Menu

Кыргыз-өзбек чек арасы

Өзбекстандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу 18-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда сапардын мөөнөтү такталууда.

“Кыргызстан үчүн тышкы саясатта Өзбекстан менен кызматташтык башкы орунда. Ошондуктан, президент Садыр Жапаров да өзүнүн алгачкы сапарларынын бирин Ташкентке жасады. Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары тууралуу макулдашуу бар. Мөөнөтү дипломатиялык агымдар аркылуу такталууда. Учурда биз Өзбекстан тарапка сунуштачу инвестициялык долбоорлор, бир катар меморандум жана эки тараптуу келишимдердин долбоорлору даярдалып жатат”.
Нуран Ниязалиев кол коюлчу документтердин мазмунун ачыктаган жок.
Айрым маалыматтарга караганда, Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке сапары учурунда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жерди Өзбекстанга берүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Келишимдин долбоору өткөн аптада Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралган.

Жыйынтыгында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу комитеттин чечимине кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүрдү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев документте ачыкталбай турган маалыматтар бар экенин, документтин толук мазмуну эки президент кол койгондон кийин жарыяланарын айткан.
Быйыл, 14-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча үч тараптуу макулдашууга жетишкен. Макулдашууга ылайык, жол тилкеси Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты менен өтөт. Учурда үч өлкөнүн адистери долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп жатканы маалым. Аларга келерки жылдын 1-июнуна чейин убакыт берилген.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлмөй болду

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өтүп жаткан элдик курултай жыйынтыкталды.

Анда бир нече пунктан турган резолюция кабыл алынып, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлмөй болду.

Курултайдын катышуучулары суу сактагыч жана анын аянтын Кыргызстандын менчигинде калтырууну, Кемпир-Абад суу сактагычына башка жерлерди алмашуу, делимитация жана демаркация иштерин токтотуп, ратификация өткөрбөөнү бийликтен талап кылышты. Делимитация жана демаркация боюнча мамлекеттик комиссияны кайрадан түзүү талабы айтылды.

Бул иштер токтобой турган болсо, Кемпир-Абад боюнча кийинки элдик курултай Бишкекте өтө турганы белгиленди.

Мындан сырткары резолюцияда чек араларды делимитация жана демаркация маселелери боюнча протоколдорду инвентаризациялап, элге жарыялоо, 36, 39 жана 42-протоколдорду жокко чыгаруу, Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылышта келтирилген чыгымды калыбына келтирүү үчүн комиссия түзүү, Баткенди өнүктүрүү программасынын аткарылышын көзөмөлдөө, саясий куугунтукту токтотуу талаптар жазылган.

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултайга миңдей киши катышты.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Жыйынга тармактык комитетке мүчө 14 депутаттын 10у катышып, төртөө каршы добуш берген.

Эми документке тең эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. Жыйын жабык өткөн. Андан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атаган.

Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизги документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан.

Кемпир-Абад: Жогорку Кеңештин комитети келишимди колдоду

Кечээ, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карады.

Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен келишимди жактырды. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болду. Бул тууралуу каршы добуш бергендердин бири, депутат Чыңгыз Айдарбеков журналисттерге билдирди.

“Мен бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым. Кагаздарды, документтерди көрмөйүнчө макулдугумду бере албасымды билдиргем. Ошондуктан, мен каршы добуш бердим”, – деди ал.

Айдарбековдун маалымдашынча, келишимге кыргыз-өзбек президенттери кол койгон соң, документ Жогорку Кеңешке ратификацияга алып келинет.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралды. Жыйынга телефон алып кирүүгө, сүрөт, аудио, видео тартууга тыюу салынган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жабык кароонун себебин “жашыруун маалыматтарга байланыштуу” деп түшүндүрдү. Ташиев чек ара тууралуу документтер эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин ачыкка чыга турганын белгиледи.

Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Ошондой эле 10-октябрда парламент комитетиндеги жыйынды ачык өткөрүү тууралуу буйрук бергенин айткан.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизги документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан.

Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар Өзбекстанга өтүп, анын ордуна Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун жер алына турганын айтты.

