Menu

Кыргыз-тажик чек арасы

Баткендеги 3-декабрдагы чек ара чырын эки тарап иликтейт

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы окуяга байланыштуу 3-декабрда Баткен районунун Дахма участкасында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууга Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

“Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын тургундарынын мушташынын чоо-жайын изилдеп чыгышты. Жолугушуунун жыйынтыгында чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда чагымчылдыкка жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө макулдашылды. Мушташ фактысын Ички иштер министрлигинин аймактык органдары иликтейт. Мындан тышкары бул аймакка ИИМдин кошумча отряддары жиберилет”, – деп айтылат маалыматта.

Азырынча чек арадагы соңку чырдын чоо-жайы жана эки тараптуу жолугушуу тууралуу Тажикстандын бийлиги расмий билдирүү тарата элек. Чоркух жамаатынын бийлик өкүлдөрү Сомониён айылына келип, окуяны териштирип жатышканын, учурда аймакта кырдаал туруктуу экенин “Озоди” радиосуна айтышкан.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 3-декабрда кыргыз жараны Тажикстандын Сомониён айылы аркылуу Кыргызстандын Дахма участкасын көздөй өтүп баратканда “тажикстандыктар ага орой сөздөрдү айтканын”, натыйжада эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, таш ыргытууга чейин жеткенин билдирди.

“Озоди” радиосу окуя болгон Тажикстандын Чоркух жамаатына караштуу Сомониён айылынын тургундарына шилтеме кылып, “адеп кыргыз тараптан тажик жаранына таш ыргытылганын”, айылдын бир тургуну ур-токмокко алынганын, андан соң чакан чуу чыгып кеткенин кабарлады.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жаңжалдан Кыргызстандын жараны Нурсултан Сайфулло уулу жараат алып ооруканага жеткирилгенин билдирди. “Озоди” радиосу чек арадагы окуядан Тажикстандын жараны Хизбулло Окилзода жараат алып ооруканага түшкөнүн жазды.

Быйыл 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.

Куралдуу кагылышуу үчүн эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты

Тажикстан ТИМи Ооганстандагы этникалык тажиктердин укугунун бузулуп жатканына кабатыр болду.

Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасын тактоо боюнча документтери өлкө парламентинин кароосуна жыл соңуна чейин сунуш кылынат. Бул тууралуу 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоору каралып, колдоо тапкандан кийинки жыйынтыктоочу сөзүндө президент Садыр Жапаров билдирди:

“Эми Кудай буюрса, Тажикстан менен чек ара тилкелерибизди бүтүрөбүз. Тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп алып келебиз деп жатабыз. Бүгүн айтылып өттү, 199 миң чарчы чакырым болсо, эми 210 миңден ашыгыраак чарчы чакырым болуп биздин картабыз чоңоюп жатат. Тажикстан менен да бүтүрөбүз”.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери 2022-жылдын апрель айында ырасташкан.

Чек ара толук тактала элек болгондуктан ортодо түрдүү кагылыштар токтобой келет. Алардын соңкусу быйыл 16-17-сентябрда катталды. Кан төгүлгөн бул окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Расмий Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирген. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып 81 кишинин тизмесин жарыялаган.

Садыр Жапаров Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу, статус-кво макамы берилерин айтты

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында Төрт-Көчө тилкесине статус-кво берилип жатканын билдирди. Өлкө башчы анын алкагында Тажикстандан 20га жакын, Кыргызстан тараптан үч-төрт турак жай алынарын кошумчалады.

“Сиз кол коюп жиберген (ред: Адахан Мадумаров) протокол боюнча “ал мыйзамсыз” деп айтып атасыз. Бирок тигил тарап барбайт экен. “Мына” деп эле көрсөтүп туруп алат экен. Бир нече жолу көрсөттү. Өткөндө Астанада да үч тараптуу жолугушууда “кол коюп берип эле аткарбайт” деп көрсөтүштү. Андан бери Камчыбек Кыдыршаевич эки жолу сүйлөшүп келди. Биз эми аны кайра кайтарып, нейтралдуу, статус-кво бердиртип атабыз. Андай болсо сеники да, меники да эмес болсун деп ушуга макул кылдык. Эгерде айнып кетпесе эле. Нейтралдуу аймак. Биз Лейлекке түз өтөбүз. Алар Ворухга түз кетет. Ортодо нейтралдуу зона болот”, – деди Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде Ош – Баткен – Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап келет.

Президент Садыр Жапаров 17-январда “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Жогорку Кеңеш ушул тапта Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат.

