Menu

Садыр Жапаров

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына 6 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 6 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчысынын аталган 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

— Ысык-Көл облусу

Ак-Суу райондук сотуна:

Маматкулов Русланбек Темиркулович;

Балыкчы шаардык сотуна:

Мамбетова Чинара Сталбековна;

 

— Чүй облусу

Аламүдүн райондук сотуна:

Чоткараев Тилек Устабаевич;

 

— Талас облусу

Талас облустук сотуна:

Султаналиева Айнура Кенжебековна;

 

— Баткен облусу

Баткен облустук сотуна:

Пазылов Мамасаит Мамытович;

 

— Бишкек шаары

Биринчи май райондук сотуна:

Жумагулова Жылдыз Таалайбековна.

 

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2021-жыл 27-июль

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Кыргызалтын Ювелирпром» биргелешкен ишканасы түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында «Алтын» кыргыз зергерчилик заводу« ишканасынын базасында түзүлгөн „Кыргызалтын Ювелирпром“ жаңы ишканасына барды. Биргелешкен ишкана „Кыргызалтын“ ААКсы жана „Алтын“ кыргыз зергерчилик заводу» ЖЧКсынын катышуусунда түзүлгөн.

Мамлекет башчысы технологиялык процесс менен таанышып, өндүрүш жайларын, ошондой эле чынжыр токуу, механикалык куюучу жабдуулар менен зер буюмдардын моделдерин прототиптештирүү боюнча роботтоштурулган принтерди көрүп чыкты.

Президентке жаңы ишкана ата мекендик зергерчилик өндүрүшүн калыбына келтирүүгө, өндүрүш базасын модернизациялоого, иштеп жаткан зергерчилик заводдорду жана сатуу түйүндөрүн реконструкциялоого, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталгандыгын маалымдашты.

Мындан тышкары, аталган долбоор өлкө ичинде дагы, чет өлкөлөргө дагы ата мекендик өндүрүштүн зер буюмдарын сатуу боюнча дүң жана чекене тармакты жаңылоого багытталган.

Учурда казылып алынган баалуу металлдарды өзүбүздөн иштетүү секторун өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жигердүү каралып жаткандыгы белгиленди. Бул кайра иштетүүдө кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүүнүн, салыктар жана өлкө жарандары үчүн кошумча жумуш орундарын түзүү менен бюджетти толтуруунун эсебинен улуттук дүң өнүмдүн көлөмүн көбөйтүү сыяктуу маанилүү милдеттерди чечүүгө өбөлгө болот.

Баалуу металлдардын казылып алынган көлөмү зер буюмдары түрүндө сатылган учурда негизги салыктардын эсебинен бюджеттин кирешеси кыйла көбөйөт.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн алтын казуу өнөр жайынын көлөмүн көбөйтүүнүн жана мындай ишмердүүлүктөн максималдуу киреше алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле ал ата мекендик зер буюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгына көңүл бурду.

Мамлекет башчысы жаңы ишкананын жетекчилигинин алдына 2022-жылдын 1-январынан тарта, азыркыдай казылып алынган чийки затты экспортко кошумча нарксыз тазаланган куйма түрүндө чыгаруунун ордуна, Кыргыз Республикасында иштетилген алтындын көлөмүн көбөйтүү милдетин койду.

Президент Садыр Жапаров баалуу металлдар өлкө ичинде иштетиле тургандыгы, андан жаңы жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке салыктын түшүүсү көбөйөрү маанилүү артыкчылык экенин, бул мамлекеттин экономикалык саясатындагы приоритеттүү милдеттердин бири болуп саналарын баса белгиледи.

Инсандын руханий - адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепция бекитилди

Жарандарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун сапатын мындан ары жакшыртуу, элдик каада-салттарды кайра жандандыруу, руханий жактан бай жана адеп-ахлактуу инсанды калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

– 2021-2026-жылдарга Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепция тиркемеге ылайык бекитилсин;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине үч айлык мөөнөттө Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү, Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткарууну финансылык камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү жана ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенип, Концепциянын негизги жоболору жана аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жарандарга, коомдук жана башка уюмдарга, спорт жана дене тарбия мекемелерине кеңири маалымат берүүнү камсыз кылуу тапшырылсын.

