Menu

Кыргыз-тажик чек арасы

Кыргыз-тажик чек арасы толук такталгандан кийин тосмолор коюлат

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигиндеги маегинде кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери тууралуу суроого жооп берди.

Анда делимитация, демаркация жай жүрүп жатканын белгилеп, бирок бул маселе чечилет деп ишендирди. Эки өлкөнүн талаштуу чек ара тилкелери толук такталгандан кийин тосмо коюу башталарын билдирди.

“Тажикстан менен чек ара маселеси токтоп калган жок, чечилип келе жатат. 600 чакырымы бүттү, 300 чакырымы калды. Бирок жай жүрүп жатат. Жай жүрүп жатканы бизден эле эмес, эки тараптан тең болуп жатат. 30 жылдан бери чечилбей келген чек ара бир айда эле чечилип калбайт экен да. Талаш-тартыш жерлер бар дегендей. Бирок жакынкы араларда, кудай буюрса, толук чечебиз. Чек араны толук бүтпөй туруп, эки жак тең бир метр жерге тосмо кое албайт. Аны түшүнбөгөн кишилер “тосмо койсо болбойт беле” деп сүйлөй берет. Бүтөрү менен эки жак тең бир күн калбай тосмо тарта баштайбыз. Чек ара посттору ачылат. Соода-сатык жүрө баштайт. Өзбекстан менен азыр кандай жакшы мамиле болуп жаткан болсо, Тажикстан менен дагы ошондой мамиле болот. Карым-катнаш мурдагыдай уланат деп ишенип турам”,-деди Жапаров.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун соңку жолугушуусу 5-10-апрелде Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн. Мындан көп өтпөй эле 12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп, алты кыргызстандык жараат алган.

“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан кийин тараптар үч ирет жолугуп сүйлөштү. Анда тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра кайтарууну улантууну, бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тиешелүү органдардардан турган комиссия түзүүнү макулдашкан. Ошондой эле күзөтчүлөрдүн каттамын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек арачыларынан турган жумушчу топ түзүлөрү айтылган.

Эмомали Рахмон: Кыргызстан менен чек аранын 68,4% макулдашылды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 17-апрелде Исфара шаарынын жетекчилери жана активисттери менен жолугушууда чек ара маселесине да токтолду.

Анын айтымында, тажик тарап 2002-жылдан бери Кыргызстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатат.

“20 жылдын ичинде 987 чакырым чек аранын 663,7 чакырымы же 68,4% макулдашылды”,- деп билдирди Рахмон. Анын сөзүн тажик президентинин сайты басып чыгарды.

Рахмон чек ара маселеси, анын демаркациясы татаал, көп убакытты, адистердин ишин талап кылган жараян экенин белгиледи.

“Тажикстан эки тараптын тең улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен маселелерди чечүү жолдорун табуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек деген ойду бекем карманат. Андыктан Исфаранын тургундарынын эсине дагы бир жолу салам: кошуналар менен өз ара түшүнүү, жакшы кошуналык маанайда жашоо керек, достук, кызматташтык куруп, сабырдуу болуп, эмоцияларга алдырбоо зарыл”, – деп белгиледи тажик мамлекет башчысы.

16-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстан менен чек аранын 664 чакырымы такталганын, тактоо иштери жай жүрүп жатканын айткан.

“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырымын такташып бүттүк. 308 чакырымы калды. Албетте, иштер тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок. Бирок менин көз карашымда иштер жай жүрүп жатат. Себеби, бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз”,- деп жазды мамлекет башчы Фейсбуктагы баракчасына.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун соңку жолугушуусу 5-10-апрелде Тажикстандын борбор шаарында өткөн. Мындан көп өтпөй эле 12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду. Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирген.

“Озоди” радиосу чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан кийин тараптар үч ирет жолугуп сүйлөштү.

Чек арадагы чырда жараат алган тажик жоокери каза болду

Тажикстандын бийлиги 12-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жараат алган 27 жаштагы тажик жоокери Зоир Сайдумаров ооруканада каза болгонун ырастады.

Маалыматка караганда, маркум чек арачынын сөөгү 13-апрель күнү түштөн кийин өзү туулуп-өскөн Хатлон облусунун Дусти районунда жерге берилди.

“Биз барып, жакындарына көңүл айтып келдик. Зоирдин атасы каза болуп калган экен. Бир туугандары Орусияда иштешет. Биз бул үй-бүлөгө жардам беребиз”, – деди район башчысы Даврон Нишонзода.

Анын айтымында, Зоир Саидумаров армияга 2020-жылы жазында чакырылган. Анын аскердеги кызмат өтөө мөөнөтү дээрлик аяктап калган.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгондон кийин алгач тараптар Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жолугуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашкан.

Эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегациялары 13-апрелде ок атышуу болгон аймакта – Лейлек районундагы Селкана тилкесинде да жолугуп, тараптар ушундай эле келишимге келишкен.

Курал колдонулган жаңжалда Баткендин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылына Тажикстан тараптын бир канча снаряды түшкөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирди. Алардын экөө аскер кызматкери.

Баткенде чек ара чырында жарадар болгондор алты кишиге жетти

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Раззаков шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө төрт киши жатат.

23 жаштагы аскер кызматкеринин санына жана таманына октун бөлүктөрү тийген. 30 жаштагы тургун да тизесинен жараат алган. Абалдары орточо оор деп бааланууда. 20 жаштагы дагы бир аскер кызматкери тизесинин булчуңун чоюп алса, 50 жаштагы адамдын оң жак жамбашына октун бөлүктөрү тийген. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгондон кийин алгач тараптар Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жолугуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашкан.

Эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегациялары 13-апрелде ок атышуу болгон аймакта – Лейлек районундагы Селкана тилкесинде жолугушуп, тараптар ушундай эле келишимге келишти.

“Эркин Европа/Свобода” радиосунун тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазды.

Лейлек: чек арадагы айылдардын тургундары үйлөрүнө кайтып барды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун акиминин орун басары Максатай Каримбердиева аталган райондогу чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары кайра үйлөрүнө кайтып барганын билдирди.

Анын маалымдашынча, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышуудан улам жалпысынан жалпысынан 17 миңден ашуун адам өз алдынча коопсуз айылдарга чыгып кеткен. Алар бала бакчаларда, мектептерде жана тургундардын үйлөрүндө түнөп, эртең менен эрте кайра үйлөрүнө жеткирилди.

Мунун алдында Саламаттык сактоо министрлиги Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышууда Кыргызстандын эки жоокери жараат алганын билдирди. Алардын бири учурда Лейлек районунун ооруканасында жатат, биринчи хирургиялык жардам көрсөтүлдү жана абалы орточо оор.

Экинчи аскерге алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин анын абалы канааттандырарлык болгондуктан амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин таңкы саат 7де билдирген маалыматына ылайык, чек арадагы соңку ок атышууга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү аяктай элек. Аймакта абал салыштырмалуу туруктуу.

Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын чек ара кызматынын Согд облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Хикматулло Пираковдун сүйлөшүүсү 13-апрелге караган түнү Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде башталган.

Тараптар алгач жаңжал чыккан аймакка тартылган кошумча күчтөрдү кайра артка чыгарууну макулдашканы маалымдалган.

Тажикстан соңку окуя жана сүйлөшүүлөр тууралуу расмий маалымат бере элек.

Баткендеги абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоону жеринен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүргүзүүдө.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болду. Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, алгач Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталды. Тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганы маалымдалды.

“Озоди” радиосу жеке булактарына таянып анда 27 жаштагы Тажикстандын жоокери жаракат алып, операция жасалып жатканын жазган.

Чек арадагы соңку жаңжалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү уланып жатат

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирген маалыматка ылайык, чек арадагы соңку ок атышууга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү аяктай элек. Аймакта абал салыштырмалуу туруктуу.

Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын чек ара кызматынын Согд облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Хикматулло Пираковдун сүйлөшүүсү 13-апрелге караган түнү Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде башталган.

Тараптар алгач жаңжал чыккан аймакка тартылган кошумча күчтөрдү кайра артка чыгарууну макулдашканы маалымдалган.

Тажикстан соңку окуя жана сүйлөшүүлөр тууралуу расмий маалымат бере элек.

Баткендеги абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоону жеринен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүргүзүүдө.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болду. Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, алгач Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, баштапкы маалымат боюнча тажик тараптан бир чек арачы жараат алганы айтылган.

“Озоди” радиосунун жеке булактарына таянып анда 27 жаштагы жоокер жаракат алып, операция жасалып жатканын жазган.

Кийин тараптар сүйлөшүү жүргүзүп жатканда ал жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарапка ок чыгарган деп кабарланды. Жарым саатка созулган атышууда кыргыз тараптан бир чек арачы жараат алды жана абалы оор экени айтылды. Тажик тарап Кы

Лейлек: чек арадагы айылдардын тургундары эвакуацияланууда

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын чек арага жакын Интернационал, Максат айылы жана Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук, Борбордук, Арка, Жаштык айылдарынын тургундары коопсуз жайга өз алдынча чыгарылып жатканы айтылды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлагандай, эвакуациялангандардын саны так эмес.

“Айыл тургундары Лейлек районунун Маргун жана Бешкент айыл аймагына чыгарылууда. Абалды турукташтыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Лейлектин чек арага жакын жайгашкан Жаштык айылынын тургуну Сарвар Турдубаев айылда эркектер калып, көзөмөлдөп жатканын айтты.

