Menu

Россия-Украина согушу

Орустардан коркпой "Украинага даңк!" деп айтып, автоматтан ок жеп, каза болгон украиналык туткун жоокер Александр Мациевскийге Баатыр наамы ыйгарылды

Украинанын Коопсуздук кызматы “Украинага даңк!” деп айткандан кийин орус аскерлери атып өлтүргөн жоокердин тек-жайы аныкталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, маркум жоокер Чернигов облусунун 119-аймактык коргонуу бригадасынын 163-батальонунун көзгө атары Александр Мациевский болгон. Ал өткөн жылы 30-декабрда атылып, сөөгү Украинага быйыл февралда кайтарылган.

12-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Мациевскийге Баатыр наамы ыйгарылганын билдирди.

Токойдо аскер кийимчен турган киши “Украинага даңк!” деп айткандан кийин автоматтан ок жеп, турган жеринде кулаганы тартылган тасма 6-мартта Интернетке тараган. Украина бул көрүнүштү аскердик кылмыш деп атап, аны эл аралык деңгээлде иликтөөгө чакырган.

Орусия азырынча бул видео боюнча комментарий бере элек.

Бишкекте Украинадагы согуш курмандыктарын эскерүүгө чыккандар кармалды

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Бишкектеги Эмен багына (Дубовый парк) Украинадагы согушта курман болгондору эскерүү үчүн чыккан жети кишини милиция кармап кеткенин билдирди.

“Бүгүн Украинадагы согушка бир жыл толду. Ошол жерге согушта каза болгондорду эскерүү үчүн келишкен экен. Колдорунда украин желеги бар окшойт. Азыр жактоочу кетти. Алар кимдер экени белгисиз. Бирок, милициянын бул кылганы туура эмес. Эми курман болгондорду эскерип, гүл койгонго уруксат жокпу?”, – деди Абдирасулова.

Ал кармалгандар Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө экенин билдирди. Милициядан бул боюнча маалымат даярдалып жатканын кабарлашты.

Бүгүн, 24-февралда Эмен багындагы скульптор Сенкевичтин “Жер – биздин үй” деген эмгегинин жанында Украинада каза болгондорду эскерүү иш-чаралары өткөрүлөрү айтылган.

Орусиянын Украинага толук масштабдуу аскердик чабуулу 2022-жылдын 24-февралынын таңынан бери уланууда. Орус күчтөрү негизги аскердик жана жарандык инфраструктурага абадан сокку уруп, аэродромдорду, аскер бөлүктөрүн, мунай кампаларын, май куюучу жайларды, чиркөөлөрдү, мектептерди жана ооруканаларды талкалап жатат. Артиллериядан, ракеталык системалардан жана баллистикалык ракеталардан турак жайларды аткылашууда.

Бир катар Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды күчөтүп, Москванын Украинадагы баскынчылыгын кескин айыптап келатат.

Орусия Украинага каршы агрессивдүү согуш жүргүзүп жатканын четке кагып, аны “демилитаризациялоо жана денацификациялоо” максатын көздөгөн “атайын операция” деп атайт.

Москва облусундагы "вагнерчилердин" көрүстөнүнө көмүлгөн борбор азиялыктар табылды

“Оздолик” радиосу Москва облусунда “Вагнер” жеке аскердик компаниясына таандык көрүстөндү тапты. Ал жакта камактагылар көмүлгөн. Арасында компаниянын катарында Украинадагы согушта өлгөн борбор азиялыктар да бар.

Бул көрүстөндө табылган борбор азиялыктардын баарын “Вагнер” компаниясынын өкүлдөрү орус түрмөлөрүнөн азгырып, Украинадагы согушка алып кетишкен.

Көрүстөндө орнотулган жыгач такталарда 2022-жылдын октябрь айынан кийин өлгөн кишилердин аты-жөнү жазылган.

Арасында бир нече өзбекстандык, кыргызстандык жана тажикстандыктар бар.