Соңку макулдашууларга ылайык, Кыргызстандын картасы 15 миң 806 гектарга кеңейет. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйында маалымат берип жатып билдирди.

Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айтты. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалады. Эгерде суу агып кете турган болсо, анда анын жерине Өзбекстан ээлик кылып кала берет.
Ташиев кабарлаган Кыргызстанга өттү делген жерлер:

  • Гавасай 12 872 миң гектар,
  • Көк-Серек 105 гектар,
  • Баястан 212 гектар,
  • Унгар-Тоо 35 гектар,
  • Кара-Белес 25 гектар,
  • Ак-Таш 100 гектар (Кара-Суу району),
  • Шарихан каналынын башталышынан 19,5 гектар (жерди эки тарап бири-бири менен алмашты).
  • Өзгөн жана Сузак райондорунда 1000 гектар.

Ташиев бул чечимге кол коюлса, анда Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга көбөйө турганын билдирген.
Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралып жатат. Жыйынга сүрөт, аудио, видео тартууга тыюу салынган. Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жабык кароонун себептерин айтып, жашыруун маалыматтар айтыла турганы менен түшүндүргөн. Айрым депутаттар жыйындын башында буга нааразылыгын билдирип, макулдашуу боюнча документтер толук эместигине, отурум тууралуу кеч кабар берилгенине нааразы болушту.
Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан.

Садыр Жапаров: "Саясатчыларды Кемпир-Абад кызыктырбайт. Эптеп эле бизди элге жаман көрсөтүп, ызы-чуу салып бийликке келиш - алардын максаты. Арам ойлору ишке ашпайт"

Президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жооп берди.

— Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич!

— Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр аяктады дедиңиз. Бирок анын шарттары тууралуу ачык айтылбай жатат. Бир катар саясатчылар – Равшан Жээнбеков, Исмаил Исаков, Адахан Мадумаров жана башкалар чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү ачыктоону талап кылууда. Эмне үчүн бул маселе деталдуу айтылбай жатат? Же кандайдыр бир сыр барбы?

— Мен эми ачык эле айтайын. Чек араны тактоодо буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары бизге өттү. Айылдарда болобу, тоолордо болобу же түз жерлерде болобу талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы биздин пайдабызга чечилди. Буга жетиш үчүн эмне деген гана сүйлөшүүлөр, эмне деген гана эмгектер жумшалбады. Сыр кылып турганыбыздын себеби, кол коюшуп мыйзамдаштырып алганга чейин айнып кетип бузулуп кетпесин деген элек. Эми бүгүн мен: “Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин” деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем.

Бир Өзгөн менен эле мамлекеттин жана көпчүлүк элдин тагдырын байлап койбошубуз керек. Райондун деңгээлинен жогору бололу. Эгер өлкө ичинде эки район жер бөлүштүрүп жатсак мейли эле. Биз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен чектешкен 1400 км чек араны толук чечип, Өзбекстан менен чек ара маселесине түбөлүк чекит коюп жатабыз.

Эгер эми мыйзамдашып бүткөнгө чейин бир тарап айнып кетип кайра мурдагы абалга келип калса, кечээки тегерек стол уюштуруп, элдин башын айландырып жаткандар көпчүлүк элдин каргышына калышыт. Катуу жооп беришет. Жоопко тартабыз.

Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселеси тарыхий-архивдик документтер менен каралат. Көчөдө чогулуп алып эле “Алмакан апам айтпадыбы дегендей” маселе эмес. Эки өлкөнүн СССРден бери келе жаткан карталары, келишимдери, алдым-бердим деген актылары турат. Анан жөн эле “ал жер биздики болчу, бул жер биздики болчу” деп жалган маалымат берип элдин башын айлантпаш керек.

