Menu

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров: Мындан ары баалуу металл кендерин мамлекет өзү иштетет

«Мындан ары баалуу металл кендерин мамлекет өзү иштетет», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 23-октябрда, атамекендик жана чет элдик ЖМКлар үчүн маалымат жыйынында.

Мамлекет башчысы белгилегендей, анын кен казуу тармагын реформалоо жөнүндө Жарлыгынын алкагында “Жер казынасы жөнүндө Кодекстин” долбоору иштелип чыккан жана анын кабыл алынышы менен жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдар биринчи жолу бирдиктүү документке биригет жана бардык карама-каршылыктар жоюлат.

Мындан тышкары, мамлекет тарабынан пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү максатында Улуттук тоо-кен компаниясы – “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы түзүлдү.

«Улуттук кызыкчылыктарды сактоо жана өлкөбүздүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү үчүн мамлекет кен чыккан жерлерди өзү иштетүүгө толук мүмкүнчүлүк алды, ушунун алкагында тийиштүү Мыйзамга кол коюлду.

Мындан ары баалуу металл чыккан жерлерди мамлекет өзү иштетет. Буга чейинкилерди эмес, мындан кийинкилерин айтып атабыз.

Ошондой эле, мындан ары жер казынасын пайдалануучулардын бардык рекультивациялык эсептери мамлекеттик банктарда топтолот.

Стратегиялык объектилерди ишке киргизүү боюнча үстүбүздөгү жылдын мартында Талас облусундагы Жерүй кенинде алтын кен комбинаты ишке киргизилди.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда кенди иштетүүдөн Кыргызстандын бюджети жыл сайын 4 млрд сомго чейин салыктык жана башка төлөмдөрдү алып турат, ал эми Талас облусун өнүктүрүүгө болжол менен 300 млн сом түшөт», – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров бүгүн ЖМК үчүн маалымат жыйынын өткөрөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октбярда атамекендик жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрөт.
Иш-чара жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип жана ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.

Маалымат жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде чагылдырылат.

Түз эфир башталышы – 23-октябрь, 11.00.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин шайлоолору жөнүндө: Эл добушун сатпашы керек. Бул жолу парламентти “люстрациядан” өткөрүүгө шарт түзүп бердик

«Эл добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти “люстрациядан” өткөрүүгө шарт түзүп бердик», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 21-октябрда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы белгилегендей, алдыдагы шайлоо кампаниясын кынтыксыз, жогорку деңгээлде уюштуруу керек, анткени ал өлкөдө коомдук-саясий абалдын стабилдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.

«Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери шайлоо өткөрүүнүн түрдүү ыкмалары колдонулуп келди. 2020-жылдын октябрь айында өткөн мыйзамсыз шайлоолор, жер-жерлерде ачык эле колдонулган административдик ресурс жана шайлоочуларды акчага сатып алуу фактылары эч кимдин эсинен кете элек. Бардык болуп өткөн шайлоонун “шайтан оюндары” баарыбызга сабак болушу керек! Мындан ары шайлоонун таза өтүшү баарыбыздан көз каранды», – деп Президент эске салып, бардык жооптуу кызматкерлерди өз милдеттерин так аткаруусун жана мыйзам бузууларга жол бербешин талап кылды.

Садыр Жапаров анын алдында алдыда боло турган шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турганына көңүл бурду. Мындан ары бардык шайлоолор таза өтөт. Бул үчүн ал болгон күчүн жумшайт. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт.

«Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, кызматтан алынып эле тим болбостон, жоопкерчиликке дагы тартылат. Райондордо шайлоого кийлигишкен акимдер менен айыл өкмөттөрү эле жооп берип калбайт. Райондук милиция, же райондук билим берүү бөлүмү же мугалимдер, дарыгерлер кайсы бир саясий партиянын же талапкердин пайдасына тартылап иштеген болсо, эскертип коеюн, жазасыз калбайт!», – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Буга байланыштуу, Президент Ички иштер министрлигин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарды мындай фактыларга жол бербөө максатында коомдук көзөмөлдү күчөтүүгө, башка натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырды.

