Menu

Садыр Жапаров

«Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыздоо, облустарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлсүн.

Төмөнкүлөр бекитилсин:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобо 2-тиркемеге ылайык.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

— бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитсин;

— эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыктын жоболоруна ылайык келтирсин;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин.

Ушул Жарлыкты ишке ашыруу штаттык сандын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары үчүн тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2021-жыл 16-июль

Акин Токталиев президент Садыр Жапаровду жана анын мурдагы басма сөз катчысы Галина Байтеректи сотко берди

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Акин Токталиев президент Садыр Жапаровду жана анын мурдагы басма сөз катчысы Галина Байтеректи сотко берди. Бул тууралуу журналисттерге Акин Токталиев өзү билдирди.

Ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагалык кызматынан негизсиз бошотулганын айтууда.

“Кызматтан алганда президент менен ошол кездеги басма сөз катчысы (ред. Галина Байтерек) мени экстремистке теңеп коюшкан”, – деген Токталиев алардан 100 миллион сом доо өндүрүүнү жана кечирим суроону талап кылууда.

Токталиев Бишкектин Биринчи май райондук сотуна 8-июлда кайрылган. Бирок доо берүүдөгү кемчиликтерден улам арыз 12-июлда артка кайтарылган. Эртеси Токталиев арызын толуктап, кайра сотко бергенин билдирди.

Президенттик администрация жана Галина Байтерек азырынча комментарий берген жок.

Акин Токталиевдин диний мазмундагы талаштуу билдирүүлөрү буга чейин талкууга түшкөн. Ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы кызматына 2020-жылдын 13-ноябрында дайындалып, 2021-жылдын 9-февралында бошотулган. Ал мурда Садыр Жапаровдун адвокаты да болгон.

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине Аксы районунда түшкөн селдин кесепетин тез арада жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Жалал-Абад шаарынын Аксы районунда кечээ түшкөн селдин кесепетин тез арада жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
Ошондой эле табигый кырсыктан улам жабыркаган элге тийиштүү жардам көрсөтүү милдети коюлду.

Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн селдин кесепетинен улам каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.
Садыр Жапаров бүтүндөй өлкө жаратылыш кырсыгынан улам жакындарын жоготкон кыргызстандыктардын оор кайгысын тең бөлүшүп жаткандыгын баса белгилеп, бардык жабыркагандар тезирээк сакайып кетет деп үмүттөнөрүн билдирди.

Кырсыктан жабыр тарткандардын бардыгына мамлекет тарабынан колдон келген колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.

КР Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Аталган Жарлык Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында чыгарылды.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү.

Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

«Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча өзүнүн конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында «Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагындагы этностук кыргыздар Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууда артыкчылыкка ээ жана аларды жарандыкка кабыл алуу жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 5 миңден ашык этникалык кыргыздар жашайт, ар кандай себептер менен  алардын өздүгүн аныктоочу документтери жок.

Натыйжада көптөгөн этникалык кыргыздар чет өлкөлүк паспортторунун жоктугунан улам Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук статуска ээ эмес жана  Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууда кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Бул маселенин актуалдуулугу COVID-I9 коронавирус инфекциясы пандемиясынын башталышы жана өзгөчө абал режиминин киргизилиши мезгилинде күчөгөн. Ошого байланыштуу этникалык кыргыздар жана алардын үй-бүлөлөрү негизги социалдык жана медициналык кызматтардан (тез жардам кызматы келбей, ооруканага кабыл алынбаган учурлар ж. б.) пайдалана алышпайт.

Аталган категорияга төмөнкүлөр кирет:

— эгерде чет өлкөлүк паспортунун, СССРдин паспортунун, ошондой эле кайрылман күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү бүтсө же бүтүп жатса;

— туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо (жоголгон, жарактан чыккан, албаган болсо ж. б.);

— республиканын аймагында жашап 18 жаш куракка жетсе, бирок ар кандай себептерден улам паспорту жок же Кыргыз Республикасынын жарандыгын ала элек болсо;

— Кыргыз Республикасында төрөлүп, ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейин эрезеге жеткендер.