Ачыгын айтайын, буларды Кемпир-Абад кызыктырбайт. Саясат кылып атышат. Эптеп эле бизди элге жаман көрсөтүп, ызы-чуу салып бийликке келиш – алардын максаты. Арам ойлору ишке ашпайт. Анткени ар бир жасаган ишибиз үчүн жер карабайбыз жана бизди колдоп жаткан көпчүлүк элди дагы жер каратпайбыз. Баарын бүтүрүп, мыйзам менен бекемдеп алгандан кийин, анан ат чаптырып сүйүнчүлөтөлү дедик эле. Тилекке каршы, иш толук аягына чыга электе эле ачыктап жатабыз. Буга бузукулардын элди адаштырып жатканы себеп болуп калды. Кудай буюрса, келишим бузулбай мыйзамдашып аларбыз деп туралы

Булак: Кabar

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрүү пунктунда “Электрондук өткөрүү пункту” инновациялык долбоору пилоттук режимде ишке киргизилди

Бүгүн, 8-октябрдан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-өзбек тилкесинде жайгашкан «Достук» өткөрүү пунктунда КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы “Электрондук өткөрүү пункту” инновациялык долбоорун пилоттук режимде ишке киргизди. Анын бет ачары ЕАЭБге кирүү процессинин алкагында дээрлик нөлдөн баштап реконструкцияланган «Достук» өткөрүү пунктунун расмий ачылышына туш келди.

Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Жапаров А.У., Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Касымалиев А.А., Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Оверчук А.Л., Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Удовиченко Н.Н., УКМКнын Чек ара кызматынын директору Шаршеев У.З., ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) – Мамытканов М.С., КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Исабеков С.С., министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Коноктор үчүн реалдуу убакыт режиминде өткөрүү пунктунун жаңы инфраструктуралык объектилерин көрсөтүү менен бирге чек арада контролду тездетилген жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн өткөрүү пункттарын техникалык модернизациялоо, бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү жана санариптик технологияларды киргизүүнү камтыган «Электрондук өткөрүү пункту» долбоорунун иши көрсөтүлдү.

Долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:

  1. Акылдуу камераларды орнотуу.
  2. Өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын модернизациялоо.

Өткөрүү пункттарын контролдоонун заманбап каражаттары менен жабдуу.

  1. Төмөнкүлөрдү жүргүзүүнү автоматташтыруу жана интеграциялоо:

– радиациялык контрол;

– рентгендик сканерлөө;

– салма-көлөмдүк контрол;

  1. «Бирдиктүү терезе» принцибинде мамлекеттик контролдоочу

органдардын маалыматтык системаларын интеграциялоо.

  1. Ар бир унаанын чыгуу убактысын изилдөөнү ишке ашыруу.
  2. Өткөрүү пунктунда жүргүзүлүүчү бардык процесстерге 

борборлоштурулган мониторингди жүргүзүү.

  1. Электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу менен 

товарлардын бажылык тариздөө жерлерине чейин байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу.

Өткөрүү пунктунда жүргүзүлгөн иш-чаралар өткөрүү пунктунун Мониторинг борборунда жана Мамлекеттик бажы кызматынын Кырдаал борборунда чагылдырылат, бул ар бир транспорт каражатынын бажы контролунан өткөрүүгө кеткен убакытты жана чек арадагы мамлекеттик контролдоочу органдардын аракеттерин эсепке алуу менен өткөрүү пункту аркылуу товарлардын жана транспорт каражаттарынын өтүшүнө байкоо жүргүзүүнү камсыз кылат.

Белгилей кетсек, буга чейин чек араны контролдоо процесстери кагаз журналдарын толтуруу менен кол менен жүргүзүлүп келген, техникалык каражаттар ташылган товарлар жана транспорт каражаттары боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзбөстөн, өз алдынча иштеген, бул өз кезегинде чек арадагы мамлекеттик контролдоочу органдардын жөнгө салуу функцияларынын кайталанышына алып келген жана өткөрүү пунктунан өтүү үчүн 4 сааттан 11 саатка чейин талап кылынган.

Өз кезегинде «Электрондук өткөрүү пункту» төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

– өткөрүү ылдамдыгын жогорулатууга жана өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга;

– чек арадан өтүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө;

– процесстердин онлайн мониторингин камсыз кылууга;

– аналитикалык системалардын ишинин натыйжалары боюнча жасалма интеллект тарабынан чечим кабыл алууга;

– чек арадагы жүк ташуучулар менен мамлекеттик контролдоочу органдардын кызматкерлеринин ортосундагы байланышты минималдаштырууга;

– натыйжада контролдун сапатын жогорулатуу менен аны жөнөкөйлөтүүгө.

