Menu

Садыр Жапаров

Садыр Жапаров: Кемпир-Абаддын жерин кийин Өзбекстан менен алмашып алсак болот

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан (ред: Камчыбек Ташиев 4485 гектар жер экенин айтты) гектар жерди Кыргызстан кийин Өзбекстан менен алмашып алса болорун айтты.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында айтты. Өлкө башчы Кыргызстан Өзбекстан менен баш-аягы 1500 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоо алдында турганын айтып, депутаттарды мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүүдө жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

“Макул, суу түгөнүп суу сактагыч кургап кетти дейли. Ордуна теңме-тең башка жерден жер берип алмашып алсак болот. “Айланайын” деп алмашат. Анткени аларга суудан бошогон таш, кум баскан сайдын кереги жок. Ал жерге пахта эге албайсың же шалы эге албайсың. Кыйкыргычтар “Өзбекстанга башка жерден жер берип суунун алдындагы жерди алып бергиле” дешет. Өзбек туугандардын башы жакшы иштейт. Ошондуктан 30-40 жыл алдыга кетишти. Биз болсо дагы деле кыйкырыктан башыбыз чыкпай жүрөбүз. Бүгүн ушундай алмашуу кылалы чек аралаш жерден 4000 га айдоо жерди берели суу кургап кетсе суунун алдындагы жер Өзгөнгө калсын десек “айланайын” деп макул болушат. Анткени суу 100-200 жыл, керек болсо дагы бир нече кылым жатарын билишет алар. Ага чейин бул жерди колдоно берели деп макул болушат. Ошондуктан өзгөндүк туугандар шашпай тургула. Ошол суу астындагы жерди бир, 10 же 100 жылдан кийин алмашып алабыз. Ага чейин өзүбүз иштетип туралы”, – деди Жапаров.

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүү маселесин карап жатат.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев чек араны тактоо боюнча маалымат берип, баяндама жасады.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырган. Документти кабыл алууда кворум маселеси талаш жаратты.

“Кемпир-Абадды коргоо комитети” Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрбөөгө чакырды.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Садыр Жапаровдун Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөдө жыл сайын 7-8-ноябрда белгиленген Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу мекендештерге кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу кыргызстандыктар!

Элибиз нечен кылымдардан берки тарыхый сапарында биринен сала бири алмашкан даңктуу да, кайгылуу да доорлорду башынан өткөрүп келе жатат. Башкаларды мындай коюп, кыргыз эли бирде гүлдөп-өнүккөн Улуу Кыргыз кагандыгы сыяктуу ири дөөлөттү түзгөн даңазалуу доорлорду, бирде эл катары жок болуп кете турган Үркүн сыяктуу оор трагедиялуу мезгилдерди башынан кечиргендигин айтсак жетиштүү болот.

Тарых барактарында мындай кырдаалдарга тушуккан дүйнөнүн канчалаган элдеринин аты гана калды. Ал эми эзелтеден эгемендикти аздектеп, мамлекеттүүлүктү туу туткан, катылган жоонун катыгын берген жоокерчилик замандардан бери көчмөн турмуштун башкалардан өзгөчөлөнгөн каада-салтын, нарк-насилин сактап келген кыргыз эли кылымдардан кылымга учук улап, сакталып келе жатат. Бул биздин сыймыктана турган улуу тарыхыбыз.

Быйылкы Тарых жана ата-бабаларыбызды эскерүү күндөрүндө эл-жери үчүн ташка тамга баскандай из калтырып тарых жараткан, учурунда өлкөнүн эгемендиги, өсүп-өнүгүшү үчүн башын сайып күрөшкөн белгилүү тарыхый инсандарыбыз эскерилип жатканын баса белгилеп кетейин. Ушул жылы Ормон хандын 230 жылдыгы, Байтик баатырдын 200 жылдыгы, агартуучу жана коомдук-саясий ишмер Эшенаалы Арабаевдин 140 жылдыгы, эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы, эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгы, ХХ кылымдын башындагы өз алдынчалыкка умтулуунун алгачкы аракети катары бааланган Тоолуу Кыргыз облусун түзүү долбоорунун 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, элибиз эгемендикти таберик кылган бабаларыбызга сый-урматын көргөзүп келүүдө.

Совет бийлигинин орношу менен өз алдынчалыкка ээ болгон же болбосо ошол мезгилде түзүлүп жаткан өлкөлөрдүн катарында кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруунун башатында турган Абдыкерим Сыдыков, Эшенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Иманаалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу жана башка көптөгөн кыргыздын чыгаан уул-кыздарынын эмгеги элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.

