Menu

Садыр Жапаров

«Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн жана башкарууну оптималдаштыруу, кайталанган жана ашыкча функцияларды жоюу, ошондой эле мамлекеттик аппаратты күтүүгө каралган бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартылсын.

Сунушталсын:

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин санын 30 пайызга чейин кыскартуу боюнча ишти жүргүзүү;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна жана Кыргыз Республикасынын Сот департаментине сот органдарынын түзүмүн оптималдаштырууну жүргүзүү жана алардын штаттык санын 30 пайызга чейин кыскартуу;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүү жана кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

— кыскартылган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошонуу жөлөкпулун төлөп берүүнү камсыз кылсын;

— бошотулуучу кызматкерлерди ишкердик иштин негиздерине окутуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

— үнөмдөлгөн каражаттарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көтөрүүгө жумшасын;

— Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул Жарлыктын

3-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү ишти жүргүзсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Видео - Душанбеде Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн, 29-июнда, Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду.

Садыр Жапаровду коштогон кортеж «Улут сарайына» келип токтоп, аны Эмомали Рахмон тосуп алды.

Мамлекет башчылары учурашкан соң, Ардактуу кароол ротасынын командири эки өлкөнүн лидерлерине рапорт берди. Андан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан ары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон тизилип турган Ардактуу кароол ротасынан өтүп, бири-биринин — Кыргызстан менен Тажикстандын делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Расмий жолугушуу аземи Ардактуу кароол ротасынын салтанаттуу маршы менен жыйынтыкталды.

 

Президент Садыр Жапаров Душанбе шаарына келди (делегациянын курамы)

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, расмий иш сапары менен Тажикстан Республикасынын борбору – Душанбе шаарына келди.

Душанбе шаарындагы эл аралык аэропорттон Мамлекет башчысын Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол ротасы тизилген.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелерин талкуулашат.

 

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

– тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

– Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

– Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустөмбеков;

– транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

– өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

– маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

– Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;

– Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;

– Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.

Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрүндө расмий сапар менен Түркмөнстанда болду.

Расмий сапардын биринчи күнү Мамлекет башчысы өлкөнүн туңгуч Президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана «Turkmenbashynin Ruhy Metjidi» (Түркмөнбашынын Рухий мечити) мечитине зыярат кылды.

Андан кийин Садыр Жапаров Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коюп, ошол жердеги Ардактуу меймандар аллеясына бак отургузду.

Ошону менен бирге Президент Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүн көрүп чыгып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылышына катышты. Анын алкагында эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосунда ар кыл тармактарда кызматташуу жөнүндө бир катар макулдашууларга кол коюлду.

Расмий сапарынын экинчи күнү Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары менен келечегин тет-а-тет форматында жана кеңейтилген форматта талкуулашты.

Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Мындан тышкары, эки өлкөнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, билим берүү жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-түркмөн кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарын жыйынтыктап, Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына расмий сапары менен жөнөп кетти.

Ашхабад шаарында кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылышы болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө барып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземине катышты.

Аталган иш-чаралар Ашхабад шаарындагы Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын имаратында өттү.

Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Чары Гылыджов Мамлекет башчысын көргөзмө экспозициясы менен жана өлкөнүн газ жана газ өндүрүү, мунайды кайра иштетүү, химия өнөр жай тармактары, текстиль өнөр жайы, ошондой эле курулуш, айыл чарбасы, жер казынасын пайдалануу жана башка экспорттук мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Андан кийин, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземи болуп, анда Президент Түркмөнстандын мамлекеттик органдары менен бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн алдында сөз сүйлөдү.

Эң алгач Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин ынак коңшулук мүнөзүн белгилеп, Кыргызстандын Түркмөнстан менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө мурда келе жаткан иштерди үзгүлтүксүз улантууга умтуларына токтолду.

Ошону менен бирге соода-экономикалык өз ара байланыштарды кеңейтүүгө басым жасап, кызматташтыкты арттырууга жаңы дем берүү маанилүү экенин айтты.

Президенттин айтымында, Кыргызстан инвесторлордун ишенимин жогорулатууга жана өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү маселелерине абдан көңүл бурат.