Бажы кызматы товарларды чек арадан өткөрүүнүн жөнөкөй, ыңгайлуу, эң негизгиси тез жол-жоболорун түзүүгө умтулат. 

Алмаз Кулматов, тарыхчы: "Документтерге таянсак Кемпир-Абад совет доорунда да, андан кийин да талашсыз Кыргызстанга таандык болуп келген, азыр бул суу сактагычтын талашка айланып отурушу түшүнүксүз"

Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы чек араны тактоого болгон умтулуу жакшы. Эки тарап түрдүү деңгээлде жана форматта кезигип, документтер макулдашылып, протоколдорго кол коюлуп, кыскасы мындай учурларга мүнөздүү стандарттык аракеттер жасалууда. Болсун, кубаттайбыз. Бирок ошол макулдашуулардын жана документтердин мазмуну тууралуу коомчулукка маалымат толук, так берилбей, айрым учурда бурмаланган кабарлар басымдуулук кылгандыктан, түшүнүксүз жагдайлар, бүдөмүк ойлор жаралууда.

Кыргыз президенти Садыр Жапаровдун кечээ Өзгөнгө барып, эл менен жолугуп, кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек тилкелери боюнча соңку макулдашууларды түшүндүрүү болгон изги аракети жеткиликтүү маалымдалбай калгансыды. Басма сөзүнөн кеттиби, башкасынан кеттиби, айрымдардын не каңырыш укканы, не натуура түшүнгөнү белгисиз, айтор ар кандай пикирлер айтылууда. Айрыкча Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча түрдүү кеп, түркүн пикирлер. Эл ичинде ошол уу-дуу кеп арасында негедир Кемпир-Абад тээ өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары өзбектерге берилип кеткен экен, биз ордуна жер алыптырбыз деген түшүндүрмөлөр да айтыла баштады. Бизде болгон документтерге таянсак, Кемпир-Абаддын Кыргызстанга таандык экендигин совет доорунда жокко чыгарган жагдай жок экен. Эки республика эгемендик алган соң Кыргызстанга таандык бул суу сактагычтын талашка айланып отурушу түшүнүксүз.

Союз ыдыраган соң респубикалар СССРдин курамындагы кезибиздеги чек араларыбызды тааныйбыз, бири бирибизден жер талашпайбыз, аныкталган чектен чыкпайбыз, кокус чарбалык шарттардан улам тактала элек административдик-территориялык маселелер болсо эки тараптуу макулдашуунун негизинде аныктап алабыз деп макулдашкан экен. Бул универсал эреже, дүйнөлүк тажрыйба, эл аралык укуктун жобосу. Республикалар ортосунда алкактык документтер, декларациялар, ратификацияланган документтер, эки жана көп тараптуу келишимдер да ушул принципке таянат. Эгемендүүлүк кездеги ачык документтерде Кемпир-Абад такталбаган тилке катары көрсөтүлбөгөн. Кокус жаза тайып, мурдагы президенттер тушунда андай документ болсо, ак чөп башта.

Кемпир-Абад суу сактагычынын курулушу жөнүндө расмий маалыматтар Турдакун Усубалиевдин эмгектеринде жетиштүү бар.

Кемпир-Абад суу сактагычынын курулушу жөнүндө расмий маалыматтар Турдакун Усубалиевдин эмгектеринде жетиштүү бар.

Туура. Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбек ССРинин демилгеси менен курулган. Ал кезде кубаттуу мамлекет СССР үчүн пахта стратегиялык сырье, кирешелүү продукт болгондуктан Өзбекстандын пахта аянтын кеңейтүү максатында бир топ гидротехникалык объектилер салынат. Анын ичинде Кемпир-Абад. Бул суу сактагычка суу Кара-Дарыя,Тар, Кара-Кулжа дарыяларынын кошулган жерине курулган тосмо менен топтолот. Маселе 1962-жылы козголуп, 1973-жылы курулушу аяктаган. Суу сактагычтын аянты 4400 гектар. Долбоорлонгон сыйымдуулугу 1,7 куб километр. Азыр 1,9 куб километр деп жүрүшөт. Кыргыз ССРи менен Өзбек ССРинин компартияларынын Борбордук комитеттеринин жана министрлер кеңештеринин биргелешкен токтомунун долбоорунда Кемпир-Абаддын курулушу, сууну пайдалануу шарттары жана милдеттенмелери так көрсөтүлгөн. Кемпир-Абаддын курулушу боюнча Өзбекстан милдеттенмелери так белгиленген.

Жер боюнча гана жоболорго токтололу. Ошол документтин 7-пунктунда “Суу астында кала турган жер үчүн компенсация катары Өзбек ССРи төмөнкүлөрдү Кыргыз ССРине берет (текст орус тилинде, сөзмө-сөз которулду):

а) Үч-Коргон районунан Үч-Коргон шаарынын чыгыш тарабындагы, Нарын дарыясынын сол жээгиндеги, БФКнын башкы тилкесинен жогорку жайгашкан, Кыргыз ССРине чектешкен жерден 2340 га айдоо аянтын;

б) Наманган районунан Чуст каналынын жогору жагында Ала-Бука районунун “1-Май” колхозунун жерлерине танапташ жайгашкан жерден 1,1 миң га сугарылбаган аянтты;

в) Мархамат районунан XII партсьезд атындагы каналдын жогору жагында, Араван районунун Төө-Моюн капчыгайына чектеш жерден 1,2 миң га аянтты”.

Эч бир жерде Кемпир-Абад Өзбекстанга өтөт деген шартнама жок. Өзбек ССРи Кыргызстандын аймагындагы кыргыз дарыялары кошулган жерде, Кыргызстанга караштуу суу сактагычтын ордуна компенсация катары канча аянт суу астында калса ошончо жер берет тургандыгы даана жазылган. Бирок суу сактагыч же суу сактагыч курула турган аянт (4400 га жер) Өзбекстанга биротоло берилет деген сөздөр документтерде кездешпейт.

Өзбек биринчи катчысы Ш. Рашидовдун Т. Усубалиевге жазган каттарында мурдакы макулдашууларды аткара тургандыгын бышыктайт. Тескерисинче, эки тараптуу ошол документтерде Өзбек ССРи өз эсебинен Бүргөндү массивин өздөштүрүүгө (8 миң га) шарт түзө турган Солжээк каналын жана башка ирригациялык объектилерди курат, суу сактагыч жайгаша турган жерден көчүрүлгөн үйлөрдүн, чарбалык объектилердин курулушун камсыздайт деген сыяктуу ондогон милдеттенмелерди алган.

Кемпир-Абад суу сактагычынын астында 5,7 миң га жер, 11 кыштак, 985 турак-жай, 135 мамлекеттик жана чарбалык имарат, Өзгөн-Жалал-Абад жолдору, гидротехникалык жана башка объектилер калган. Кийин Өзбекстан аларды куруп берүү милдетттенмелерин аткарган эмес. Кыргызстандын жетекчиси Т. Усубалиев Өзбекстандын биринчи катчысы Ш. Рашидовго бир нече жолу кайрылган. Ал СССРдин долборлоо, пландоо институттарынын эсеби сиз көрсөткөн эсептерден башкача айтып жатат, тактайлы деген шылтоолорду айтып келген. Москвага таянган Ташкент суу сактагычтын курулушуна байланыштуу эки республиканын ортосундагы чек араны анча-мынча өзгөртүү маселесин кое баштаган. Бирок, кыргыз бийлиги буга макул болбойт.

1973-жылы 20-февралда Кыргызстандын Министрлер Кеңеши кабыл алган токтомдо өзбек тарап берген жерлерди кабыл алуу тууралуу чечимди бекитет. Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан аянтка байланыштуу чек араларды айрым жерлерде өзгөртүүгө жол бербөө чечимин кабыл алган. Ошентип Фрунзе чек ара маселесин Кемпир-Абадга жакын жолоткон эмес. Өзбек тараптын напсиси арта баштаганда Кыргызстандын жетекчилиги ижарага алган жайыттарды кайтарууну, Токтогул, Касансай, Керкидон суу сактагычтарынын курулушу үчүн компенсация катары Өзбекстан тарап берүүгө милдетттенген жерлерди берүүнү талап кылган.