Алардын бизге калтырган таберигин – мамлекеттүүлүгүбүздү, эгемендикти көздүн карегиндей сактап, келечек муунга өткөрүп берүү – ар бир кыргызстандыктын эң негизги милдети экенин эсибизден чыгарбашыбыз зарыл!

Урматтуу калайык-калк! Кадырлуу кыргыз элим!

Тарыхыбыз жана ата-бабаларды эскерүү менен, эгемендикти көксөп, өмүрүн арнаган бабаларыбыздын, кийин ошол ой-кыялдар үчүн тоталитардык режимдин курмандыгына айланган аталарыбыздын, ошондой эле жакынкы күндөрдө эле мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн чек арада баатырдык менен курман болгон мекенчил жигиттерибиздин эрдиктерин элге жайылтуу аракеттерин жана жалпы эле тарыхыбыздын белгисиз барактарын изилдөөлөрдү улантуу зарыл!

Өлкөбүз тез арада өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулуп, тарыхыбыз такталып, түптүү элибиз кылымдарга даңазалана берсин!

Кыргызстаныбызды Жараткан өзү сактасын!”.

Садыр Жапаров: "Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай олтура берип, теоретик болуп калган. Практикалык иш жасап көргөн эмес"

– Кемпир-Абад боюнча Жогорку Кеңештин тармактык комитети эки тараптуу макулдашууну жактырды. Бирок ошол эле учурда айрым депутаттар, тагыраагы Адахан Мадумаров «Сууну кыргыз тарап тазалайт экен, форс-мажор болсо горизонталь белгиси өзгөрө берет экен» деген маанайда ЖМКга билдирүү жасады. Бул жагы кандай болот?

– Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай олтура берип, теоретик болуп калган. Практикалык иш жасап көргөн эмес. Ошол үчүн практика жүзүндө кандай иштер болуп калаарын билбейт. Бул жердеги форс-мажор деген сөз боюнча, өткөндө – ушул жылдын жай айында нөшөрлөп жааган жамгырда Сузак районунда канча деген биздин айылдарыбызды сел алып кетти. Ошол күнү биз өзбек тарапка чыгып, сууну жаба тургула деп жаптырдык. Албетте, сууну жапканда горизонт бир аз көтөрүлөт. Көп болсо 20-30 см көтөрүлөт. Эгер жаппаганда андан да көп айылдарыбызды сел агызып кетет эле. Жаан токтогондон кийин кайра ачтырдык. Мына ушундай учурларды форс-мажор деп коет. Ушундай учурларды гана.

Азыр эми биз дагы плотинаны башкарууга кирип атабыз да. Мындан ары мындай учурларда маселе жаралса, эки тарап чогуу эле маселени жеринде чечип кете беришет. Суу азайышы мүмкүн, бирок 900дөн өйдө көтөрүлбөйт.

Ал эми “сууну биз тазалап берет экенбиз” дегени акылга сыйбайт. Андай маселе жок. Эмне суунун алдына түшүп алып тумшугу менен таш түртөбү же кум шыпырабы? Кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөйбүз.

Эптеп эле бир жеринен кыйкым таап, өзбек тарап менен чабыштырып жибергиси келип турган арам ою ишке ашпайт.

Булак: Kabar

 

Садыр Жапаров: "Алтын жеген болсок, Теңгиз Бөлтүрүктү камап койбой тескерисинче, чет өлкөгө качырып жибербейт белек. Бул Азимбек Бекназаровдун деңгээлиндеги ой жүгүртүү"

Gрезидент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине Кумтөр жана Кемпир-Абаддын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу маек курду.

– Азимбек Бекназаров: “Теңгиз Бөлтүрүктү жөн эле саясат үчүн камап койду. Алтынды чогуу жешкен. Мына Бөлтүрүк күнөөлүү экен демиш болуп, кайра эле жакында чыгарып коет”,- деп айткан эле. Буга кандай жооп бересиз?

– Бул Азимбек Бекназаровдун деңгээлиндеги ой жүгүртүү. Алтын жеген болсок, камап койбой тескерисинче, чет өлкөгө качырып жиберип, анан “мына, качып кетти, алтын жептир” деп койбойт белек. Анын тескерисинче, “качып кетпесин, сатып алуулар боюнча эмне үчүн базар баасынан жогорку бааларды коюп дизель отунун сатып алышты, баарына жооп берсин” деп камап койдук да. Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ тарабынан жалпысы 15тей тергөөчүдөн турган топ түзүлгөн. Азыр тергөө амалдары жүрүп, бардык маселелер боюнча текшерип жатышат. Тергөө иштери бүтсүн. Канча чыгым алып келишкени аныкталсын. Чыгымды ордуна койсун. Бизде принцип ушундай. Себеби, ал – элдин байлыгы да. Андан кийин анан көрөбүз.

