Menu

Россияга каршы санкциялар

Кыргызстандын дагы эки банкы Россиянын "Мир" картасын тейлөөнү токтотту

Кыргызстандын бери дегенде дагы эки банкы Орусиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотту.

“Азия Банкы” жана “Кыргызстан Коммерциялык банкы” бир катар орусиялык банктар менен кызматташуусун токтоткону белгилүү болду. “Азия Банкынын” колл-борбору “Мир” карталарын тейлөө бир жумадай мурда токтотулганын билдирди.

“Биз тилекке каршы, чын эле “Мир” карталарын тейлөөнү токтоттук. Анын себебин атай албайбыз, бул биздин жетекчиликтин чечими”, – деп белгиледи банктын өкүлү.

Ал арада “Кыргызстан Коммерциялык банкы” “Мир” карталарын тейлөөдөн баш тартышынын себеби Орусияга салынган санкцияларга байланыштуу экенин билдирди.

Банктан “санкциянын таасири тийип калышы мүмкүн” деген негизде “Мир” картасын тейлөө токтотулганын билдиришти.

Буга чейин Кыргызстандагы “Компаньон”, “Дос кредо банк” жана “Бакай банк” Орусиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотушкан. Банктардын сайттарында бул техникалык себептен улам экени жазылган. Карталарды тейлөө качан жаңыртылары тууралуу маалымат айтылган эмес.

23-сентябрда Өзбекстанда Орусиянын “Мир” банктык картасын тейлөө токтотулганын Uzcard Жалпы республикалык бирдиктүү процессинг борбору кабарлаган. Ага чейин 21-сентябрда Казакстандын Улуттук банкы да Орусиянын төлөм системасынын “Мир” карталарын тейлөө өлкөдөгү банкоматтарда убактылуу токтотуларын кабарлаган. 19-сентябрда Түркиянын ири финансылык мекемелери – Isbank жана Denizbank картаны тейлөөдөн баш тарткан.

Орусия Украинанын аймагында согуш баштагандан кийин көпчүлүк Батыш өлкөлөрү ага катаал санкцияларды салган. Анын ичинде орусиялык банктар да чектөөгө кабылган. Натыйжада орус жарандары Орусиянын банктык карталары менен чет жакта төлөм жүргүзө албай, эл аралык карталарды өлкө ичинде колдоно албай калышкан.

Ушундай шартта Орусиянын жарандары санкцияны буйтаган жол таап, КМШ мамлекеттерине, Түркияга жана башка өлкөлөргө барып банктык карта алып жатканы айтылган. “Карта туризминин” популярдуу багыты катары Борбор Азия өлкөлөрү – Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан аталган.

Казакстан санкцияга кабылган өлкөлөрдүн жарандарынын банк карталарын жабууда

“Beeline Казакстан” байланыш оператору Simply санарип карталарынын колдонуучуларына билдирүү жөнөтүп, 30-сентябрдан тарта санкцияга кабылган өлкөлөрдүн жарандарын тейлөө токтотуларын эскертүүдө. Бул тууралуу Besmedia telegram-каналы кабарлады.

“Тилекке каршы, 30-сентябрдан тарта санкцияга кабылган өлкөлөрдүн жарандары Simply санарип картасынын тиркемеси менен колдонуп, онлайн сатып алууларды жана акча которууларды жүргүзө албай калышат. Бул ички көзөмөлдүн талабы жана ал жогоруда белгиленген топтогу бардык кардарларга тиешелүү болот”, – деп жазылган билдирүүдө.

Simply кеп кайсы өлкөлөр жөнүндө болуп жатканын тактаган эмес. Бирок колдонуучулардын көбү Орусиянын жарандарын тейлөө токтотулушу мүмкүн деп болжолдоодо.

Simply офертанын эрежелерине шилтеме кылууда. Besmedia telegram-каналы ал эрежелерге ылайык, дээрлик бардык колдонуучуларды, анын ичинде санкцияларга кабылган өлкөлөрдүн жарандарын да тейлөө токтотулушу мүмкүн экенин белгилеген.