Өзбек ССРинин демилгеси менен СССРдин колдоосу астында курулган Токтогул, Кемпир-Абад, Керкидон, Касансай (Орто-Токой деп да аталат) суу сактагычтары, Керкидон жана Ала-Бука каналдарын жалпысынан Кыргызстанга караштуу 40 миң гектар аянтты ээлейт. Макулдашууларга карабастан Өзбекстан ушунча жердин болгону 5 миң гектарын (анын ичинен 2,4 миң га айдоо аянты) компенсация катары Кыргызстанга берген. Калганы компенсацияланган эмес. Азыр да талап кылына турган маселе. Эми да аргумент.

Канча жер кимге берилген?

А жогоруда аталган жерлерден кийин Кыргызстанга кай жерден канчасы өткөн? 1973-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын астында калган жерлер үчүн компенсация катары Наманган облусунан 2663 га, Касансай суу сактагычынын астында калган жер үчүн Фергана облусунан 1013 га аянт Кыргызстанга берилген (Т. Усубалиев. “Вода – дороже золота”, 197-бет). Бул жерлер Министрлер кеңешинин чечими менен кабыл алынган, түшүндүрмөсү бар.

Турдакун Усубалиев Жогорку Кеңештин депутаты кезинде сууга ээлик кылуу жана пайдалануу маселелеринин тарыхый, укуктук, табигый, социалдык-экономикалык, саясий шарттарын кашкайган аргументтер менен көрсөтүп, азыр талашка түшкөн Кемпир-Абад боюнча документтердин көчүрмөсүн да тиркеген экен. Дагы бир ирет тактап коелу, бизге берилген аянт Кыргызстанга таандык суу сактагычтын астында калган, Кыргызстанга тиешелүү жер үчүн компенсация. Кемпир-Абаддын өзү үчүн же анын ордуна берилген эмес. Эгерде мурдакы документтерде кенедей эле илинчеги болгондо өзбектер алып коймок.

Макул дейли, Кемпир-Абад суу сктагычынын жалпы аянты 5,7 миң га жер эмес, Усубалиев жаңылышат, ошол кездеги документтер ката деген күндө да азыркы эсеп боюнча 4400 га аянттын ордуна компенсация катары 2663 га аянт бизге берилген. Касансайдын компенсациясы үчүн берилген 1013 га кошкондо да болгону баары биригип 3676 га жер бизге берилиптир. Кийинчерээк Касансай суу сактагычын курууда суу астында калган жердин компенсациясына бериле турган 700 га жердин 125 гектар берилиптир.

Андан кийинки документтерде деле Өзбекстан бизге жер бербептир, биз Кемпир-Абадды бере турган болбоптурбуз. Болду. Документтер боюнча ушундай. Ал эми Кемпир-Абадга байланыштуу документтерде Кемпир-Абад курулат, курулган соң Өзбекстандын карамагына өтөт, ордуна Кыргызстанга 4400 га жер берилет деген макулдашуу, шарт, жобо кезикпейт. Каяктан жүрүп Кемпир-Абад талаштын предметине айланганы белгисиз, айрымдар шилтеме кылган жетимишинчи жылдардагы документтердеги аянттар менен азыр пайда болгон аянттардын арифметикасы түшүнүксүз.

Соңку 31 жыл ичинде эле жашыруун документ болбосо, Кемпир-Абад 4400 га, анын ордуна 1973-жылы 4100 га берилген деген түшүндүрмөгө (https://ru.sputnik.kg/20221004/chto-izvestno-kempir-abadskoe-vodokhranilische-1068624223.html) ошол 1973-жылдагы жана андан кийинки документтерде негиздеме табылбайт. Өзбекстан ошол кездеги расмий документтерде Кемпир-Абадга дооматын арткан эмес. Кыргыз-өзбек чек арасын биротоло чечүү максатында жетишилген макулдашууларды (протоколдор, келишимдер жана башка документтер) көбүбүз билбейбиз.