Булак: Kabar

Садыр Жапаров: "Айрым ою бузук жарандар, бир депутатыбыз шек санап, "Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур", - деп жалаа жабууга аракеттене башташканда депутаттык комиссия түздүрдүм

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине Кумтөр жана Кемпир-Абаддын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу маек курду.

– “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Бул комиссия сиздин демилге менен түзүлдү деген кептер тарап жатат. Эмне үчүн демилге көтөрдүңүз?

– Ооба депутаттык комиссия түзүлдү. Айрым ою бузук жарандар, бир депутатыбыз шек санап, “Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур”, – деп жалаа жабууга аракеттерди кыла башташканда өзүм демилге көтөрүп, “депутаттардан турган комиссия түзгүлө” деп эл өкүлдөрүнөн сурандым. “Комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн да кошуп алгыла” дедим. “Комиссиянын төрагасы кылып Мадумаровду шайлап берсеңер” дедим эле, тилекке каршы, макул болбой койгонбу, айтор Исхак Масалиев комиссиянын төрагасы болуптур.

Мейли кимиси болсо да, “Кумтөргө” барышсын, ийне-жибине чейин текшерип келишсин, анан элге жарыя кылышсын. Канча алтын казылыптыр, кайда сатылыптыр, канчасы Улуттук банкта сакталуу экен, уурдалыптырбы же уурдалбаптырбы – баарын айтып беришсин. Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат. Өз көздөрү менен көрүп келишсин.

Биз “Кумтөрдү” кайтарып алган күнү эле тааныш-билиштерибиз “жумушка киргизип койсоңор” деп эшик кага башташты. Мен бардык туугандарымды чогултуп алып: “Кумтөргө” жолобогула, бир дагы кишини жумушка киргизбегиле. Кийин ар кандай болуп “Кумтөр” иштебей калса, “мына, силер адис эмес адамдарды киргизип атып, иштете албай калдым” деген сөзү болот”, – деп айттым. “Жоопкерчилик Теңгиз мырзанын өзүндө болсун. Бошогон орундар болсо, өзү кызматка алып, өзү жооп берсин” деп Теңгиз мырзанын өзүнө толук укук бергем. “Бир килограмм эт, бир килограмм картошка дагы сатпагыла. Кыскасы, жакындашпагыла” дегем.

Ошол күндөн ушул күнгө чейин бир дагы жакын тууганым “Кумтөр” менен иш кылбайт. Теңгиз Бөлтүрүккө биринчи күндөн баштап какшап айтып келдим. “Теңгиз мырза, мындан ары сиз чет мамлекеттерде жеке менчик ишкананы башкарып жүргөндөй башкарбаңыз. “Кумтөр” мамлекеттик ишкана болот. Каражаттарды оңго-солго чачпаңыз. Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан издеп барат. Буга чейин “Кумтөрдөн” жеп келгендердин оозун тигиңиз. Өзүңүз да уурдабаңыз. Таза иштеңиз”, – деп “Кумтөрдүн” бир тыйынына да аралашкан жокмун.

Ошондон баштап эле “таза иштеп атам” деп, бизди ынандырып келген. Биз болсо “Кумтөр” Кыргызстанга толук өткөнгө чейин ызы-чуу кылбай туралы деп текшерүү жибербей турдук. Анан “Кумтөр” Кыргызстандын энчисине толук өтөрү менен Эсеп палатасын жибердим, 3 ай текшерип келишти. Сатып алууларда коррупциялык элементтер аныкталды. Жыйынтыгында Теңгиз мырза жана башка тиешеси бар жетекчилер камалды. Азыр тергөө жүрүп жатат.

Биз элден эч нерсе жашырбайбыз. Балким Эсеп палатасы же мамлекеттик органдар көрбөй-билбей калган кемчиликтери болсо депутаттык комиссия билип келеттир. Андан мамлекетке эч кандай зыяны жок, пайда гана болот, кемчиликтери болсо, оңдоп алабыз дегендей.

