Menu

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

Акылбек Жапаров Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарында болду.

Министрлер Кабинетинин башчысы чек арага чектеш айылдардын тургундары менен жолугушуп, Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясынан жабыркаган турак жайларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди көрүп чыкты.

Учурда жеринде объекттерди баалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Калыбына келтирүү иштерине куткаруучулар, волонтерлор, атайын техникалар тартылган.

«Капчыгай айылында дээрлик бардык үйлөр талкаланган. Биз жаңы үйлөрдү курабыз, анда тийиштүү инфраструктура каралып, таза суу, асфальт жолдор менен камсыз болуп, көчөлөр жарыктандырылат. Бул жаңы айыл болот, тиешелүү башкы планды иштеп чыгуу керек», – деди Акылбек Жапаров жана тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Ак-Сай айылында Министрлер Кабинетинин Төрагасы талкаланган мектептин имаратын көрүп чыкты.

Балдардын коопсуздугун камсыздоону эске алуу менен жаңы мектеп куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров талкаланган канаттуулар фермасын көрүп чыкты.

Ал белгилегендей, мамлекеттик финансы институттары өндүрүштү калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды бөлөт.

Баткен шаарында Министрлер Кабинетинин башчысы куралдуу кагылыштын натыйжасында каза болгондорду эскерди. Курман болгондорго арналып куран окулду.

Белгилей кетсек, эртең, 1-октябрда куралдуу баскынчылыктын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган Баткен жана Ош облустарындагы административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи отуруму өтөт.

Акылбек Жапаров чек арачылардын айлыгы 76 миң сомго чейин көтөрүлгөнүн билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-октябрдан тарта чек арада иштеген аскерлердин айлыгы эки эсе көтөрүлөрүн айтты.

Ал Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылында болду. Жапаров менен жолуккан жергиликтүү тургундар чек арачылардын айлыгын көбөйтүү маселесин көтөрүштү.

“16 миң сом айлык алып жаткандар эми 38 миң сом алат. Лейлек менен Баткенге эки коэффициент кошулат, ошондо алар 76 миң сом алышат, – деди Жапаров.

Акылбек Жапаров 29-сентябрда Лейлек районуна барды. Ал куралдуу кагылышта жабыркаган аймактар менен таанышууда. 30-сентябрда Баткен районунда болору расмий кабарланган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, “Озоди” радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Баткенде тургундар чек ара маселесине байланыштуу бүгүн да чогулууда

Баткенде кыргыз-тажик чек ара маселесине байланыштуу жергиликтүү тургундар бүгүн да шаар борборуна чогулууда.

Журналисттер жеринен маалымдагандай, Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын алдына эртең мененки саат 10го карата 100дөн ашуун киши топтолду.

Театрдын ичинде бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу өтөрү айтылууда.

27-сентябрда Баткен облустук администрациясынын алдында да адамдар чогулуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер жөнүндө түшүндүрмө сурашкан.

Акцияга Ак-Сай, Самаркандек жана чек ара тилкесинде жайгашкан башка да айылдардын тургундары катышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу маалымат берүүсүн талап кылышкан.

25-сентябрда Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун жолугушуусунун жыйынтыгында протокол кабыл алынган. Анын негизинде эки тараптан төрттөн бекет алынмай болгону кабарланган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, “Озоди” радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Камчыбек Ташиев: "Биз мурдагыларга окшоп сураган жерин кармата салып, “менден кийин эмне болсо ошол болсун” деп чечип кеткенден алыспыз. Саткын эмеспиз"