Окубасак да оюбузду айтат болбойлу. Бирок өзбек тараптын Кемпир-Абадга дооматы болгондуктан жогорудагыдай түшүндүрмө болуп жатса керек. Эгер андай дооматы болсо, анда жогорудагы биз мисал кылган документтер “биз Кыргызстанга жерди бергенбиз, милдеттенмелерди аткарганбыз, эми Кемпир-Абад бизге бергиле” деген маанидеги өзбек тараптын дооматы курулай экенин тастыктап турат. Ошол кезде алынган жана берилген жерлер, гидротехникалык жана башка курулуштар менен компенсацияланган аянттар тарыхый булактарда так көрсөтүлгөн. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы совет доорундагы документтердин баарында Кемпир-Абад Кыргызстанга таандык экени белгиленип турат.

Булак: ВВС

Садыр Жапаров: Чындык эшикке чыкканча, калп дүйнөнү эки жолу айланып келет!

КР президенти Садыр Жапаров Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн  баракчасына пост жазып, Кемпир-Абад суу сактагычы, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жаңы макулдашуулар тууралу оппоненттерине жооп кайтарды.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Бул кайрылууну жасаганга аргасыз болуп турам. Кечээ күнү Өзгөнгө барып, эл менен жабык эшик артында сүйлөшүп, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны такташуу меселесин адамча түшүндүрүп бердим. “Биз залга батпай калдык” деген 300дөй кишини экинчи этап менен залга киргизип, дээрлик бир күн, эртең мененки саат 10:00дон баштап кечки саат 17:00гө чейин, 7 саат бою так документтер, илгерки келишимдер менен түшүндүрүп бердик. Эмне үчүн жабык эшик артында карап жатканыбызды дагы адамча түшүндүрүп бердик.
Кудай буюрса, жакын арада келишимге кол коюлуп, парламенттен өтүп, келишим бузулгус болуп бекигенден кийин кайсы жерлер бизге өткөндүгү ачыкка чыгат. Жалпы эл чыдап күтө тургула. Негизинен талаш жерлер дээрлик 99 пайыз биз тарапка өттү. “Кемпир-Абадды” буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, эми мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк. Ошондо көлдүн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытына колдонушат.
Калган чек ара жерлери боюнча мен жогоруда айткандай, кийин угасыздар. Сүйүнүү, кубаныч менен кабыл аласыздар. Бизге рахмат айткандан башка, эч бир доомат арта албайсыздар. Биз бир сантиметр жер берген жокпуз. Тескерисинче алдык. Жүз жылдан кийин дагы биздин эмгек, биздин чечим ак жана кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн болгонун тарых тастыктап берет.
Биз Каркыра, Төрт-Көчөнү берген чыккынчылардан эмеспиз.
Ошондуктан Кемпир-Абаддын тегерегине чыгып алып бузукулук кылып жаткандарга катуу эскертем, эсиңер барда этегиңерди жыйгыла! Тартип сакчыларына буйрук берем, элди козутабыз деп бузукулук кылып жаткандарга мыйзам чегинде катуу чараларды көргүлө. Эркелегендин дагы чеги болот. Чектен ашып кетишти.
“Залга батпай калдык, биз түшүнбөй калдык, маалыматыбыз жок” деп жалган сүйлөп, бозүй тигип жаткандар Өзгөн акимчилигине келгиле. Күнү-түнү дебей ар бир жараныбызга документтер менен баарын көрсөтүп, түшүнүгү жок болсо дагы мээлерине куюп, түшүндүрүп беребиз. Кечээки жыйындын аягында добушка салганымда адамча түшүнгөндөр колдоп беришти. Добушка койгондо залдын баары макул, сегиз киши каршы болду. Албетте каршы болгондор кимдер экенин, эмне максатты көздөп жаткандарын жакшы билебиз. Андай арам ойлуу максатыңардан кайткыла. Бийлик башына келип, отуз жылдан бери ашкере эркелеп жүрүп мамлекетибизди жок кылып же толук көз каранды мамлекетке айлантып ала жаздаганыбызды көрдүм. Андайга жол бербейбиз.
Жакын арада баары бүтөт. Ачыкка чыгат. Ошондо чек ара маселеси 99 пайыз биздин пайдабызга чечилгенин билип, өзүңөр эле эл алдында уят болуп каласыңар, туугандарым.
Тынч болгула!