Булак: Kabar

ЖМК редакторлору эркин медиаларга кысымды токтотуу боюнча президент Жапаровго кайрылышты

Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору президент Жапаровго, Жогорку Кеңешке, УКМК төрагасы Ташиевге, баш прокурор Зулушевге, ички иштер министри Ниязбековго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Максутовго кайрылуу жолдошту.

Отуздан ашуун редактор кол койгон кайрылууда Кыргызстанда соңку кездерде көз карандысыз журналисттерге жана маалымат каражаттарына кысым күчөп жатканы белгиленген:
“Кылмыш иштери козголуп, маалыматка жетүү чектелүүдө, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар демилгеленип, кабыл алынууда. Журналисттерди каралоо боюнча уюшкан жана пландуу кампания жүрүп жатат. Көз карандысыз маалымат каражаттарын жабуу талабы менен митингдер жана кол топтоо уюштурулууда. Редакцияларды өрттөө жана маалымат каражатынын өкүлдөрүнө таасир этүүнүн башка мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу боюнча акцияларда ачык коркутуулар болууда. Ал эми укук коргоо органдары мындай фактыларга реакция кылбай жатат”, – деп жазылган.
Кайрылуу ээлери жакында президенттин аппараты иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун 96 пайызы Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн жана андагы айрым беренелер өтө катаал экенин белгилешүүдө.
“Медиа уюмдардын юристтеринин айтымында, эгер документ азыр сунушталган формада кабыл алынса, Кыргызстан ЖМКлары, андан соң блогерлери менен интернет колдонуучулары сөз эркиндиги менен кош айтышы мүмкүн. Маданият министрлиги экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын демилгеси менен бир жыл мурун мыйзам бузуулар менен кабыл алынган “Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды колдоно баштады. Юристтер белгилегендей, бул мыйзам Маданият министрлигине соттун мыйзамдуу чечимисиз, эч кандай талаш-тартыш процесстери жок эле өзүм билемдик менен көз карандысыз маалымат каражаттарына бөгөт коюуга жол берген, адилетсиз нормаларды камтыйт. Бул мыйзамдын нормаларына үч ЖМК кабылды. Алар: “Республика”, “24.kg” жана “Азаттык Медиа”. Жакынкы аралыкта дагы кеминде үч көз карандысыз интернет-ресурстар бөгөттөлүшү мүмкүн деген маалымат бар. Алар: Kaktus.media, Kloop.kg жана Factcheck.kg”.
Кайрылуу ээлери бул кырдаалга тынчсызданып, мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жеке, президенттин басма сөз кызматын жана президенттик аппараттын кызматкерлерин катыштырбастан жолугушууну суранышты.
Ошондой эле ЖМК өкүлдөрү өлкө жетекчилигине төмөнкү сунуштар менен кайрылышат:
-“Азаттыктын” сайтына бөгөт коюу чечими жокко чыгарылсын;
-Даттанууларды кароону токтотуу жана башка массалык маалымат каражаттарына бөгөт коюу;
-Журналисттерге карата негизсиз жана мыйзамсыз кылмыш иштерин токтотуу;
-“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу;
-ЖМК мыйзамдарын талкуулоо үчүн ыйгарым укук берилген медиа коомчулуктун (Журналисттер көз карандысыз союзу, “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана редакциялардын жетекчилери) катышуусу менен жумушчу топ түзүү;
-Жогорку Кеңеш: экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын “Такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамына депутаттар Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдү кароо.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, сөз болгон материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.
Сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык уюмдар, АКШнын Мамлекеттик департаменти айыптаган билдирүү таратты.
“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.
“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, теле, интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.

Садыр Жапаров: "Жарым жыл мурда Адахан Мадумаровду үйүмө конокко чакырып, ал "достошуп" кетти эле, бир апта өтпөй кайра эле кыйкырып чыкты"

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги чакан маегинде акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди.

— Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич!

— Жыйырмадан ашык активисттер, саясатчылар камакка алынды. Арасында өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун тарапкерлери бар экен. Алар акыркы убакта “Кемпир Абад” суу сактагычына байланыштуу маселени көтөрүп жүрүшкөнү белгилүү. Кармалгандардын массалык митингдерди уюштуруу, ар кандай акцияларга чыгуу пландары тууралуу аудио-жазуулары интернетке тарады. Бирок күч түзүмдөрүнүн акыркы аракеттерине, башкача айтканда, тинтүүгө, камакка алууга жеткирбей эле үй камагына чыгарып коюп, диалогго барып, “ийри отуруп, түз кеңешүүгө” болбойт беле?

