Menu

Ооганстан

Казакстан Кабулдан 41 кишини эвакуациялады, арасында бир кыргызстандык бар

9-сентябрь күнү кечинде Казакстандын Коргоо министрлигинин учагы Ооганстандан 41 адамды Алматыга алып келди. Бул тууралуу казак Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Кабулдан 35 ооганстандык казак, төрт казак жараны, Кыргызстандын бир жараны жана Казакстанда туруктуу жашаган бир ооганстандык алып келинди.

Бүгүнкү күндө талибдер басып алган Ооганстанда дагы жүздөгөн казак бар. Алар өздөрүн тарыхый мекенине алып кетүү өтүнүчү менен Нур-Султанга кайрылууда.

Августта Кыргызстан ТИМи Казакстан Кабулдан 15 кыргызстандыкты алып келүүгө жардам бергенин билдирген. Ага чейин мекеме Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу бул өлкөдөн тогуз кыргыз жараны мекенине жеткирилгенин кабарлаган. Азырынча Ооганстанда Кыргызстандын канча жараны бар экени жана алардын канчасы эвакуацияланганы боюнча так маалымат жок.

Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы казактарды тарыхый журтуна кайтарууга байланыштуу иш-аракеттер башталганын, бирок ооган жергесиндеги саясий-аскердик кырдаалдан улам аларды алып келүүнүн так мөөнөтү белгисиз экенин билдирген эле.

“Талибан” радикал кыймылы 15-августта Кабулду басып алгандан кийин казак бийлиги Ооганстанда 15 этникалык казак үй-бүлөсү бар экенин, алардын жалпы саны 200гө жакындай турганын маалымдаган. Бирок Ооганстандагы этникалык казактар бул сан алда канча көп экенин айтып келишет.

"Талибан" Ооганстандагы өкмөттүн жаңы курамын жарыялады

Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” радикал кыймылы өлкөнүн жаңы өкмөтүнүн курамын жарыялады. Бул тууралуу Пакистандагы Dawn гезити кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Ооганстандын башкы жетекчиси болуп кыймылдын 60 жаштагы башчысы Хайбатулла Ахундзада, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кызматына буга чейин “Талибандын” Башкаруу кеңешин жетектеген Мохаммад Хасан Ахунд аттуу молдо дайындалды.

Мындан тышкары өлкөдөгү дээрлик бардык негизги министрликтер “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлгөн. Алсак, чалгындоо министри болуп 12 жыл Кубадагы америкалык Гуантанамо түрмөсүндө отуруп чыккан Абдул Хак Васик, ИИМдин башчылыгына талибчил “Хаккани түйүнү” тобунун негиздөөчүсүнүн уулу Сиражуддин Хаккани, коргоо министри болуп “Талибандын” негиздөөчүсүнүн уулу Мухаммад Якуб Муждахид жана экономика министри болуп өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар дайындалган.

Августтун ортосунда талибдер дээрлик эч кандай каршылыксыз эле өлкөнүн баш калаасы Кабул шаарын ээлеп алган. Ага чейин “Талибан” өлкө бийлиги менен коалициялык өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Бийликти басып алгандан кийин кыймылдын өкүлдөрү коалиция түзүүгө муктаж эмес экенин жарыялап, өкмөттү өз алдынча түзө тургандыктарын билдиришкен.

Батыш өлкөлөрү талибдерди Ооганстандын мыйзамдуу бийлиги катары тааныган жок. Дүйшөмбү күнү АКШнын президенти Жо Байден “Талибан” кыймылы эл аралык деңгээлде таанылуу үчүн узак жолду басып өтүшү керек экенин белгилеген.

Талибдер Ооганстанды 1996-жылдан 2001-жылга чейин башкарып, өлкөнү ислам эмираты деп жарыялаган. Анда алардын өкмөтүн иш жүзүндө үч гана өлкө — Пакистан, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары тааныган.

Орусиянын бийлиги “Талибан” өлкөдө террордук уюм деп таанылганына карабастан, алар менен кызматташууга даяр экенин билдирип келет.

