Menu

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаровдун Ак калпак күнү менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу: 

Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу калкым!

Кыргызстан эли муундан-муунга өтүүчү тарыхый жана маданий мураска өтө бай. Ал улуттун руханий, экономикалык жана социалдык кенчи болуп саналат.

Биздин ак калпагыбыз баш болгон улуттук кийим – элибиздин тарыхы менен тыгыз байланышып, анын маданияты менен турмуш-тиричилигинин ажырагыс бир бөлүгү болуп келди. Ошентип, ата-бабаларыбыздан калган ак калпак маданий мурасыбыздын маанилүү көрөңгөсүнө айланды.

Жыл сайын өлкөбүздө 5-март ‒ Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата анын маани-маңызын чечмелөө, жайылтуу менен, кыргыз маданиятына болгон атуулдук сезимдерди ойготуу максатында жер-жерлерде салтанаттуу иш-чаралар уюштурулуп келе жатканы кубандырат. Аларды белгилөө менен кыргыз элинин салттуу маданиятынын асыл-наркы жаштар арасында жайылтылып,  өнүктүрүлүп, даңазаланып келет.

Ата-бабаларыбыз эзелтен маданий мурасыбызга аяр мамиле кылып, кастарлап сыйлап келишкен. Элибиздин баш кийимге болгон мамилеси бүгүн да өзгөчө. Анын ысык-суукка бирдей кызмат кылган кийизден жасалышына, калпакка түшүрүлгөн оймо-чиймелердин философиялык маанисине, жаш курагына жараша кыргактарынын ар кандай түстө болушуна да көңүл бурушкандыгынын өзү эле кыргыз элинин улуулугунун далили десек жаңылышпайбыз.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктайм. Биздин салттуу кийим улуттун улуулугун сактап, байыркы нарк-насилибиз, көөнөргүс казына болгон асыл-наркыбыз өнүгүп, кылымдар сынынан өткөн маданиятыбыз дүйнөгө тааныла беришине тилектешмин!

Ар дайым аскар зоолуу, бийик Ала-Тоону туюнткан ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн!”

Президент Садыр Жапаров менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Пекин шаарына (Кытай Эл Республикасы) 3-6-февраль күндөрү болгон жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

– Кыргызстандан Кытайга сояны экспорттоо боюнча протокол;

– 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭР Маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташуу программасы;

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын ЖМК жана басма сөздү башкаруу мамлекеттик башкармалык ортосундагы классикалык улуттук көркөм чыгармаларды жана адабиятты өз ара которуу жана басып чыгаруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протокол;

– Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен КЭР Улуттук статистикалык бюросунун ортосундагы статистика чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы жашыл чөйрөнү өнүктүрүү инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Циндао шаары (Кытай Эл Республикасы) менен Бишкек шаарынын (Кыргыз Республикасы) ортосунда Дэн Сяопин баштап Алыкулов көчөсү, Кустанайский көчөсүнө чейин батыш зонасын жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү жөнүндө меморандум.

Садыр Жапаров Пекинде Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына боло турган иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү.

Бул дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылып жаткан учурдагы кырдаалында эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгы менен шартталган.

Мамлекет башчысы аралыктан иштөө режимине карабай толук кандуу иш графиги боюнча иштөөсүн улантат.

Үстүбүздөгү жылдын 3-5-февралына белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Садыр Жапаров ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен Казакстандагы кырдаал боюнча бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ кечинде ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөштү.

Лидерлер Казакстан Республикасындагы учурдагы кырдаалды талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров коңшу өлкөдөгү болгон адам курмандыктары, көптөгөн талап-тоноочулук жана башка фактылар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди.

Тараптар ЖККУнун Уставына ылайык, кризистик кырдаалды жөнгө салуу боюнча коопсуздукту камсыздоонун бирдиктүү позициясын талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-январда, “Кумтөр” алтын кенине барып, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын (“КГК”) ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысы ишкананын, оор тоо-кен техникаларын чыгаруучу цехтин учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, Петров көлүн жана калдык сактоочу жайды да көрдү.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров борбордук карьерди карап чыкты, анын түбүндө, мурда айтылгандай, болуп көрбөгөндөй көлөмдө суу топтолгон делген. Президент жеке өзү карьердин түбү кургак экенине ынанды.

