Menu

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

Эдил Байсалов: “Өздөн чыккан жат жаман” дегендей куру сын айткан, өзүн-өзү жарнамалаган, мамлекет менен элдин биримдигине доо кетиргендер күчөтүлгөн жоопкерчилик тартат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында Эвакуациялоо комиссиясынын жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү билдиргендей, учурда Баткен облусундагы 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялардын натыйжасында ички көчүрүлгөн адамдардын саны 137 миңге чукул. Алардын көбү – Баткен облусунда, калгандары Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында жайгаштырылган.

Эдил Байсалов белгилегендей, жер которууга муктаж болгондорду тез арада туруктуу жашаган жерлерине кайтаруу жана калктуу конуштардын талкаланган инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзүү бардык бийлик органдарынын негизги милдети болуп саналат.

«Мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасынын, ошондой эле аскердик командачылыктын иши бардык эвакуациялангандарды жакынкы күндөрдө туруктуу жашаган жерлерине коопсуз кайтып келишин камсыздоого багытталган. Бузулган үйлөрдү жана мүлктөрдү калыбына келтирүү толугу менен мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт. Бул иш атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Калыбына келтирүү мезгилинде бардык ички көчүрүлгөндөр мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоого алынып, өлкө жетекчилигинин көрсөтмөсүнө ылайык тамак-аш, күндө керектелүүчү жана башка буюмдар менен камсыз болушу керек», – деди Эдил Байсалов.

Эвакуациялоо комиссиясынын отурумунун жыйынтыгы боюнча учурда маселелерди ыкчам чечүүгө тоскоолдук кылып жаткан ченемдик укуктук актыларды толуктоо жана тактоо, анын ичинде мамлекеттик бюджеттен жана атайын фонддордон убактылуу жер которгон адамдарды жатакана жана тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын чыгымдарын компенсациялоо үчүн каражат бөлүү жана анын ченемдерин белгилөө тапшырмасы берилди.

Ошондой эле, Эвакуациялоо комиссиясынын төрагасы калк арасында мамлекеттик колдоо алуу үчүн кайрылууга жана убактылуу көчүрүлгөн деп эсептелүүгө укугу жок айрым элементтердин бар экендигине көңүл бурду. Ошондуктан, убактылуу көчүрүлгөндөр үчүн тездетилген тартипте жардам алуу үчүн белгилүү критерийлерди орнотуу милдети коюлду.

Президенттик Администрациянын алдында ведомстволор аралык иштерди координациялай турган атайын жумушчу комиссия түзүлдү. Негизги жоопкерчилик аймактык бийлик органдарына жүктөлөт.

Эдил Байсалов ошондой эле азыркы оор күндөрдө бийликтин ишине болгон ишенимди кетирип, араздашууга аракет кылып жаткан чагымчыл сөздөр бар экенин белгиледи.

«Азыр куру сын айтуу, өзүн-өзү жарнамалоо учуру эмес экенин айткым келет. Азыр мамлекеттин, элдин биримдиги керек, элибизде бекеринен “Өздөн чыккан жат жаман” деп айтылбаса керек. Өзгөчө кырдаал режиминде улуттук биримдикке, элдин ишенимине доо кетирүү жана мамлекеттик бийлик органдарынын иш-аракеттеринин жана коомдун аракеттеринин маңызын бурмалоо максатын көздөп, негизсиз билдирүү жасаган адамдар мыйзам алдында күчөтүлгөн жоопкерчилик тартат. Учурда эң негизги максат – мамлекетибизди бардык тармакта бекемдөө», – деп белгиледи Эдил Байсалов.

УКМК: "Тамдык" чек ара заставасы толук талкаланып, командири каза болгон, бирок азыр застава кыргыз чек арачыларынын көзөмөлүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-ж. 16- сентябры мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышуу учурунда тажик тарап Баткен чек ара отрядынын “Тамдык” чек ара заставасын артиллериялык куралдардан аткылап, үстөмдүк кылуучу күчтөр (саны жагынан көптүк кылып) менен заставага кол салгандыгын маалымдайт.