Маселен, “Маврино” көрүстөнүндө төмөндөгү кишилердин аты-жөнү жазылган такталарды көрүүгө болот:

Саидов Муродбег Султонбегович (05.04.1986 – 27.11.2022);

Айдралиев Аман (27.08.1982-24.10.2022);

Жанибеков Боходир Буранович (19.08.1977-11.01.2023);

Гуламжанов Адахамжон Улукманжанович (16.09.1994-19.11.2022);

Авазов Эркин Садинович (20.12.1967-01.12.2022);

Юсупов Шухрат Адилжанович (07.04.1978-23.12.2022).

“Оздолик” алардын айрымдарынын аты-жөнүн тактады.

46 жаштагы Боходир Жанибеков Өзбекстандын Жизак облусуна караштуу Пахтакор районунда туулган. Ал Екатеринбургда жашап, иштеп жүргөн.

Адахамжон Гүламжанов кыргызстандык болгон. “Оздолик” жазгандай, ал 2019-жылы түрмөгө камалганга чейин Владимир шаарында жашаган.

2019-жылы Владимир облустук соту Гүламжановду ири өлчөмдө маңзат сатуу айыбы менен 12 жылга катаал режимдеги түрмөгө кескен.

“Оздолик” аныктаган дагы бир кыргызстандык Аман Айдралиев 2020-жылы июнда Людинов райондук соту аны денеге оор зыян келтирүү айыбы менен узак мөөнөткө эркинен ажыраткан.

37 жаштагы тажикстандык Муродбек Саидов 2020-жылы орус түрмөсүнө түшүп, 2022-жылы ноябрдын соңунда өлгөн.

45 жаштагы Шухрат Юсупов да “вангерчилердин” көрүстөнүнө көмүлгөн. Ал 2022-жылы июлда соттолуп, ушул эле жылы декабрда каза болгон.

Жергиликтүү жашоочулар “Маврино” көрүстөнүн жарандык форма кийген кишилер кайтарарын, бирок алар өздөрүн аскер кызматкерлери деп атай турганын билдиришти.

Жозеп Боррелл: Украинага каршы согуштун бир жылдыгы - эл аралык укуктун жеңиши үчүн биргелешкен аракеттер

2022-жылдын 24-февралы Орусиянын Украинага ырайымсыз, себепсиз жана мыйзамсыз басып кирген күн катары түбөлүккө эсте калат. Бул айкын агрессиянын жана БУУнун Уставын ачык-айкын бузуунун учуру болгон жана болуп кала берет. Бул согуш “ Европанын гана маселеси” же “Батыш баарына каршы” суроосу эмес. Бул суроо биздин кандай дүйнөдө жашагыбыз келгендигин аныктайт, анткени өзөктүк держава жана Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү тарабынан мыйзамсыз күч колдонуу кандайдыр-бир жол менен “нормалдаштырылган” дүйнөдө эч ким коопсуз боло албайт. Ошондуктан ар бир адамды күч, шантаж жана аскердик чабуул саясатынан коргоо үчүн бардык жерде эл аралык укук колдонулушу керек.

Эми, бир жылдан кийин адамдардын көптөгөн согуш кылмыштары жана мыкаачылык сүрөттөрүнө көнүп калуусу, биздин кайра-кайра кайталанган сөздөрдүн маанисинин жоголуусу; жана убакыттын өтүүсү менен чечкиндүүлүгүбүздүн алсыроо коркунучу бар – убакыт өтүүдө, ал эми алдыда оор маселе турат.

Бирок биз буга жол бере албайбыз. Анткени Орусия күн сайын БУУнун уставын бузуп, империалисттик саясаты менен бүткүл дүйнө үчүн коркунучтуу прецедент түзүүдө. Россия күн сайын шаарларды жана жарандык инфраструктураларга ракетаны жаадыруу менен бейкүнөө украиналык аялдарды, эркектерди жана балдарды өлтүрүүнү улантууда. Россия күн сайын жалганды жана фальсификацияны таратууда.

Европа Биримдиги жана биздин өнөктөштөр үчүн биздин “үчтүк стратегия” багытын кармануудан башка альтернатива жок: Украинаны колдоо, Орусияга анын мыйзамсыз агрессиясын токтотуу үчүн кысым көрсөтүү жана бүткүл дүйнөгө анын кесепеттери менен күрөшүүгө жардам берүү.