2021-жыл 9-июль

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү.

2021-жылдын 23-июнунда Мамлекет башчысынын бизнес-коомчулук менен жолугушуусу өтүп, анда ишкерлердин ишинин алкагында келип чыккан бир катар көйгөйлөр жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштар айтылган.

Бизнес-коомчулуктун сунуштарын жана көйгөйлөрүн угуп Садыр Жапаров жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлөрүн белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын  өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Манасбек Султанов: “Арслан Малиев президент Жапаровду исламчы деген”

Шаардык каналдардын биринде маек берип жатып, коомдук ишмер Манасбек Султанов, улуттук баалуулуктарды сактап калуу жаатындагы көйгөйлөргө токтолуп өттү. Маекте, негизги баалуулуктарыбыз болгон кыргыз аргымагы Карабайыр, кыргыз тайганы жана жаратылыш байлыктарыбыз туурасында сөз болгон. Албетте, Кумтөр да четте калган жок. Бул маселе туурасында көптөгөн саясатчылар менен болгон талкууларын эскерип жатып, үч жыл мурдагы бир окуяны эстеди. Кумтөр жөнүндө өзүнүн таанышы Арсланбек Малиев экөөнүн ортосундагы пикир алмашууда, ага төмөндөгүдөй таризде кайрылган:
– Арслан, айтчы мына, Кумтөр сенин жериң го, неге аны коргобойсуң? Эмнеге эле сен Кумтөрдү улутташтырууга каршы болуп жатасың? Мисалы, сенин жердеш иниң Садыр Жапаров, Кумтөр үчүн күрөштү. Эми болсо, ошонусу үчүн куугунтукталып, түрмөдө олтурат. Сен деген саясатчысын го, айтпайсыңбы, Садырды колдоп койбойсуңбу?
Бул суроого Арлан мырза мынтип жооп бериптир:
– Маке, Садыр исламчы да…

“Мен үчүн Арсландын жообу күтүүсүз болду. Анткени, ал өзү теңирчи. А теңирчилер деген жаратылышка жакын болушу керек да. Кытай тилинен алганда, Тянь-Шань – Теңир болуп которулат. Анда эмне үчүн теңирчи адам, Кумтөр маселесинде Садыр Жапаров жана эл тарапта болбойт? Ооба, бюджетти толтуруу орчундуу маселе, бирок биздин улуттук баалуулуктарга жана анын катарында табигый байлыктарыбыздын негизгиси болгон мөңгүлөрдү талкалоо аркылуу бюджетти толтуруунун керек жок!”, деди Султанов.

Чолпонбек Абыкеев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  Жарлыкка кол койду, ага ылайык Чолпонбек Абыкеев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы болуп дайындалды. Бул тууралу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 29-июнда, Дүйшөмбү шаарында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Биргелешкен билдирүүнүн тексти:

“Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 2021-жылдын 28-29-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына расмий сапары болуп өттү.

Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү кыргыз-тажик мамилелеринин абалын жана келечегин талкуулашты, региондук жана эл аралык күн тартибинин маселелери боюнча пикир алмашты.

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы 1996-жылдын 12-июлундагы Мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндө келишимде жана 2004-жылдын 26-майындагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимде жазылган принциптерди жана милдеттенмелерди карманарын билдирүү менен, тең укуктуулуктун, өз ара урматтоонун жана достуктун негизинде мамлекеттер аралык диалогду андан ары өнүктүрүү максатында

Мамлекет башчылары төмөнкүлөрдү билдирди:

1. Кыргыз-тажик мамилелери кылымдарды карыткан тарыхый байланыштарга, жалпы маданий жана руханий баалуулуктарга негизделген.

2. Мамлекет башчылары достукту жана ынак коңшулукту сактоо үчүн өздөрүнүн жогорку жоопкерчилигин түшүнүп, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамилелерди ырааттуу өнүктүрүү чечимин ырасташты.

3. Президенттер кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара жаңжалдарын болтурбоонун жана тараптардын эл аралык милдеттенмелерди жана эл аралык укуктун ченемдерин сактоосунун зарылдыгын белгилешти.