Инсандын руханий – адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциянын тексти тиркелет.

2021-жыл 24-июль

Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда, уулу менен коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү.

Мамлекет башчысы менен анын уулу коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын биринчи дозасын борбордогу мобилдүү эмдөө пункттарынын биринде алышты.

Садыр Жапаровго эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу паспорт берилди.

Президент кыргызстандыктарга кайрылып, вакцина алуу чечими ар бир адамдын жеке иши экенин, эч ким эч кимди иммунизацияга мажбурлабастыгын айтты.

Анын айтымында, акыркы убактарда коомчулукта ар кандай чындыкка дал келбеген маалыматтар, анын ичинде коңшу өлкөлөр Кыргызстанга бекер вакцина берип, өлкө калкынын 70% ын эмдөөдөн өткөрүүнү талап кылып жатат деген туура эмес маалыматтар тарап жатат.

Садыр Жапаров Кыргызстан бюджеттик каражаттын эсебинен Кытайдын Синофарм (Sinopharm) вакцинасынан 1,1 миллион доза сатып алгандыгына көңүл бурду. Буга чейин Кытай бийлиги жалпысынан аталган вакцинанын 300 миң дозасын Кыргызстанга кайтарымсыз берген, бул үчүн кыргыз тарап аларга ыраазычылыгын билдирет. Мындан тышкары, Россия Федерациясынан 120 миң доза вакцина сатылып алынган, ал эми 10 миң доза вакцина кайтарымсыз негизде берилген. Бул үчүн дагы кыргыз тарап ыраазычылыгын билдирет.

Мамлекет башчысы жакын арада Синофарм вакцинасынан 1 млн 250 миң доза кошумча партия сатылып алынарын баса белгиледи.

Буга байланыштуу ал кыргызстандыктарга кайрылып, эл арасында тарап жаткан ушак-айыңдар менен жалган маалыматтарга ишенбөөгө үндөдү.

Президент Садыр Жапаров жарандарды жакындарынын жана жалпы коомдун саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө дагы бир жолу чакырды.

Президент Садыр Жапаров Президенттин 7 облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жаңыдан дайындады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды.

Жарлыктарга ылайык:

– Алимбаев Абдикарим Карбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

– Ашимбаев Сабыркул Абасович Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

– Жамалдинов Зиядин Исламович Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

– Кожоев Мирбек Кокулбаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

– Нарбеков Бакытбек Наркулович Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

– Сыргабаев Абсаттар Токтогулович Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

– Тентишев Эркин Саткынбаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыздоо, аймактарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлгөн.

2021-жыл 22-июль

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен "Ала-Арча" резиденциясында жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 21-июлдун кечинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, ошондой эле парламенттин кароосунда турган актуалдуу мыйзам долбоорлору боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы өлкөнүн саясий жана коомдук турмушундагы Жогорку Кеңештин маанилүү ролун белгиледи.

Ал бардык күчтү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын курууга багыттоо зарылдыгын белгиледи.

Садыр Жапаров жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына жана мыйзамдуулук үстөмдүгү принциптерине болгон ишенимин бекемдөөнүн маанисине көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров парламенттин бийликтин бардык бутактары менен катар эле ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде коронавирус инфекциясынын пандемиясынын кесепеттеринен улам келип чыккан маселелерди тез арада чечүү боюнча консолидацияланган иш жүргүзүшү керектигин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өлкө аймактарында табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы ар кандай табигый кырсыктар – сел, жер көчкү, суу ташкыны ыктымалдыгы жогорулап жаткандыгына байланыштуу, ишке тартылган мамлекеттик органдар менен тиешелүү кызматтардын кызматкерлери жогорку даярдыкта иштөө режимине өтүшү керектигин белгиледи.

Өлкө жарандарынын ден соолугу менен өмүрүнүн жана алардын мүлктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сел, жер көчкү жана башка процесстер жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга туруктуу мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кылуу зарыл.

Ошону менен бирге Министрлер Кабинетине Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин активдештирүү тапшырылды.

Президент Садыр Жапаров табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондор менен жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Бардык жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.