Чек ара заставасынын башчысы өз өмүрүн кыйып, заставанын өздүк курамына үстөмдүк кылган бийиктикке чыгууга мүмкүнчүлүк берип, аскер кызматкерлерине душмандын тең эмес күчтөрү менен салгылашып, андан соң маневр жасоого мүмкүнчүлүк берген.     Массалык аткылоонун натыйжасына “Тамдык” чек ара заставасынын бардык инфраструктурасы талкаланган.

Учурдан пайдаланып тажик тарап заставанын аймагын тазалоого аракет кылган.

КР УКМКнын Чек ара кызматына Тажикстандын жарандарынын “Тамдык” чек ара заставасынын аймагында жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшөрү менен тиешелүү чаралар көрүлүп, натыйжада Тажикстандын жарандары заставанын аймагынан чыгарылган.

Азыркы учурда чек ара заставанын аймагы Кыргыз Республикасынын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн аппаратынын көзөмөлүндө болуп, алар мамлекеттик чек аранын бул тилкесиндеги абалды такай көзөмөлдөп турушат.

Баткенде жараат алган 198 адамдын 137си ооруканада жатат

Баткенде чек арадагы каргашада жараат алган 198 адамдын 61и азыркы тапта үйдөн дарыланууда, 126сы Бишкектин жана Оштун, калгандары Баткендин ооруканаларында жатышат. Бул тууралуу 23-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинин Жарандык коргонуу секторунун башчысы Кубаныч Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, жараат алгандардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

Баткенде үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгондор үчүн төрт мобилдик клиника иштеп жатканын айткан Калмаматов Бишкектен барган 16 медициналык бригада да жардам берип жатканын кошумчалады. Аталган бригадалардын курамында 100дөн ашык хирург, травматолог, психиатр, педиатр, акушер-гинеколог адис бар.

Кант диабетине чалдыккандар инсулин менен толук камсыз болгону да маалымдалды.

Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арасындагы кол салуудан 59 кыргыз жараны курман болду. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. “Озоди” рдиосу өз булактарына таянып чек арада каза болгон 70 адамдын тизмесин чыгарды. 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында маалымат берип жатып президент Садыр Жапаров Тажикстанды “бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады” деп айыптаган. Тажик тарап окуя үчүн Кыргызстанды айыптоодо.

Депутат чек арага жакын аймактардын тургундарына курал-жарак берүүнү сунуштоодо

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов чек арага жакын аймактардын жашоочуларына курал-жарак берүү сунушталган мыйзам долбоорун демилгеледи. Документ парламенттин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

Депутаттын демилгесине ылайык, 20 жашка толгон жарандарга курал-жарак берилип, тышкы коркунуч жаралган учурда аны колдонуу укугу болушу керек. Ошол эле маалда курал колдонууга уруксат ала турган жарандар атайын окуудан өтүп, курал колдонуудагы коопсуздук эрежелери боюнча билимдери текшерилет.

“Чек атага жакын өзгөчө макамдагы аймактардын тургундары сырткы коркунуч жаралган учурда өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн коргоо үчүн курал-жарак колдонуу укугуна ээ болушу керек”, – деп жазылган документке тиркелген негиздеме-маалымкатта.

2021-жылы май айында да Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган топ ушундай эле демилге менен чыгып, бул өлкөнүн аймактык бүтүндүгү менен эгемендигине кол салуулардын алдын алууга жана чек ара коопсуздугун камсыз кылууга жардам берерин билдиришкен. Ал мыйзам долбоору 2021-жылдын апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдан кийин сунушталган. Анда Кыргызстандын 36, Тажикстандын 19 жараны набыт болгону кабарланган.

Иманкадыр Рысалиев, мамлекеттик ишмер: "Тез арада аймактык өзүн өзү коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алуу зарыл"

Кыргызстанда кайрадан согуш…

 Мекенибизде кайрадан алаамат согуш кайталанып, коңшу Тажикстан менен чектешкен чек арабыздын бардык периметри боюнча жайгашкан айылдарыбыз тажик душмандын кокус чабуулуна кабылды, адам каны төгүлдү, жаш балдарыбыз өлүмгө учурап, энелер чыркырады, кырчындай эр азамат жигиттерибиздин күлгүндөй өмүрлөрү кыйылып, солкулдаган жубайлары артында калды… Канчалаган үйлөр, ишкана-мекемелер, көпүрөлөр жардырылып, өрттөлүп бырын-чырыны чыкты.