 “Заставалар алынган менен чек арада бир метр жер ары же бери жылган жок”, – деп билдирген 26-сентябрда КР УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча 42-протоколго кол койгондон кийин. Бул тууралу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков кабарлады.
“Төрт заставанын алынышы жергиликтүү элдин макулдугу менен болду.
Аларды эки тарап алуусуна буга чейин улам-улам кайталанып келген ар кыл деңгээлдеги чыр-чтактар себеп болду. Анткени бул заставалар эки тараптан тең бетме-бет турчу. Алардын арасында ортосундагы аралык 50 метрди түзгөнү бар. Аскерлер бири-бири менен бир аз айтыша кетсе эле атышып жатып калышат. Анан “сен биринчи баштадың, жок сен биринчи ок чыгардың” деп бири-бирибизди күнөөлөп жатып калабыз. Башкача айтканда. Эки тараптын заставларынын өтө жакын жайгашуусу кырдаалдын курчушуна себеп болуп келген.
Эми алардын алынышы менен эмнелер өзгөрдү?
Заставалар алынган менен чек арада бир метр ары же бери жылган жок, жылбайт дагы. 24 саат бою көзөмөлдө турат. Азыр 21-кылым. Технологиянын заманы. Спутниктен, учкучсуз учуучу аппараттан, дрондордон көрүп турабыз. Мындан тышкары, аскерлерибиз, жергиликтүү элибиз өз коздөрү менен көрүп турат. Жергиликтүү эл ар бир сантиметр жерди билет. Андыктан “Посттор ачылды” деп элдин башын айлантпагыла. Посттор ачылган жок. Посттор качан гана чек ара тилкелерди тактап бүткөндөн кийин гана ачылат. Өлкө жетекчилигинин чечими ошондой.
Элди дүрөбөлөң кылып, арам ойлорун ишке ашыргысы келгендерге айтаарым: кыялыңар ишке ашпайт. Биз мурдагыларга окшоп сураган жерин кармата салып, “менден кийин эмне болсо ошол болсун” деп чечип кеткенден алыспыз. Саткын эмеспиз. Санаага батпай тынч уктаңыздар. Баары жакшы болот! Бир сантиметр жерибизди бербейбиз! Чек ара маселесин чечебиз”, – деп жыйынтыктаган Ташиев.

Садыр Жапаров коргоо министрине "Соцтармактарда жалган маалымат тараткандарды “резервдик ротага” чогултуп, Баткенге алып барып курал-жарак берип, заставаларда кызмат кылдыргыла” деп тапшырма берди

КР Президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады:
“Президент Жапаров коргоо министрине “Кыргызстан чек ара заставаларын алып салды, жерлерибизди берип салды” деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын “резервдик ротага” чогултуп, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла”,- деген тапшырманы берди.
Эгер бир метр жерибизди берип жаткан болсок, дал ошол жерге барып “мына ушул жерибизди берип жатышат” деп айтып чыгышсын. Жалган маалыматтарды тараткандар өздөрү барып, өз көздөрү менен көрүп турушсун.
Эки жак тең бири-бирине бетме-бет жакын жайгашкан заставаларды алып салышты. Анткени ал жерлерде дайыма болор-болбос эле нерселерден ок атышуулар башталып, чоң кагылышууга айланып кеткен учурлардан улам эки жак сүйлөшүп, ушундай чечимге келишти.
Бир дагы пост ачылган жок. Делимитация, демаркация маселеси чечилип бүткүчө чек ара посттору ачылбайт.
Бул протокол Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси толук аяктаганча, убактылуу болуп эсептелет.
Ал эми “жерлерибизди алып коюшат” деп күмөн санаган жарандарыбызга айтаарыбыз, азыркы чек ара боюнча ар бир метр жерди эки тарап тең абдан жакшы билишет. Биздин жергиликтүү эл жана чек арачыларыбыз эч качан бир метр жерди да бербейт.
Андан сырткары, ар бир чек ара тилкелерибиз спутник, учкучсуз учуучу аппараттар жана дрондор аркылуу 24 саат бою кайтарууда болот.
Аскерлерибиз жана жергиликтүү калкыбыз коопсуз жерлерден байкап турушат. Андыктан бул маселеде сарсанаа болууга эч бир негиз жок.”

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын айрым тилкелерине видеокөзөмөл камераларын орнотууга макулдашты

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы айрым чек ара бекеттерин алуу боюнча эки тараптын макулдашуусу тууралуу түшүндүрмө таратты.

25-сентябрда “Кызыл-Бел-автожол” чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК төрагалары жана бир катар тиешелүү мекеме жетекчилери, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчыларынын жолугушуусу өткөн.

“Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын УКМК төрагасы генерал-лейтенант К. Ташиев жана Тажикстандын УКМК төрагасы С.Ятимов кыргыз-тажик чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусунун протоколуна кол коюшту”,-деп айтылат расмий маалыматта.