Биз бул иш менен бир жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатабыз. Биз болуп көрбөгөндөй санкцияларды кабыл алдык; Орусиянын казылып алынган күйүүчү майларынан көз карандылыгыбызды азайттык; жана негизги өнөктөштөр менен тыгыз иштешип, Кремлдин агрессиясын каржылоо үчүн алган энергетикалык кирешени 50% кыскарттык. Биргелешип иш алып баруу менен биз дүйнөлүк таасирди да азайттык: азык-түлүккө жана энергияга болгон баалар биздин “Тилектештик коридорлор” жана Кара деңиз дан демилгебиздин аркасында төмөндөдү.

Биз Украинанын өзүн коргой алышын каалайбыз деп айтуу аздык кылат – ал үчүн каражат керек. Андыктан, Евробиримдик тарыхта биринчи жолу кол салууга дуушар болгон өлкөнү курал менен камсыз кылып жатат. Анын үстүнө, Евробиримдик азыр украиналык аскер кызматкерлерин өз өлкөсүн коргой алышы үчүн аскердик жактан даярдоодо алдыңкы өнөктөш болуп саналат. Биз ошондой эле украин элин колдоо үчүн олуттуу макрофинансылык жана гуманитардык жардамды сунуштайбыз. Жана биз Украинанын Евробиримдикке кирүү өтүнүчүнө оң жооп берүүнү чечтик. Жана ошондой эле биз Орусия жасаган согуш кылмыштарынын күнөөкөрлөрүн жоопкерчиликке тартуунун үстүндө иштеп жатабыз.

Украина өз алдынча жана жарым-жартылай бул колдоонун аркасында укмуштуудай туруктуулукту көрсөтүүдө. Ал эми глобалдык санкциялардын жана БУУнун Башкы Ассамблеясындагы мамлекеттердин басымдуу бөлүгүнүн эл аралык айыптоосунун аркасында Орусия ого бетер обочолонуп калды. Биздин жалпы максатыбыз – демократиялык Украинанын жеңиши, баскынчынын кууп чыгылышы, толук суверенитеттин  жана ошол менен бирге эл аралык мыйзамдуулуктун калыбына келүүсү болуп саналат.

Баарынан маанилүүсү, биз Украинада тынчтыкты, БУУнун Уставына жана эл аралык укукка шайкеш келген ар тараптуу жана туруктуу тынчтыктын болуусун каалайбыз. Украинага колдоо көрсөтүү жана дүйнөнүн жыргалчылыгы үчүн иштөө шайкештикте жүргүзүлөт.

Орусиянын агрессивдүү ревизионизми жана анын дестабилизациялык ишмердүүлүгү Борбордук Азия өлкөлөрүнө да таасирин тийгизген глобалдык коркунуч болуп саналат. Биз маалыматтык манипуляция жана чет тараптан кийлигишүүнү ишке ашыруу үчүн орусиялык үгүттөө машинасынын өткөндүн калдыктарын козгоо жана өндүрүштүк аракеттерин жасаганын көрүп жатабыз. Ошондуктан Евробиримдик бул коркунучка каршы аракеттенүүдө жана биз өнөктөштөрүбүздүн колдоосуна ишенебиз.

Кеңири сөз менен айтканда, Орусиянын баскынчылыгы ашыкча көз карандылыктан алыс болуу зарылдыгын Европа менен Борбордук Азияга көрсөттү. Андыктан, кызматташтыкты кеңейтүү керек. Эки тарап тең туруктуу жана ачык коомдорду илгерилетүүгө кызыкдар; экономиканы калыбына келтирүү жана “жашыл” кубулууну камсыз кылуу; жарандарды терроризм, баңгизаттар, курал-жарак жана адам сатуу сыяктуу коопсуздук коркунучтарынан коргоо. Мындан тышкары, Евробиримдик аймактын инфраструктуралык  байланыш жана кызматташтык үчүн ачык мейкиндик болуусун каалайт.

Тарых жана адилеттүүлүк Украина тарапта. Бирок тарыхтын агымын тездетип, адилеттүүлүккө жетүү үчүн биз “үчтүк стратегиябызды” бекемдешибиз керек. Бул коллективдүү милдет экендигин билебиз. Ошондуктан Евробиримдик бардык өнөктөштөрүн агрессияны жеңүү жана эл аралык укуктун иштеши үчүн жалпы жоопкерчилик жана тилектештик духунда аракеттенүүгө чакырат.

