Menu

Көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ)

Министрлер кабинети базарда ККМ колдонуу мөөнөтүн жылдыруусу мүмкүн

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда ишкерлерге 10 миңдей көзөмөл-кассалык аппараттары (ККМ) бекер таратылып жатканын, дагы 20 миң ККМди сатып алууга акча бөлүнгөнүн билдирди.

Бул тууралуу ал “Ала-Тоо 24” телеканалына салык саясаты боюнча берген маегинде айтты.

“Биз базарда иштегендерге 1-апрелге чейин көзөмөл-кассалык аппараттарды койбой эле койгула деп уруксат бергенбиз. Керек болсо аны жылдыруу мүмкүнчүлүгүн да карайбыз. Бирок бир жылда эмне иш жасалды көрүшүбүз керек. Базардын ээлери, ал жакта иштегендер менен сүйлөшкөм. Силер товарды кимден алып атасыңар айткылачы, андан башка эч нерсе сурабайбыз деп атабыз. Бизде товар ташыган 400гө жакын чоң-чоң компаниялар бар. Алар мурда 1,5-2 млрд. сом патентке төлөчү. Товарды кимге саттың деп сурасак эле баарын патентке берип салганын айтышчу. Ошентип алар 72 млрд. сомду патентке чыгарып коюп салык алынбай калчу. Биз азыр базардагылардан электрондук эсеп фактураны колдонуп товарды кимден алдыңар көрсөтүп койгула деп атабыз”.

Базарларда, жармаңкелерде жана көргөзмөлөрдө соода кылгандар 1-апрелге чейин ККМ колдонбой, патенттин негизинде иштесе болот. Салык кызматынын эсебинде, өлкөдө ККМ колдонушу зарыл болгон ишкерлердин саны 100 миңден ашат. Бул бизнесмендердин ишине жараша бир аз азайып же көбөйүп турат.

Бул аппаратты милдеттүү коюу талабы ишкерлердин нааразылыгы менен коштолуп келет. Бишкектеги, аймактардагы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү ага каршы бир нече жолу акцияга чыгышкан. Расмий маалымат боюнча, ушу тапта 65 миңден ашык ишкер ККМ колдонуп жатат. 2022-жылы ККМге өткөн ишкерлер дээрлик үч эсеге көбөйгөн.

Андан тышкары быйыл 1-январдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү болушу шарт, буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТН) – бул жөнөкөй тил менен айтканда товарларды жөнөтүүчү, алуучу тарап жана жеткирген автоунаа жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук документ. Бул да ишкерлердин нааразылыгын жаратты.

Жарым жылда көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонгон компаниялардын кирешеси эки эседен көп өстү

Кыргызстанда акыркы алты айдын ичинде көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонгон компаниялардын кирешеси эки эседен көп өстү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында ККМ колдонгон компаниялардын кирешеси 698,1 миллиард сомду түздү. Бул өткөн жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 351,8 миллиард сомго көп.

Салык кызматынан белгилешкендей, 2022-жылдын башынан бери 20 миңден ашык ишкердик субъект ККМ колдоно баштап, алардын жалпы саны 52 миңден ашты.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъекттери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап быйыл 1-августтан тартып коюла баштады.

Өкмөттүн соода жайларында ККМ киргизүү аракети ишкерлердин каршылыгын жаратып, жер-жерлерде нааразылык акциялары өткөн. 28-июлда президент Садыр Жапаров чакан жана орто ишкерликти колдоо тууралуу жарлыкка кол коюп, өкмөткө ККМ боюнча айыппул өлчөмүн жана бирдиктүү салык ченин төмөндөтүү чараларын көрүүнү тапшырды.

Кыргызстанда бизнестин айрым түрлөрүн салыктан бошотуу каралууда

Үй-бүлө мүчөлөрү чогуу жүргүзгөн чакан жана орто бизнестин жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпеген өкүлдөрүн салык төлөөдөн бошотуу каралууда.

Мындай чечим көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) системасын киргизүү маселесин талкуулоо үчүн түзүлгөн жумуш тобунун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы 26-июнда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, анда ККМ боюнча талап коюу менен катар ишкерлер үчүн эң ийкемдүү шарттар түзүлөрү, алардын арасында маалымдап түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги, себеби көпчүлүгү аппараттарды кантип иштетүүнү түшүнбөй жатышканы айтылды.

Акылбек Жапаров алкоголдук ичимдиктерди, курамында алтыны бар продукцияларды, мунай азыктарын сатуу менен алектенген ишкерлер ККМ аппаратын сөзсүз колдонушу жана эсеп-фактура менен иштөөсү керек болорун баса белгиледи.

Өкмөт ККМ системасын милдеттүү түрдө киргизүү аракетин көрүүдө. Бирок буга каршы ишкерлер бир топтон бери түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатышат. Алардын талаптарын талкуулоо үчүн курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын жана ККМди милдеттүү түрдө киргизүүгө каршы чыккан ишкерлердин өкүлдөрү кирген жумуш тобу түзүлгөн. Топтун кезектеги жыйыны бир жумадан кийин өтөрү кабарланды.

Меню