Протоколго ылайык, Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы сегиз чек ара постун алып сала турган болду. Кыргызстан “Тамдык” бекетин алса, Тажикстан тараптан “Бедак” чек ара бекети, кыргыз тараптан “Булак-Башы” жана тажик тараптан “Кех” постторун, кыргыз тараптан “Катта-Туз” жана тажик тараптан “Каракчикум” посттору, Чайхана жерлигиндеги кыргыз тараптын “Ак-Сай” жана Кожалыдагы (Хожаи Аъло) тажик тараптын “Шаршара” бекетин алып салууну жана чек араны коргоо бөлүктөрүнүн эч кандай түрүн койбоону макулдашкан.

УКМК кабарлагандай, кыргыз-тажик чек арасын кайтаруу кыймылдуу чек ара кезметтери менен жүргүзүлөт. Алар чек араны бойлой көрсөтүлгөн жана макулдашылган маршруттар боюнча так жүрөт.

Ал эми эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтерине “Тамдык” – “Бедак” бекеттери, “Булак-Башы” – “Кех” посттору турган жерлерде айдоо иштерин жүргүзүү тапшырылган.

Ошондой эле тараптар жаңжал көп чыккан тилкелерге видеокөзөмөл камераларын орнотууну паритеттик негизде макулдашты.

УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы жогоруда аталган бекеттер жайгашкан тилкелерде эл жашабайт деп белгилөөдө.

Чек ара кызматы маалымдагандай, протоколго ылайык биргелешкен жумушчу топтун чек ара аймактарынан кошумча күчтөрдү чыгарып кетүү иши уланат.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Тажикстан да Кыргызстанга ушундай эле айып коюуда.

Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 62 жаранын жоготту, алардын кырк чактысы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу жеке булактарына таянып, каза тапкан 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн боло элек.

Чек ара кагылышында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кеткен 3 жоокердин сөөгү бүгүн "Ата-Бейит" комплексинде жерге берилди

Бүгүн, 26-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери – танк экпиажынын мүчөлөрү Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди.

Экипаждын үч мүчөсү аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган.

Мамлекет башчысы курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, митинг-реквием өттү.

Митинг-реквиемдеги өз сөзүндө  Президент Садыр Жапаров төмөнкүлөрдү белгиледи:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн биз Кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап, Эгемен Кыргызстанды кийинки урпактарга – бизге мурас кылып калтырып кеткен ата-бабаларыбыздын сөөгү жаткан ыйык Ата-Бейитте турабыз. Бирок бул жолу демейкидей алардын рухтарына таазим этип, Куран окуганы эмес, алардын катарына Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү, кыргыз элинин бейпилдиги үчүн өмүрүн сайып, курман болгон эр жүрөк жоокерлерибиздин катарындагы азаматтарыбыз – Шерали Ураимбекович Анаркуловду, Санжарбек Нурмаматович Анаркуловду жана Жаңыбай уулу Тилекти акыркы сапарга узатууга келип,  кабыргабыз кайышып турат.

Курман болгон баатыр жоокерлерибиздин ата-энелерине жана ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ушундай эр жүрөк уулдарды тарбиялап өстүргөнүңүздөргө башымды ийип, таазим кылам. Эр-азамат уулдарыбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Баатырларыбыздын эрдиги эч качан унутулбайт. Алардын аттары эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат.

Урматтуу агайын туугандар!

Бул күндөрдө жалпы кыргызстандыктар, алыс-жакында жүргөн мекендештерибиз – баарыбыз Баткен жергесине болгон куралдуу кол салуунун, агрессиянын натыйжасында 62 жараныбыздын өмүрү кыйылганына сай-сөөгүбүз сыздап турган убагыбыз.

Буга чейин эле көйгөй жараткан кыргыз-тажик чек арасын Кыргызстан тарап ар дайым сүйлөшүү жолу менен чечүүгө умтулуп келген. Дегеле кыргыз эли эч качан бирөөнүн жерине көз артып, кандай жол менен болсо да басып алайын деген эл эмес. Кыргыз эли – ар дайым калыстыкты туу туткан, акыйкат жолду тандаган, нарк күткөн айкөл эл, бийик эл. Пейилин кенен коюп, кучагын жайып, канчалаган элдерди батырган кеменгер эл. Айкөл Манас атабыз “Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган” эл.