— Эки жылдан бери баары менен “ийри олтуруп, түз кеңешип” келе жатам. Быйыл жазда иш бөлмөмө ондон ашуун бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алып, үч саат бою пикир алыштым. Суроолоруна толук жооп бердим. “Жакшы иштер жасалып жаткан экен” деп ынангандай эле болуп кетишкен.

Кемпир-Абад маселеси азыркыдай коомчулукка кеңири чыга электе эле бир катар депутаттарды, анын ичинде Адахан Мадумаровду да Өкмөт үйүнө чакырып, аталган маселени ийне-жибине чейин түшүндүрүп бергем.

Жарым жыл мурда өзүн үйүмө конокко да чакырып: “Адахан мырза, Кыргызстан бирөө эле, ынтымакташалы, мага колуңардан келсе жардам бергиле. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып бергиле”, – дегем. Айтылган ойлорго муюп, ынангандай болуп, эки саат олтуруп, “достошуп” кетти эле. Бир апта өтүп-өтпөй кайра эле кыйкырып чыкты.

Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам.

Өзгөнгө барып эл менен жолугуп келдим. Баткенден баштап Чаткал, Ала-Букага чейин жергиликтүү тургундардан үч жүздөй кишини Бишкекке алдырып, Өкмөт үйүндө баарлаштым. Кемпир-Абадда “курултай” уюштургандардын бардыгын бөлүп-жарбай чакырдым. Жети саат тынбай сүйлөштүк, диалог кылдык. Түшүнүп эле кеткендей болушат, анан мындай чыгып эле түз кетип жаткан иштерди бурмалаганга өтүп жатышпайбы.

Ток этер жерин айтсам, буларды “Кемпир-Абад” маселеси деле кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо экен. “Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликтин бир жерине илинип калсам” дегендер. Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен.

Ар кандай кызмат орундарын ачып, баарына кызмат жеткирсең деле болот. Бирок мамлекеттин ар бир тыйыны менин мойнумда да. Кантип ысырап кылам. 7 миллион элдин алдында ар бир тыйын үчүн жооп беришим керек. Коркок болсом, балким мурдагылардай – 2010-жылдагыдай кылып, пайда-батасы жок министрликтерди ача коюп, “мына сага, министр бол!” деп тынчытып койсом деле болмок. Бирок мен андайга барбайм! Анткени мен корккудай ууру кылган жокмун. Бийликте олтурганда ар бир жасаган ишимди 10 жылдан кийин болобу, же 100 жылдан кийин болобу, эл алкыш айткандай кылып жасап кетем.

Кемпир-Абад жана чек ара маселелери боюнча да ошондой болот, буюрса. Убакыт керек. Көпчүлүк элдин ишеними болсо болду. Калганын мага койгула.

Ал эми камалгандар боюнча мен кийлигише албайм. Укук коргоо органдары бар. Мамлекеттин, элдин коопсуздугун камсыз кылуу – алардын түздөн-түз милдети. Алар өз ишин так аткарып атышат. Акыркы чекитти сот коет. Ошондон кийин гана мага кайрылышса, ырайым берип камактан чыгарууга укугум болот. Мыйзамдуу жолу ушундай.

— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич. Иштериңизге ийгилик!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

Булак: Kabar

Садыр Жапаров: Кемпир-Абадды биз берген жокпуз. Тетирисинче, алып атабыз. Биз бир күндү эмес, 100 жылды алдын ала көрө билип атабыз

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берди.

— Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич!

— Өзгөндө Кемпир-Абаддын өзбек тарапка берилишине каршылык билдирип, жөө жүрүш өттү. Дегиле, ушул суу сактагыч боюнча чечим кандай болгон атат? Кемпир-Абад толугу менен өзбек тарапка өтүп кетет деген кооптонуулар канчалык негиздүү?

Биринчиден, Кемпир-Абадды биз берген жокпуз. Тетирисинче, алып атабыз.

60-жылдардан бери плотинаны алар башкарып келишти. Эми мындан ары плотинаны башкарууда 50/50 пайыз кылып биргелешкен ишкана түзүп, чогуу башкарабыз деп келиштик. Суунун деңгээли 900 горизонттон өйдө көтөрүлүп кетпешин көзөмөлдөп туралы дедик. Көлдөн насос менен айылдарга суу тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк жок эле.