Жозеп Боррелл, Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү жана Еврокомиссиянын вице-президенти.

Орусияда түрмөдө отурган дагы бир кыргыз Украинадагы согушта каза болду

Орусиядагы түрмөлөрдүн биринен “Вагнер” жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка кеткен дагы бир кыргызстандык Эрлан Эрмеков каза болгону белгилүү болду.

Бул тууралуу маркумдун апасы Гүлнара Закирова журналисттерге кабарлап, баласы бейкүнөө соттолуп кеткенин айтууда. Апасы суук кабарды 20-февралда уккан.

“Мен бүгүн баламдын өлгөнүн уктум. Балам 6-февралда өлгөн экен, азыр угузушту. Түрмөдөгү башка балдарды согушка жөнөтпөш керек. Жалгыз баламдан айрылдым, мендей бир дагы эне боздобосун, башка балдарды сактап калгыла”, – деди апасы.

Кыргыз басылмалары февраль айынын башында Орусияда тогуз жылга соттолгон кыргызстандык жигит, 30 жаштагы Эрлан Эрмеков “Вагнер” жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка тартылганын жазган. Анын Украинадагы согушка кеткенине төрт айга чукулдаган.

30 жаштагы Эрлан Эрмеков “тоноо”, “зордуктоого” айыпталып 2019-жылы соттолгон. Эрлан соңку бир айда Украинадагы согушта набыт болгон төртүнчү кыргызстандык. Төрттөө тең Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан, орус жарандыгын алышкан эмес. Ушундан улам бир катар ата-энелер орус түрмөлөрүндө отурган балдарын Кыргызстанга которуу маселесин эртелетип чечип берүүнү кыргыз бийлигинен суранып жатышат.

Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон.

“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же “Вагнердин” жеке аскердик компаниясы) – компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. “Вагнерчилер” бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.

27-январда АКШ “Вагнерди” транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, Орусиядагы компаниянын өкүлдөрүнө жаңы санкция салды.

"Вагнер" аркылуу Украинадагы согушка кеткен кыргыз жаранынын сөөгү алып келинди

Кыргызстандын жараны, Лейлек районунун тургуну Замир Чолоев Украинадагы согушта каза болгонун маркумдун жакындары журналисттерге ырасташты.

Аны тааныгандар Чолоев Орусияда абакта отурган жана “Вагнер” аркылуу согушка тартылганын айтып жатышат. Туугандары маркумдун сөөгү Кыргызстанга алып келингенин, бүгүн, 15-февралда тажыясы болорун билдиришти.

Замир Чолоев тууралуу азырынча башка маалымат айтыла элек.

22-январда Орусияда абакта отурган кыргызстандык Аян Алишеров Украинадагы согуштан каза тапканы белгилүү болгон. Украинанын Бахмут шаарына жакын салгылашта 24-ноябрда каза болгон 30 жаштагы Аян орус жарандыгын алган эмес. Ушу тапта Орусиядагы “Вагнер” жеке аскердик компаниясы абактагыларды Украинадагы согушка жапырт тартып жатканы кабарланууда. Кыргызстандык канча атуул мындай окуяга кабылганы белгисиз.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда Орусияда миңден ашуун кыргыз жараны камакта отурат, алардын көбү маңзатка байланыштуу кесилген.

Орусия Украинага былтыр 24-февралда кол салган. Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы окуя боюнча бейтарап макамды карманып келе жатат.

WP: АКШ Украинага согуштун чечүүчү мезгили келгенин эскертти

АКШ президентинин администрациясы Украина бийлигине согуш чечүүчү учурга келгенин жана украин армиясы батыштан ири өлчөмдө аскердик жардам алып жаткан маалда болушунча ийгиликтерди жаратуусу керектигин эскертти.

Бул тууралуу Washington Post гезити өз булактарына таянуу менен билдирди.

Кийинки ай өтө маанилүү болорун украин бийлигине январда Киевге барган америкалык аткаминерлер айткан.