Таза ниет менен салам айтып келгенге сунаарга ашы даяр, жаман ниет менен келгендерге кынында кылычы даяр элибиз тарых барактарында далай жолу катылгандын катыгын берип келген улуу эл!

Ал эми кылымдардан бери коңшу жашап келе жаткан тажик элинин башында тургандар чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн ордуна, алдын ала чагымчыл план түзүп, бир эле учурда ар кайсы жерден чабуул жасап, маселени агрессия жолу менен чечип жерлерин басып эле алабыз  деген арам ой менен Кыргызстанга кол салышты. Ал тургай чек арадан алыс жайгашкан облустун жүрөгү – Баткен шаарын дагы реактивдүү куралдар менен аткылашты. Өрүкзарлуу Баткен жергебизге бүлүк салды. Бейпил жаткан элибиздин башына каран күн түштү. Жүз миңдеген элибиз туруктуу конушунан козголуп, кооптуу аймактарга кетүүгө аргасыз болду.

Бирок кыраан Манас атабыздын урпактары Ата Журттун топурагын көркоолорго тепселетпейбиз деп, Баткен жерине оор техникалар менен бастырып кирген баскынчыларга татыктуу жооп кайтарды, тикесинен тик туруп, аскерий техникаларынын таш-талканыны чыгарып, артка кууп чыгышты. Бири кем дүйнө, куралдуу жаңжалда душмандын ажал бүрккөн окторунан Мекенин сүйгөн эр-жигиттерибиздин кырчындай өмүрлөрү кыйылды. Алардын аталары сыздап, энелери боздоп, жубайлары, балдары кан какшап ыйлап калышты. Кайрат кылыңыздар, мамлекет силерди унутта калтырбайбыз.

Элимдин, жеримдин бейпилдигине жооптуу болгон менин да жүрөгүм тилинип, канап турат.

Баскынчылар басып кирип, өлүм огун жамгырдай жаадырып киргенде: “Баткенибиздин бир укум жерин да баскынчыларга бербейбиз” деп аскер башчысына доклад кылып жаткан жүрөгү тоо жоокерлерибиз, булар кыргыз элимдин кыраандары!  “Аруу кыргыз жерине душмандын бутун бастырбайбыз, акыркы огубуз калганча атышабыз” деп жалындаган ар-намыска бек эр-азаматтарыбыз, “жоо колуна түшкүчөктү аларды чогуу ала жатайын” деп гранатасын жардырып, өлүмгө тике караган кыраандарыбыз дүйнөгө эр Манастын урпактары экендиктерин дагы бир жолу тастыктап кетишти.

Кымбаттуу калайык калк!

Башына күн түшкөндө бир туунун астына биригип, кыйын кырдаал жаралганда бир муштумдай түйүлүп, ар кандай турмуш сыноолорунан татыктуу чыгып келген элибиз бул ирет дагы ынтымагынан жазган жок.

“Баткеним биз сени менен!” деген ураан астында бүт кыргызстандыктар Баткенге кол сунду. Ак саамалайлуу апаларыбыз: “Муңайбагыла, башыңарды бийик көтөргүлө, балдарым! Силер баатыр элдин тукумусуңар!” деп дем берип турса, ар улуттагы жарандарыбыз, атүгүл тажик улутундагы жарандарыбыз дагы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз, атүгүл кичинекей бөбөктөрүбүздөн бери өз муктаждыгына деп чогулткан тыйын-тыпырларын тапшырып жатышты. “Жаным жандаш, каным кандаш” деп, кан тапшыргандар күн-түн дебей кезектешип кан беришти. Алыс-жакында жүргөн мекендештерибиз: “чек арадагы көкжалдарыбызга эмне жабдуулар керек болсо, алып беребиз” деп алыстан боор тартып, сарсанаа болуп турушту.

Мына ушундай биримдиги бекем, ынтымагы чың кыргызстандыктарымдын  улуу салтынан, улуу наркынан айланып кетсе болот. Барыңыздарга ырахмат айтамын! Мындай урагыс биримдиги турганда кыргыз элин эч ким жеңе албайт!

