Menu

Министрлер кабинети

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү ант беришти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү ант беришти.

Кыргыз Республикасынын эли, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын алдында төмөнкүлөр ант беришти:

Акылбек Жапаров — Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси;

Арзыбек Кожошев — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;

Азиз Аалиев — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

Эдиль Байсалов— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

Камчыбек Ташиев — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Алмаз Бакетаев – финансы министри;

Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;

Бактыбек Бекболотов — коргоо министри;

Аяз Баетов — юстиция министри;

Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо министри;

Болотбек Купешев — билим берүү жана илим министри;

Азамат Жаманкулов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Кудайберген Базарбаев — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;

Бообек Ажикеев — өзгөчө кырдаалдар министри;

Улан Ниязбеков — ички иштер министри;

Эркинбек Осоев —транспорт жана коммуникациялар министри;

Доскул Бекмурзаев — энергетика министри;

Аскар Жаныбеков — айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;

Динара Кутманова — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев чет элдик командировкада болгондугуна байланыштуу ант берүү аземине катыша алган жок.

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууга киришүү алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жана парламент депутаттарынын катышуусунда ант беришет.

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин азыркы курамы отставкага кетирилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат.

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам аткаруу бийлик органдарынын системасын аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишин калыптандыруу жана уюштуруу тартибин, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн укуктарын, милдеттерин, жоопкерчиликтерин жана ошондой эле кепилдиктерин жөнгө салат.

Мыйзамда Министрлер Кабинетинин курамын түзүү, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн бош кызмат орундарына дайындоо жол-жобосу көрсөтүлгөн.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөсү, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчиси кызматына талапкерлер үчүн төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат: жогорку билимдүү, ошондой эле мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жалпысынан 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда же 10 жылдан кем эмес тиешелүү тармактарда тажрыйбасы болушу зарыл. Талапкерлер квалификациялык талаптардан сырткары, Кыргыз Республикасынын жараны болуп, башка мамлекеттин жарандыгы жок жана соттолбогон болушу керек.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесин ишке ашыруу алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошол эле учурда Президенттин Администрациясынын Жетекчиси болору мыйзам менен аныкталат.

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери үчүн бир катар чектөөлөр белгиленген. Тактап айтканда, дайындалган жооптуу кызматкерлер ишкердик менен алектенүүгө, референдум учурунда (шайлоо кампанияларында) административдик ресурстарды колдонууга ж.б. укугу жок. Мындан сырткары, Министрлер Кабинетинин мүчөсү кызматына киришип жатып жеке (өз) кызыкчылыктары тууралуу декларациясын Министрлер Кабинетинин Төрагасына берүүгө тийиш.

Мыйзамда ошондой эле Министрлер Кабинетинин же анын айрым мүчөсүнүн кызматтан кетүү маселелери жөнгө салынган. Алсак, Министрлер Кабинетинин мүчөсү кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Отставка Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат. Аны менен бирге, Президент өз демилгеси менен же Жогорку Кеңештин, же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен Министрлер Кабинетинин Төрагасын же Министрлер Кабинетинин башка мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу укугуна ээ.

Мындан тышкары, мыйзамда Министрлер Кабинетинин мүчөсү кызматынан бошотулушу мүмкүн болгон негиздер каралган.

Бир эле учурда, мыйзам менен Министрлер Кабинетинин, анын ичинде жогорку коллегиалдуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүгүн уюштуруу,  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле бардыгы биригип аткаруу бийлик органдарынын системасын түзгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын укуктары аныкталат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыйзамдарды демилгелөө укугуна ээ болгондуктан, Министрлер Кабинети ченем жаратуучу орган болгондуктан, мыйзамда Министрлер Кабинетинин мыйзам чыгаруу ишине катышуусун аныктоочу укуктук ченемдер каралган.

Бул конституциялык мыйзам бүгүнтөн баштап күчүнө кирет, андан кийин Мамлекет башчысы тарабынан Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы аныкталып, талапкерлер макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилет.

Белгилей кетсек, акыркы айларда аталган конституциялык мыйзамдын тегерегинде талкуулар жүргүзүлдү. Ага кол коюлгандан кийин, 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган өлкөнүн жаңы Конституциясына ылайык, Министрлер Кабинети толугу менен иштеп баштайт.

Министрлер Кабинетинде Афганистандын Кичи Памириндеги этностук кыргыздардын абалы боюнча кеңешме өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова афган-тажик мамлекеттик чек арасынан өтүп, Тажикстан Республикасынын аймагында убактылуу жайгашкан Афганистандын Кичи Памириндеги этностук кыргыздардын абалы боюнча кеңешме өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматтары угулду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасынын Өкмөтү жана БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгы менен биргеликте афгандык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын аймагына эвакуациялоо боюнча тийиштүү иш алып барууда. Кыргыз Республикасы аларды кабыл алууга даяр.

Кеңешменин жыйынтыгында компетенттүү мамлекеттик органдарга этностук кыргыздарды эвакуациялоо, көчүрүү үчүн жерди даярдоо, зарыл инфраструктураны түзүү, аларга медициналык, социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралардын жыйындысын иштеп чыгуу тапшырылды.

Тышкы иштер министрлигине этникалык кыргыздарга «Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык гуманитардык уюмунун линиясы аркылуу медициналык жардам көрсөтүү маселелесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын бекитти

Кыргыз Республикасынын жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын бекитти.

Чечимге ылайык, “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планы бекитилип, аталган программанын катышуучуларын тандоо тартиби аныкталды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак-жай 2015–2020»  программасынын катышуучуларынын тизмеси  Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак-жай программасынын катышуучуларынын тизмесине киргизилген.

Чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Чечимдин толук тексти менен бул шилтеме боюнча таанышууга болот.

Министрлер кабинети "Мегаком" менен "Керемет банкты" сатууну сунуштады

Министрлер кабинети “Мегаком” бренди менен белгилүү “Альфа Телеком” мамлекеттик компаниясын (100% акциясын), Кепилдик фондду (14,9%), “Керемет банкты” (0,74%) жана Евразиялык сактык банкын (76,56%) сатууну сунуштап жатат.

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлү Замир Бугубаев түшүндүрмө берди. Анын сөзүнө караганда, Жогорку Кеңеш 2020-жылы 25-июнда 2020-2022-жылдары сатыла турчу 25 мамлекеттик объекти боюнча программаны бекитип, токтом кабыл алган. Ошол долбоорго жогорудагы төрт объектини кошуу сунушу берилди.

“Мамлекеттин менчигинде турган мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына ылайык жүзөгө ашырылат.”, – деди Замир Бугубаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Министрлер кабинети “Мегакомду”, Кепилдик фондду, “Керемет банкты” жана Евразиялык сактык банкын сатуу сунушун бергенин билдирген. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Мегакомду” сатууга каршы чыкканын жазган.

Президент Садыр Жапаров 5-майда мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, жеке менчикке өткөрүү зарыл экенин айткан. Ал менчиктештирүү иши аяктаган соң Мамлекеттик мүлк фонду жоюларын билдирген.

Кыргыз өкмөтү “Мегаком” ишканасын бир нече жылдан бери сатууга аракет кылып келет. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.

Меню