Menu

Рубль

Казакстан Орусия менен түзүлгөн теңгенин жана рублдин өз ара конвертациясы тууралуу келишимден чыгат

Казакстан теңге менен орус рублинин алмашуу курсунун өз ара конвертацияланышын жана туруктуулугун камсыз кылуу боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимди денонсация кылууга ниеттенүүдө. Тиешелүү токтом долбоору нормативдик-укуктук актылар порталына жарыяланды.

Долбоор 20-январга чейин коомдук талкууда болот. Негиздеме-маалымкатта “келишимдин предмети болгон бардык маселелерди толук жөнгө салган” мыйзамдар буга чейин кабыл алынып, макулдашуу өз актуалдуулугун жоготкону жазылган.

Документтин авторлору белгилегендей, макулдашууда каралган чаралардын көбү буга чейин ишке ашырылган. Калган узак мөөнөттө аткарыла турган чаралар “Бажы биримдиги”, “Бирдиктүү экономикалык мейкиндик” жана “Евразия экономикалык биримдиги” сыяктуу ортодогу эл аралык келишимдерге, ошондой эле эки өлкөнүн башка мыйзамдарына киргизилген.

Bizmedia.kz басылмасынын маалыматына караганда, 1990-жылдардын башында кол коюлган макулдашуунун негизги максаты – эки өлкөнүн валюталарынын ортосундагы алмашуу курсун акырындык менен турукташтыруу, ошондой эле алардын башка валюталар менен эркин конвертацияланышына мүмкүндүк түзүү болгон. Макулдашууда ошондой эле Орусиянын Борбордук банкы менен Казакстандын Улуттук банкы жүргүзгөн курс саясатын ишке ашырууда рублдин жана теңгенин долларга карата кросс-курсун колдонуу каралган.

Ал ортодо айрым скептиктер макулдашууну денонсациялоо боюнча кооптонууларын айтып, Казакстан сырттан алган товарлардын дээрлик жарымы Орусиядан келерин билдирүүдө.

Депутат өлкөгө рубль ташылып келип, доллар мүшөктөп чыгып жатканын айтты

Чайкоочулар Кыргызстандан долларды көп өлчөмдө чыгарып кетип жатышканын 29-декабрда Жогорку Кеңеште банктардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселе каралып жатканда депутат Коргонбай уулу Жусупбек билдирди. Ал Улуттук банктын жетекчилигине кайрылып, буга каршы чара көрүүгө чакырды:

“Аэропортто чемодан менен рубль алып келип, долларды алып кетип жатышат спекулянттар Түркияга, Москвага, Кытайга жана башка мамлекеттерге. Накталай түрдө чемодан, мүшөк менен… Доллардын таңкыстыгы, курстун өсүп кетиши ушунун айынан болуп жатат, түздөн-түз экономикага таасирин тийгизүүдө”.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков депутатка: “Ал бизге караштуу жумуш эмес. Көбүнчө Министрлер кабинетине караштуу” деп жооп берди.

Кыргызстандын валюта базарындагы абал быйыл февралда Орусия Украинага согуш ачканы үчүн бир катар санкцияларга кабылгандан кийин түзүлгөн. Ошондон бери доллар кымбаттап, сырттан которгон акчасын Кыргызстандагы банктардан өтө көп комиссия төлөп алууга мажбур болгонун кардарлар айтууда. Долларды мурдагыдай каалаган суммада сатып алуу мүмкүн болбой калды. Ал кымбаттап, ошого жараша баалар да жогорулоодо.

Санкциялардын айынан орус рублине мурдагыдай суроо-талап болбой калды.

Орусия товар эсептешүүдө рубль, теңге, драм жана сомду колдонууну сунуштоодо

Орусия Евразия өкмөт аралык кеңешинин талкуусуна товар эсептешүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук валюталарын кеңири колдонуу маселесин алып чыгат.

РБК маалымдагандай, Орусия уюмдун мүчөлөрүнүн импорттук-экспорттук эсептешүүсүндө рубль, теңге, сом, драм жана беларус рублинин үлүшүн көбөйтүүнү сунуштайт.

Сунуштардын арасында SWIFTсиз эсептешүү мүмкүндүгүн камсыздоо да бар.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча мындай операциялардын 70% орус рубли, төрттөн бир бөлүгү доллар жана евро, калган кичинекей бөлүгү башка валюталар менен жүргүзүлгөн.

Бул маселе 25-26-августта Чолпон-Атада өтө турган Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынында каралат.

Орусия чет өлкөлүк валюталардан кутулуп, ЕАЭБ аймагында бирдиктүү валютаны – рублди киргизүү демилгесин мурдатан эле көтөрүп келет. Казакстан сыяктуу бул уюмдун башка мүчөлөрү муну келечектин иши катары толук колдогон эмес.

Рублди бирдиктүү валюта катары кабыл алууну айрым эксперттер өлкөнүн суверенитетин чектейт деп эсептешет.

Меню