Menu

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

КР Чек ара кызматы: Мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен тажик тарап чек аранын бүткүл периметри боюнча чыккынчылык менен кол салды

КР УКМКнын Чек ара кызматы мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен тажик тарап Баткен облусунун Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салганын билдирет.
КР УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө өзгөчө тынчсыздануусун билдирет жана мамлекеттик чек арада провокациялардын көбөйүп баратканын, Тажикстандын чек ара аскерлигинин аскер кызматкерлери катары аныкталбаган адамдар тарабынан куралдуу кагылышууларга активдүү катышып жатканын белгилейт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына жана аскер кызматкерлерине карата ар кандай чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган аракеттерди, сабырсыздыктын акыркы чегине жеткирип ар кандай агитацияларды жана идеяларды пропагандалоону жүргүзүп жатышат.
Мунун баары мамлекеттик чек арадагы абалды турукташтыруу боюнча келишимдерди ачыктан-ачык бузуу болуп саналат жана Тажикстандын бийликтери кырдаалды көзөмөлдөй албай жатканын, анын үстүнө куралдуу кагылышуулардын күчөшүнө салым кошуп, адам өлүмүнө да, курмандыктарына да алып келүүдө жана эки өлкөнүн жарандык инфраструктурасына зыян алып келүүдө.
КР УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарапты ок атышууну токтотууга жана куралдуу кагылыштарды деэскалациялоого жана биргелешип кайтарылган чек арада тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бардык күч-аракетин жумшоого чакырат.

КР Чек ара кызматы: Тажик тарап Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылап жатышат

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 16-сентябры саат 08:25ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.
Тажик тарап Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп жатат.
Бул багытта турган КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жооп иретинде ок атууда.

ӨКМ: Тажикстан тарап аткылап жаткан айылдардын тургундарын эвакуациялоо жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынын 2022-жылдын 16-сентябры саат 09:30га карата берген маалыматы боюнча, Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турат
КР УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын белгилейт.
Буга байланыштуу убактылуу жайгаштыруу пункттары уюштурулуп, Баткен жана Лейлек районунун аймагындагы жергиликтүү эл көчүрүлүүдө.
Ал үчүн КР ӨКМнен атайын техника жана Жарандык коргонуу кызматтарынын Транспорт кызматынан бус унаалары камсыздалды.
Жеринде КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде тийиштүү иш-чаралар аткарылууда
Кошумча маалымат берилет.

Кыргыз-тажик чек арасы: тараптар кошумча күчтөрдү алып кетти

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы 15-сентябрда кабарлагандай, Кыргызстан менен Тажикстан чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетти. Мунун алдында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү соңку жаңжалга байланыштуу жолугуп, кырдаалды жөнгө салууну макулдашкан.

Чек ара кызматынын маалымдашынча, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Түн тынч өттү, кандайдыр бир окуялар катталган жок.

Чек арадагы кырдаалга эки өлкөнүн күч кызматкерлерги биргелешип көзөмөл кылууда. Тараптардын чек ара кезметтери 14-сентябрда атышуу болгон тилкелерге коюлган жок.

Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлаган.

Маалыматка караганда, эртең мененки саат 08:10до чамасында Булак-Башыдагы тактала элек аймакка (“Капчыгай” чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын “Кех” бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргызстан алар чыгып кетүү тууралуу талапка баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарганын, ошондон кийин ортодо атышуу башталганын, “тажик чек арачылары миномет” колдонгонун жана ошол учурда эки жоокер жарадар болгонун кабарлаган.

Саат 14.00дө Как-Сай аймагында ок атышуу болгонун, анда тажик чек арачылары “Достук” бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын, кыргыз тарап ага жооп бергенин билдирген.

Ал эми саат 15.08де тажик чек арачылары Кыргызстандын Паскы-Арык аймагындагы “Самаркандек” чек ара бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын, андан кийин атышуу башталганын маалымдаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы атышуу учурунда тажик тараптан кара кийимчен, сакалчан адамдар эл жашаган аймактарды, үйлөрдү минемот менен аткылашканы өзгөчө кабатырлантып жатканын белгилөөдө.

Бишкек кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Кыргызстан тараптан жалпысынан беш адам жараат алганын, алардын экөө аскер кызматкери, үчөө жай тургундар экенин кабарлаган.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 11 жаштагы бала жараат алганын маалымдаган. Ал октон жаагынан жана сол ийнинен жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда.

Министрлик чек арадагы ок атышуудан жараат алган башка эки жай тургундун абалы жөнүндө да саат 21:00гө карата маалымат берди. Ага ылайык, 21 жаштагы жаран октон башынан жараат алган. Абалы орточо оор. 31 жаштагы тургундун ичине ок тийген. Анын абалы өтө оор деп бааланып, операция жасалган.

Тажикстандагы “Ховар” маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, Булак-Башыда “кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин” жазган.

Тажик бийлиги чек арадагы окуялар боюнча расмий комментарий бере элек.

“Озоди” радиосу ” өз булактарына таянып тажик тараптан эки чек арачы каза таап, 11и жаракат алганын кабарлады.

“Азия-Плюс маалымат агенттиги Исфара районундагы Ворух айылындагы булактарына таянуу менен жараат алгандардын алтоо чек арачы, бешөө жергиликтүү жашоочу экенин кабарлады” деп жазды “Озоди” радиосу.

Меню