Жанар Акаев: "Кемпир-Абад боюнча Өзгөндүн тургундары президентке өтө ачуу суроолорду берди. Депутаттардын талабы - жерибиз, суубуз, өзгөчө Кемпир-Абад эч кандай башка өлкөгө берилбеши керек"

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушуусуна Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, айрым комитеттин төрагалары дагы катышты.

Парламенттеги “Альянс” фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев журналисттерге билдиргендей, элдин суроолоруна президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди.

“Жолугушуу эмоционалдуу абалда өттү. Кемпир-Абад боюнча Өзгөндүн тургундары президентке өтө ачуу суроолорду берди. Алар бир метр дагы жерибиз башкаларга кеткен жок деп жооп беришти. Тескерисинче, 1965-жылы картада Өзбекстанга карап калган учурлар бар. Ошол жерлердин баары сүйлөшүү жолу менен, утуш менен чыктык деп айтылды. Эми ратификацияга келсек, бардык документтерди карап көрөбүз. Азыр биз дагы ак же көк деп айта албайбыз. Анткени колубузда бир дагы кагаз жок. Бирок жалпы алганда мен дагы чек ара маселеси чечилиш керек деген ойдомун. Анткени буга чейинки бийликтегилердин баары сүйлөшүүлөр, делимитация, демаркация иштери болуп атат деп убакыт созулуп, анан алар бийликтен кетишкен. Ошол эле убакта депутаттардын талабы – жерибиз, суубуз, өзгөчө Кемпир-Абад эч кандай башка өлкөгө берилбеши керек. Расмий бийлик суу дагы, жер дагы биздики деп айтты”, – деди Акаев.

Эл өкүлү парламентте бул маселе ийне-жибине чейин карала турганын кошумчалады.

Жолугушууга катышкан “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып “Кемпир-Абад” суу сактагычы Өзбекстанга өткөнүн билдирди.

“Кемпир-Абад кетти. Ошондой болуп 4000 гектардан ашыгыраак жер кетти. Биз компенсациясын 1965-жылы алганбыз дейт. Ошондуктан мындай жыйын ачык-айкын өткөндө жакшы болмок. Тилекке каршы мындай жыйындарды кандай өткөрүшөрүн билесиңер да”, – деди Мадумаров.

Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу Өзбекстан менен болгон келишим тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Президенттин басма сөз кызматы жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат бере элек.

Аймактагы кабарчылардын билдиришинче, Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук акимчиликтеги жолугушуу этап-этабы менен өттү. Чогулган айрым тургундар президенттен жабык эмес, ачык жыйын өткөрүүнү, бардык суроолорго ачык жооп беришин, сыртка чыгышын талап кылышты.

Былтыр мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

Ташиев эки өлкө анда Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.

Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Ошол эле жылдын апрель айында Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын билдирген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп кетти деп кооптонгон 100дөй адам митингге чыгышты

Бүгүн 29-сентябрда Өзгөндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу 100дөй адам чогулду.

Маалым болгондой, алар суу сактагычтын жери коңшу мамлекетке өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун билдирип, эки тараптуу соңку келишимдердин мазмунун ачыктоону талап кылышты. Талаптарын президентке жана парламентке жолдошту.

2021-жылдын 24-25-мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

26-мартта Ташиев Бишкекте маалымат жыйын куруп, Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

27-мартта президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.

Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн. Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары 21-22-апрелде акцияга чыгып, үч боз үй тигишкен. 18-апрелде Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришкен.

Ошол эле жылдын 25-апрелинде Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын айтып, “Элдин талабы – биз үчүн эң жогорку талап. Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. Аны азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз”, – деген.

Меню