Menu

Паракорлор

УКМК: Сокулук райондук милициянын тергөөчүсү $5000 пара талап кылып, анын 100.000 сомун алып жатканда кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Чүй облусунун Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Д.К.Д. КР М.Д.О. аттуу жаранынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталды.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ноокат райондук милициясынын тергөөчүсү опузалап, 50.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ноокат РИИБдин тергөөчүсү А.у.Т. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган кызматкер кылмыш жазасы менен коркутуп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын токтотуп берүү үчүн арыз ээсинен 100 000 сом талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду.

Кармалган кызматкер козголгон иштин алкагында соттун чечими менен үстүбүздөгү жылдын 12-июнуна чейин камакка алынып, Ош шаарынын №5-тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Свердлов РИИБдин тергөөчүсү кылмыш ишти токтотуп берүү үчүн опузалап, 100.000 сом пара алып аткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында, опузалап пара талап кылган Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин тергөөчүсүнө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 

2023-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын иш бөлмөсүндө алып жаткан жеринен тергөөчү Ж.А.Т. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ж.А.Т. кылмыш ишин тергөөдө, жеке баюу максатында, жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды. 

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешелүү кызмат адамдарын жана ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Баткенде жакын тууганына карата козголгон кылмыш ишин жаап бер деп коопсуздук кызматкерине $35.000 пара берип жаткан жаран кармалды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен РИИБ ​​менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 35 миң АКШ доллары (3 059 700 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен 1987-жылы туулган О.И. аттуу Баткен районунун тургунун кармады. 

Аталган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине анын мурда аткезчилик менен кармалган жакын тууганына карата кылмыш ишин тергөө жана токтотууга жардам берүү үчүн пара берүүгө аракет кылган.  

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"Коррупцияга каршы элдик кызмат" коомдук бирикмесинин төрагасы 100.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМнин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Октябрь райондук ИИБ ТКнын өндүрүшүндө турган кылмыш иши боюнча ар кандай маселелерди “чечип берем” деген шылтоо менен өзүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын биринин кызматкери катары көрсөтүп, өзүнө ишенген жарандарды адаштырып, өзүнө пайда көрүү максатында Бишкек шаарынын бир жаранынан опузалап 100 миң сом алып аткан жеринен “Коррупцияга каршы элдик кызмат” коомдук бирикмесинин төрагасы Э.У.Т. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Э.У.Т. буга чейин 200 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алгандыгы жана кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартуу боюнча көмөк көрсөткөндүгү үчүн кошумча 4 000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Аксы районунун РЭСинин кассир-текшерүүчүсү абонентти коркутуп, 18.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Аксы районунун РЭСинин системалуу түрдө, пара опузалоо фактысы аныкталды. Ыкчам-тергөө амалдарынын жыйынтыгында Аксы районунун РЭСинин кассир-текшерүүчүсү 1997 жылы туулган Т.А.А. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аксы районун тургуну А.Э.А.нын электр-эсептегичти алмаштырбагандыгы үчүн административдик жоопко тартуу менен коркутуп, мыйзамсыз пара катары сыйлык алуу фактысы аныкталды.

Аталган факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси боюнча (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) Кылмыштардын бирдиктуу реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына катталып, анын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 2023-жылдын 25-мартында Т.А.А. 18 мин сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. 

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат.

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы жарандарды ушул сыяктуу фактылар жана башка укук бузуулар боюнча маалыматы болсо (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 телефону аркылуу Башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт.

УКМК: Жалал-Абад курортунун директорунун орун басары бейтаптардан пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (Опузалап пара талап кылуу) фактысынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогоруда аталган мекеменин директорунун дарылоо бөлүмү боюнча орун басары А.М.С. Жалал-Абад санаториясынын бейтаптарынан акча талап кылып алып жаткан жеринен кармалган.

Такталгандай, кармалган А.М.С. иш жүзүндө бекер бериле турган жана санаторийдин медициналык процедураларынын милдеттүү прейскурантына киргизип, дарыланып жаткандардан кошумча медициналык процедураларды санаториялык китепке киргизүү үчүн акча талап кылуу менен системалуу түрдө алектенип жүргөндүгү аныкталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

УКМК: "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан органдардын ишиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба Мамлекеттик архитектура агенттигинин жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин айрым кызмат адамдары тарабынан туруктуу коррупциялык схеманы уюштурулган. 

Такталгандай, аталган жооптуу кызматкерлер тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин берүү боюнча оң чечим чыгарганы үчүн ири суммадагы акчанын пара түрүндө алууну такай уюштуруп келишкендиги аныкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын райондорунун биринин башкы архитектору «Д.Ш.С.» кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган Д.Ш.С. мыйзамсыз иштери кылганыдгы боюнча маалыматтар алынган. 

Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралары көрүлүүдө.

УКМК: Пара алып жаткан жеринен адвокаттын жардамчысы кармалды 

Кыргыз Республикасынын УКМК, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, 2023-жылдын 1-мартында жактоочунун жардамчысы Б.А.М. кармалды.

Мурда, КР УКМКнын дарегине А.Б.Э аттуу жаран, Аламүдүн райондук сотунун Б.А.М. аттуу кызматкери соттун чечимин тездетүү үчүн опузалап акча талап кылгандыгына чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган. 

Кармалган адам, сот имаратында жүргөндө өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөтүп, соттук териштирүүнүн мөөнөттөрүн тездетүү боюнча кызматтарды сунуштаган.

2023-жылдын 1-мартында, Аламүдүн сотунун имаратынын жанынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө пара катары акча алуу процессинде адвокаттын жардамчысы Б.А.М. кармалды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Сузак райондук архитектурасынын адиси жеке турак жай куруу үчүн 2 жер тилкесин мыйзамсыз сатып жибергени үчүн кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 21-февралында, КР УКМКнын Жалал-Абад областык башкы башкармалыгында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (Алдамчылык) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, Сузак райондук архитектурасынын адиси А.Н.О. кармалды.

          Такталгандай, К.О.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранын ортомчу кылуу аркылуу жер тилкесин берүү боюнча Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомун пайдаланып, жеке турак жай куруу үчүн 2 жер тилкесин мыйзамсыз сатып жиберген.

          Мындан улам, бөлүнгөн жер тилкелери (Дыйкан жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун) жерлери болгон жана «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык жалаң гана айыл чарба өндүрүшүнө арналган.

          Кармалган А.Н.О таандык жумуштук кеңсесин тинтүү учурунда Сузак районунун Сузак айылындагы жер тилкелеринин жасалмалоо белгилери бар 200дөн ашык документтери табылып алынган.

         Азыркы учурда кармалгандар А.Н.О. жана К.О.С. байланыштуу башка ушул сыяктуу кылмыштарга катышуусуна багытталган тиешелүү тергөө амалдары жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. 

          Жалал-Абад облусу боюнча УКМКнын башкы башкармалыгы мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катышуусунда жер участоктору менен алдамчылык фактылары боюнча мыйзам бузуулар болгон болсо жарандарды жана шаар тургундарын 03722 56049, 03722 54961 нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.

Меню