Кенге болгон сапардын жүрүшүндө канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар экендиги, учурда тараптар башка нерселер менен катар “КГК” компаниясын толугу менен Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы белгиленди.

Мамлекет башчысы эң жакынкы убакта тараптар ортосундагы көп жылдык пикир келишпестиктерге чекит коюларына ишеним артты.

“Кумтөр” өлкөнүн тарыхынын жаңы барагы жана жаңы муун үчүн өнүгүүнүн үлгүсү болот! Өткөн жыл биздин адистер мындай ири жана татаал ишкананы натыйжалуу башкарып, жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетише аларын көрсөттү”, – деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыра Жапаровдун демилгеси менен Исфана шаары Раззаков шаары деп аталат

«Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Министрлер Кабинетинин жыйналышында.

Мамлекет башчысы жыйында сүйлөп жатып, 2021-жылы Баткен окуялары боюнча теманы козгоду. Ал чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек аранын юридикалык тариздөөнүн аяктабагандыгы, айрым участкалар боюнча сүйлөшүү процессиндеги татаалдыктар, Кыргызстанга стратегиялык транспорттук инфраструктуранын коңшу өлкөлөрдүн аймактары аркылуу өтүшү — республиканын аймактык бүтүндүгүнө тикелей коркунуч болуп жатканын белгиледи.

«Быйыл биз кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Баткен облусун:

  • 3 айдын ичинде калыбына келтирдик.
  • Баткенге биринчи жолу стратегиялык чек катары мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулду.
  • Облуска өзгөчө статус берилди.
  • Өнүктүрүү программасы кабыл алынды. 500 млн сомду жыл сайын бөлүп туруу чечимин кабыл алдык.

Баткен боюнча көп иштерди аткардык», — деди ал.

Мамлекет башчысы өткөн жылы Президенттик шайлоого аттанганда биринчи үгүт иши Раззаковдун жери — Баткенден баштаганын эске салды.

«Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров

Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин жыйналышында 2020-жылдын 5-октябрынан тартып аткарылган иштер жөнүндө отчет берди

«Бүгүнкү жыйынды – мен жалпы кыргызстандыктардын алдында аткаруу бийлигинин отчётун берүү деп эсептеймин», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналышында.

Бүгүн Бишкекте президенттик балаты өтөт

Бүгүн, 24-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышат. Иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрү, Ооганстандын Кичи жана Улуу Памириндеги этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ж. б.

Жаңы жылдык концерттик, театрлаштырылган программа КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир башталышы — 10:55.

Бишкек шаарынын четинде 110/10 кВ «Алтын Казык» жаңы жогорку чыңалуудагы көмөк чордону ишке кирди. Ал бир нече конуштарды электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, Бишкек шаарынын четиндеги 110/10 кВ «Алтын Казык» жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысына «Алтын Казык» көмөк чордонунун курулуш долбоору жөнүндө маалымат берилип, андан соң ал анын иштөө тартиби жана башкаруу тутуму менен таанышты.

Иш-чара катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы энергетиктерди кесиптик майрамы – Энергетиктер күнү менен куттуктады.

“Энергетика – мамлекеттин бүткүл экономикасы үчүн стратегиялык жактан зор мааниге ээ болгон тармак. Ар бириңиздер ушул тутумдун ишенимдүү жана туруктуу иштешине чоң салым кошуп жатасыздар”,- деди Президент. Садыр Жапаров Соңку мезгилде бул чөйрөдө түзүлгөн кыйын кырдаал талыкпаган эмгекти, кесипкөйлүктү жана өз парзына чындап берилгендикти талап кыларын кошумчалады.

“Алдыңарда элибизди жарык жана жылуулук менен камсыздоо сыяктуу маанилүү милдеттер турат. Ак дилден эмгектенип, көп жылдар бою топтолгон тажрыйбаңыздар аркылуу элибиздин ишеничин актайсыздар деген ойдомун”, – деп кайрылды Садыр Жапаров энергетиктерге.