Эмомали Рахмон Ооганстандагы тажиктерге болушту

Тажикстандын президенти  Ооганстанда бардык элдер менен этникалык топтордун кызыкчылыгын камтыган инклюзивдүү өкмөт түзүлөрүнө үмүт арта. Бул тууралуу ал Дүйшөмбүдө Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайшини кабыл алган учурда айтты.

Тажик президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Рахмон Ооганстандын жаңы өкмөтүн түзүүдө бардык элдердин, өзгөчө, өлкө калкынын 46% түзгөн ооган тажиктеринин кызыкчылыгын эске алуу зарыл деп эсептейт.

Ошол эле кезде расмий Дүйшөмбү талибдер тарабынан тажиктерге, өзбектерге жана башка Ооганстандагы улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө карата жасалып жаткан зомбулуктарды айыптай турганын билдирди.

Анын айтымында, Ооганстандагы мамлекеттик түзүлүш бардык жарандардын көз караштарын эске алуу менен аныкталууга тийиш.

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши Исламабад дагы Ооганстанда инклюзивдүү өкмөт түзүүнү жактай турганын айтып, бардык элдердин өкүлдөрүн буга активдүү катышууга чакырды.

Анын айтымында, Ооганстандагы улам өзгөрүлүп турган азыркы кырдаал келечекте анын жакынкы кошуналарына олуттуу таасир этиши мүмкүн.

«Ооганстандагы тынчтык жана туруктуулук жалпы чөлкөмдөгү коопсуздукка көмөк көрсөтүшү мүмкүн. Ошондуктан негизги максат – бардык кызыкдар тараптар Ооганстандын болочогун биргеликте карап, талкуулашы зарыл», — деп белгиледи Курайши.

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши Тажикстандабир күндүк расмий сапар менен болду.

Иманкадыр Рысалиев, саясатчы: Ооганстанда Талибан жеңди, эми эмне болот?

Бүгүнкү күндөрдө бүт дүйнө жүзү америкалыктардын Афганистандан уят болуп качып чыкканын көрүп турду. Жыйырма жыл бою Америка Талибанды жеңүү аракетинде болду, жыйырма жыл алар афган мамлекетин жана армияны Америкалык стандарт менен курду, бирок жыйынтыгында эмне тапты? Алар курган Марионетка өкмөт бат эле кулап түштү…

Дүйнө коомунун алдында көптөгөн төмөнкүдөй суроолор жаралууда:

  • Эмнеге бул окуялар тез арада болуп кетти? Америкалык салык төлөөчүлөрдүн үч триллиондон ашык доллары кантип жана каяка сарпталды. Ал эми Американын өзүндө конгрессмендер бул суроону башкача коюшууда… Американын салык төлөөчүлөрүнүн акчалары ким тарабынан, кантип жана качан уурдалды?! Бул маселе биздин Кумтөр сыяктуу көпкө чейинки талаш-тартыштын себепкери болот.
  • Эмне үчүн дал ушул жалгыз Талибан кыймылы ооган жерин америкалык оккупациядан бошотуучу боло алды?
  • Эмне үчүн Афганистандын калкынын көпчүлүгү каттуу Ислам тартибин кармаган Талибанга колдоо көрсөтүүдө?
  • Талибан мурдагыдай эле аялдырдын билим алуусуна жана алардын үйдөн эркек адамсыз, паранжасыз чыгуусуна тыйуу салабы?
  • Негизи эле эркиндикти сүйгөн Афганистанда Ислам эмираты деген түшүнүк иш жүзүндө эмнени билдирет?
  • Талибан Орто Азия өлкөлөрүнө курал менен кирип келбейт, бирок Орто Азиянын жана Россиянын мусулмандарына өз идеологиясын жайылтууга аларга ким тоскоолдук кылат?
  • Эмне үчүн дүйнөлүк гегемондун ролун аткаргысы келген Америка жыйырма жыл бою диний Талибанды жеңе алган жок?