Душанбе шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү болду

14-ноябрда Тажикстандын борбору Душанбе шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык делегациянын биргелешкен отуруму болду. Жыйынга Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов катышты.

Натыйжада тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Тажикстандын мамлекеттик “Ховар” агенттиги маалымдады. Кол коюлган документтердин мазмуну ачыкталган жок.

Маалыматка ылайык, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү, өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны Кыргызстанда болору кабарланды.

Жолугушуу тууралуу Кыргызстандын расмий органдары маалымат бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 300 чакырымдан ашыгы тактала элек. Андан улам эки өлкө ортосунда утур-утур жаңжал чыгып келген. Акыркы 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алды.

Чек арадагы кан төгүлгөн окуя үчүн эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптады.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек аралаш айылдардан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады.

Эки тараптан тең кагылышуудан каза тапкандардын арасында балдар бар.

ЖК коргонууну жакшыртуу боюнча мыйзамды үч окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 20-октябрда “Кыргыз Республикасынын коргонуу жѳндѳмүн камсыз кылуу чөйрөсүндѳгү айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.

Парламент түшкө чейинки жыйынында бул мыйзамга озгөртүү киргизүү маселесин жабык караган. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы, депутат Сүйүн Өмүрзаков муну маселеде купуя сырлар бар экени менен түшүндүргөн.
Мыйзам долбоору буга чейин парламенттин беш комитетинде каралган. Аны Жогорку Кеңештин 81 депутаты демилгелеген.
Демилгечилердин бири Марлен Маматалиев мыйзам долбоору Кыргызстандын чек ара аймактарын коргоо, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында иштелип чыкканын билдирген.
Буга чейин депутаттардын тобу Кыргызстанда мобилизацияга байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Маматалиевдин айтымында, документте зарыл болгон учурда мобилизицияга барууну каалагандарга мыйзамдын негизинде мүмкүнчүлүк түзүү маселеси камтылган. Мындан тышкары курал берүүгө байланыштуу мыйзамга дагы өзгөртүү киргизүү сунушталган.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн. Кыргызстан бул куралдуу кагылышты 63 жаранынан айрылды. Алардын 48и аскер кызматкери.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза болгонун билдирсе, “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, каза тапты делген 81 кишинин тизмесин жарыялады.

Коргоо министри кыргыз-тажик чек арасына ЖККУнун бейпилдик күчтөрүн коюуну сунуш кылды

Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов кыргыз-тажик чек арасына Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик күчтөрүн коюуну аймактык бирикменин жетекчилигине сунуш кылганын 19-октябрда маалымат жыйынында билдирди.

“Мен ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась менен жолугушууда уюмдун бейпилдик күчтөрүн кыргыз-тажик чек арасына коюуну сунуштадым. Мен тажиктер менен кыргыздардын ортосунда эч качан тынчтык болбосун, ар бир тарап өз чындыгынан тайбай жатканын айттым. Биздин ортобузда үчүнчү тарап- бейтарап сот болмоюнча тынчтык болбосун айттым. Ошондуктан, ЖККУнун бепилдик күчтөрү аймакта ок атышууну токтотуу, чек арадан оор аскер техниканы алып кетүүнү көзөмөлдөп берүүсүн сунуштадым. Андан ары чек араларды демаркациялоо боюнча саясий маселелер чечиле бермек. Чек арадагы жаңжалдар 30 эмес, 98 жылдан бери кайталанып келе жатат”, – деди министр.

Кыргыз-тажик чек арасын тынч жол менен чечүү маселеси өткөн аптада Астанадагы саммитте да көтөрүлгөн. Орусия ортомчу болууну сунуш кылып, Москвада Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди берерин орус президенти Владимир Путин билдирген.

Өткөн аптада Астана шаарында Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өткөн. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жабык талкууланган.

Кыргызстан ЖККУнун Тажикстанда өткөн аскердик машыгууларына катышкан эмес. Андан тышкары аймактык уюмдун октябрь айында Балыкчыда өтөрү белгиленген “Бузулбас боордоштук” деп аталган аскердик машыгууларын өткөрүүдөн баш тарткан.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кармашты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп айыптаган. Душанбе айыпты Бишкекке оодарган.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун жолугушуусу болуп өттү

Тараптар жетишилген макулдашууга ылайык, 2022-жылдын 10-октябрынан 15-октябрына чейин Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынын калган тилкелерде өтүшү боюнча пикир алмашып, Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда талкууну улантууну макулдашышты.

КР Юстиция министрлиги Баткендеги чек арачыларга 1000 жуп жылуу камуфляждык күрмѳ жана шым белекке берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Баткен облусундагы чек арачыларга 1000 комплект кышкы форма берет.

Комплектке бекитилген технологиялык талаптарга жооп берген, талаада кийиле турган жылуу камуфляждык күрмѳ (бушлат) жана шым кирет.

Бардык 1000 комплект Баткен облусуна октябрь айынын ичинде өткөрүлүп берилмекчи.

Өндүрүштү КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы «Келечек» МИсы даярдоодо.

Чек ара: Кыргызстан Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жарыялады

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө аймагындагы жолугушуусунун жыйынтыгында төмөнкүдөй бир нече макулдашууга жетишкенин маалымдады.

– Чек арадагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Исфара багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү Төрт-Көчө жерлигинде болушат.

– Тараптардын укук коргоо органдарынын райондук бөлүмдөрүнүн (РИИБ) өздүк курамы Төрт-Көчө жерлигинде кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүшөт.

Саат 19:30да Төрт-Көчөдөгү кезектеги жолугууга чек ара бекеттеринин башчылары катышары айтылган. Азырынча бул жолугушуунун жыйынтыгы айтыла элек. Кийинки жолугуу Как-Сай жерлигинде болот.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы Баткендин Паскы-Арык айылындагы “Самаркандек” чек ара бекетиндеги кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусунан 31 жана 21 жаштагы эки кыргыз жараны жаракат алганын кабарлаган.

Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылды. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, эртең мененки саат 08:10до чамасында Булак-Башыдагы тактала элек аймакка (“Капчыгай” чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын “Кех” бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргызстан алар чыгып кетүү тууралуу талапка баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарганын, ошондон кийин ортодо атышуу башталганын, “тажик чек арачылары миномет” колдонгонун жана ошол учурда эки жоокер жарадар болгонун кабарлаган.

Саат 14.00дө Как-Сай аймагында ок атышуу болгонун, анда тажик чек арачылары “Достук” бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын, кыргыз тарап ага жооп бергенин билдирген.

Ал эми саат 15.08де тажик чек арачылары Кыргызстандын Паскы-Арык аймагындагы “Самаркандек” чек ара бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын, андан кийин атышуу башталганын маалымдаган.

Тажикстандагы “Ховар” маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, Булак-Башыда “кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин” жазган.

Тажик бийлиги тараптан бүгүнкү окуялар боюнча расмий комментарий бере элек.

“Озоди” радиосу ” өз булактарына таянып тажик тараптан эки чек арачы каза таап, 11и жаракат алганын кабарлады.

“Азия-Плюс маалымат агенттиги Исфара районундагы Ворух айылындагы булактарына таянуу менен жараат алгандардын алтоо чек арачы, бешөө жергиликтүү жашоочу экенин кабарлады” деп жазды “Озоди” радиосу.

УКМК: Ата мекендик маалымат каражаттарынын бири Тажикстандын чек ара кызматынын туура эмес маалыматын тараткан

Бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу курал колдонуу окуясы боюнча, маалымат каражаттары тарабынан туура эмес маалымат агымы таралган. Ата мекендик маалымат каражаттарынын бири, Тажикстандын чек ара кызматынын туура эмес маалыматын тараткан.

Белгилей кетсек, кыргызстандык журналисттеринин бул кадамы эки элдин ортосундагы мамилеге жана биздин дос өлкөлөрүбүздүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларына терс таасирин тийгизиши мумкун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна реалдуу коркунуч туудурат. 

Буга байланыштуу массалык маалымат каражаттары да, ушул сыякту маалымат тараткандар, абдан дыкаат болушу керек. Бүгүнкү күндө ар бир интернет колдонуучу күмөндүү булактардан алынган туура эмес маалыматтардан дуйнөнүн жеке сүрөтүн түзө алат. Мекенибиздин тагдыры, биздин аскер кызматчыларынын жана чек арага жакын райондордун жарандарынын келечеги ушундай сыяктуу маалыматтардан көз каранды. 

Буга байланыштуу КР УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын, биздин мамлекетти алсыздандырууга аракет кылып жаткан күчтөргө көмөк көрсөтпөстөн, туура эмес маалыматты таркатпоого чакырат.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Баткен облусунун Баткен райондук Булак-Башы аймагында кызмат өтөө учурунда КР УКМК чек ара кызматы кыргыз-тажик тарап ортосундагы мурдагы келишимдерди бузуу менен Мамлекеттик чек аранын белгиленбеген тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

Кыргыз тараптын чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарын этибарга албай тажик чек арачылары ок чыгарган. Жоопко Кыргыз чек арачылары да курал колдонушкан.

Меню