Америка бийлиги Киевге көрсөтүлгөн акыркы аскердик жардам согуштун нугун өзгөртүү үчүн Киевге жакшы мүмкүндүк берет деп эсептейт. Гезиттин маектештеринин пикиринде, келечекте абал мынчалык жагымдуу болбой калышы мүмкүн: себеби эми Өкүлдөр палатасын көзөмөлдөп жаткан республикачылар Украинага берилип жаткан жардамды кыскартууга ниеттенүүдө.

Быйыл жайында Украинага бериле турган жардамдын топтому аягына чыгат. Ушул тапта Байдендин администрациясы Украинага дагы 10 миллиард доллар бөлүү үчүн Конгресс менен иштешип жатат.

Байдендин администрациясындагы гезиттин өз булактары жазында Орусия чабуулга өтөрүн, Украина алдырып жиберген аймактарын кайтарып алуу үчүн алардын мизин кайтарууга ашыгышы керектигин айтышкан.

Бул арада орус күчтөрү бир нече айдан бери стратегиялык шаарларды ээлеп алуунун аракетинде. Алардын бири Бахмутка дүйшөмбүдө катуу артиллериялык чабуул жасалды. Орустар Бахмутту ээлеп алса Донецк аймагындагы жаңы плацдарм болуп бермекчи.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтонберг украин расмийлерине таянып, Орусия Украинага жапырт чабуул баштаганын билдирди.

АКШ элчилиги Орусияда жүргөн америкалыктарды "тез арада" бул өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды

АКШнын Москвадагы элчилиги Орусияда жүргөн америкалыктарды “тез арада” бул өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Мындай билдирүү элчиликтин сайтына жарыяланды.

Билдирүүдө буга “Орусиянын Украинага кол салуусунун күтүүсүз кесепеттери”, “орус укук коргоо органдарынын АКШ жарандарын куугунтукка алуу ыктымалдыгы”, “Орусия менен транспорттук байланыштын чектелгени”, “АКШ элчилигинин Орусиядагы америкалыктарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендиги” жана “террордук чабуул коркунучу” себеп экени жазылган.

Билдирүүдө ошондой эле орус бийлиги АКШ тарабынан берилген документтерди тааныбастан, кош жарандыгы бар америкалыктарды армияга чакырышы мүмкүн экени белгиленген.

Мындан тышкары элчиликтин билдирүүсүндө эл аралык коопсуздук нормаларын сактабаган орус авиакомпанияларынын учактары менен учуудагы тобокелдиктер жогорулаганы жазылган.

АКШ элчилиги америкалыктарды Орусияга барбоого жана бул өлкөдөгү кандай гана нааразылык акциялар болбосун аларга катышпоого чакырды.

АКШнын элчилиги 2022-жылы америкалыктарды эки жолу “Орусиядан тез арада чыгып кетүүгө” чакырган – алгач Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй 28-февралда жана экинчи жолу Орусияда мобилизация жарыяланган 28-сентябрда.

Орусиянын бийлиги мобилизация аяктаганын жарыялаганы менен президенттин тиешелүү жарлыгы дале күчүндө жана каалаган учурда миобилизациялык иш-чаралар кайра башталышы мүмкүн.

Ал ортодо дүйшөмбү күнү Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин АКШ Орусиянын жана башка КМШ өлкөлөрүнүн аймагында теракттарды уюштуруу үчүн Жакынкы Чыгышта “жихадчы топтордун жоочуларын” жалдап жатканын билдирди. Азырынча Вашингтон бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.

Орусиядан мунай алуудан баш тарткан Германияга Казакстан мунай жөнөтөт

Казакстан 20 миң тоннадан турган мунайдын алгачкы партиясын Германияга февралдын биринчи жарымында жөнөтөт. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Болат Акчулаков билдирди.

“Алгачкы партияны январдын аягында жеткирели деп ойлогонбуз, бирок тилекке каршы бир аз техникалык көйгөйлөр жаралып калды”, – деди министр.

Буга чейин Казакстан 2023-жылдын биринчи кварталында “Транснефть” орус компаниясынын мунай-куур системалары аркылуу Германияга 300 миң тонна мунай жеткирери кабарланган. Анда “КазТрансОйл” компаниясы Орусиянын аймагы аркылуу Германияга мунай ташууга бул өлкөнүн Энергетика министрлигинен уруксат алганын билдирген.