Президент 110/10 кВ жогорку чыңалуудагы «Алтын Казык» жаңы көмөк чордонду пайдаланууга берүү Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Мурас-Ордо жана башка конуштарды, ошондой эле бул аймактарда иш алып барган өнөр жай жана коммерциялык объекттерди электр кубаты менен камсыздоо сапатын жакшыртарын белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө мамлекет аталган аймактарда отурукташкан жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн алгылыктуу иштерди аткарып жаткангын айтты. Тагыраак айтканда, борборго жанаша жайгашкан жаңы конуштардагы турак жай документтерин мыйзамдаштырып берүү жана алардын инфратүзүмүн ыңгайлаштыруу маселелери жандуу чечилип баштады.

Мамлекет башчысы ушул сыяктуу эле иш-аракеттер жакындан бери Бишкектин 2-жылуулук электр борборунун айланасындагы Ак-Ордо жана Ала-Тоо-3 конуштарында башталганын эске салып, бул сыяктуу көйгөйлөр көптөн бери чечилбей келгенин кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров анын тапшырмасынын негизинде “Жер Ынтымагы” конушундагы 69,0 гектарды ээлеген жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жаатында Бишкек мэриясы “Кадастр” муниципалдык ишканасы менен биргеликте техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүп баштаганын айтып берди. Атайын жумушчу комиссия мобилдүү топтор түзүлүп, жеринде иш алпарууда.

Мамлекет башчысы Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Мурас-Ордо жана башка конуштардагы инфраструктураны жакшыртууга жана электр жарыгына байланыштуу көйгөйүн чечүүгө убакыт келгенин белгиледи.
Бүгүнкү көмөк чордонду куруу тапшырмасы бир ай мурун берилген. Бул багыттагы иштер улантылат жана ушундай жол менен акырындан энергетикалык каатчылыктан чыгууга мүмкүн болот.

“Мына эми элибиз эгемендик алгандан бери жаңы энергетика орнотмосун биринчи жолу сырттан эч кандай насыя албастан, бюджеттин эсебинен куруп жатат. Буга чейин карызга алып, энергосистеманын карыздары 130 млрд сомго чейин жеткен. Ишибиздин ушинтип илгерилеши өз күчүбүз менен өлкөбүздүн энергетика тармагын кезек-кезеги менен туруктуу өнүктүрүүгө бекем ишеним жаратат. Ушул сыяктуу өзүбүз жүзөгө ашыра алчу долбоорлор көп. Алардын ар бири боюнча план түзүлүп, курулуш жүргүзүлөт”, – деди ал.

Мамлекет башчысы өлкөнүн энергетика тармагын өркүндөтүүгө багытталган артыкчылыктуу ири иш-аракеттерге өзгөчө көңүл бурду. Бул – Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана CASA-1000 эспорттук долбоорун турмушка ашыруу, ошондой эле бардык жерде аталган чөйрөнү колго алуу аркылуу керектөөчүлөрдү электр кубаты менен толук камсыздоо үчүн өлкөбүздүн алыскы аймактарын өнүктүрүү маселеси.

Өткөн айда болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Президент тез арада чечүүнү талап кылган суу-энергетика маселелерин, көмүр жеткирүү, энерготутумдагы кемчиликтер жана одоно мыйзам бузуулардан тартып бул чөйрө үчүн көп каржы насыялар алынгандыгына чейинки көйгөйлөрдү көтөргөн.

Мамлекет башчысы энергетикалык коопсуздукка жетишүүнүн стратегиялык маанисин эске алып, алдыга коюлган милдеттер менен тапшырмалардын аткарылышын жеке өзү көзөмөлгө ала тургандыгын билдирди.

“Мындан кийин энергетика тармагынын туруктуу иштеши жана өнүгүүсү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлөт”, – деп кошумчалады ал.

Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров конуштун тургундарын «Алтын Казык» көмөк чордонунун ачылышы менен куттуктап, аларга бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Жергиликтүү тургундар райондун көп жылдардан бери чечилбей келген электр энергиясы менен камсыз кылуу маселеси чечилгенине ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, “Алтын Казык” жаңы көмөк чордону Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Нургожо-Ата, Мурас-Ордо жаңы конуштарында жашаган керектөөчүлөрдү жана бул аймакта жайгашкан өндүрүш жана соода объектилерин электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртат. Ошондой эле, жаңы көмөкчордон 220/110/35/10 кВ учурдагы «Главная», «Тепличная», «Карагачевая», «Нижняя Ала-Арча» көмөкчордондорундагы жүктөмдү азайтат. Кубаттуулугу 10 мВт.