«36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар. Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт. Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер. Мына ошондо парламентке көпчүлүк – силер тандаган, чыныгы элдин колдоосун алган талапкер же партия келет. Урматтуу эл-журт, бул жерде ар бириңиздердин бирден болсо да добушуңар чечүүчү мааниге ээ, ушуну жакшылап түшүнүп коюңуздар! Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок. Ал заман артта калды. Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес», – деп белгиледи Президент.

Садыр Жапаров партиялык тизмеге, бир мандаттуу округдардан чыгып жаткан талапкерлерге добуш берүүнүн жол-жобосу боюнча өлкөнүн бардык аймактарындагы шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанисин белгиледи. Өлкөдө жаңы Конституция кабыл алынып, ага жараша парламенттик шайлоо жаңы тартип менен өткөнү турат. Шайлоо маалында бул маселе боюнча көйгөй жаралбагандай болсун!

«Биз натыйжалуу шайлоо системасын иштеп чыгып, өсүп келе жаткан муунга туруктуу өнүккөн мамлекеттик башкарууну калтырууга милдеттүүбүз!», – деп кошумчалады ал.
Президент диний баалуулуктар маселесине токтолуп, алар ар биринин дилинде болушун, бирок аны саясий куралга айландырбоо керектигин белгиледи.

Анын айтымында, бир дагы саясий партия, же бир дагы саясатчы шайлоо процесстеринде динди, диний символиканы, же диний терминди жана диний чакырыктарды колдонбошу керек. Муну шайлоого катышабыз деп, каттоодон өткөн партиялардын жетекчилери, талапкерлигин бир мандаттуу округдарга койгон жарандар эстен чыгарбоосу абзел.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда улуттук баатыр Бирназар бийдин эстелиги ачылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, улуттук баатыр Бирназар Алдаш уулунун эстелигинин ачылышына катышты.

Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган иш-чара Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болуп өттү.

Мамлекет башчысы Бирназар бийдин эстелигине гүл коюп, Куран окулду.

Бирназар бий башкаруучу, дипломат жана чет элдик баскынчыларга каршы күрөштө кыргыз элинин лидерлеринин бири катары тарыхта чоң из калтырган.

Президент Садыр Жапаровдун 2020-жылдагы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, 2020-жылдагы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу калкым!

2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуяларга бир жыл толуп олтурат. Бул окуянын келип чыгуу себептери жөнүндө түрдүү пикир, көз караштар айтылып келет.

Сиздерге белгилүү болгондой, былтыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өтүп, адилетсиздик орун алгандыгына байланыштуу, шайлоочулардын нааразычылыктары күчөп, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы катуу коюлган. Бул талапка өз учурунда жооп берилбегендиктен, нааразы болгон элдин калың катмары бийликти кулатууга мажбур болгон.

Мындай жагдайдын пайда болушуна 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын редакциясынын парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүү деген тариздеги мамлекеттин кызыкчылыктарына туура келбеген өзгөртүүлөрү себеп болду десем жаңылышпайм. Себеби 2010-жылдагы Конституциянын редакциясы пропорционалдык шайлоо системасын киргизип, тилекке каршы шайлоолор жабык тизме менен өткөн. Бул система саясий коррупцияга жагымдуу шарттарды жараткан. Натыйжада саясий партиялардын лидерлери жабык тизмени кызылдай эле соодалап, шайлоодо добуштарды сатып алуу күчөгөн. Бул саясий коррупция андан ары уланып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн түзүү укугуна ээ болгон парламент министрлик портфелдерин бөлүшүп, Өкмөттүн, дегеле аткаруу бийлик бутагынын өз алдынча иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, талкалаган. Элдин алдындагы жоопкерчилик дээрлик жоголгон. Парламент Өкмөткө, Өкмөт болсо, кайра парламентке түртө салып, Президент эч нерсе болбогондой мамиле кылып отуруп жоопкерчиликти эч бир бийлик бутагы алгысы келбей калган. Бардык бийлик бутактарынын легитимдүүлүгү күмөн жараткан абалга кептелген. Конституциянын биринчи эле беренесиндеги “бийликтин ээси эл” деген негизги принцип одоно бузулган. Ошентип эл менен бийликтин өз ара аракеттенүүсү төмөндөп, нааразычылыктар өскөн. Саясий партиялар коомдун тигил же бул катмарынын кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн эмес, анын башында турган саналуу адамдардын гана кызыкчылыгын көздөп калган. Мындай адилетсиз түзүлүш эртеби-кечпи кулайт эле. Акыры элдин башкы мүдөөсү Конституция менен негизделип калган жоопкерчиликсиз бийликти кетирүүгө чейин жеткен. Андан тышкары коррупциянын пандемия шарттарында гүлдөшү да элдин кыжырдануусун күчөткөн жана бийликке болгон ишенимин биротоло жоготкон.

