Menu

Марат Иманкулов

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын кеңейтилген отуруму болду

Бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын кеңейтилген отуруму өттү.

Жыйынга ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Башкы прокурор Курманкул Зулушев катышты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы 28-ноябрга пландалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өзгөчө болорун белгиледи. Анткени, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгында биринчи жолу шайлоо жараяны мыйзамдуу, таза жана ачык-айкын өтөт.

Марат Иманкулов Кыргызстанда адилетсиз шайлоолорду өткөрүү үч жолу массалык толкундоолорго алып келгенин эске салды. Ал массалык түрдө административдик ресурс жана шайлоочуларды сатып алуу колдонулган өткөн жылдын октябрындагы шайлоо кампаниясын мисал катары келтирди. «Бул шылтоо болду. Чындыгында толкундоолорго себептер көп эле. Бул экономикалык кризис, пандемия, жакырчылык. Бул көйгөйлөр үйүлүп калган, анын үстүнө шайлоо маалында мамлекеттик органдар шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол берип, шылтоого жол беришти», — деди ал.

Коопсуздук Кеңештин катчысы шайлоонун жүрүшүндө бир нече жылдан бери аныкталган мыйзам бузуулар улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү факторго айланганын баса белгиледи.

«Эгер мындан ары да ушундай жол менен кетип, шайлоо маалында мыйзамдуулукту камсыздабасак, анда түз эле туңгуюкка кептелебиз. Андыктан биз бул шайлоолорду сөз менен эмес, иш жүзүндө таза жана адилеттүү өткөрүүдөбүз», — деп түшүндүрдү ал.

Марат Иманкулов бул шайлоо жараянынын учурунда негативдүү көрүнүштөрдү сезилерлик төмөндөтүүгө мүмкүн болгонуна көңүл бурду. «Бүгүнкү күндө коркунучтуу жана токтоосуз түрдө Президенттин же Министрлер Кабинетинин кийлигишүүсүн талап кылган көрүнүштөр жок», — деди ал.

Мындан сырткары, Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгында жана Республикалык штабдын талаптарында мамлекеттик органдарга мыйзамдарды так сактоо жана буйруктарды кынтыксыз аткаруу боюнча так тапшырмалар берилгенин эске салды.

Жыйында ошондой эле Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, Саламаттыкты сактоо, Энергетика, Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин, ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин парламенттик шайлоого даярдыктары тууралуу баяндамалары угулду.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине КР Президентинин «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык тийиштүү тапшырмалар берилди.

Генералдык наамдарды ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Жарлыктарга ылайык:

  • Иманкулов Марат Мукановичке генерал-лейтенант наамы берилди;
  • Өмүралиев Таалайбек Барыктабасовичке – генерал-лейтенант наамы берилди;
  • Бекболотов Бакытбек Асанкалиевичке – генерал-майор наамы берилди;
  • Шаршеев Уларбек Зарлыковичке – генерал-майор наамы берилди.
Меню