Садыр Жапаров: Элим деп кара башын канжыгага байлаган Жусуп Абдрахманов бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөдү

«Элим деп кара башын канжыгага байлаган Жусуп Абдрахманов бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөдү», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, чыгаан мамлекеттик ишмер, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарада.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу мекендештер! Ардактуу агайын-туугандар!

Быйыл өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп, бир катар иш-чараларды өткөрүп, көз карандысыздыктын маани-маңызын, аны бизге тартуулап, мурас кылган ата-бабалардын басып өткөн байсалдуу жолун барктап-даңктоого аракет кылдык.

Мына ушундай ары узак, ары татаал жолду басып өтүп, Мекенинин эгемендиги жана элинин эркиндиги үчүн каруусун казык, канын азык кылып, кийинки урпактарына керемет кыргыз жерин мурастаган кадимки Манас, Барсбек баштаган бабаларыбыз болгон! Алардын аттары узун элдин уучуна, кыска элдин кыйырына кыйла белгилүү. Жаралгандан эле куюлуштура сүйлөгөн, уйкаштыра ыр айткан элибиз алардын басып өткөн нарктуу жолун даңазалап ырдап олтуруп, каада-салт, үрп-адатыбызды, маданиятыбызды – жалпы эле жашоо философиябызды чагылдырган ааламда теңдеши жок “Манас” дастанын кошо таберик кылып тартуулаган экен.

Мына ошол ата-бабаларыбыздын ыйык табериги болуп саналган улуу баян жаңырып жатканда, Айкөл Манастын “Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым!” деген сөздөрү ата-бабаларыбыздын мамлекет түптөөдөгү чеберчилиги, улут куроодогу тажрыйбасы гана эмес, биз үчүн айтылган керээз, бизге тагылган милдет, урпактардын алдына коюлган парздай сезилет. Байыркы бабалардын Байыркы бабалардын:”Бөлүнбө, кыргыз,бөлүнбө!” деге урааны деген урааны азыр дагы кыргыз аттуунун жүрөгүндө сыр болуп туюлуп, азыр дагы атуулдук аруу сезимди козгойт!

Мына ушундай мекенчил сезим канында ойногон Жусуп Абдрахманов атабыз өз кезинде бүткүл өмүрүн кыргыз улутун калыптандырып, мамлекет курууга арнаган тура. Жараткан Жусуп Абдрахмановдун маңдайына ушундай улуу вазыйпа менен кошо оор тагдырды дагы жазыптыр. Бирок кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууну эңсеген, тээ алысты мелжеген Жусуп тагдырдын татаал сыноосуна моюн сунуп калбай, баштаган жолунан тайбай, акыры өлүмгө да тике караган экен.

Жашы жыйырмадан жаңы ашкан курагында эле кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө белсене катышкан Жусуп Абдрахманов өз күндөлүгүндө “жазмыштын буйругу менен эң улуу тарыхый окуялардын күбөсү болуп калганын” терең канааттануу менен жазып, каниет айткан жери бар.

Ошону менен катар кезинде совет бийлигинин жол башчысы Ленин менен жолугушуп сүйлөшкөнү, батынып сүйлөмөк тургай, даап дартын айта албаган кадимки Сталиндин өзүнө эки жолу кат жазып, борбордук бийликтин туура эмес саясатын ачык айтканы Жусуп Абдрахмановдун көк жалдыгы эмей эмне!

Улуттук жетилүүнүн кайталангыс эволюциясына күбө болуп жатканына шыктанган, ошол эле кезде ошол окуялардын түздөн-түз катышуучусу, сүрөөнчүсү болгон Жусуп Абдрахманов ар бир ирмемди, ар бир күндү, ар бир окуяны көз жаздымда калтырбай тизмектеп, кагаз бетине түшүрүп калууга ашыкканы анын улуу ой-максаттарды көздөп жашаганын айгинелейт.