Ошол күндөрү жарандык араздашуунун оту тутанып, мамлекеттин кыйрашын шарттайт деген кооптонуулар менен коштолуп, душмандарыбыз сүйүнүп, досторубуз күйүнүп турган.

Бирок, биздин акылман элибиз, даанышман журтубуз андай саясий чайкоочулуктан, чагымчылдыктан өзүн бийик кармарын көрсөттү.

Октябрь окуялары тилекке каршы жоготуусуз өткөн жок. Нааразычылыкка чыккан эл адилетсиз саясатка каршы туруп, өз жанын курмандыкка чалууга да даяр болуп калган эле. Учурдан пайдаланып, курман болгон Үмүтбектин жана башка жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө таазим этип, дагы бир жолу көңүл айтам!

Андан кийин деле абалдан чыгуу, элдин социалдык-экономикалык муктаждыктарын ыраатка салып кетүү оңойго турган жок.

Мамлекетибизде тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактап калуу үчүн тез аранын ичинде тийиштүү чараларды көрүүгө туура келди.

Чукул арада өлкөдөгү абалды мыйзамдуу жолу менен турукташтырып,  стабилдүүлүктү сактап кала алдык.

Элдин талабы боюнча мурдагы бийлик отставкага кетти жана өлкө Конституциясында белгиленген тартипте жаңы Өкмөт түзүлдү.

Бул ХХI кылымдын башындагы Кыргызстанда болгон ири бурулуш окуялардын бири экенинде шек жок.

Бул жеңиш — жалпы Кыргызстандын элинин жеңиши болду.

Элдик бийлик кыска мезгил ичинде өлкөбүздө саясий жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирди.

Кыргыз Республикасынын жаңы бийлигин эл аралык коомчулук тааныбайт деген сандырак кептер четке кагылды. Бардык эл аралык милдеттенмелер, буга чейинки эки жана көп тараптуу келишимдер менен макулдашуулар толугу менен аткарылууда.

Урматтуу мекендештер!

Эң башкысы, кыргыз эли дагы бир жолу ар кыл саясий окуяларга, чагымчыл күчтөргө карабай, өз ынтымагын, өлкөнүн стабилдүүлүгүн баарынан жогору коёрун далилдеп берди.

Ал эми биздин алдыбызда ары олуттуу жана ары жооптуу милдеттер турду.

Элдин талабын аткаруу максатында убадаланган конституциялык реформалар ишке ашырылды.

Ал коомчулуктун кеңири катмарынын, ар бир тармак боюнча дасыккан адистердин катышуусундагы көптөгөн талаш-тартыштардын негизинде иштелип чыгып, бүткүл элдик добуш берүү аркылуу кабыл алынды.

Эң негизгиси элдин мүдөөсү ишке ашып, Конституциянын жаңы редакциясы илимпоздор, коомдук ишмерлер жана жалпы элдик талкуунун негизинде иштелип чыгып, 2021-жылы 11-апрелинде жалпы элдик референдумда колдоо тапты. 2021-жылдын 5-майында Конституциянын жаңы редакциясы бекитилди.