Урматтуу баатыр уулдардын ата-энелери, жубайлары, ага-туугандары!

Силердин арка-бел туткан тооңор көчкөн жок! Чырак туткан ак шамыңар өчкөн жок! Силердин уулдарыңар Мекен үчүн шейит болушту. Жараткан шейит даражасын баарына эле буюра бербейт. Бул баатырлардын артында калдайган калың кыргыз эли, аскасы бийик кыргыз жери турат! Баатырларынын эрдигин даңктап, атын өчүрбөй турган эгемен мамлекети турат! Айкөл кыргыз эли, эгемен кыргыз мамлекети силерге арка-бел, шам-чырак болуп берет!

Кайрат кылыңыздар! Сабыр кылыңыздар! Кайратыңыздардан жанбаңыздар!

Кадырлуу кыргызстандыктар, кылымдарды карыткан кыргыз эли мындай кыйчалыш кырдаалдардын далайын баштан кечирип, биримдиги менен жеңип чыккан улуу эл экенибизди унутпайлы. Мындан ары дагы ошол улуу нарк менен башыбызга кандай гана күн келбесин, баарын жеңип чыгабыз.

Биз жамы кыргыз журтчулугу үчүн мааниси терең, Кыргызстанга расмий иш сапарлар менен келген чет өлкөлөрдүн жетекчилери келип урмат кылып, баш ийе турган Ата-Бейитке Баткен чегин коргоп жатып курман болгон баатырларыбызга арнап эстелик-монумент тургузабыз. Бул монументке чек арабызды коргоп жатып курман болгон жоокерлерибиздин бардыгынын ысымдары киргизилет.  Ар жылы келип, мамлекет түптөгөн ата-бабаларыбызга, эгемендик үчүн, Мекен чеги үчүн курман болгон жоокерлерибизге таазим кылып, эскерип турабыз. Аларга баатырлар деген наам ыйгарылат.  Себеби, бул инсандар кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги үчүн жан берип, өз кандары менен тарых жазышты. Ошондуктан алардын урматына ар дайым башыбызды ийип, таазим кылышыбыз абзел. Кийинки муун өз Мекенинин татыктуу, тарыхый атуулдарын билиши керек! Алар менен ар качан сыймыктанып, эрдиктерин жана каармандыгын даңазалап айтып жүрүшү кажет! Ошондо өткөндү сыйлап, келечекке умтулган болобуз! Ошондо ишибиз оң, багытыбыз түз болот!

 Канын кең Мекенине, жанын Кыргызстан жерине арнаган бир боорлорум! Ала-Тоонун калканы болуп, акка моюн сунган азаматтар!

Силер кылымдарды карыткан улуу Кыргызстан элинин бейпилдиги, керемет Кыргызстан жеринин тынчтыгы үчүн кармашып жатып курман болдуңар. Берген антыңарга бекем турдуңар, айткан шертиңерден кайткан жоксуңар. Кыргызстандын намысы деп жатып жан бердиңер. Силердин Мекен деп төккөн каныңар жерде калбайт, эрдигиңер эч качан унутулбайт. Атыңар өчпөй ааламга тарайт, кылымдарга жашайт. Силер менен ата-энеңер, уул-кыздарыңар эле эмес, жалпы кыргызстандыктар сыймыктанат. Силердин баатырдыгыңар, каармандыгыңар менен кийинки муун сыймыктанып, “Кыргызмын”, “кыргызстандыкмын!” деп баштарын бийик көтөрүп, душмандын көзүнө тике карашат!

Кымбаттуу баатырларым, жаткан жериңер жайлуу, топурагыңар торко болсун! Жаратканым бейишинен  берсин!”.

Президент белгилегендей, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны коргоодо аскердик милдетин өтөө учурунда курман болгон аскер кызматчыларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында эстелик орнотулат.

Мамлекет башчынын сөзүнөн кийин аза күтүү музыкасынын коштоосунда Ардактуу кароол ротасы УКМКнын Чек ара кызматынын үч аскер кызматкери – танкчылар Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектан сөөгүн жерге беришти.

Үч жолу ок атылды. Президент Садыр Жапаров жоокерлердин мүрзөсүнө  топурак салып, куран окулду.