 Ушул сыяктуу суроолорго толук жана акыркы жоопторду дүйнө жүзү жакынкы убактарда алат…  Бирок бүгүн эле буларга айкын жооптор бар десек болот:

  • Америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчаларын башаламан сарптаган афган марионеткалык режиминин, ошондой эле Америкалыктардын өзүнүн ичиндеги жедеп жайылып кеткен коррупция, алардын согушта утулганы, бийликке жана окупанттарга афган элинин нааразычылыгы.
  • Караламан калктын жашоосу акыркы 20 жылда жакшырган жок, бийликтегилердин жана саясатчылардын аз гана тобу байып, акчаларын Афганистандан чыгарып кетишти.
  • Талибандын идеологиясы Рахмондун жана диктатор Түркмөнбашынын үй бүлөөлүк, кландык режимдерине эң чоң коркунуч келтирет. Эч бир армия диктаторлорду адилеттүү бийликке зар болгон калкынын нааразычылыгынан сактап кала албайт.
  • Азыркы кыргыз бийлигиндегилер жөнөкөй бир чындыкты түшүнүп алуусу кажет – Тажикстан буфер катары бизди Талибандан сактап бере албайт, эртең эле тажик Талибаны биздин чек араларга жетип калышы мүмкүн…
  • Мына ушул биз үчүн эң чоң коркунуч, мындан бизди куралданган эл гана сактап кала алат, бирок эл дагы да болсо өкмөтүнө ишенип отурат.
  • Баткен облусунан аскердик кызматка чакырыла турган Эр азаматтардын бардыгы кыргыз-тажик чек арасына, өз айылдарында кызмат өтөөгө жөнөтүү, мөөнөтү аяктаган соң контракттык негизде кызматын улантуу маселелеринин үстүнөн бүгүндөн баштап иштөө зарыл. Чек арадагы коргонуу отряддары заманбап курал-жарактар менен камсыздалышы керек.
  • Үч революцияны баштан өткөргөн кыргыз эли кошуна мамлекеттерге караганда элге курал берүүдөн коркпойбуз, биз ушунубуз менен күчтүүбүз.
  • Бийликтегилер элибиздин бийликтин адилеттүүлүгүнө жана тазалыгына болгон ишенимин сактоосу зарыл… Эгерде бул ишенимди жоготуп алса, анда муну менен Кыргызстандын эртеңки жаркын келечегине болгон ишенимин жоготот, анан өлкөбүздүн афгандашып кетүүсүнөн сактоого кепилдик жоголот.

Иманкадыр Рысалиев, экс-министр

2021-жыл 17-август.

Талибдер ооган аткаминерлерине жалпы мунапыс жарыялоого убада берди

“Талибан” кыймылы Ооганстандын өкмөттүк аткаминерлери үчүн жалпы мунапыс жарыялоого убада берип, мамлекеттик кызматтардын ишин жандандырууга чакырды. Бул тууралуу AFP агенттиги талибдердин өкүлүнүн билдирүүлөрүнө таянуу менен билдирди.

“Кадимки жашоого ишенимдүү кайтуу үчүн баардыгы үчүн жалпы мунапыс жарыяланды… ”, – деп айтылат талибдердин билдирүүсүндө.

“Талибан” кыймылынын жоочулары Ооганстан борборуна 15-августта кирип келип, өлкөдө 20 жылдык согуш аяктаганын жарыялашкан. Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусия өкүлдөрү талибдер менен сүйлөшүү өткөрдү

Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусия дипломаттарынан турган делегациялар Катарда талибдердин саясий маселелер боюнча комиссиясынын башчысы менен сүйлөшүү жүргүзүштү.

Талибдер Ооганстандагы көп жерлерди басып алып жаткандыктан, чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн тынчсыздануусу күчөдү.

12-августта “Талибан” кыймылынын лидерлеринин бири Абдул Гани Барадар Ооганстандагы жагдайды талкуулоо максатында Катарда Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хажиев жана Өзбекстан президентинин Ооганстандагы чабарманы Исматулла Иргашев менен жолукту.

