Menu

Кыргыз-өзбек чек арасы

Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен Протоколго кол коюшту

Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялары тарабынан Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен кеңешмесинин Протоколуна кол коюлду, бул кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы Келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет.

Кыргыз тараптан документке Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшту.

Баткен облусунун чек ара райондорунда кийин сатып алуу механизми боюнча ижарага берилүүчү турак жайлардын курулушу башталат

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна уставдык капиталдын каражаттарынан 200 млн сомду кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды андан ары ижарага берүү үчүн Баткен облусунун чек ара райондорунда турак жайлардын курулушун инвестициялоого жумшоо сунушталды. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 14-беренелерин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Буга катар Баткен облусунун чек ара аймактарынын тургундары үчүн кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды ижарага берүүнүн шарттары бекитилди.

Кабыл алынган чечимде Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңешине турак жай фондун көбөйтүүгө муктаж болгон калктуу конуштарды аныктоосу жана кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды ижарага алууга талапкер Баткен облусунун чек ара районунун тургундарынын тизмесин бекитүүсү тапшырылды.

Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны толугу менен быйыл чечүүгө ниеттенүүдө

Кыргызстан менен Өзбекстан жыл аягына чейин чек ара сызыгын толугу менен тактап бүтүүгө аракет кылууда.

Ал тапта Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар эки өлкө өкүлдөрү Уңгар-Тоо, Чоң-Сай жана Кемпир-Абад сыяктуу талаштуу аймактар боюнча мунаса табууга жакындаганын айтып чыкты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жолугушуусу 9-августта Чолпон-Ата шаарында башталды. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев ырастады. Анын айтымында, 17-августка чейин уланчу жолугушууда эки тарап буга чейин тактала элек аймактарды боюнча сүйлөшүү өткөрүүдө.

Бөрүбаев Өзбекстан менен чек араны жыл аягына чейин толугу менен чечүүгө аракет көрүлүп жатканын ачыкка чыгарды.

“Эки өлкө ортосундагы чек аранын 1170 чакырымы такталып, келишимге кирген. Калган аймактарды чечүү боюнча жолугушуу болот. Өзбекстан менен чек араны быйыл тактап бүтөлү деп аракет кылып жатабыз”.

Бөрүбаев айтып жаткан Өзбекстан менен тактала элек аймактар чек аранын 5% жакынын түзөт.

Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы же 85 пайызы толугу чечилип, документтештирилген. Андан бери дагы 10% ашыгы ооз эки такталганы кабарланган, бирок расмий келишимге кол коюла элек.

Азыркы тапта тактала элек участокторду адистер эң оор жана талаштуу аймактар катары сыпатташат. Алардын катарында Кемпир-Абад суу сактагычы, Уңгар-Тоо, Чоң-Сай сыяктуу аймактар бар.

Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев бул тилкелер боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү мунаса табууга жакын калганын айтууда. Анын “Азаттыкка” билдиришинче, өткөн айда президент Садыр Жапаров баштаган аткаруу бийлигинин өкүлдөрү парламенттеги фракция лидерлери менен жолугуп, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маалымат берген.

“Жолугушууда бизге түшүндүрүп беришти. Алардын айтымында, 16 602 гектар жер биздин өлкөгө берилет деп сүйлөшүлүп жатыптыр. Алардын арасында Уңгар-Тоо баштаган дагы үч аймак бар экен. Президент болсо өзбек президенти Мирзиёев менен келиштик деди. Менин оюмча, 16 602 гектар жер бизге өткөнү жатса, кыргыз мамлекети үчүн чоң ийгилик да. Уңгар-Тоонун маселеси кандай эле? Андан сырткары Гавасайды (Чоң-Сай) алабыз деп айтышты. Буга кошумча Кемпир-Абад боюнча да орток пикир табылыптыр. Буга чейин суу сактагыч 900 метрге суу көтөрүлсө, аны 700 метрге түшүрүүнү сүйлөшүп жатабыз деген маалымат беришти”.