Бул тапта кыргыз бийлиги элин тынчтанууга, чыдамдуулукка чакырып, тажик тарап менен ок атышууну токтотолу деп тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө… Ага карабай, бир аз убакыт өтпөй кайрадан душмандын огу жаап жатты. Октон, минометтун тарсылдагынан эси чыгып, балдар мектептен, эл, баса албаган кары-картаңдар үйлөрүнөн, иштеринен дүрбөп, ага чейин даярдап койгон документтерин  гана алганга үлгүрүп, жөөсү жөө, машинеси бары машине менен кырды көздөй качып, ушу күнгө чейин талаалап жүршөт.  Кан басымы жогору, жүрөк оорусу барлардын арасынан канчасы көз жумушту… Мунун баары качан токтойт, канчага чейин чыдоого болот, ким, качан бейпил турмушту алып келет?

Баткендин эли дайыма кийинки чабуулдан коркуп, тарс эткен добуштан чоочуп, коркуу менен жашагандан тажады. Колунда курал-жарагы жетиштүү, согушууга ар качан даяр турган мындай кошуна мамлекетке ишенчилик жок болгондон кийин, тез арада АЙМАКТЫК ӨЗҮН ӨЗҮ КОРГОО ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМЫН кабыл алуу зарыл.

Тез арада, кечиктирилгис тартипте эмнелерды аткаруу керек?

Биринчиден, аталган мыйзамда согуш чыккан учурда жергиликтүү бийликтин жана өзүн өзү коргоо отряддарынын иш-аракет алгоритми жазылышы керек.

Экинчиден, өзгөчө кырдаал режими дайыма сакталып турган милитаризациялык аймакты түзүп, анын чектерин тактоо керек.

Үчүнчүдөн, аталган мыйзамда жергиликтүү өзүн өзү коргоочу куралдуу отряддарды түзүү жана иштетүү тартиби жазылышы керек. Аларды окутуп, контрактниктерге төлөгөндөй төлөп берүү зарыл. Буларда жабдууланган позициялары даяр турушу керек, гранатаметтор  жана абадан урулган соккуларга каршы согуш каражаттары болушу керек.  Бул өзүн өзү коргоо отряддары чабуул башталып кетсе, аскердик бөлүктөр жана оор курал-жарактар жетип келгенче, согуштун алгачкы күндөрү өз айылдарынын чектерин коргоп туруу мүмкүндүгүнө ээ болушу керек.

Төртүнчүдөн, чек арадагы ар бир айылда бомбалоодон коргонуучу жай курулууга тийиш. Өтө эле кооптуу жана корголбогон аймактарга миналар көмүлүп, жергиликтүү калк  бул аймакта миналар бар экенин  билиши үчүн тикенек зымдар менен тосулушу керек, ал эми муну билген душман чоң жолго түшкөндө өзүн өзү коргоо отряддарынын чабуулуна дуушар болушу керек.

Милитаризацияланган аймактын туурасы он — он беш километрдей болуп, бекем чепке айландыруу керек. Тынчтыкты каалайсынбы — анда согушка даярдан дейт эмеспи.

Мындан ары тургундары жаналакет качып кеткен айылдарыбызга душман кирип, каалаганындай элдин мүлкүн талап-тоноп, анан ал үйлөрдү пайдубалына чейин эч нерсесин калтырбай өрттөп, айылда калып калган бирин-экин адам болсо кармап алып кыйнап өлтүрүп, жазасыз каалаганын кылуусуна жол бербөө керек! Жетишет!

Аймактык коргонуу жөнүндө мыйзамдар дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө кабыл алынган, алар жергиликтүү реалийлерге жана улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша (Израиль, Украина, Косово) ар кандай варианттарда жазылганы белгилүү.

Баткен эли көп жылдан бери чек ара аймагын баатырларча коргоп, кирип келген душманга туруштук берип  жашап келет, аларга жардам көрсөтүү керек. Алар мамлекети бар экенин, аларды согушка кызыкдар экстремисттик күчтөрдөн коргоп ала турган мыйзам бар экенин сезиши керек.

Карапайым калк сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө мамлекеттин калкынын өмүрүн кандай болбосун акчадан жана бийликтен да артык койгон саясатчылар, жетекчилер Кыргызстанда бар экенин сезип, өзүнүн мамлекетине жана өзү шайлап алган бийликке ишенүүгө тийиш.