Президенттер эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен өз ара ыңгайлуу шарттарда конструктивдүү диалог куруу жана пайда болгон маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү ниетин билдиришти.

4. Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты. Алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты.
Президенттер кыргыз жана тажик элдери илгертеден бери жашап, карманып келген достук жана ынак коңшулук принциптери өз ара алгылыктуу натыйжага жетишүүгө өбөлгө болот деген ишеничин билдиришти.

5. Мамлекет башчылары саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну жандандыруу боюнча Борбордук Азия мамлекеттеринин биргелешкен аракеттерин улантууну жакташты. Региондогу өз ара аракеттенүүнүн жаңы атмосферасын калыптандырууга өбөлгө түзүүнү шарттаган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушууларын туруктуу негизде өткөрүп туруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз ара пайдалуу кызматташууга кошумча дем берүү жана аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында XXI кылымда Борбордук Азияда достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө беш тараптуу келишимдин түзүлүшүн биргелешип илгерилетүүгө даяр экендигин билдиришти.

6. Мамлекет башчылары мамлекеттер аралык диалогду өнүктүрүү үчүн зарыл болгон өз ара аракеттенүү механизмдери, биринчи кезекте, Мамлекеттер аралык координациялык кеңеш, Эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү карап чыгуу боюнча өкмөттөр аралык комиссия, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия жана Тышкы иштер министрлеринин кеңеши бар экендигин баса белгилешти.

2021-жылдын экинчи жарым жылдыгында эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү карап чыгуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын Кыргызстанда өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

7. Президенттер кыргыз-тажик мамилелеринин парламенттер аралык багытынын маанилүүлүгүн белгилешти.

8. Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өз ара соода көлөмүнүн төмөндөшүн белгилешти. Ушул контекстте соода-экономикалык кызматташтыктын пайдаланылбай жаткан потенциалын колоднуу үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү жакташты. Алар өз ара ишкердик экономикалык миссияларын, экономиканын артыкчылыктуу багыттары боюнча көргөзмөлөрдү жана бизнес форумдарды уюштуруунун зарылдыгын белгилешти.

9. Президенттер Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек ара аймактарында товарларды контрабандалоо улантылып жаткандыгына тынчсызданганын билдиришти. Мындай жагдай эки тараптуу экономикалык мамилелерге зыян келтирет деп эсептешет.

10. Президенттер Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы региондор аралык байланыштарды түзүүнү жакташты. Алар эки мамлекеттин региондорунда агроөнөр жай комплексинде, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөр бар экендигин баса белгилешти.

11. Борбордук Азия мамлекеттеринин калкынын жана экономикасынын өсүп жаткан муктаждыктарын канааттандыруу максатында жана климаттын өзгөрүшүндөгү терс тенденцияларды жана Париж келишиминдеги милдеттенмелерди эске алуу менен, Мамлекет башчылары регионду жана андан сырткары жактарды экологиялык таза жаңылануучу энергия менен камсыз кылуу үчүн эки өлкөнүн эбегейсиз гидроэнергетикалык потенциалын өздөштүрүү боюнча эл аралык демилгелерин өз ара колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

12. Мамлекет башчылары суу ресурстарын пайдалануу менен байланышкан эки тараптуу маселелерди кароо боюнча Ведомстволор аралык кыргыз-тажик жумушчу тобунун ишин улантууга макулдашышты.

13. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда электр берүү линияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Борбордук Азия – Түштүк Азия CASA-1000 региондук электр берүү линиясын куруу боюнча кызматташууну улантуунун зарылдыгын белигилешти.

14. Мамлекет башчылары Тажикстан Республикасындагы этникалык кыргыздар жана Кыргыз Республикасындагы этникалык тажиктер үчүн ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүнү макулдашты.

15. Президенттер элдердин жакындашуусуна жана улуттар аралык жана маданий байланыштардын чыңдалышына өбөлгө боло турган биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү жолу менен кыргыз-тажик маданий-гуманитардык өз ара мамилелерин активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.