Ошондой эле Мамлекет башчысы инвестициялык ишмердүүлүккө жана чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын коргоого байланыштуу, экономиканын ар кыл тармактарында бир катар преференцияларды жана стимулдарды камсыз кылган либералдуу мыйзам базасы бар экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров муну менен катар эле учурда өлкөдө инвестициялык долбоорлорду даярдоо, кароо жана ишке ашыруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган бир катар мыйзам долбоорлору иштелип чыгып жатканын кошумчалады.

Ал Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктарын, анын ичинде, жалпысынан Европа Бирлигинин өлкөлөрүнө жана Америка Кошмо Штаттарына товарлардын 6 миңден ашык түрүн алымсыз киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү ВСП+ статусун; Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин миллиондогон рыногуна продукцияларды жеңилдетилген шартта экспорттоого чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу ЕАЭБге мүчөлүктү; жеткиликтүү квалификациялуу жумушчу күчүн, энергетика ресурстарын, либералдуу инвестициялык мыйзамдар менен салык тутумун тизмектеди.

Садыр Жапаров тажрыйба алмашууга жана Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында жана электр энергетика тармагында иш алпарган ишканаларын кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Президент Түркмөнстандын экономикасынын алдыңкы тармактарынын бири – ири текстиль комплекстери иш алпарган текстиль өнөр жайын, пахтадан жип ийрүү жана токуу өндүрүшүн, тигүү фабрикаларын, жибек иштетүүчү ишканаларын, бут кийим фабрикаларын, тери жана жүн иштетүү заводдорун өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы түркмөн өнөр жайчыларын Кыргызстанда приоритеттүү деп саналган жеңил өнөр жай тармактарында ишканаларды ачууга жана жергиликтүү ишкерлер менен тажрыйба алмашууга чакырды.

Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан суу ресурстарына бай өлкө катары энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында эбегейсиз потенциалга ээ, бул дагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын чоң келечегин ачат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров келечекте эки өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба жана инфраструктура жаатында өз ара кызматташууга басым жасады.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөлөрдүн транспорттук-транзиттик мүмкүнчүлүгүн пайдалануунун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз жана түркмөн товарларын дүйнөлүк рынокторго экспорттоого көмөкчү боло турган биргелешкен кыргыз-түркмөн логистикалык компанияларын түзүү келечеги тууралуу да сөз кылды.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Президент Садыр Жапаров түркмөн ишкерлер чөйрөсүн Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары кароого үндөп, аларды жигердүү кызматташууга жана ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды.

Форумга экспорттук продукцияларды өндүргөн ири түрмөн ишканаларынын жетекчилери катышты.

Экономикалык форумдун жүрүшүндө бир катар баяндамалар жасалды:

– түркмөн тараптан: энергетика министри Чарымурад Пурчеков, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Чары Гылыджов, мамлекеттик министр – “Түркмөнгаз” мамлекеттик концернинин төрагасы Батыр Аманов, “Түркмөнхимия” мамлекеттик концернинин төрагасы Ниязлы Ныязлыев, Түркмөнстандын тышкы экономикалык иштер боюнча мамлекеттик банкынын башкармалыгынын төрагасы Рахимберды Жепбаров жана Түркмөнстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун төрагасы Довран Худайбердыев баяндама жасашты;

– кыргыз тараптан: инвестициялар министринин орун басары Умбриэль Темиралиев менен Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин төрагасы Данил Ибраев баяндама жасашты.

Ошондой эле кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун алкагында Кыргызстан менен Түркмөнстандын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуулар болду, ар кандай профилдеги продукцияларды жеткирүү боюнча ишкерлер ортосунда эки тараптуу келишимдер менен контракттарга онлайн режиминде кол коюлду.

Президент Садыр Жапаров 27-29-июнь күндөрү расмий иш сапарлары менен Түркмөнстанга жана Тажикстанга барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ушул жылдын 27-28-июнь күндөрүндө расмий иш сапары менен Түркмөнстанда болот. Бул тууралу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен чакан жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Андан ары, 28-29-июнда Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстан Республикасына барат.

Иш сапардын жүрүшүндө Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлүүдө.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселелерди талкуулашат.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыздоо үчүн биринчи кезектеги милдеттерди белгиледи

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, бизнес-коомчулуктун алдында сүйлөп жатып, өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыздоо үчүн биринчи кезектеги милдеттерди белгиледи.

Мамлекет башчысы «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жана «Ишкерлерди коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» алгачкы жарлыктарын эске салып, жакынкы аралыкта бул жарлыктарды аткаруунун жүрүшүнө баа берилерин, ар бир тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жооп беришерин айтты.

Президент ишкерлердин жана инвесторлордун мүлкүнө кепилдиктерди берүүнүн олуттуу системасы түзүлбөсө, алар өлкөнүн экономикасына каражат салууга кызыкдар болбостугун баса белгиледи. Ишкерлер келечекке жана өз инвестицияларынын корголушуна ишениши шарт, антпесе өлкөдөн «капиталдын агып кетишин» токтотуу мүмкүн эмес.

Садыр Жапаров белгилегендей, экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн бир нече милдетти ишке ашыруу зарыл. Биринчи милдет — экономикалык субъекттерге антикризистик колдоо көрсөтүү, алардын ишине түрткү берүүчү чараларды жана чечимдерди тез кабыл алып, ыкчам аткарылышын камсыздоо. Анын ичинде өлкөбүздүн изоляцияда калуусуна жол бербөө. Ал үчүн соода жаатындагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүрүшүн камсыздоо жана вакцинация маселесин чечүү. Экинчи милдет — мамлекетке инвестициялардын келишин жогорулатуу жана жумушчу орундарын түзүү.

«Үстүбүздөгү жылдын 5-майындагы Кыргызстан элине кайрылуумда республиканын экономикалык өнүгүүсүнүн мындан аркы пландары жөнүндө көз карашымды айтып кеткем. Биз экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтөбүз. Ал эми санариптештирүүнү ар бир жарандын турмушуна таасир этишин камсыз кылабыз. Башкаруу жана кызмат көрсөтүү процесстери толугу менен автоматташтырылат. Биз өсүп-өнүгүүнүн жаңы пайдубалын түптөө үчүн жаңы эрежелердин негизинде иш алып барабыз», — деп айтты Садыр Жапаров.

Президент ириде, мамлекеттин экономикага кийлигишүүсү чечкиндүү түрдө кыскартыларына жана жагымдуу, адилеттүү шарттарды түзүүгө бүт күч-аракеттер жумшаларына токтолду. Бул үчүн олуттуу кадамдар жасала баштады.

Анын айтымында, акыркы убакта бизнес чөйрөсүнүн фискалдык жана укук коргоо органдарына нааразылыгы кескин күчөп, ал ортодо маалымат мейкиндигинде «ишкерлерге жана инвесторлорго кылмыш иши козголду» деген маалыматтар байма-бай кайталанып, токтобой жатат. Укук коргоо жана фискалдык органдар тар кызыкчылыктарды көздөгөндөн улам, иштеп жаткан ири ишканалардын иши токтоп калгандыгы тууралуу фактылар жок эмес. Укуктук нормалардагы карама-каршылыктар ишкерлерге каршы колдонулуп, соттук териштирүүлөргө себеп болууда.

«Салык кызматы болсо пландык текшерүүлөр кыскарууда деген маалымат бергени менен, пландык эмес жана ички текшерүүлөр көбөйүп жатканын тастыктаган маалыматтар бар. Салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн мындай көп сандагы текшерүүлөр тергөө органдарынын көрсөтмөлөрү жана өтүнүчтөрү боюнча ишке ашырылып жатат деп айтылууда, бул маалыматтар бизнеске болгон кысым токтой электигин ырастайт», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Буга байланыштуу Мамлекет башчысы Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен, бул орган өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтык чыкканын жана аны жоюу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын баса белгиледи. Бул кадам бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадамдардын бири болду. Ошону менен бирге, 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы Салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзам иштеп чыгууну, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү тапшыргандыгын кошумчалады.

 

Президент Садыр Жапаров Россия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды.

Кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чараларды, анын ичинде өлкөгө Россия вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды.

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггерди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун өнүктүрүү программасынын (ӨП) администраторунун орун басары, БУУӨПтүн Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча региондук директору Мирьяна Сполярич Эггерди кабыл алды.

Ар кыл багыттардын кеңири чөйрөсүндө биргелешип кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы БУУ тутумунун Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилеп, Уюмдун агенттиктерине туруктуу өнүктүрүү жаатында өлкөдөгү ишмердиги жана Баткен облусуна көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент аймакты өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан программанын алкагында Баткен облусуна өзгөчө макам берилерин баса белгиледи. Мындан улам узак мөөнөттүү келечекте чек ара райондорун өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу зарыл экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров чек ара аймактарынын тургундарынын жашоо-шартын жакшыртуу маанилүү экенин белгилөө менен чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча атайын, максаттуу долбоорлорду биргеликте ишке киргизүүнү сунуш кылды.

Мамлекет башчысы ошондой эле дүйнөдө климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу көйгөйлөр барган сайын актуалдуу болуп бараткандыгына токтолду. Жакында Кыргызстан ЮНЕСКОнун алкагында мөңгүлөрдү сактоо жаатында демилгелерди көтөрө тургандыгына көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалын көзөмөлдөө жана алардын өзгөрүшүнө жетиштүү жооп кайтаруу боюнча өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүнү көздөп жатканын билдирип, БУУну бул багытта бирге иш алпарууга чакырды.

БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггер БУУнун түзүмдөрү өлкөнүн чек ара райондорунун жашоочуларына кошумча колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп жаткандыгын баса белгиледи.

Ал аялдардын жана жаштардын укуктарын коргоо боюнча иштерди канааттануу менен белгилеп, алардын коом турмушундагы активдүү ролуна токтолду. Мирьяна Сполярич Эггердин айтымында, Кыргызстан региондогу өлкөлөрдүн арасында бул багытта алдыңкы орунду ээлейт.

БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы учурда Өнүктүрүү программасы иштелип жаткандыгын, анын алкагында Кыргызстанга жардам көрсөтүү каралып жатканын маалымдады.

Мирьяна Сполярич Эггер бул программа 2021-2026-жылдарга карата Кыргызстанды өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясынын приоритеттерине жооп берет деген үмүтүн билдирди.

Ошондой эле ал айлана-чөйрөнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча экологиялык долбоорлорду колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы кыргыз тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Доскул Бекмурзаев, энергетика министри: Электр энергиясы боюнча жаңы тариф президент менен макулдашылган

Электрдин тарифи президент менен макулдашылганын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев 16-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Министрлик 15-июндан баштап Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын тариф саясаты боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелет. Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын жакса, андан аркы баа 2 сом 52 тыйындан саналат.

Бул тариф калктын бардык катмары үчүн бирдей иштейт жана мурда айтылгандай турмуш-шартка жараша өзүнчө тариф каралган жок.

Министрлер кабинети жарыктын баасын жыл сайын жогорулатууну пландап жатат. Токтом долбоорундагы маалыматка ылайык, 2022-жылы электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 48 тыйынга чыгат. Андан кийин жылдык инфляциянын деңгээлинде жараша кымбаттап турат.

“Арак, цемент чыгарган заводдор, алтын кен ишканалар, майнинг фермалар электр энергиянын бир кВт/саатына 5 сом 4 тыйын төлөйт. Анткени булар көп киреше алган бизнес болуп саналат”, – деди Доскул Бекмурзаев.

Ушул тапта элге электр энергиясынын бир кВт/сааты 77 тыйындан бирдиктүү тариф менен берилип жатат. Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат.

2021-жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелди. Учурда өкмөт Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат ток алып жатат. Аны үч жылдын ичинде бөлүп-бөлүп кайра электр энергиясы менен кутулууну пландоодо.

Меню