Октябрь окуяларынан кийин өлкө саясий, социалдык-экономикалык жактан оор абалга кептелген кез эле. Элдин колдоосу менен мамлекет башына келген адам катары мен чоң жоопкерчиликти мойнума алдым. Муну менен мен элге гана таянып, элге гана ишенип, элге гана кызмат кылууну негизги багытым деп кабыл алдым. Себеби буга чейинки Эгемен Кыргызстанда болуп өткөн революцияларда элдик-демократиялык бийлик гана биздин улут болуп сакталып калышыбызды жана мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын чыңдалышын шарттаары баарыбызга чоң сабак болду. Мыйзамдуулук, жоопкерчилик, ачык-айкындуулук жана эң башкысы адилеттүүлүк гана элдин ишенимин кайтарып, өлкөбүздүн ынтымагы менен өнүгүүсүн кепилдей алары айкындалды.

Урматтуу замандаштар!

Биздин Мекен өсүп-өнүгүп, гүлдөгөн мамлекет болууга бардык жагынан мүмкүнчүлүктөрү бар. Ага жараша кыргызстандыктар дагы татыктуу жашоого толук акылуу. Биз элибиздин жашоо-деңгээлин көтөрүүгө, адилеттүү коом курууга багытталган жолубуздан тайбайбыз! Өлкөбүздүн асманы ар дайым ачык, көп улуттуу элибизде ынтымак, сүйүктүү мамлекетибизде гүлдөп-өнүгүү болсун!»

Президент Садыр Жапаров электрэнергия тарифи, Кумтөр алтын кени, парламенттик шайлоо жана кымбатчылык боюнча фейсбукка пост жазды