16. Мамлекет башчылары БУУнун универсалдуу эл аралык түзүм жана мамлекеттер аралык байланыш маселелерин чечүү үчүн негизги аянтча катары статусун, ошондой эле анын эл аралык иштердеги борбордук координациялык ролун бекемдөөнү жакташат.

17. Кыргыз Республикасынын Президенти Тажикстан Республикасынын суу жаатындагы глобалдык демилгелерин жактады жана 2020-жылдын 21-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы «2018-2028-жылдары «Туруктуу өнүгүү үчүн суу» Эл аралык он жылдык аракеттердин максаттарына жетүүнүн жүрүшүн орто мөөнөттө ар тараптуу карап чыгуу боюнча БУУнун Конференциясы» деген резолюциясын кабыл алгандыгын белгиледи.

18. Тажикстан Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасы демилгелеген «Жаратылыш чектөөнү билбейт: Трансчекаралык кызматташтык — биоартүрдүүлүктү сактоонун жана пайдалануунун маанилүү фактору» деген резолюциянын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында кабыл алынгандыгын кубаттады.

19. Кыргыз Республикасынын Президенти Тажикстан Республикасынын Президентинин 2025-жылды Эл аралык мөңгүлөрдү сактоо жылы деп жарыялоо демилгесин кубаттады.

20. Тажикстан Республикасынын Президенти 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешине Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоду.

21. Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Шанхай кызматташтык уюмунун, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун, Ислам кызматташтык уюмунун, Экономикалык кызматташтык уюмунун, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме жана башка эл аралык уюмдардын жана форумдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү улантылат.

22. Кыргыз Республикасынын Президенти 2020-2021-жылдары Тажикстан Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгын колдой тургандыгын билдирип, тажик тарабы сунуш кылган жана Уюм үчүн мааракелүү жылы ишке ашырылган артыкчылыктардын актуалдуулугун белгиледи.

23. Президенттер 2021-жылы ноябрда Бишкек шаарында «Европа Бирлиги – Борбордук Азия» Биринчи экономикалык форумунун Борбордук Азиянын премьер-министрлеринин жана ЕБдин жогорку өкүлдөрүнүн деңгээлинде өткөрүлүшүн кубатташты.

24. Мамлекет башчылары эл аралык коалициянын аскерлеринин чыгып кетишине, ошондой эле өкмөткө каршы куралдуу элементтердин активдешүүсүнө байланыштуу Афганистанстандагы учурдагы аскердик-саясий кырдаалга тынчсыздануусун билдиришти.

25. Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Президентинин Тажикстан Республикасына жасаган расмий сапарынын жыйынтыгын канааттануу менен белгилешти жана болуп өткөн сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө түрткү берип, өз салымын кошоруна ишеним билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Тажикстан Республикасынын Президентине меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Тажикстан Республикасынын Президентин Кыргыз Республикасына жооп катары расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды. Иш сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат”.

Президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон тет-а-тет форматында жолугушууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 29-июнда, Душанбе шаарында тет-а-тет форматында жолугушууда.

Өз сөзүндө Эмомали Рахмон Тажикстан Садыр Жапаровдун өлкөгө болгон расмий сапарына өзгөчө маани берерин жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин баса белгиледи.

“Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат, Сиздер менен өз ара мамилелерибиздин бардык чөйрөсүнүн бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкуулоого даярбыз”, – деп билдирди ал.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Президент Эмомали Рахмонго Тажикстан Республикасына расмий сапар менен келип-кетүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров ушул жылдын 28-30-апрель күндөрүндө болгон трагедиялуу окуялар эки өлкөнүн элдери үчүн оор тарыхый сыноонун жана кайгы-капанын күндөрү болуп калгандыгын өкүнүү менен белгиледи.

“Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен”, – деп баса белгиледи ал.

Президент Садыр Жапаров биргелешкен аракеттердин натыйжасында тараптар чек ара маселелерин чечүү жолдорун табаарына ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген форматта улантышат.

Меню