Menu

Кыргызстан-Түркия

Президенттик администрация Түркиянын "ФЕТОнун" ишмердүүлүгүн токтотуу талабына комментарий берди

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентеп менен жолугушуусу боюнча комментарий берди.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө жолугушуу маалында түрк тарап “ФЕТО” кыймылынын жалпы, анын ичинде Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жөнүндө маселени козгогон.

“Бул маселе Түркиянын ички иши экенин эске алуу менен кыргыз тарап аны эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында талкуулоо керектигин белгилеген”, – деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Кыргызстандагы Түркиянын элчилиги Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун 23-24-июнь күндөрдөгү Бишкектеги сапары жөнүндө кенен маалымат таратып, анда кыргыз бийлигине “ФЕТО” (ред: түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) уюмунун коркунучу жөнүндө эскерткенин кабарлаган.

Элчиликтин маалыматына ылайык, түрк парламентинин төрагасы президент Жапаровго 2016-жылы 15-июлдагы Түркиядагы окуя жөнүндө маалымат берип, бир нече өлкө “ФЕТОго” тиешелүү мекемелерди расмий Анкарага өткөрүп бергенин айткан.

“ФЕТО” өзү иш алып барган өлкөлөр менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштарды бузууга аракет кылууда. 15-июль тууралуу Кыргызстанда өткөн иш-чара мамлекеттик кызматкерлер тарабынан териштирилгенин уктук. Буга кошумча, эки өлкөнүн ортосунда ачылган “Манас” университети бар жана бул окуу жайдын ишинде бир топ тоскоолдуктар болуп жатканын билдик. Бул аркылуу алар эки өлкөнүн мамилесине терс көрүнүш жаратууга аракет кылып жатышат”, – деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы алгач Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жолугушуусу жөнүндө “эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады” деп гана маалымдаган.

Расмий Анкара 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети боюнча Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет. Түркия кыймылды “ФЕТО” же “Фетхуллахчы террорчул уюм” деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган. “Гүлен кыймылы” түрк бийлигинин айыптоосун четке каккан.

Акыркы алты жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылып келет.

УКМК: Тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алган эмес

Тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан маалыматтын алкагында, алынган ишенимдүү маалыматтарга караганда, тажик тарап “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарды чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзбөгөндүгүн маалымдайбыз.

Буга байланыштуу тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу маалымат такталбаган маалымат.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап, тынчтык жана жакшы коңшулук саясатын жүргүзүп жатканын маалымдайбыз. Кыргыз тарап сатып алган түрк учкучсуз учуучу учактары Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун жогору болуп жаткандыгына байланыштуу коргонуу максатында гана алынган. Кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт.

«МЭА» ААК: Ош аэропортуна Стамбулдан 8 жылдан бери уча элек авиакаттам келип конду

Ош» эл аралык аэропорту  2021-жылдын 1-октябрында Стамбул шаарынан 8 жылдан бери уча авиакаттамды салтанаттуу түрдө тосуп алды.
Салтка айлангандай,  “Пегасус” авиакомпаниясынын Боинг 737 учагын суу аркасы менен тосуп алышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлү Зиядин Жамалдинов, “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын Инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү иштери боюнча башкы директордун орун басары Абдималик Бусурманкулов, Экономика, финансы жана социалдык өнүктүрүү иштери боюнча башкы директордун орун басары Рысбек Оморов, ташуу компанияларынын өкүлдөрү, “МЭА” ААКнын кызматкерлери жана башкалар катышты.
“Стамбул-Ош-Стамбул” багыты боюнча каттам жандандырылып, бүгүнкү күндү тарыхый күн деп айтууга болот. Аталган багыт боюнча каттамдар 8 жылдан бери аткарылган эмес. Бул өлкөбүздүн экономикалык потенциалын  жогорулатат”, – деп “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын Инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү иштери боюнча башкы директордун орун басары Абдималик Бусурманкулов билдирди.
Буга карай, “Пегасус” авиакомпаниясынын өкүлү Юсуф Эрман бул каттамды ачуу үчүн 2 жылдай убакыт талап кылынгандыгын белгилеп өттү.
“Мындан тышкары, бул каттамдын ачылышы Кыргызстандын жалпы түштүк аймагына  жана  Ош шаарына чоң жарнама боло тургандыгын белгей кетүүгө болот”, – деп билдирди.
Стамбул-Ош-Стамбул  багыты боюнча каттам үзгүлтуксүз жумасына 3 жолу аткарылат.
Стамбулдан Ош шаарына 130 жүргүнчү учуп келип, артка Стамбулга 155 жүргүнчү учуп кетти.

Түркиядагы кыргызстандык мигранттар пенсия ала баштады

Түркияда пенсия ала баштаган кыргызстандык мигранттар бар экенин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин онлайн жыйынында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев билдирди.

Элчинин айтымында, “Түркия жана Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык Коопсуздук Келишимине” ылайык, эки өлкөдө 15 жылдан ашык эмгек визасы менен иштеп, камсыздандыруу акысын төлөгөн жарандар эки жактан тең быйыл март айынан баштап пенсия ала баштады.

Эки өлкө ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча келишимге президенттер 2018-жылы 9-апрелде Анкарада кол коюлган.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев канча киши пенсия алып жатканын тактаган жок.

Ал Түркияда 20 миңден 25 миңге чейин кыргызстандык бар экенин айтып, пандемияга байланыштуу мигранттардын саны акыркы эки жылда кыскарганын кошумчалады.

Түркияда Орхан Инандыга айып тагылганы кабарланды

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны Анкара шаардык прокуратурасы “куралдуу террордук уюмду башкарган” деген айып менен камакка алганы кабарланды. Бул тууралуу мамлекеттик “Анадолу” кабар агенттиги 12-июлда маалымат таратты.

Анда айыпкер “Гүлен” кыймылынын мүчөлөрүн Кыргызстандын паспорттору менен камсыз кылып, уюмдун акчасын башкарып жүргөнү айтылган.

“Sabah” басылмасы Орхан Инанды Анкарадагы суракта өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албай, “Гүлен” кыймылын террордук уюм катары тааныбай турганын билдиргенин жазды.

Буга чейин Инанды Анкарадагы Терроризмге каршы бөлүмдө кармалып турганын анын адвокаты жана күйөө баласы Халил Ибрахим Йылмаз журналисттерге курган маегинде билдирген. Адвокаттын айтымында, учурда Инанды менен жолугууга мүмкүн боло элек.

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан. Аны Түркиянын атайын кызматы өлкөгө алып келгенин президент Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылуусунда жарыялаган.

Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетине АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” кыймылын күнөөлөп, аны “Фетхуллахчы террордук уюм” деп жарыялаган. Гүлен жана анын тарапкерлери Түркиядагы төңкөрүш аракетине тиешеси жоктугун билдирип келет. Батыш өлкөлөрү түрк бийлигинин бул кыймылдын он миңдеген мүчөлөрүн камакка алганын же жумуштан айдаганын сынга алып жүрөт.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын бийлиги Орхан Инандыны “Гүлен” кыймылынын салмактуу мүчөсү катары мүнөздөп жатат. Инанды жоголгондон бери анын жүздөгөн тарапкерлери Кыргызстанда нааразылык акциясына чыгышкан жана аны миңдеген окуучуларга билим берген мугалим деп сыпатташкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню