Menu

Кыргыз-тажик чек арасы

Кыргыз-тажик чек арасы: Как-Сай аймагында да атышуу башталды

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында атышуу башталганын билдирди. Анда тажик чек арачылары “Достук” бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганы, кыргыз тарап ага жооп берип жатканы айтылат.

Тажикстан буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка (“Капчыгай” чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын “Кех” бекетинин чек арачылары куралчан кирип келгенин билдирген. Кыргыз чек арачыларынын чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Кыргыз тараптын билдиришинче, “тажик чек арачылары миномет” колдонгон. Соңку маалыматтарга караганда кыргызстандык эки жоокер жарадар болду.

Тажикстандагы “Хобар” маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, “кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин” жазган. “Озоди” өз булактарына таянып бир жоокер мерт болуп, эки жаран жаарат алганын билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тараптар Булак-Башыда ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүп жатканын, кырдаал чыңалып турганын билдирди.

Булак-Башы аймагында чек арада соңку ирет 14-июнь күнү таңга жуук ок атылган. Буга байланыштуу тараптар бири-бирин күнөөлөгөн. Тажик тарап бир жараны жараат алганын билдирген.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан сырткары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырымы такталганын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында бул маалыматты ырастаган.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган.

Чек ара тактала электигине байланыштуу кыргыз-тажик чек арасында тынымсыз жаңжал чыгып турат.

Баткен облусунун чек ара райондорунда кийин сатып алуу механизми боюнча ижарага берилүүчү турак жайлардын курулушу башталат

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна уставдык капиталдын каражаттарынан 200 млн сомду кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды андан ары ижарага берүү үчүн Баткен облусунун чек ара райондорунда турак жайлардын курулушун инвестициялоого жумшоо сунушталды. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 14-беренелерин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Буга катар Баткен облусунун чек ара аймактарынын тургундары үчүн кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды ижарага берүүнүн шарттары бекитилди.

Кабыл алынган чечимде Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңешине турак жай фондун көбөйтүүгө муктаж болгон калктуу конуштарды аныктоосу жана кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды ижарага алууга талапкер Баткен облусунун чек ара районунун тургундарынын тизмесин бекитүүсү тапшырылды.

Кыргызстандын элчиси тажик министрлери менен чек арадагы коопсуздук маселесин талкуулады

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 23-августта Душанбе шаарында Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода менен жолугуп, миграция жана укук коргоо тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыктын негизги аспектилерин талкуулады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү колдоо маанилүү экенин, бул “чек аралаш райондордогу коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга оң таасир этерин” белгилешти.

Маалыматка караганда, Тажикстандын ички иштер министри Ооганстандын түндүгүндөгү эл аралык террордук уюмдар тараптан коркунуч бар экенин айтып, “аймактагы абалдын туруксуздашына жол бербөөгө биргелешкен аракеттерди көрүү” зарылдыгын белгиледи.

22-августта Эрлан Абдылдаев Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имом менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде жарандардын укуктарын коргоо тармагында, ошондой эле чек ара жана аймактык кызматташтык маселелерин талкуулаган.

“Тараптар чек ара аймактарындагы туруктуулук менен коопсуздукту камсыз кылуу үчүн чек арага жакын жашаган тургундардын арасындагы ишенимди калыбына келтирүү боюнча биргелешкен иштерди улантуу зарылдыгына көңүл бурушту”, – деп билдирген анда Кыргызстан ТИМи.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Кыргызстан-Тажикстан: чек аралар жабык, бирок товар алмашуу токтогон жок

Кыргыз-тажик чек арасы жабык экенине карабастан, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда товар алмашуу толук токтогон жок.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу көлөмү дээрлик 7 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик 60% аз.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Тажикстан бири-биринен кайсы товарларды сатып алып жатканы белгисиз. Мурда Кыргызстандан Тажикстанга күн караманын үрөнү, кондитердик жана ун азыктары, көмүр, мунай, минералдык жер семирткичтер, жыгач жана башка товарлар экспорттолуп келген. Өз кезегинде Тажикстандан пияз, жүзүм, шабдалы өңдүү жашылча-жемиштер, электр энергиясы жана дары-дармек келип турган.

13-июлда Тажикстандын Бажы кызматынын башчысы Хуршед Каримзода бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик дээрлик жок экенин билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда беш бажы бекети бар. Алар бир жылдан ашык убакыттан бери жабык турат.

Кыргызстан менен Тажикстандын алакасы жакшы болуп турганда эки өлкө ортосундагы товар алмашуу көлөмү 185 миллион долларга жетчү.

2021-жылы 24-майда Кыргызстандын өкмөтү “чек ара маселеси чечилгенге чейин” деген түшүндүрмө менен кыргыз-тажик чек арасын бир тараптуу жапкан. Мындай чечим өткөн жылдын апрель айынын аягында катталган чек арадагы куралдуу кагылышуудан кийин кабыл алынган. Анда кыргыз тарап 36 кыргызстандык каза болуп, 183 киши жараат алганын билдирген. Тажик тараптын маалыматына ылайык, ал чек ара кагылышуусунда 19 жараны өлүп, дагы 87 адам жарадар болгон.

Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланды

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев ал өлкөнүн Жерге жайгаштыруу жана геодезия мамлекеттик комитетинин төрагасы Ориф Ашури Хожазода менен 12-августта Дүйшөмбү шаарында жолугушту.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун ишмердүүлүгүн талкуулашкан. Анда Абдылдаев Кыргызстан 21-июлда Чолпон-Ата шаарында эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууларын ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Топографиялык жумушчу топтун жетекчиси Ориф Ашури өкмөттүк делегациянын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусун Тажикстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Эки өлкө ортосундагы былтыркы окуядан бери ортодогу 82 чакырым чек ара тилкеси макулдашылганын 22-июлда Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирген.

2021-жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында кандуу окуя катталып, жаңжалда Кыргызстандан 36 киши каза болуп, 154ү жараат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт кетип, 87си жабыркаганы расмий кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Кыргыз бийлиги чек ара жаңжалы боюнча соттолгон эки этникалык тажикти эркиндикке чыгарды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Борбордук айлынын эки тургуну – этникалык тажиктер Амонжон Бобожонов менен Аюбжон Урунов эркиндикке чыкты. Алар тогуз ай камакта отурган.

21-сентябрда Лейлек райондук соту куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналган Акмалжон Исоевди 15 жылга, Аюбжон Урунов менен Амонжон Бабожоновду​ сегиз жарым жылга кескен эле. Кармалгандардын жакындары жана жактоочулары “далилдер жетишсиз, катаал жаза колдонулду” деп сот чечимине нараазы болуп, облустук сотко даттанган.

Соттолгондордун жакындарынын бири “Озоди” радиосуна Амонжон Бобожонов 15-июлда үйүнө кайтып келгенин, эки күн өткөн соң Аюбжон Урунов да камактан бошотулганын кабарлады.

“Кыргызстан бийлиги Амонжон меннен Аюбжон эмне себептен бошотулганын айткан жок. Бизге дагы эч нерсе белгисиз. Эң башкысы алар эркиндикке чыкты, бул биз үчүн чоң кубаныч”, – деди ал.

Ошол эле маалда алар менен бирге соттолгон Акмалжон Исоев колонияда отурат.

2021-жылы 28-30-апрелде, 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон.

УКМК: Баткенде 800.000 сомдук тажик товарларын аткезчилик менен Кыргызстанга киргизип келе жаткан унаа кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын аймагында контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө, 2022-жылдын 20-июнунда УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен районунун аймагында баасы 800 миң сомго жакын болгон Тажикстан Республикасында чыгарылган  электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк менен Тажикстандан келе жаткан  Мерседес-Бенц Спринтер унаасы аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш ишинин материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пункту (Экономикалык контрабанда) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары башталды.

Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Ал 21-26-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында болгонун Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлуп, кийинки отурумду Кыргызстандын аймагында өткөрүү макулдашылды. Жумушчу топтордун акыркы жолугушуусу 25-30-майда Бишкекте өткөн.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Чек ара тактала элек аймактарда утур-утур чыр чыгып, курал колдонулган окуялар болуп турат.

Чек арадагы атышуу: Тажикстан Ворухтагы жарандарын эвакуациялай баштаганы айтылды

Тажикстан Ворух анклавындагы жарандарын эвакуациялоого киришти. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги Баткен облусунун администрациясына шилтеме жасоо менен билдирди.

“Таң эрте Ворухтагы Тажикстан жарандарынын эвакуациясы башталды”, – деп билдирген Баткен облустук администрациясынын өкүлү.

14-июнда Баткен районунун Булак-Башы аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында таңга жуук ок атылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген:

“14-июнь эртең менен саат 6:50-7:00дө Булак-Башы аймагында тажик чек арачылары биринчи ок аткан. Ага жооп иретинде кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарган”.

Кыргызстандын чек ара кызматы 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет менен кайра атып, саат 8:10дө атышуу токтогонун, абал кооптуу экенин маалымдаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 26 жаштагы Тажикстандын чек арачысы каза болду.

Орусия Илимдер академиясынын кызматкери, Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Станислав Притчин “Настоящее время” телеканалына алдын ала чара көрсө болот беле, чек араны тактоо эмне себептен оор жана Кыргызстан менен Тажикстан жетекчилерин кандай чечимдерди кабыл алуу күтүп турат деген суроолорго жооп берди.

 

УКМК: Тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, биздин аскерлерге карай ок чыгарган

Бүгүн, 3-июнда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен ок атышуу болду.

Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жатып, шарттуу чек ара сызыгын мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстандын аймагына кирип келген Тажикстандын чек арачыларын байкашкан.

“Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарды эске албай, тажик чек арачылары Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган. Эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда кагылышуу чыгып, тажик тарап миномёт курал-жарагын колдонду”.

2022-жылдын 3-июнунда саат 14:15те ок атышуу токтотулду, эки тараптан тең жарадар болгондор бар.

Меню