Коомдо кызуу талкууланып жаткан маселелер боюнча маалымат жана түшүндүрмө берип коеюн деп чечтим.
1. Электр энергиясы боюнча.
Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Кечээ Тажикстан да өз сунуштарын берип, алардан да ала баштадык. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык Электроэнергия берип жатышат.
Биз кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле электро энергияны импорт алып жаткан жокпуз.
2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясын импорттоп келе жатат экенбиз.
Буга чейин импорттун баасы канча экен дебейсиздерби?
2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казнадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка, шалаакылыкка жол берген жокмун.
Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз.
Менин тапшырмам менен Энергетика министри элден “Күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, “Токтогулдагы” суубузду сактап калалы” деп суранды.
Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат.
Биз электр кубатына гана пайдаланабыз.
Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, Токтогулдагы суубуз кышка кеңири жетет.
Бирок жаздан баштап кайра кышка чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот.
Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат.
Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат.
Ал эми электр энергиясын сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жаткан жарандарыбыз жөнүндө сөз кылсак, алар үчүн электр кубаты арзан баада болуп жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир килловаты биздегидей 0,77 тыйын эмес, 5 сомдон болгондо, башкача мамиле кылмаксыңар.
Министрлик рейд жасаган учурда көрдүк го. Унаа оңдоочу жайларда, кафе-ресторандарда, базарларда күндүз жарык жанып турат.
Бул эмнени билдирет?
Бул бизде электр энергиясы арзан дегенди билдирет.
“Ай, ошо да кеппи. Төлөп коем” дегендер демек колунда бар адамдар.
Ал эми колунда жоктор бир лампочкасын өчүрүп, үнөмдөп турушат.
Ошон үчүн жазда тариф маселесин көтөрүп, эки категорияга бөлөлү:
аярлуу катмарга 0,77 тыйын кылып калтырып, чекти алып, бай жашаган катмарга тарифти көтөрөлү дегенимде, ага да каршы чыккандар болушту “элди бай-кедей кылып бөлбө” деп. Макул, балким, бара-бара терең түшүнгөндөн кийин макул болорсуңар?
Убакыт керек.
И баса, акыркы 10 жылда бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Элдин саны болсо өсүп атат. Албетте, электр кубатына болгон суроо- талап мурдагыдан 3 эсеге өстү. Азыр эми ГЭСтерди өз күчүбүз менен эле сала баштадык. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып энергетикалык таңкыстыктан чыгып, экспорттоого жетишебиз.
2. “Кумтөр” маселеси боюнча.
Биздин сураныч менен эмес, “Центерранын” суранычы менен Женева шаарында сүйлөшүүлөр болуп өттү.
Бизден төрт киши барды. Жыйынтыгын алар келгенде угабыз. Ал эми LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт.
Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып.
“Эл аралык соттон утулуп калсак – эмне болот?” дегендер да бар экен.
Утулбайбыз, утабыз.
Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли.
Эмне болот?
“Кумтөрдү” көчүрүп кетеби?
Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го?
Эл колдоп турса болду.
Казып атабыз, каза беребиз.
Эч ким тоскоол боло албайт.
3. Шайлоо боюнча.
Мындан ары бардык шайлоолор болушунча таза өтөт. Болгон күчүмдү жумшайм. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылат.
Ошого жараша эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим.
36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар.
Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт.
Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер.
Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги (галочка) коюлат. Партияга жана анын ичиндеги өзүңүздөргө жаккан бир талапкерге. Мына ошондо парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Мына ушундай жол менен парламентти жалпы эл өзүңөр добуш берүү жолу менен люстрация кылып бересиңер.
Ал эми эскилер кайра келе жатышат деп чуу салып жаткандарга айтарым – каалабаган талапкерге добуш бербей койсоңуздар, ал келбейт.
Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок.
Ал заман артта калды.
Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес. Тизмеде 54-болуп туруп көп добуш алсаң, биринчи болуп келе бересиң.
4. Кымбатчылык боюнча.
Коронавирус оорусу башталганы бир жарым жыл болду. Бардык өлкөлөргө эшиктер жабык. Соода-сатык жокко эсе. Ошон үчүн бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жатат. Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшөт. Казына толбойт. Ошентсе да кымбатчылыкты токтотолу, бир чекте кармап туралы деп күнү-түнү алпурушуп жатабыз. Ковид менен күрөшүү тынымсыз уланууда. Казынадан акча бөлүп, вакцина сатып алдык. Айрым өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер вакцинаны жапа тырмак алгандан эринип, кайдыгерлик кылгандар да жок эмес. Эртерээк коронавирус токтосо, анан дүйнө мамлекеттерине эшиктер ачылат эмеспи. Албетте, анан кымбатчылык да басаңдайт эле. Ушунчалык кыйынчылыктарга карабастан, пенсия-пособие, эмгек акыларды көтөрүп жатабыз. Куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүп жатабыз. Жолдор жасалып жатат.
Ар бир жасаган ишибиз элдин, мамлекеттин, урпактарыбыздын кызыкчылыгы үчүн гана болот. Кылымдар өткөндөн кийин да бүгүнкү жасаган иштерибизге уялбай тургандай болобуз. Баары жакшы болот. Кам санабаңыздар. Убакыт керек.

Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирдин этникалык кыргыздары үчүн шаарча курулат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирдин этникалык кыргыздары үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салды.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын апрелинде Садыр Жапаров Памирде калган афгандык кыргыздарды көчүрүп келип жайгаштыруу үчүн болжолдонуп жаткан турак жай курулушунун долбоору менен таанышуу учурунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берген.

Муну менен, Кашка-Суу айылында Бурган-Суу тилкесинде 30 га жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган.

Бул аймакта турак жайлардын, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин, саламаттыкты сактоо объектилери жана башка социалдык объектилердин салынышы пландалууда.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле айрым объектилердин курулушу «Ассанабиль» коомдук кайрымдуулук фондунун көмөктөшүүсүндө жүргүзүлөт.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөп жатып, афгандык кыргыздарды үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин аларды сактап калуу максатында, тарыхый мекенине көчүрүп келүү ниетин дагы бир жолу белгиледи. Бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экенин эске салды.

Анын айтымында бул жерде келечекте 300-400 үй памирлик кыргыздар жагымдуу шарттары менен жашай алгыдай курулат.

Президент чогулгандар менен баарлашып, алар турак жай жана жер көйгөйлөрү, автотранспорттук логистика, ичүүчү суу маселелерин көтөрүп, социалдык мүнөздөгү маселелерди чечүүнү тездетүүнү өтүнүштү.