Каржы аналитиги Андрей Чеботарев жогорудагы офертанын пунктуна Казакстандын жарандары да туура келиши ыктымал деп эсептейт. Анын айтымында, АКШнын Каржы министрлигинин сайтында казакстандык үч компанияга да санкция салынганы жазылган.

Бул боюнча Beeline жана Simply’нин сайтында эч кандай расмий маалыматтар жок.

Simply — стандарттуу пластик картасы. Анын жардамы менен банк кызматтарын алууга болот. Карталарды Beeline’дын туундуу компаниясы эсептелген “КазЕвроМобайл” чыгарат.

27-сентябрда “Beeline Казакстан” байланыш оператору 5-октябрдан тарта BeeTV сервиси менен “TV+Үйдөгү интернет” пакетинде Орусиянын телеканалдарын көрсөтүү токтотуларын билдирген.

Анда сөз “Дом кино”, “Победа”, “О!”, “Первый канал СНГ”, “НТВ МИР”, “Карусель International”, “Россия 24”, “Музыка Первого”, “РТР Планета”, “Время: далекое и близкое”, “Телекафе”, “Поехали”, “Дом кино Premium HD”, “Бобёр”, “Россия К” телеканалдары жөнүндө болуп жатканы айтылган.

Оператордун сайтына жайгаштырылган алгачкы билдирүүдө орусиялык телеканалдардын гана тизмеси жазылган. 28-сентябрда ал тизмеге айрым батыш өлкөлөрүнүн телеканалдары да кошулган.

Евробиримдик 2022-жылдын аягына чейин Россиядан нефть импортун 90%га кыскартуу чечимин кабыл алды

“Москва тандоо алдында турат: согушту колдоо же элине кам көрүү”, – деп билдирди кечээ, 4-июлда Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Жозеп Боррел. 

“Россияга каршы санкциялар пайдалуубу? Ооба, алар Владимир Путинге жана анын жан-жөкөрлөрүнө азыртадан эле катуу сокку урууда жана алардын орус экономикасына тийгизген таасири убакыттын өтүшү менен күчөйт”, – деди ал.

“Россия Украинага басып кирип, эл аралык мыйзамдарды атайын бузгандыктан, ЕБ Москвага каршы алты санкция пакетин кабыл алды. Азыркы учурда биздин чаралар Россияда дээрлик 1200 жеке жана 98 юридикалык жактарына, ошондой эле Россиянын экономикасынын бир топ секторлоруна багытталган. Бул санкциялар G7 мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча кабыл алынган. Алардын натыйжалуулугу кырктан ашык башка өлкөлөрдүн (анын ичинде салттуу нейтралдуу өлкөлөр да) кабыл алышы же ушуга окшогон чараларды көрүү менен жогорулайт”, – дейт Боррел.

“2022-жылдын аягына чейин биз россиялык нефть импортун 90% кыскартабыз жана газ импортун тездик менен азайтып жатабыз. Бул чечимдер акырындык менен бизди Владимир Путиндин агрессиялуулугуна каршы саясий тандообузга тоскоол болгон көз карандылыктан арылтууда. Ал Европа энергетикалык көз карандылыгынан улам санкция салууга барбайт деп эсептесе керек. Бул жаңжал учурунда россиялык режиминин көптөгөн жаңылыш эсептөөлөрүнүн эң азы эмес. Албетте, Россиянын энергетика тармагынан мындай тездик менен ажыратуу ЕБнин көптөгөн өлкөлөрү жана экономиканын айрым тармактары үчүн да олуттуу кыйынчылыктарды жаратат. Бирок бул биздин демократияны жана эл аралык укукту коргоо үчүн төлөшүбүз керек болгон баа жана бул маселелерди толук тилектештик менен чечүү үчүн зарыл кадамдарды жасап жатабыз”, – деп жыйынтыктайт Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү жана Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррел.

Меню