Жараткан ага советтик модернизацияны баштан кечирүү бактысын да буюрат. Бирок ал Өкмөт башчылык кызмат жөн эле кызмат эмес, аны менен бирге чанда бир келчү тарыхый роль жүктөлгөнүн аңдап, Кыргызстандагы ири өзгөрүштөр, экономикалык долбоорлор үчүн жанын сабап күрөшөт. Ошону менен катар, кесепеттүү натыйжаларга алып келчү айрым жат көрүнүштөр акыры келип өз башына тиерин туюп, көрөгөчтүк менен кооптонуусун да айткан.

Канткен менен элим деп кара башын канжыгага байлаган Жусуп Абдрахманов бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөдү. Минтип айтканымдын себеби, ал киши 1930-жылдардын башында эле Кыргызстанды автономдук республикадан союздук республикага айлантуу идеясын көтөрүп, ошол мүдөөсүнүн жүзөгө ашуусуна түздөн-түз салым кошту. Биз, бүгүнкү муундун өкүлдөрү, Жусуп ата баштаган ошол замандагы аракеттердин, ошол доордогу курч күрөштүн жемишин көрүп жатабыз!

Урматтуу агайын-туугандар!

Жусуп Абдрахмановдой кеменгер инсаныбыздын жаркын элесин эскерүү жана анын 120 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча мамлекеттик деңгээлдеги уюштуруу комитетти түзүп, бир катар иш-чараларды жүзөгө ашырууга жетиштик.

Ушул жылдын 31-августунда Жусуп Абдрахмановго Кыргыз Республикасынын Баатыры деген мамлекеттик эң жогорку наам ыйгарылды.

Муну менен биз кыргыз мамлекетүүлүгүнө негиз салып, жол чапкан Жусуп атабыздын арбагынын алдында бир эсе жеңилдеп, бир эсе парзыбыздан кутулгандай болдук.

Урпактарына улуу мурас калтырган, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калган адамдын кылымга тете эрдигин баалоо менин энчиме тийгендиги чоң сыймык экенин ар дайым айтып келем.

Эми Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесин өткөрүүнүн алкагында аткарылган иш-чараларга да азыноолак токтоло кетейин. Мамлекеттик архив агенттиги тарабынан Казакстан Республикасынын Президентинин архивинен, Алматы областынын Мамлекеттик архивинен, аудио-жазуу жана кинофотодокументтер борбордук архивдеринен Ж. Абдрахмановго тиешелүү 33 барактуу 13 документ, 33 фотодокумент табылып, санарип форматка көчүрүлдү. Орусия архивинин социалдык-саясий тарыхы жана Орусиянын мамлекеттик кинофотодокументтер архивинен 19 аудиовизуалдык документтин санарип көчүрмөлөрү табылып, сканерден өткөрүлдү. Ошондой эле, Москва шаарындагы Россия Федерациясынын мамлекеттик коомдук-саясий тарых архивинен Ж.Абдрахманов жөнүндө 155 баракта 39 архивдик документ табылды.

Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган “Ж. Абдрахманов” аттуу даректүү тасмасы өлкөнүн бардык аймактарынын кинотеатрларында акысыз көрсөтүлдү.

Ж. Абдрахмановдун өмүрүнө жана саясий ишмердүүлүгүнө арналган  тарых илимдеринин доктору, профессор А.С.Ормушевдин жана тарыхчы В.Жумалиеванын “Жусуп Абдрахманов – чыгаан мамлекеттик ишмер” аттуу илимий китеби басып чыгарылды.

“Великий Жусуп Абдрахманов и его эпоха” документалдык жыйнагын басып чыгарууга Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 390 000 (үч жүз токсон миң) сом бөлүнүп берилди.

2021-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Комиссиянын кезектеги отурумунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу маселеси каралып, колдоого алынган.

Чолпон-Ата шаарына Жусуп Абдрахманов атындагы парк уюштурулуп, бул эс алуу багына Жусуп атабыздын айкелин ачуу пландалууда.

Ал эми бүгүнкү жыйынтыктоочу иш-чаранын алдында, кечээ жакында эле Абдрахмановдун урпактары менен чогуу Жусуп атабыздын күндөлүгүнүн түп нускасын улуттук Тарых музейине тапшырып бергендигиме өзүңүздөр күбө болдуңуздар. XX кылымдагы жалпы улуттук тагдырыбыздын эң маанилүү саясий документтердин биринен саналган бул кол жазманы өзгөчө коргоодогу улуттук таберик деп жарыяладым. Ошентип, Жусуп атабыздын күндөлүгү музейдин эң баалуу экспонатына айланды.