Казакстандан Германияга мунайдын алгачкы партиясын быйыл январда “Атырау – Самара” жана “Дружба” мунай куурлары аркылуу жеткирүү пландалган.

Мурдараак Акчулаков Казакстан 2023-жылы Германияга 1,5 миллион тонна мунай экспорттоону көздөп жатканын билдирген. “Зарыл болсо казак тарап бул көлөмдү 6-6,5 миллион тоннага чейин жеткире алат. Бирок Германиянын суроо-талабы андан да кыйла көп”, – деген министр.

Өткөн жылы ноябрда Казакстан 1-январдан тарта Каспийден Жер ортолук деңиздин жээгиндеги Түркия портуна бара турган түтүк аркылуу 1,5 миллион тонна мунай экспорттоону пландап жатканы кабарланган.

Казакстандын өкмөтү 2023-жылы 90,5 миллион тонна мунай өндүрүп, анын 71 миллионун экспорттоону пландап жатканын маалымдаган.

Орусияда абакта отурган кыргызстандык Украинада согушта каза болду

Кыргызстандын жараны, Ноокен районундагы Рахманжан айылынын 30 жаштагы тургуну Аян Алишеров Украинадагы согушта каза болгонун апасы Рахатай Абдивалиева журналисттерге ырастады.

Ал Орусияда абакта отурган баласы кантип Украинадагы согушка барып калганы түшүнүксүз болуп жатканын билдирди.

“Балам жок жерден жалган жалаа менен камалып кеткен. Мен сотуна да барып, катышып турчу элем. Акыркы сотунда өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, мага ыйлаган эле. Жети жылга кесилип, Мордовияда түрмөдө мөөнөтүн өтөп жаткан. Телефондон сүйлөшүп турчубуз. 2-октябрда мага телефон чалып, “апа мен Кыргызстанга кете турган болдум, буюрса алты айда бошонуп чыгам. Анан үйлөнөм, той кылабыз” деген эле. Ошондо ал мени кыжалат болбосун деп, согушка баратканын айтпай койгон окшойт”, – деди Рахатай Абдивалиева.

Украинанын Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашта 24-ноябрда каза тапкан 30 жаштагы Аян Алишеровдун сөөгү 23-январда Кочкор-Атага жеткирилип, жерге берилди.

Маркум 2019-жылы Москвада “адам уурдоо” жана “опузалап акча талап кылуу” беренелеринин негизинде шек саналып, камакка алынган. Апасы Аян Алишеровду мекенине экстрадициялоону өтүнүп, Кыргызстандын Москвадагы элчилигине бир нече жолу кайрылганын айтты.

Аян Алишеровду Кыргызстанга экстрадициялоо чечими, аны ишке ашыруу болгон-болбогонун тактап, Башкы прокуратурага кайрылдык. Көзөмөл органынын маалымат катчысы Сирожиддин Камолидинов жеке адамдар тууралуу маалымат журналисттерге берилбей турганын билдирди.

Жогорку Соттун сайтында Аян Алишеровду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иш соттук кароого коюлганы тууралуу жазылган. Бирок иш каралганы, кандай чечим чыкканы тууралуу маалымат жок.

“Вагнер” компаниясы жалдаган миңдеген согушкер Украинадагы урушка тартылган. Компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин жалданмалардын майдандагы эрдигин таанууну талап кылып Орусиянын аскер жетекчилигине ачык талап койгон. Путиндин “ашпозчусу” деген каймана аты бар олигархтын орус түрмөлөрүн кыдырып, жаза өтөп жаткандарды согушка азгырып жүргөн видеолору тараган.

Бул кыргыз жаранынын орус армиясынын катарында Украинадагы согушка барып каза тапкан биринчи учуру эмес. Өткөн жылы жай айында орусиялык армиянын катарына кошулган эки кыргыз жараны – Аманбек Курбанбаев жана Руслан Полотов Украинада окко учканы белгилүү болгон.

Андан тышкары Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган бир нече аскердин сөөгү кичи мекенине жеткирилген.

Меню