Депутат эки өлкө жетекчилиги мунасага жакындап калганы үчүн жыл аягына чейин чек ара толугу менен чечилет деген үмүтүн билдирүүдө. Негизи кыргыз бийлиги чек араны чечүүгө жакындаганын биринчи жолу айтып жаткан жок.

2021-жылы март айында президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапарында өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен чек арадагы негизги маселелерди үч айлык мөөнөттө чечүүнү макулдашкан.

Эки өлкө ортосунда жогорудагы талаштуу аймактардан сырткары бири-биринин аймагында калып калган анклав жана экславдардын маселеси да бар. Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын Сох, Чоң Кара-Калча, Шахимардан, Таш-Дөбө деген төрт анклавы бар. Ал эми Кыргызстандын Өзбекстандын аймагында Барак экславы болгон.

Буга чейин Барак эксклавынын ордуна Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Бирлешкен айылынан жерге айырбаштоо сүйлөшүлгөн.

Бирок ушул аптада Барак айылында жашаган айрым тургундар бул жараянды документтештирүү кечигип жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Азырынча Кыргызстандын жана Өзбекстандын расмий органдары соңку чек ара сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча так маалымат тарата элек.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жакынкы мезгилде өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен менен келерин билдирген. Ал сапардын күн тартиби айтыла элек. Бирок эки өлкөнүн мамилесинде чек ара маселелери өзгөчө орунду ээлерин эске алганда адистер бул жаатта сүйлөшүүлөр болорун болжолдошот.

Ысык-Көлдө кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү өтүүдө

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү 9-августта Чолпон-Ата шаарында башталды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди. Анын айтымында, жолугушууда эки өлкө ортосундагы тактала элек аймактар боюнча сүйлөшүү улантылат.

“Эки өлкө ортосундагы чек аранын 1170 чакырымы такталып, келишимге кирген. Калган аймактарды чечүү боюнча жолугушуу болот. Өзбекстан менен чек араны быйыл тактап бүтөлү деп аракет кылып жатабыз”,-деди Бөрүбаев.

Эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн Ысык-Көлдөгү жолугушуусу 17-августка чейин уланат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери 13% жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган. Андан бери эки тарап чек араны тактоо боюнча утур-утур жолугушууларды өткөрүп келүүдө.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жакынкы айларда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келерин өткөн аптада билдирген эле.

Өзбекстанга 78 баш малды мыйзамсыз айдап өтүп сатууга аракет кылган адам кармалды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Өзбекстанга 78 баш майда жандыкты мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Аксы районундагы Ак-Дөбө айылынын 1998-жылы туулган тургуну А. у. Н. чек арадан айдап өтүүгө аракет кылган малдын болжолдуу баасы 780 миң сомду түзгөн.

Чек арачылар тиешелүү документтерди толтургандан кийин кармалган адам менен ал айдап өтүүгө аракет кылган малды андан аркы териштирүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүп беришти.

24-июлда Аксы районунда Өзбекстанга 36 баш майда жандыкты мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган үч киши кармалганы кабарланган.

Анжиянда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелери макулдашылды

Үстүбүздөгү жылдын 4-8-июлуна чейин Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдашты.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын Мамлекеттик Коопсуздук Кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов чек арадагы макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты

Бүгүн, 2022-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев менен Өзбек Республикасынын Мамлекеттик Коопсуздук Кызматынын төрагасы генерал-лейтенант Абдусалом Азизов жолугушту. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Эки өлкөнүн атайын кызматынын төрагалары биргеликте Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара тилкесиндеги макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты.

Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашты. Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо жараянын баштады

5-7-май күндөрү Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун алгачкы жолугушуусу өтүп, анда демаркацияны жөнгө салуучу документтин долбоору талкууланды.

Маалыматка ылайык, жумушчу топтор кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерди макулдашуу үчүн жолугушкан. Жыйынтыгында чек араны демаркациялоонун ченемдик-техникалык документинин долбоорун макулдашты.

Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев такталган аймактарга белги орнотуу иштери жайында башталарын маалымдады.

“Делимитация болгон чек араны демаркациялоо боюнча биринчи жолугушуу өттү. Бул деген сөз жайында чек ара сызыктарына казык кагып, белгилөө деп түшүнсөк болот. Такталган аймактарга чыгып белгилөө башталат. Калган такталбаган сызыктар боюнча эми сүйлөшүү жүрөт”.