Садыр Жапаров жергиликтүү калктын суроо жана каалоо-тилектерин угуп, жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында райондордун акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейе турганын эске салды. Муну менен жергиликтүү калкты тынчсыздандырган көпчүлүк маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилеринин деңгээлинде ыкчам чечилет.

Алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, Мамлекет башчысы ар бир мамлекеттик органдын алдында шайлоо жараянынын таза жана ачык өтүүсүн камсыздоого катуу талаптар коюларын өзгөчө белгиледи.

«Парламенттин жаңы чакырылышына эл кимди шайласа дал ошолор келиши үчүн бардык шарттар түзүлдү. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36 бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоочулар партия үчүн гана добуш берген өткөн шайлоолордон айырмаланып, алдыдагы шайлоолордо шайлоочулар партия үчүн эле эмес, андагы өзүнчө бир талапкерге да добуш берген система киргизилди. Эгер кайсыл бир мамлекеттик кызматкер шайлоо жараянына кийлигише турган болсо, ага карата токтоосуз түрдө катаал чаралар көрүлөт», – деп билдирди Садыр Жапаров.

Баарлашуунун аягында анда курула турган билим берүү жана социалдык мекемелер жөнүндө айтып жатып Садыр Жапаров бул мектепти куруунун маанисине токтолду.

«Бул айылда жашаган мекендештерибиздин урпактары өз Мекенинин гүлдөп өскөн аймакка айланышына, өлкөнүн өнүккөн мамлекеттердин катарына киришине салым кошот деп ишенебиз. Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен көчүп келип, тоолуу Бурган-Суу айылына отурукташкан боордошторубуздун балдары ыйык кыргыз жергесинде бакубатчылыкта чоңоюшсун”, – деп белгиледи Президент Садыр Жапаров айылдын курулушуна капсула салып жатып.

Өз кезегинде аталган райондун аксакалдары Мамлекет башчысынын Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздарды колдоо саясатын колдой тургандыгын баса белгилешти. Анткени алардын оор турмуш шарттарында жашаганына кайдыгер карап тура алышпайт.

Садыр Жапаров: «Европа бирлиги - Борбордук Азия» Биринчи Бишкек экономикалык форуму – Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө оң белги

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Нидерланддар Королдугундагы, Люксембургдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муктар Джумалиевди кабыл алды.

Мамлекет башчысына үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрына пландаштырылган «Европа бирлиги – Борбордук Азия» биринчи Бишкек экономикалык форумун өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Муктар Джумалиев Президентке Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин (ЕБ) ортосундагы эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыгынын учурдагы өңүттөрү тууралуу маалымат берди.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстанга келе турган ЕБ делегациясын Европа комиссиясынын экономикалык маселелери боюнча вице-президенти Валдис Домбровскис жетектейт. Биринчи экономикалык форум Европа бирлиги жана Борбор Азия үчүн жаңы экономикалык платформа болот. Муну менен ЕБ жогорку өкүлүнүн визити Европа бирлигинин Борбор Азия боюнча стратегиясынын жана экологиялык өнүгүү стратегиясы болгон – Европа жашыл келишими алкагында бизнести өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга дем берет.

Элчи бул ЕБ-БА биринчи экономикалык платформасы экенин, ал катышуучу-өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын чагылдырып жана бириктирерин эске салды. Иш-чара премьер-министрлер деңгээлинде өтөт. Евробирлик ЕБдин жашыл экономикалык өнүгүүгө өтүү боюнча стратегиясын ишке ашырууга 1 трлн евро багыттаарын билдирди. Буга байланыштуу кыргыз тарап алдыдагы форум алкагында ЕБ менен кызматташуу боюнча өзүнүн туруктуу экономикалык долбоорлорун сунуштай алат.

Ошондой эле Муктар Джумалиев форум алкагында сессиялар жана жашыл экономиканы калыбына келтирүү, ишкер чөйрөсүн жакшыртуу, санариптештирүү өңдүү темалар боюнча өзүнчө иш-чаралар, ошондой эле энергетика, финансы, туризм жана башка багыттар боюнча сессиялар болорун билдирди.