Иманкадыр Рысалиев, экс-министр

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан талкаланган Баткен облусундагы объектилер боюнча дипломаттар жана ЖМК өкүлдөрү үчүн пресс-тур өткөрүлдү

Тажикстан Республикасы тарабынан 2022-жылдын 14-17-сентябрында орун алган куралдуу агрессиянын натыйжасында талкаланган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагындагы социалдык жана инфраструктуралык объектилер боюнча дипломаттар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-тур өткөрүлдү.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясынан эң көп жабыркаган Лейлек жана Баткен райондорунун Интернационал, Максат, Достук жана Капчыгай айылдарында болушту.

Жергиликтүү тургундар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери болгон окуялар жана Тажикстан Республикасы тараптан келген куралдуу топтордун мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтып берип, талкаланган жана тонолгон турак-жайларды, мектептерди, бала-бакчаларды, базарларды, административдик жана социалдык объектилерди, милициянын пункттарын жана башка инфраструктуралык объектилерди көрсөтүштү.

Эске салсак, Тажикстан Республикасы тарабынан пландалган куралдуу кол салуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын 59 жараны курман болуп, 198 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан жана 140 миңден ашуун жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Ошондой эле 374 турак-жай, 171 чарбалык объект, 10 социалдык объект (5 мектеп, 2 бала бакча, 3 медициналык мекеме), 153 турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилери талкаланган жана жабыркаган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган иш-чарага Франция Республикасы, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу, Украина, Кытай Эл Республикасы, Америка Кошмо Штаттары, Венгрия Республикасы, Корея Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Беларусь Республикасы, Монгол Эл Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Катар Мамлекети, Индия Республикасы, Россия Федерациясы жана Азербайжан Республикасы сыяктуу өлкөлөрдүн аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары, пресс-турга Европа Биримдиги, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Эл аралык Кызыл Крест, Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондусу сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Чили Республикасынын, Сан-Марино Республикасынын, Португалия Республикасынын жана Кипр Республикасынын ардактуу консулдары катышты.

ИИМ: Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бурмаланган жана жалган маалыматтарды таратууда