“Жаштык айылында жалаң эркектер калып, абалды көзөмөлдөп топтошуп турабыз. Жарым сааттай ок атылганы угулуп турду. Кары-картаңдар, аялдар менен жаш балдар кетишти. Азыр ок атуу угулбай калды. Тажикстан менен чек арадагы Достук, Арка, Борбордук, Максат айылдарында баарында эле абал ушундай”.

Мамлекеттик чек ара кызматы 12-апрелде Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, тажик тараптан бир чек арачы октон жараат алганын кабарлады. Ок атышуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин токтогон. Бирок, сүйлөшүү жүрүп жаткан маалда кайра ок атышуу болуп, кыргызстандык бир чек арачы жараат алган. Тажик чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылап, кийинчерээк ал токтогону кабарланган.

Ок атышууда тажикстандык 27 жаштагы жоокер жаракат алып, операция жасалып жатканын жеке булактарына таянып “Эркин Европа” радиосунун тажик кызматы жарыялады. Бирок Тажиктандын бийлиги окуя боюнча расмий маалымат бере элек.

12-апрелде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегациянын жолугушуусу өтүп, чыр-чатактарды алдын алуу, чектеш аймактарда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору талкууланган. Жыйында чек ара аймактарына кошумча куралдуу күчтөрдү тартпоо боюнча макулдашууга кол коюлган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Өткөн жылдын май айынан бери чек ара тактоо боюнча эки тараптуу комиссия 81 чакырым боюнча орток пикирге келгени айтылган. Калган бөлүгү негизинен калктуу конуштарга келип такалган.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында ок атышууга чейин жетип, адам өмүрүн алган чыр-чатактар байма-бай катталып турат.

Баткен: жарадар болгон чек арачыга операция жасалат

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта жараат алган кыргызстандык чек арачынын абалы оор экенин билдирди.

Маалыматка караганда, ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилди, операцияга даярдалууда.

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды курч деп баалады.

12-апрелде кечки саат 21:17 чамасында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарапка ок чыгарышкан.

Кайрадан ок атышуу орун алып, ал 30 мүнөткө созулганы айтылгиы.
Анда кыргыз тараптан бир чек арачы жараат алган.

“Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылай баштады”, – деп жазылган маалыматта. Кийинчерээк минометтон аткылоо токтогонун жарыялады.

Чек ара кызматы тажик тарапты чек арада кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө жана жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга чакырган.

Буга чейин кыргыз тарап ушул эле күнү Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, тажик тараптан бир чек арачы жараат алганын кабарлаган.

Расмий маалыматта “Лейлек районунун Селкана аймагында коңшу мамлекеттин чек арачылары Кыргызстандын аймагына жыйырма метрдей кирип келгени” айтылат.

Тажик тарап бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Тажикстандын түндүгүндө 39 кыргызстандык чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн соттолгон

2021-жылы Тажикстандын Согди облусунда чек арадан мыйзамсыз өтүү учурунда Кыргызстандын 39 жараны кармалган. Бул тууралуу 15-февралда облустук соттун төрагасы Бахтиер Окилзода билдирди.

«Кармалгандарга карата «Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү» беренеси боюнча 27 кылмыш иши козголду. Тартип бузгандар ар кыл мөөнөткө эркинен ажыратылды», – деп түшүндүрдү судья.

Ошол эле маалда Бахтиер Окилзода чек ара жаңжалына катышуу айыбы менен соттолгон кыргызстандыктар жок экенин белгиледи.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тарап кайсы карта жана кайсы юридикалык документ менен иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.

Эки мамлекеттин чек арасындагы тактала элек тилкелерде куралдуу кагылышуулар катталып турат.

Министрлер кабинети: Былтыр майдан бери кыргыз-тажик чек арасынын 81 чакырым тилкеси такталды

Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун жолугушуусу 10-февралдан 15-февралга чейин Кыргызстандын аймагында өтөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев маалымдады. Анын айтымында, эки тараптуу жумушчу топтун жолугушуусу эки айдан бери токтоп турган.

Топографиялык жумушчу топту Кыргызстандан Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектейт. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2021-жылдын 1-майынан баштап ушул күнгө чейин эки тарап 81 чакырымдан ашык чек ара тилкеси боюнча такташкан.

27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин 29-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов жолугуп, чек араны тактоо боюнча топографиялык жумушчу тобунун ишин жандандыруу чечилген.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тарап кайсы карта жана кайсы юридикалык документ менен иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.

Эки мамлекеттин чек арасындагы тактала элек тилкелерде куралдуу кагылышуулар катталып турат.

Меню