Маалыматка караганда, жолугушуу учурунда аймактагы маселелер, анын ичинде Ооганстан менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода алакалары талкууланды.

Бул арада Барадар Орусия президентинин Ооганстандагы атайын өкүлү Замир Кабулов менен да сүйлөшкөнү белгилүү болду.

“Талибан” кыймылы эки күндөн берки өкмөттүн аскерлер менен айыгышкан салгылаштын жыйынтыгында 12-августта кечке жуук Ооганстандагы экинчи жана үчүнчү ири шаарлар Герат менен Кандагарды өз көзөмөлүнө өткөрүп алганын жарыялады.

Бирок бул маалыматты расмий Кабул азырынча ырастай элек.

 

Сергей Шойгу: талибдер коңшу өлкөлөргө чабуул жасабоого убада берген

Талибан Ооганстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарын көзөмөлгө алды, бирок коңшу өлкөлөргө кол салбоого убада берди.

Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Жалпы орусиялык жаштардын билим берүү форумуна катышып жатып билдирди.

Шойгунун айтымында, талибдер деструктивдүү аракеттерге барып чек арадан өтпөй турганын жана коңшу райондорго чабуул жасабастыгын билдирген.

Ал талибдер жакында Кундузду көзөмөлгө алганын эске салып, Орусия Ооганстандан келе турган коркунучтарга даяр болуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө армияны күчтөндүрүүгө жардам берип жатканын белгиледи.

«Ооганстандан келген коркунучтар бул – маңзат трафиги, бул – террорчулардын биздин өлкөгө Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу кирүүсү. Ошондуктан биздин кесиптештерибиздин, союздаштарыбыздын, ЖККУ боюнча өнөктөштөрүбүздүн буга даяр болушу – биз үчүн өтө маанилүү. Бул үчүн биз баарын жасап жатабыз», – деди Сергей Шойгу.

Буга чейин талибдер Ооганстандын алты провинциясынын борборлорун басып алганы кабарланган.

Тажикстан 100дөн ашуун ооган аскери талибдер менен салгылашууда тажик аймагына чегингенин тастыктады

Кундуз провинциясында “Талибан” кыймылынын жоочулары менен салгылышкан 100дөн ашуун ооган өкмөтүнүн аскерлери тажик аймагына чегинди. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

“22-июнда саат 09:00гө чейин уланган кагылышуунун жыйынтыгында Ооганстан Ислам Республикасынын 134 аскер кызматкери Тажикстандын “Паянж” чек ара бөлүгүнүн 3-4-тозоттору аркылуу чегинүүгө аргасыз болушту” деп айтылат билдирүүдө.

Мекеменин маалыматына караганда, тажик чек арачылары “гуманизим жана ынак коңшулук принциптерине таянуу менен ооган аскерлеринин Тажикстан аймагы аркылуу тоскоолдуксуз өтүшүнө уруксат берген”.

Соңку он суткадан бери Ооганстандын Тажикстан менен чектеш төрт провинциясында өкмөттүк аскерлер менен “Талибан” кыймылы салгылашууда. Натыйжада талибдер бир нече районду өзүнө каратып алды. БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайнс 22-июнда билдиргендей, талибдер май айынан бери 370 райондун 50дөн ашуунун көзөмөлдөп калышты. Дипломат муну менен кошуна өлкөлөрдүн коопсуздугуна да коркунуч пайда болгонун белгиледи.

Ушул тапта Тажикстан менен чектеш Ооганстандын Бадахшан провинциясынын үч ири калктуу конушунда катуу салгылашуу болуп жатат. Буга байланыштуу Тажикстан качкындардын агымына даярданууда. Буга чейин Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун башчысы Ёдгор Файзов чукул жыйын өткөрүп, 5-10 миң бозгунду кабыл алууга даяр экенин айткан. Ошол эле маалда ал алардын саны 30 миң кишиге чейин жетиши ыктымал экенинен кооптонгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню