир бөлүгүн гана тажиктер, калганын кыргыз айдоочулары айдай турганын айткан.

Тажикстандын транспорт министри бул маселени дипломатиялык деңгээлде чечүүгө аракет көрүлүп жатканын кошумчалады.

Ошол эле маалда Азим Иброхим Тажикстандан чыга албай жаткан кыргыз фуралары барбы деген суроого жооп бере алган жок.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Аким: кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү уланып жатат

Баткендин Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлдөрү тажикстандык күч кызматтары менен чогуу 8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо аймагындагы жаңжал боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын билдирди.

Рахманкулов так маалымат сүйлөшүү бүткөндөн кийин болоорун кабарлады.

Буга чейин Чек ара кызматы Кыргызстандан бир аскер кызматкери каза болгонун расмий билдирген: “Тажикстандын чек арачыларынын куралдуу кол салуусунан улам Кыргызстандын чек арачысы, 27 жаштагы сержант Хуснидин Хожиев курман болду. Жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилүүдө”.

Тажикстандын улуттук “Ховар” маалымат агенттиги тажик чек ара кызматына шилтеме кылып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз берген деп жазды. Кыргыз тарап жаңжалга тажик чек арачылары себепкер болгонун маалымдоодо.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Кыргыз тарап чек арадагы атышуу тууралуу маалымат берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы 8-июлда кыргыз-тажик чек арасында болгон ок атышууга тажик чек арачылары себепкер деп билдирди.

“Кыргызстандын чек арачылары Лейлек районундагы чек ара аймагында жайгашкан Наумин ашуусунда атчан баратып, Чашмагилдан тилкесинде Тажикстандын чек арачыларынын чабуулуна кабылган. Натыйжада, эки тараптан тең ок атылган. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатат”, – деп жазылган билдирүүдө.

Ага ылайык, Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев жана башка күч кызматтарынын жетекчилери окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Эки тараптан тең бул окуя териштирилип жатканы маалым болду.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу 8-июлда, саат 16:00 (Тажикстандын убактысы боюнча 15:00) чамасында болгону маалымдалган. Окуяны Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилери талкуулап, анын себебин чогуу иликтөөнү чечкенин кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Тажикстандын улуттук “Ховар” маалымат агенттиги тажик чек ара кызматына шилтеме кылып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз болгонун жазды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында каза болгон 27 жарандын үй-бүлөсү 1 млн сомдон, жабыркаган 67 үй-бүлө 24 млн сом кенемте алышты

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта каза болгон 27 жарандын үй-бүлөсү бир миллион сомдон кенемте алды.

Чатакта жабыркаган дагы 67 үй-бүлөгө тарткан зыянына жараша 50 миң сомдон бир миллион сомго чейин акча төлөнүп берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев 6-июлда басма сөз жыйынында билдирди. Анын маалыматына ылайык, кенемте үчүн жалпысынан бюджеттен 51 миллион сом каралган.

Министрлер кабинети чек ара жаңжалындагы зыяндын көлөмүн 1,3 миллиард сом деп эсептеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун билдирген. Эки өлкөдө тең кылмыш иштери козголгон.

Президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 29-июнда, Дүйшөмбү шаарында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Биргелешкен билдирүүнүн тексти:

“Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 2021-жылдын 28-29-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына расмий сапары болуп өттү.

Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү кыргыз-тажик мамилелеринин абалын жана келечегин талкуулашты, региондук жана эл аралык күн тартибинин маселелери боюнча пикир алмашты.

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы 1996-жылдын 12-июлундагы Мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндө келишимде жана 2004-жылдын 26-майындагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимде жазылган принциптерди жана милдеттенмелерди карманарын билдирүү менен, тең укуктуулуктун, өз ара урматтоонун жана достуктун негизинде мамлекеттер аралык диалогду андан ары өнүктүрүү максатында

Мамлекет башчылары төмөнкүлөрдү билдирди:

1. Кыргыз-тажик мамилелери кылымдарды карыткан тарыхый байланыштарга, жалпы маданий жана руханий баалуулуктарга негизделген.

2. Мамлекет башчылары достукту жана ынак коңшулукту сактоо үчүн өздөрүнүн жогорку жоопкерчилигин түшүнүп, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамилелерди ырааттуу өнүктүрүү чечимин ырасташты.

3. Президенттер кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара жаңжалдарын болтурбоонун жана тараптардын эл аралык милдеттенмелерди жана эл аралык укуктун ченемдерин сактоосунун зарылдыгын белгилешти.

Президенттер эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен өз ара ыңгайлуу шарттарда конструктивдүү диалог куруу жана пайда болгон маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү ниетин билдиришти.

4. Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты. Алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты.
Президенттер кыргыз жана тажик элдери илгертеден бери жашап, карманып келген достук жана ынак коңшулук принциптери өз ара алгылыктуу натыйжага жетишүүгө өбөлгө болот деген ишеничин билдиришти.

5. Мамлекет башчылары саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну жандандыруу боюнча Борбордук Азия мамлекеттеринин биргелешкен аракеттерин улантууну жакташты. Региондогу өз ара аракеттенүүнүн жаңы атмосферасын калыптандырууга өбөлгө түзүүнү шарттаган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушууларын туруктуу негизде өткөрүп туруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз ара пайдалуу кызматташууга кошумча дем берүү жана аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында XXI кылымда Борбордук Азияда достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө беш тараптуу келишимдин түзүлүшүн биргелешип илгерилетүүгө даяр экендигин билдиришти.

6. Мамлекет башчылары мамлекеттер аралык диалогду өнүктүрүү үчүн зарыл болгон өз ара аракеттенүү механизмдери, биринчи кезекте, Мамлекеттер аралык координациялык кеңеш, Эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү карап чыгуу боюнча өкмөттөр аралык комиссия, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия жана Тышкы иштер министрлеринин кеңеши бар экендигин баса белгилешти.

2021-жылдын экинчи жарым жылдыгында эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү карап чыгуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын Кыргызстанда өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

7. Президенттер кыргыз-тажик мамилелеринин парламенттер аралык багытынын маанилүүлүгүн белгилешти.

8. Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өз ара соода көлөмүнүн төмөндөшүн белгилешти. Ушул контекстте соода-экономикалык кызматташтыктын пайдаланылбай жаткан потенциалын колоднуу үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү жакташты. Алар өз ара ишкердик экономикалык миссияларын, экономиканын артыкчылыктуу багыттары боюнча көргөзмөлөрдү жана бизнес форумдарды уюштуруунун зарылдыгын белгилешти.

9. Президенттер Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек ара аймактарында товарларды контрабандалоо улантылып жаткандыгына тынчсызданганын билдиришти. Мындай жагдай эки тараптуу экономикалык мамилелерге зыян келтирет деп эсептешет.

10. Президенттер Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы региондор аралык байланыштарды түзүүнү жакташты. Алар эки мамлекеттин региондорунда агроөнөр жай комплексинде, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөр бар экендигин баса белгилешти.

11. Борбордук Азия мамлекеттеринин калкынын жана экономикасынын өсүп жаткан муктаждыктарын канааттандыруу максатында жана климаттын өзгөрүшүндөгү терс тенденцияларды жана Париж келишиминдеги милдеттенмелерди эске алуу менен, Мамлекет башчылары регионду жана андан сырткары жактарды экологиялык таза жаңылануучу энергия менен камсыз кылуу үчүн эки өлкөнүн эбегейсиз гидроэнергетикалык потенциалын өздөштүрүү боюнча эл аралык демилгелерин өз ара колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

12. Мамлекет башчылары суу ресурстарын пайдалануу менен байланышкан эки тараптуу маселелерди кароо боюнча Ведомстволор аралык кыргыз-тажик жумушчу тобунун ишин улантууга макулдашышты.

13. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда электр берүү линияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Борбордук Азия – Түштүк Азия CASA-1000 региондук электр берүү линиясын куруу боюнча кызматташууну улантуунун зарылдыгын белигилешти.

14. Мамлекет башчылары Тажикстан Республикасындагы этникалык кыргыздар жана Кыргыз Республикасындагы этникалык тажиктер үчүн ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүнү макулдашты.

15. Президенттер элдердин жакындашуусуна жана улуттар аралык жана маданий байланыштардын чыңдалышына өбөлгө боло турган биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү жолу менен кыргыз-тажик маданий-гуманитардык өз ара мамилелерин активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.

16. Мамлекет башчылары БУУнун универсалдуу эл аралык түзүм жана мамлекеттер аралык байланыш маселелерин чечүү үчүн негизги аянтча катары статусун, ошондой эле анын эл аралык иштердеги борбордук координациялык ролун бекемдөөнү жакташат.

17. Кыргыз Республикасынын Президенти Тажикстан Республикасынын суу жаатындагы глобалдык демилгелерин жактады жана 2020-жылдын 21-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы «2018-2028-жылдары «Туруктуу өнүгүү үчүн суу» Эл аралык он жылдык аракеттердин максаттарына жетүүнүн жүрүшүн орто мөөнөттө ар тараптуу карап чыгуу боюнча БУУнун Конференциясы» деген резолюциясын кабыл алгандыгын белгиледи.

18. Тажикстан Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасы демилгелеген «Жаратылыш чектөөнү билбейт: Трансчекаралык кызматташтык — биоартүрдүүлүктү сактоонун жана пайдалануунун маанилүү фактору» деген резолюциянын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында кабыл алынгандыгын кубаттады.