Президент элди вакцина алууга чакырды

Президент Садыр Жапаров 20-июлда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Өлкө башчы Кыргызстанда ушуну менен экинчи жолу коронавируска байланыштуу Курман айт майрамы чектөөлөр менен өтүп жатканын белгилеп, жарандарды өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө, ден соолукту бекемдөөгө чакырды.

“Курман айт күнү мусулмандар таң эртеден тазаланып, жүздөрүн кыбылага буруп, айт намазын окушат, аруу дуба-тилектерин айтышат. Жаратканга жакындоо максатында курмандык чалышып, жакындарына, кошуна-колоңдоруна жана муктаждарга таратышат. Ушул себептен Курман айт аруулуктун жана кайрымдуулуктун майрамы болуп саналат”, – деп айтылат куттуктоодо.

Дүйнө мусулмандары 20-июлда Ислам дининдеги чоң майрамдардын бири – Курман айтты белгилешти.

Коронавирус пандемиясынан улам эки жылдан бери Сауд Арабия падышалыгы өзүнүн жарандарына гана ажылык амалдарын аткарууга уруксат берген.

Кыргызстанда айт намазы борбордук аянттарда эмес, мечиттерде гана окулду. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынды. Ар бир адам дааратты үйүнөн алып, өзүнүн жайнамазын көтөрө келиши керектиги эскертилген.

Дүйнө калкынын 1,7 миллиардын мусулмандар түзөт.

Кыргызстанда Курман айт майрамына байланыштуу 20-июль – дем алыш деп жарыяланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда, кыргызстандыктарды  Курман айт майрамы менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Ассалому алейкум, ардактуу мусулман мекендештер!
Сиздерди Ислам дининин ыйык майрамдарынын бири Курман айт майрамы менен чын ыкластан куттуктайм.

Курман айт күнү мусулмандар таң эртеден тазаланып, жүздөрүн кыбылага буруп, айт намазын окушат, аруу дуба-тилектерин айтышат. Жаратканга жакындоо максатында курмандык чалышып, жакындарына, кошуна-колоңдоруна жана муктаждарга таратышат. Ушул себептен Курман айт аруулуктун жана кайрымдуулуктун майрамы болуп саналат.

Тагдырдын буйругу экен, эгемен Кыргызстандын тарыхында ушуну менен экинчи жолу коронавирус илдетине байланыштуу Курман айт майрамы чектөөлөр менен коштолууда. Бул илдеттен көз жумган жарандарыбызды Жараткан өз мээримине алсын. Ооруп жаткандарга Алла Таала шыпаасын берип, алардын тезирээк айыгып кетүүлөрүн тилек кылабыз. Учурдан пайдаланып бардык жарандарды өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө жана ден соолукту бекемдөөгө чакырып кетмекчимин.

Күчтүү коом капилеттен келген ар кандай кыйынчылыктарга, сыноолорго жана өзгөрүүлөргө каршы даяр болушу керек. Үстүбүздөгү жыл ушундай сыноолор менен коштолсо да, биз бардыгын сабырдуулук, айкөлдүк жана туруктуулук менен жеңип, жаңы ийгиликтерге ишенимдүү кадам таштайбыз.

Кудай Таала ар бир үйгө береке, ырыскы жана бакыт тартуулап, бизди ар кандай оору-сыркоолордон оолак кылсын!

Айтыбыз элибизге, жерибизге жана жалпы мусулман дүйнөсүнө маарек болуп, тынчтык, токчулук жана молчулук ыроолосун!

Жараткан Кыргызстаныбызды сактасын, баарыбызды кийинки Курман айтка чейин аман-эсен жеткирсин!

Оомийин!”.

Президент Садыр Жапаров Германия жетекчилигине суу каптоодо каза болгондорго байланыштуу көӊʏл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Германия Федеративдʏʏ Республикасынын Федералдык Канцлери Ангела Меркелге жана өлкө Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Германиядагы суу каптоонун кесепеттеринен каза болгондорго байланыштуу көӊʏл айтты.

“Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Түндүк Рейн-Вестфалия жана Рейнланд-Пфальц федералдык аймактарында суу каптап, анын кесепеттеринен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊʏл айтам. Бул кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, – деп айтылат деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Меню