Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башында ИИМдин Тергөө кызматына Баткен облусунун тургуну май айынан ушул күнгө чейин шантаж жолу жана физикалык күч менен коркутуп, 3.000.000 сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткан бейтаныш жаранга карата мыйзам чегинде чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Кылмышкердин табити барган сайын күчөп, Бишкектен эки батир, акча талап кылган. Алардан тышкары ал кийинчерээк ири өлчөмдө акча алып келүүнү талап кылган.
2022-жылдын 25-октябрында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери иш-чараларын жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө 100 000 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, ошондой эле жалпы баасы 200 000 АКШ долларын түзгөн эки батирди алып жаткан жеринен шектүүнү кармашкан. Кармалган жаран Баткен облусунун 1974-жылы туулган тургуну Д.Д болуп чыкты. Ал мурдагы каржы полициясынын кызматкери жана мурда бир нече жолу соттолгон. Кармалган жаран Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 36 жаштагы жашоочусунан ири суммадагы акчаны опузалап талап кылып жаткан жаран кармалды.
Кылмышка шектүү Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Ш.М. адам өлтүрүү үчүн мурда соттолгондугу аныкталган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 2022-жылдын 1-март күнү Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, аны «М» аттуу жаран өмүрүнө, жакындарына коркунуч келтирип, 20 миӊ АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын бир нече күндөн бери «WhatsApp» мессенджери аркылуу опузалап талап кылып жаткандыгын билдирген. Арыз Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) белгилери менен кылмыш иши козголгон.
2-март күнү саат 17.00 чамасында Ош шаарындагы кафелердин биринде аталган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурда Ош ШИИБнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн жана атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан кармалды.
Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы кылмыштуулук менен күрөшүүгө, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтордун бири опузалап талап кылган фактыны аныкташты.
ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган жана эркинен ажыратылган жерлерде жазасын өтөп жаткандар узак убакыт боюу ишкерлик чөйрөсүндө алектенгендерден ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылышкан.
2020-жылдын күз айында белгисиз адамдар товарларды ташуу жана жеткирүү менен алектенген ишкерге чалышып, коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылышканы аныкталган.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин ишкерге криминалдык чөйрөнүн өкүлү катары өзүн тааныштырган адам келип, акча каражатын жана толук товарын тартып алган. Ишкерге жалпы суммасы 420 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.
Бул факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.
Жакында ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири Ысык-Ата районунда жашаган 1989-жылы туулган С.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренесинин негизинде соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Жаран С.Б. Талас облусунан кармалган.
ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча кылмышкерлер ишкерлерден кирешелеринин бир бөлүгүн дайыма берип турушун талап кылышкан.
Азыркы учурда Чүй облусунун райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн биринин тергөө кызматы жүргүзүүдө.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодесинин 203 беренеси (Опузалап талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.