Бөрүбаев чек арадагы кайсы аймактарды чек ара белгилери коюларын тактаган жок. Анын айтымында, кийинки жолугушуу Өзбекстанда өтөт. Кыргызстан Өзбекстан менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары аркылуу чектешет. Эки өлкө ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзүп, 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде анын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% такталган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы март айындагы Өзбекстанга мамлекеттик сапарында өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен чек арадагы негизги маселелерди үч айлык мөөнөттө чечүүнү макулдашкан.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бул сапардын жыйынтыгында “кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилип, эми расмий бекитүү гана калганын” маалымдаган эле.

Бирок кыргыз бийлигинин Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу позициясы социалдык тармактарда сынга кабылып, Оштун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда жергиликтүү тургундардын катуу нааразычылыгы менен коштолгон. Ошондон кийин расмий Бишкек Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү макулдашуусунан баш тартарын жарыялаган.

Эки өлкө башчылар чек араны тез арада чечебиз деп айткан бир жылдан бери эки тараптан тең жергиликтүү эл чогулуп, бир-эки жолу майда түшүнбөстүктөр орун алды.

5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 48 жаштагы тургуну, 22-24 жаштардагы эки баласы менен өзбек чек арачыларынын огуна каза тапты. Бир ай мурун, 5-апрелде да өзбек аскерлеринин огунан кыргызстандык эки бир туугандын өмүрү кыйылган. Өзбек тарап алар мыйзамсыз жүк өткөрүүгө аракет кылган деп түшүндүрүүдө. Акыркы жылдары өзбек-кыргыз чек арасында ок атылган, адам өмүрү кыйылган кырдаал орун алган эмес.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуяда ок атылып, эки киши каза болду

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы куралдуу чыр-чатакта эки адам көз жумду. Окуя 5-апрелде кечке жуук болгонун Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Каза болгондордун бири 37, экинчиси 31 жашта. Алар Өзбекстанда туулуп өскөнү, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганы, өзбек паспортун да сактап жүрүшкөнү кабарланды.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында бир нече кыргыз жараны атчан Өзбекстандын аймагына жүк алып өтүүгө аракет кылып, кошуна өлкөнүн аймагына 500 метр киргени аныкталган. Өзбек чек арачыларынын токтотуу талабына баш ийбей, аларды кармоо учурунда чыр чыккан.

“Өзбек чек арачылары өз өмүрүн жана саламаттыгын сактап калуу үчүн курал колдонуп, эки жаран каза болгон. Калгандары Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн”, – деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Өзбек чек арачылары алар жалпы суммасы 20 000 АКШ долларынан ашык жүктү аткезчилик менен алып өтүүгө аракет кылышканын маалымдаган.

Окуя болгон жерде эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугуп, кырдаалды талкуулашты. Жыйынтыгында ар бир тарап өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болду.

Жалал-Абад облустук администрациясы каза болгон жарандардын сөөгү Маданият өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга алып келинерин кабарлады.

Өзбекстан азырынча расмий маалымат тарата элек.

УКМК: Өзбек жарандарынын кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз текшерүүгө жана чек арачылардын опузасына кабылып жатабыз деген билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт

Өзбек жарандарынын кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз текшерүүгө жана чек арачылардын опузасына кабылып жатабыз деген билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 31-июлда билдирди.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда тарап жаткан кайрылуулардын негизинде тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында айтылгандар тастыкталган эмес.

Чек ара кызматы 2021-жылдын июнь айындагы буйрукка ылайык, кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандар чек арадан өтүүдө санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын же COVID-19га каршы эмдөө сертификатын көрсөтүшү керек экенин маалымдайт.

Ошол эле учурда, акыркы убакта жасалма маалымкат менен чек арадан өтүү аракеттери көбөйгөндүгү айтылат.

Буга чейин өзбекстандык жарандар чек арадан өтүүдө негизсиз текшерүү көп болуп жатат деген нааразылыктарын билдиришкен.

Меню