ИИМ: Алдамчылар өздөрүн ыктыярчы, активист катары көрсөтүп, кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандарга жардам берүү шылтоосу менен акча чогултууга аракет кылышууда

Өлкө үчүн оор мезгилде Баткен облусундагы чек ара чыр-чатагынын кесепетинен 62 жараныбыз каза болуп, 198 жаран ар кандай жаракат алып, 430 ашык үй, мектептер, бала бакчалар жана башка административдик имараттар талкаланып, ал эми 136 миң 770 жаран үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тилекке каршы  мындай учурларды пайдаланып, адам баласынын кайгысынан акча табууга аракет кылган алдамчылар дагы бар болууда.
Биз жарандардын көңүлүн өздөрүн ыктыярчы, активист катары көрсөтүп, каражат чогултуу боюнча билдирүүлөрдү таратып жаткан алдамчылардын кылтагына илинип калбоого бурабыз.
Ошол эле учурда алар ар кандай банктык реквизиттерди көрсөтүп, анын үстүнө посттордун бирине Баткен облусундагы соңку окуяда жаракат алган жоокердин сүрөтүн тиркеп коюшкан.
Эскерте кетсек, акча каражаттарын которууга мүмкүн болгон атайын банк эсептер  расмий билдирүүлөрдө гана көрсөтүлөт.

Ташиев Баткенде эвакуация болгондор үйлөрүнө кайтса болорун айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы кол салуудан улам убактылуу жер которгон Баткен жана Лейлек районунун тургундарын үйлөрүнө кайта берүүгө чакырды.

Бул тууралуу ал 25-сентябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен жолугушуудан кийин айтты.

“Үйүнө кайтууга мүмкүнчүлүгү жокторго жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) транспорт уюштуруп берет. Көчөгө чыгып, машине издеп кыйналбаңыздар. Бүгүндөн баштап Кудай буюрса мамлекетибизде, чек арабызда тынчтык болот”, – деди Ташиев.

Кыргыз өкмөтү түзгөн Медиа штаб кабарлагандай, эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары 25-сентябрда Баткен районундагы “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрмө бекетинде жолукту. Алар Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы айрым чек ара постторун алып салуу, чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын ишин тездетүү тууралуу сүйлөшүштү.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Тажикстан да Кыргызстанга ушундай эле айып коюуда.

Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 62 жаранын жоготту, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу жеке булактарына таянып, каза тапкан 74 кишинин тизмесин жарыялады. Мындан тышкары жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Көз карандысыз булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

Кыргыз-тажик чек арасы: эки тараптан сегиз бекет алынмай болду

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы сегиз чек ара постун алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Кыргыз өкмөтү түзгөн Медиа штаб кабарлагандай, мындай чечим Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун 25-сентябрдагы жолугушуусунда кабыл алынды.

Баткен районундагы “Кызыл-Бел” көзөмөл өткөрмө жайындагы жолугушууда кабыл алынган чечимдер менен кол коюлган протокол тууралуу Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат берди.

“Конфликтке алып келген негизги постторду алып салдык. Биринчиден, Тажикстан тараптан “Бедак”, Кыргызстан тараптан “Тамдык” чек ара посту толук алынат. Ал жерде аскер кызматкерлери да, жөнөкөй адамдар да болбойт. Экинчиден, Кыргызстандан “Булак-Башы”, Тажикстандан “Кех” бекети толук алына турган болду. Үчүнчү Тажикстандан “Карачикум”, Кыргызстандан “Катта-Туз” чек ара бекети алынат жана бир да аскер, жөнөкөй жарандар болбойт. Андан тышкары, Кыргызстандан “Дача”, Тажикстандан “Шаршара” посту алынат. Ошентип, эки өлкөдөн төрттөн пост алынып, мурдагы конфликттерди жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү”, деди Ташиев.

Мындан тышкары ал Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын ишин тездетүү тууралуу сүйлөшүү болгонун кошумчалады.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Тажикстан да Кыргызстанга ушундай эле айып коюуда.

Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 62 жаранын жоготту, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу жеке булактарына таянып, каза тапкан 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Көз карандысыз булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн боло элек.

Меню