Menu

Садыр Жапаров и Джо Байден

Сентябрда Нью-Йоркто АКШ менен Борбор Азия лидерлеринин саммити өтөт

АКШ президенти Жо Байден Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда саммит өткөрүүнү пландоодо.

18-августта Forbes АКШ президенти Жо Байдендин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жолдогон катынын текстин жарыялады.

АКШ президенти Жо Байден өз катында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёвди сентябрдын аягында Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын ачылышы учурунда өтө турган “Борбор Азия-АКШ” (С5+1) форматындагы биринчи саммитке чакырган.

Gazeta.uz басылмасынын Өзбекстан өкмөтүндөгү өз булагы мындай саммит чындап эле пландалып жатканын жана ал АКШнын демилгеси экенин ырастады.

Жо Байдендин катында АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусу 19 же 20-сентябрга белгиленгени айтылат.

“Мен БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясын чыдамсыздык менен күтүп жатам. Анда биз элибиздин жашоосундагы эң маанилүү маселелер боюнча прогресске жетишебиз. 19-20-сентябрдагы “C5+1” форматындагы расмий жолугушууда сиз мага жана биздин кесиптештерибизге кошулуп, коопсуздук, экономика жана экология чөйрөсүндөгү жалпы максаттарга жетүү үчүн биргелешип иштөөнү кантип уланта аларыбызды талкуулайбыз деп үмүттөнөм”, – деп жазган Жо Байден.

Президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгы Королдук үй-бүлөсү тарабынан уюштурулган салтанатка катышты

Кечээ, 1-ноябрда, Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин алкагында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландия  Королдук үй-бүлөсүнүн атынан кабыл алуу болду.

Салтанаттуу кабыл алууга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.

Падыша үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды Ханзаада Чарльз кабыл алды.

БУУнун климат боюнча конференциясы алкагындагы кечки сый кабыл алуу кечесинде ошондой эле башка өлкөлөрдүн лидерлери жана делегация башчылары катышты.

Меню