Menu

Кыргызстан-Өзбекстан

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетине убактылуу чектөө киргизилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 7-октябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде Кыргызстандын жарандарынын Өзбекстанга өтүүсүнө чектөөлөр киргизилгенин кабарлады.

Чектөө аталган өткөрүү бекетиндеги капиталдык курулуштун аякташы жана андагы имараттын ремонтуна байланыштуу кирип жатканын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстандан чыгуу үчүн төрт паспорттук көзөмөл кабинасы иштеп жатат.

Ушул себептен “Достук-автодорожныйда” жарандардын жана автоунаалардын узун кезеги пайда болушу ыктымал экени белгиленген.

Чек ара кызматы жарандарды абалды түшүнүү менен кабыл алып, алдын ала пландап жолго чыгууга үндөдү.

Наманганда Кыргызстанга дээрлик $2 миллион мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган топ кармалды

Өзбекстандын Наманган облусунда Кыргызстан аркылуу чет элдик валюталарды мыйзамсыз сыртка чыгаруу менен алектенген топтордун ишмердүүлүгүн токтоттуу максатында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, Наманган облусунун Касансай районунда жашаган ага-ининин автоунаасы чек арадан Кыргызстан тарапка өтүүгө аракет кылган маалда токтотулган.

“Автоунааны текшерүү учурунда арткы орундуктун алдынан 205 600 АКШ доллары салынган полиэтилен баштык, ошондой эле 836 000 жана 800 000 доллар салынган эки синтетикалык кап табылды”, – деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары мыйзамсыз валюта ташыгандарды аныктоо иш-чарасынын жүрүшүндө Касансайдын 33 жаштагы дагы бир тургуну кармалып, автоунаасынан 167 100 АКШ доллары табылды.

Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары башталды.
Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасында валютаны жана башка товарларды мыйзамсыз алып өтүү үчүн колдонулуп келген төрт тоннель табылганы кабарланган.

Кыргызстан менен Өзбекстан жаңы авто жана авиакаттамдарды ачуу мүмкүндүгүн караштырууда

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы транспорттук жана логистикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тараптар акыркы кездери көп айтылып жаткан “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол куруу долбоору жөнүндө сөз кылып, бул тармактагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары жолугушууда “Үч-Коргон – Доорот-Коргон” автожолун куруу жана “Каракол – Ташкент – Каракол” багыты боюнча эл аралык автобус каттамын ачуу демилгеси көтөрүлдү. Эки өлкө ортосундагы каттамдарды калыбына келтирүү маселесинде “Ташкент – Балыкчы” багыты боюнча жүргүнчү ташуучу поезд каттамын кайра калыбына келтирүү, ошондой эле “Ош – Анжиян” жана “Кызыл-Кыя – Фергана” багыты боюнча туруктуу автобус каттамдарын ишке киргизүү сунушу айтылды.

Өзүнчө пункт менен жайкы туристтик мезгилде “Ташкент – Тамчы” багыты боюнча чартердик аба каттамдарын аткаруу маселеси талкууланды. Соңунда Муса Жаманбаев “Ош – Ташкент – Ош” багыты боюнча аба каттамын ачуу жана “Самарканд – Тамчы – Самарканд” багыты боюнча жаңы транспорттук каттам уюштуруу мүмкүндүктөрүн карап көрүүнү сунуштады.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, ортодогу чек ара, соода, өнөр жай, транспорт маселелерин талкуулашты

Кечээ, 19-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеевдун телефондук сүйлөшүүсү болду.

Кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелеринин бардык комплекси талкууланды.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы салттуу достук, ынак коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана тереңдетүү эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерин белгилешти.

Тараптар соода-экономикалык кызматташуунун активдешүүсүн, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн жогорулоосун канааттануу менен белгилешти.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев мамлекеттик чек ара маселелери, сооданы көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын тереңдетүү, транспорт жана энергетика тармагындагы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кошумча көзөмөл-өткөрмө бекеттерди ачуу пландалууда

2022-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кошумча 3-4 көзөмөл-өткөрмө бекетин ачуу пландалууда. Бул тууралуу тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев билдирди.

Депутат Эльдар Сулайманов Жогорку Кеңештин 27-апрелиндеги жыйынында Чек-Абад айлында (Ош облусунун Араван району менен Анжиян облусунун Мархамат районунун ортосунда) пост болгонун жана жабылып калганын маалымдады.

«Менин маалыматым боюнча Кыргызстанга чек араны ачуу үчүн Өзбекстандан 40 кишиден турган делегация келет. Көмөк көрсөтүшүңүздү сурайм», — деди депутат.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлеринин жолугушуусунда бул маселе көтөрүлгөнүн айтты.

«Кайсы ишти алар, кайсы ишти биз аткара турганыбызды карап чыгышыбыз керек. Көп убакыттан бери бул маселени талкуулап келебиз, быйыл болсо 3-4 көзөмөл-өткөрмө бекет ачууга шарт түзөбүз», — деп кошумчалады ал.

Мурда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабиров Кыргызстан менен Өзбекстан Жалал-Абад облусунун чек ара аймагында (Ханабад менен чектеш жеринде) кошумча көзөмөл-өткөрмө бекет ачуу маселеси талкууланып жатканын айткан.