Дагы бир жакшы жаңылык: өз доорундагы ар бир окуянын маани-маңызын, анын ийгилиги менен кесепеттерин талдоого алган Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн толук версиясы басылып чыккандыгын сүйүнчүлөп айтып коёюн. Миллиондогон бейкүнөө азаматтардын башын жуткан сталиндик репрессиянын дал күчөп турган кези тууралуу жазылган айтылуу күндөлүктүн ошончодон жаалы катуу Иосиф Сталиндин так өз колуна түшүп калганы, анан ың-жыңсыз жоголуп кетпей сакталып калганы таң калтырчу дагы, тамшандырчу дагы окуя. Ал ортодо канча жылдар айланып, акыры аман-эсен колубузга тийгени – элибиз үчүн чен-өлчөөсү жок олжо. Күндөлүктүн саргарган барактарына, шурудай тизилген саптарына көз жүгүртүп отуруп, элибиздин алп уулунун санаасына өзүңдү санаалаш сезип, бир эсе каңырыгың түтөсө, бир эсе кол жазманын биздин күндөргө келип жеткенине шүгүр дейм.

Ошол эле маалда Абдрахмановдун кыска убакыт аралыгында улуттук республиканын чамгарагын көтөрүүнү көксөгөн аң-сезимге өсүп жетиши, республикачыл идеалдарды ыкчам өздөштүрүүгө багыт алышы, бир коомдук түзүлүштөн башка бир коомдук түзүлүшкө өтүүнүн түйшүгүн тартышы эмне деген жоопкерчилик, эмне деген кеменгерлик жана эмне деген эрдик!!!

Мына ушундай өзгөчөлүктөрү бар күндөлүктү биздин баа жеткис мурасыбыз, эң маанилүү саясий документтердин бири деп айтсак жаңылышпайм. Мен Кыргызстандын, кыргыз элинин атуулумун деген эр-азаматтар кыргыздын кылымда бир жаралган чыгаан уулунун жазгандарын аздектеп окуп, арбагына таазим этип жүрөрүнө бөркүмдөй ишенем.

3000 жылдык тарыхы бар, асты Манастай, арты Жусуптай эл баккан эрлери бар улуу элдин урпактарынан мындан ары дагы журт баштаар уул-кыздар өсүп чыкпайт деп ким айта алат! Ошондуктан Кыргызстан, кыргыз эли келечеги кең, өнүккөн мамлекетке айланат деп так кесе айта алам!

Жусуп Абдрахманов сындуу мамлекетти түптөгөн уулдары бар кыргыз эли бактылуу эл экенбиз.

Мезгилден учкул эмне бар! Бирок Жусуп Абдрахмановдой мамлекет түптөөчүлөрдүн өлбөс-өчпөс мурастары, Мекенине кылган ак кызматы, мекенчил улуу касиеттери биз менен чогуу жашап, кийинки муундарга өмүр сүрүүнүн жана эли-жери үчүн кызмат кылуунун бийик үлгүсү бойдон кала бермекчи.

Кыргыз мамлекетин аздектеп, баркына жетүү үчүн анын өткөнүн биле жүрүү жана келечсек муунга үйрөтүү – маанилүү мамлекеттик саясат. Алдыда Абдрахмановдун замандаштарынын, андан улуу жана кичүү муундун кыргыз мамлекетин түптөөдөгү ролун изилдөөнүн үлкөн милдети турат. Минтип айтып жаткан себебим, эмдиги 2022-жылы Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев сындуу кыргыз кыраандарынын Тоолуу Кыргыз облусун түзүү долбоорунун 100 жылдыгы белгиленмекчи. Бул иш-чараларды жакшы деңгээлде өткөрүп алалы деген ниетибиз бар.

Мына ушундай асыл максаттарга жетүү менен элибиздин ынтымагын түптөп, коомчулуктагы бөлүнүп-жарылууга жол бербейбиз! Ынтымак бар жерде ырыс бар!

Жусуп Абдрахмановдун жана анын санаалаштарынын бизге калтырган улуу мурасын аздектеп, сактайлы! Бекем ынтымак менен гүлдөгөн Кыргызстанды куралы!”.

Меню