22-сентябрь күнү Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аймагына келишкен Тажикстандын жарандарын жана этникалык тажиктерди кысымга алуу. коркутуу, кемсинтүү жана аңдуу учурлары акыркы күндөрү болушу мүмкүн деген билдирүүсүн жарыялаган.
Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги дүйнөлүк коомчулуктун алдында биздин өлкөнү атайылап каралоо аракетин көрүп, аны менен кошо өздөрүнө өздөрү карама-каршы пикир жаратып жатканын белгилейбиз.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Кадамжай районунда этникалык тажиктердин соода-сатык дүкөндөрү жабылып, чек арага чектеш райондордогу Кыргызстандын жарандарын атайылап этникалык тажиктердин үйлөрүнө жайгаштырып жатышат деп айтылган. Бул маалыматты текшерүү учурунда дүкөндөрдүн жабылышы тастыкталган жок. Ал эми коопсуз жайларга көчүрүлгөн жарандарды этникалык тажиктер  үйлөрүнө өз ыктыярлары менен киргизишкен. Коомчулукта алар активдүү позицияны ээлеп тургандары үчүн аларды эч ким талкулоого укугу жок.
Ош облусунда белгисиз адамдар улуттук  касташуу (араздашуу) максатында “АзаттыкРадиосу” кыргыз кызматынын кабарчысы этникалык тажик Насибахон Давронбекованын сабалганы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт.
Социалдык тармактарда жаран Давронбек Насибхонов өзүнүн пикирин билдирген. Ал билдиргендей, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн сайтында анын атын дагы кошуп, этникалык тажик (аял киши катары) катары көрсөтүп, “Азаттык Радиосу” кыргыз кызматынын кабарчысы деп белгилешкен.
“Бирок мен эркекмин жана бул жалпыга маалымдоо каражатына эч кандай тиешем жок.  Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги менин атымды саясий максатта колдонуусун каалабайм. Бул өлкө менен мени эч нерсе байланыштырбайт”,-деп ал өзү жазган.
Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан Ош облусундагы жогорку окуу жайларында билим алышкан 500 студентти-Тажикстан Республикасынын жарандарын өз өлкөсүнө депортациялоо пландалып жатат деген маалымат тастыкталган жок. Кыргыз—тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатак башталгандан баштап  укук коргоо органдары тарабынан Бишкекте жана башка шаарларда жогорку окуу жайларда билим алып жатышкан тажик улутундагы жарандардын коопсуздугу камсыздалууда. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана студенттери менен тынымсыз байланышып жатышат. Чет өлкөлүк элчиликтерди, анын ичинде Тажикстандыкын кайтаруу күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.
2022-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин шаардык милиция бөлүмчөсүнө Тажикстандын жараны А.Алиевдин жеткирилгени жана ал суракка алынганы жөнүндө маалымат тастыкталган жок.
Баткен облусунда жабырлануучуларга акча которууга мажбурлоо максатында өлкөбүздүн аймагында убактылуу иштеп жүргөн Тажикстандын жарандарына карата кысым жана коркутуулар болуп жатканы жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт. Жабыркагандарга акча чогултууга катышуу же катышпоо ар бир жарандын укугу, аларды мажбурлоого эч кимдин укугу жок.
Ошондой эле, тажик улутундагы жарандардын куугунтукталганы тууралуу башка маалыматтар дагы тастыкталган жок.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргызстандын аймагына келишкен Тажикстандын жарандарын жана этникалык тажиктерди кысымга алуу.
коркутуу, кемсинтүү жана  аңдуу учурлары катталбаганын билдирет.  Бул билдирүү жалган болуп саналат. Ошону менен бирге акыркы убактарда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жалган маалыматтарды атайылап таратуу менен алектенип жатканын баса белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин улуттук белгилер боюнча кысымга алуу  билдирүүлөрүн жалган экенин билдирет. Биз, дүйнөлүк коомчулук Тажикстандын тышкы саясий түзүмү тараткан бурмаланган маалыматтарды эмес, тастыкталган маалыматтарды алуулары керектигин эске салабыз.

УКМК: Бүгүн, 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Достук айылынынын жанында Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылган

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы 2022-жылдын 21-сентябры саат 19:00гө карата мамлекеттик чек арасынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды курч бойдон деп мүнөздөйт.

Бүгүн, 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районундагы Достук айылынынын жанында Тажикстан Республикасынын аймагында эки жолу ок атылган.

Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына ок атылды делген жана Лейлек районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

КР УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды социалдык түйүндөрдөгү такталбаган басылмалардын маалыматын жана ар кандай ушак-айың кептерди тиешелүү органдардан тактап, коомчулуктун тынчын албоого чакырат.

Чек ара кызматы: Тажик тарап Чоң-Алайдагы “Карамык” чек ара  заставасын аткылап, кырдаал кайрадан чыңала баштады

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 17-сентябры саат 18:20га Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал кайрадан чыңалып жаткандыгын маалымдайт.

Ок атышууну токтотуу жана чек ара сызыгынан аскерлерин жана күчтөрүн чыгаруу боюнча бардык келишимдерди дагы бир жолу бузуп, тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Карамык” чек ара  заставасынын чек арачыларына ок атуучу жана топтук куралдардан ок чыгарган.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы аймактардагы абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

КР ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгү мекендештерди такталбаган маалыматтарды таркатпоого жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россия Федерациясынын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү максатында жүргөн мекендештерди мессенжерде жана социалдык тармактарда, такталбаган жалган маалыматтарды таратпоого, анын ичинде улуттук маселелерди козгобоого чакырып жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскерте кетет.
Убактылуу иштеп жүргөн мекендештер келген өлкөнүн мыйзамдарын, адеп-ахлактык жүрүм-турум эрежелерин сактоо зарыл. Коомчулукка терс баа берген укук бузуулар же башка аракеттер акыр аягында биздин өлкөнүн, Кыргызстандын аброюна терс таасирин тийгизет.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу КР ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү мекендештерди сабырдуулукка, кырдаалды курчутуу максатын көздөгөн чагымчылдарга жана чыр-чатак фактыларын колдонуучу маалыматтык айла-амалдарга, ар кандай шыкактоолорго жана провокацияларга алдырбоого чакырат.

Меню