Баткен: Өзбекстандын чек ара бекети жылган жок

Баткен районунун Кыштут айылынын тургундары Өзбекстан чек ара бекетин айыл четине жылдырып жатканын айтып чыгышты. Алар 4-ноябрда өзбекстандык чек арачылар экскаватор менен жер казып, чек ара бекетин курууга аракет кылып жатканына каршылык билдиришти.

Райондун акими Учкунбек Жоробаеев элдин чогулганын ырастап, бирок Өзбекстандын чек ара бекети курулбай калганын маалымдады.

“Кыштут айыл өкмөтүнүн Таян айылынын четиндеги такталган чек ара тилкесине Өзбекстандын чек ара бекети курулмак болгон. Алар менен Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы, №2022 чек ара аскер бөлүгүнүн жетекчиси жана “Кадастр” ишканасынын Баткендеги филиалынын башчысы чогуу барып, сүйлөшүү жүргүздү. Жыйынтыгында өзбек чек ара бекети жылбай, ордунда кала турган болду”.

Жороевдин маалыматына караганд, чек ара бекети курулмак болгон жер такталган тилке жана Өзбекстанга карайт.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан кийин дагы 10% жакыны такталганын кыргыз өкмөтү быйыл 17-февралда билдирген.

УКМК: Өзбек жарандарынын кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз текшерүүгө жана чек арачылардын опузасына кабылып жатабыз деген билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт

Өзбек жарандарынын кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз текшерүүгө жана чек арачылардын опузасына кабылып жатабыз деген билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 31-июлда билдирди.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда тарап жаткан кайрылуулардын негизинде тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында айтылгандар тастыкталган эмес.

Чек ара кызматы 2021-жылдын июнь айындагы буйрукка ылайык, кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандар чек арадан өтүүдө санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын же COVID-19га каршы эмдөө сертификатын көрсөтүшү керек экенин маалымдайт.

Ошол эле учурда, акыркы убакта жасалма маалымкат менен чек арадан өтүү аракеттери көбөйгөндүгү айтылат.

Буга чейин өзбекстандык жарандар чек арадан өтүүдө негизсиз текшерүү көп болуп жатат деген нааразылыктарын билдиришкен.

Вице-спикер Аида Касымалиева жана Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева эки өлкөнүн ишкер аялдарынын жолугушуусун Кыргызстанда өткөрүүнү макулдашышты

Бүгүн, 16-июнда, Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиеванын «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу Эл аралык бизнес форумуна катышуусунун алкагында анын Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаева менен жолугушуусу өттү. Жолугушууга Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын аялдар жана гендердик теңчилик боюнча комитетинин төрайымы Малика Кадырханова жана «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фондунун Төрайымы Асел Атабекова да катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды чыңдоонун учурдагы абалын жана келечегин, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдоо тармагында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер аялдарынын ортосунда өз ара байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-өзбек мамилелеринин өнүгүшүнүн жогорку динамикасын баса белгиледи. 2021-жылдын 15-июнунда Ташкент шаарында өткөн «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» Эл аралык бизнес форумун жогорку деңгээлде уюштургандыгын өзгөчө белгилеп, бул иш-чаранын жыйынтыгында жемиштүү натыйжаларга жетүүгө үмүттөнөөрүн кошумчалады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын ортосунда байланыштарды орнотуу жана чыңдоо үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, ал «Борбордук Азия аялдар лигасынын» кийинки форумун ушул жылы Кыргызстанда өткөрүү пландарын маалымдады. Ушуга байланыштуу, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Танзила Нарбаеваны аталган иш-чарага катышууга чакырды.

Өз кезегинде «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фондунун Төрайымы Асел Атабекова аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн, ошондой эле эки мамлекеттин лидер аялдарынын жана ишкер аялдарынын бизнес-ассоциацияларынын өз ара байланышын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ушундан улам, ал ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн конкреттүү чараларды камтыган жол картасын иштеп чыгууну сунуш кылды. Ошондой эле, ал Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын жолугушуусун уюштурууга Танзила Нарбаеванын жеке көмөктөшүүсүнө үмүтүн билдирди.

Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева өз кезегинде эки өлкөнүн парламенттеринин активдүү байланыштарын баса белгилеп, ушул жылы анын Кыргызстанга иш сапары пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

Мындан аркы парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоонун алкагында ал кыргыз тарапты 2021-жылдын октябрь айында Өзбекстан Республикасында боло турган президенттик шайлоого катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин аялдарынын ортосундагы байланыштарды орнотууга жана чыңдоого, айрыкча бизнес чөйрөсүндө, алардын түз байланыштарына ар тараптуу көмөктөшүүгө, ошондой эле аялдардын ишкердүүлүгү жаатында кызматташууну кеңейтүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган иш-чаралар жана бизнес форумдарга өз ара активдүү катышууга макулдашышты.

Ошондой эле, Ташкент шаарында өткөн Эл аралык бизнес форумунун ишин улантуу максатында Кыргызстандын жана Өзбекстандын ар кайсы тармактарындагы аял лидерлери катышкан «Борбордук Азия аялдар лигасынын» Үчүнчү форумун өткөрүү макулдашылды. Бул форум Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын колдоосу менен «Борбор Азиядагы аялдар лигасы» коомдук фонду тарабынан уюштурулат.

Меню