Президент Садыр Жапаров Европа бирлиги менен саясий жана экономикалык натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүү өлкөнүн тышкы саясатынын алгылыктуу багыттарынын бири катары аныкталганын белгиледи. Евробирликтин Борбор Азияга болгон кызыгуусу өсүп жатканын белгилөө зарыл. Буга байланыштуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө, негизинен борборазиялык чөлкөм менен экономикалык багытта.
Мамлекет башчысы белгилегендей бул форумду Кыргызстан жана жалпы эле борборазия чөлкөмү менен кызматташууну кеңейтүүгө оң белги катары караса болот.

Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдарга алдын ала, уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде жасоону тапшырды. Сапаттуу уюштуруучулук жана мазмундук бөлүгүнө өзгөчө көңүл буруу керек. Анткени бул экономикалык форум өлкө үчүн бизнес жана инвестиция тармагында ЕБ менен кызматташуунун эки тараптуу да, регионалдык деңгээлинде да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Президент Садыр Жапаров «Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын президенти Джейми Флайды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда,
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти жана башкы аткаруучу директору Джейми Флайды кабыл алды.

Баарлашуу жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстан сөз эркиндигин туу туткан, демократиялык принциптерди сыйлаган эркин өлкө экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү иштөөгө даярдыгын баса белгиледи. Ошону менен бирге ал, жалпыга маалымдоо каражаттары объективдүү, ар тараптуу, кайсыл бир тарапка көбүрөөк артыкчылык бербей, дүйнөдө таанылган чыныгы журналисттик принциптерди бекем карманып иштеши зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Джейми Флай Кыргызстанда ММКга, анын ичинде Эркин Европа / Азаттык радиосунун кесиптик ишмердүүлүгү үчүн бардык зарыл шарттар бар экенин белгиледи.

Буга байланыштуу медиакорпорациянын президенти өлкө жетекчилигине түзүлгөн шарттар үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда – сөз эркиндиги коомчулуктун күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгү болгон ачык өлкө экенин кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышат

Үстүбүздөгү жылдын 15-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жамааттык (ЖККУ) коопсуздук Кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-ммалекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышат.

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында, Тажикстан Республикасынын төрагалыгында өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү жана уюмдун сессия аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө пикир алмашышат. Ошондой эле алдыда Армениянын ЖККУдагы төрагалыгы мезгилиндеги уюм ишмердүүлүгүнүн алгылыктуу багыттары жөнүндө маалыматты угушат.

Жыйыныктоочу декларацияга, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнүн маселелерин жөнгө салган 13 документке кол коюлары күтүлөт.

Андан соң 17-сентябрда Тажикстан Республикасынын төрагалыгында ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отуруму өтөт.

ШКУ отурумунун күн тартиби ШКУнун ишмердүүлүгүнүн 20 жылдагы негизги жыйынтыгы, уюм алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги, пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен кадамдар, ошондой эле регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин камтыйт.

Бул отурумдун жыйынтыгы боюнча ШКУнун 20 жылдыгына арналган мааракелик декларацияны кабыл алуу пландалууда, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешелүү 30дан ашуун документке, анын ичинде ШКУнун жаңы башкы катчысын дайындоо тууралуу чечимге кол коюлары күтүлүүдө.

Афганстанда болуп жаткан окуяларга, ошондой эле чөлкөмдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо боюнча чараларды кабыл алуунун зарылдыгына байланыштуу Президент Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин делегация башчыларынын Афганстандагы кырдаал боюнча жолугушуусуна катышат. Ошондой эле саммит талааларында эки тараптуу жолугушуулар өтөт.

«Аны менен бирге, Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөн көп тараптуу аянтчалар алкагындагы кызматташууга чоң маани берээрин белгилейбиз.
Кыргызстандын ЖККУ жана ШКУга катышуусу өлкөнүн тышкы саясатындагы приоритеттүү багыттардын бири», — деп белгиледи Жээнбек Кулубаев.

Меню