19. Кыргыз Республикасынын Президенти Тажикстан Республикасынын Президентинин 2025-жылды Эл аралык мөңгүлөрдү сактоо жылы деп жарыялоо демилгесин кубаттады.

20. Тажикстан Республикасынын Президенти 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешине Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоду.

21. Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Шанхай кызматташтык уюмунун, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун, Ислам кызматташтык уюмунун, Экономикалык кызматташтык уюмунун, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме жана башка эл аралык уюмдардын жана форумдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү улантылат.

22. Кыргыз Республикасынын Президенти 2020-2021-жылдары Тажикстан Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгын колдой тургандыгын билдирип, тажик тарабы сунуш кылган жана Уюм үчүн мааракелүү жылы ишке ашырылган артыкчылыктардын актуалдуулугун белгиледи.

23. Президенттер 2021-жылы ноябрда Бишкек шаарында «Европа Бирлиги – Борбордук Азия» Биринчи экономикалык форумунун Борбордук Азиянын премьер-министрлеринин жана ЕБдин жогорку өкүлдөрүнүн деңгээлинде өткөрүлүшүн кубатташты.

24. Мамлекет башчылары эл аралык коалициянын аскерлеринин чыгып кетишине, ошондой эле өкмөткө каршы куралдуу элементтердин активдешүүсүнө байланыштуу Афганистанстандагы учурдагы аскердик-саясий кырдаалга тынчсыздануусун билдиришти.

25. Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Президентинин Тажикстан Республикасына жасаган расмий сапарынын жыйынтыгын канааттануу менен белгилешти жана болуп өткөн сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө түрткү берип, өз салымын кошоруна ишеним билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Тажикстан Республикасынын Президентине меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Тажикстан Республикасынын Президентин Кыргыз Республикасына жооп катары расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды. Иш сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат”.

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында, бүгүн, 29-июнда, Душанбе шаарында кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия боюнча агенттигинин ортосунда пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  •  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
  •  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери жана спорт комитетинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • “Кабар” Кыргыз клуттук маалымат агенттиги менен Тажикстандын “Ховар” улуттук маалымат агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.

Президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон тет-а-тет форматында жолугушууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 29-июнда, Душанбе шаарында тет-а-тет форматында жолугушууда.

Өз сөзүндө Эмомали Рахмон Тажикстан Садыр Жапаровдун өлкөгө болгон расмий сапарына өзгөчө маани берерин жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин баса белгиледи.

“Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат, Сиздер менен өз ара мамилелерибиздин бардык чөйрөсүнүн бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкуулоого даярбыз”, – деп билдирди ал.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Президент Эмомали Рахмонго Тажикстан Республикасына расмий сапар менен келип-кетүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров ушул жылдын 28-30-апрель күндөрүндө болгон трагедиялуу окуялар эки өлкөнүн элдери үчүн оор тарыхый сыноонун жана кайгы-капанын күндөрү болуп калгандыгын өкүнүү менен белгиледи.

“Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен”, – деп баса белгиледи ал.

Президент Садыр Жапаров биргелешкен аракеттердин натыйжасында тараптар чек ара маселелерин чечүү жолдорун табаарына ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген форматта улантышат.

Видео - Душанбеде Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн, 29-июнда, Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду.

Садыр Жапаровду коштогон кортеж «Улут сарайына» келип токтоп, аны Эмомали Рахмон тосуп алды.

Мамлекет башчылары учурашкан соң, Ардактуу кароол ротасынын командири эки өлкөнүн лидерлерине рапорт берди. Андан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан ары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон тизилип турган Ардактуу кароол ротасынан өтүп, бири-биринин — Кыргызстан менен Тажикстандын делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Расмий жолугушуу аземи Ардактуу кароол ротасынын салтанаттуу маршы менен жыйынтыкталды.

 

Президент Садыр Жапаров Душанбе шаарына келди (делегациянын курамы)

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, расмий иш сапары менен Тажикстан Республикасынын борбору – Душанбе шаарына келди.

Душанбе шаарындагы эл аралык аэропорттон Мамлекет башчысын Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол ротасы тизилген.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелерин талкуулашат.

 

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

– тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

– Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

– Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустөмбеков;

– транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

– өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

– маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

– Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;

– Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;

– Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.

Президент Садыр Жапаров 27-29-июнь күндөрү расмий иш сапарлары менен Түркмөнстанга жана Тажикстанга барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ушул жылдын 27-28-июнь күндөрүндө расмий иш сапары менен Түркмөнстанда болот. Бул тууралу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен чакан жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Андан ары, 28-29-июнда Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстан Республикасына барат.

Иш сапардын жүрүшүндө Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлүүдө.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселелерди талкуулашат.

Меню