Эми тарыхий- архивдик кагаздарга таянсак, 1965-жылы плотинаны өзбек тарап курган. Биз бир тыйын акча салган эмеспиз. Суу басып калган жерибиз үчүн ошол эле 1965-жылы 4127 гектар жерди чек аралаш жерлерден Баткенден, Оштон, Жалал-Абаддан кылып өзбектер өз жерлерин беришкен. Ошондо азыркы суу басып жаткан 4127 гектар жер ошол мезгилде эле өзбектерге өтүп жатпайбы. Чагымчылдар биз бүгүн берип жаткандай кылып кыйкырып атышат.

Биз кыргыз тарап ал жерлерди үй салып, талаачылык кылып азыркыга чейин иштетип келе жатабыз. Буга архивдик документтер күбө.

Мисалы, алар берген жерлерге кайсы айылдарыбыз курулганын айтып берейин.

-Кадамжай районунун Көк-Талаа айылы 758 гектар жерге курулган.

-Пылдырак айылы 255 гектар жерге курулган.

-Араван районундагы Найман айылы 148 гектар жерге курулган.

-Ноокен районунун Достук айылы 1088 гектар жерге курулган.

-Аксы районунда аэропорт 446 гектар жерге курулган.

-Жетиген айылы 75 гектар жерге курулган.

-Падыша-Ата-Сай 5 гектар жерди ээлеп турат.

-Кара-Дөбө 45 гектар жерге салынган.

-Ала-Букадагы Ажек-Тоого 1307 гектар жер берилген.

Кыскасы, жалпысынан 4127 гектар жерди Өзбекстан тарап 1965-жылы бизге беришкен. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдери, карталары жана башка бизге өткөрүп берген бардык архивдик документтери турат.

Мына бүгүн ошол өзбектер берген жерлерди биздин жогоруда аталган айылдар ээлеп турат. Анан эле азыр саясат кылып, “Кемпир-Абадды берип жиберип атышат” деп, биз бүгүн берип жаткандай кылып айтып жатышат. Бул – акмакчылык.

Биз азыр эмне кылдык? 1965-жылы суунун горизонту 908 деп бекиген экен. Эгер бүгүн суунун деңгээлин 908 горизонтко чыгарып алышса, анда 5731 гектар жерди суу басып калат. Биз суунун гоизонтун 900 гө түшүрдүк. Эми 5731 гектар жерди эмес 4400 гектардан ашыгыраак жерди суу басат. Кошуналар 4127 гектар жерди 1965-жылы беришти да. Ошондо ортодо дагы 300 гектардан ашыгыраак жер айырма болуп калды. Биз бүгүн ушул 300 гектар жер үчүн 1000 гектар жер алып атабыз. 500 гектар Өзгөндүн аймагынан, 500 гектар Сузактын аймагынан. Мындан сырткары, суу тартылганда жээгинен 1246 гектар жер бошоп толугу менен бизге өтүп жатат.

Калган талаш болуп келген жерлердин дээрлик баары бизге өттү. Муну азырынча мен айтпай турайын. Жогорку Кеңеште карала баштаганда күбө болосуздар. Ачык каралат. Түз эфир болот. Ошондо азыркы бир күндүк жеке кызыкчылыгы үчүн өзүн пиар кылып жүргөндөр катуу уят болушат. Элдин 99,9 пайызы бизди колдооруна мен бөркүмдөй ишенем. Бир күндү эмес, 50-100 жылды алдын ала көрө билип, туура жол менен кетип бара жатканыбызга күбө болосуздар. Биз бир эле Өзгөн менен чек ара маселесин чечип жатканыбыз жок. Эки өлкөнүн ортосундагы 1400 километрден ашык узундуктагы чек арабызды чечип атабыз. Биринчи орунда жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы туруш керек.

Чагымчылдар ушуну түшүнүп туруп эле элди тескери жака бурганга аракет жасап жүрүшөт. Канча жолу аларга түшүндүрдүк, түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбейт экен. Аларга эптеп эле чыр чыгарып, өлкөгө бүлүк салыш максат экен. Биз андайга жол бербейбиз. Демократия десе эле аша чаап бара жатышат.

Тобо дешибиз керек. Элибиз чагымчылдарды ээрчип кетпей баарын туура түшүнүп турушат. Митингдерди, кечээгидей жөө жүрүштөрдү уюштурууга кайдан, кимден акча каражат алып келип жаткандарын дагы билебиз.

Ушул жерден дагы бир нерсени баса белгилей кетейин. Чагымчылдар айласы кеткенде акыркы бир сунуш айтып атпайбы. “Суу кургап кетсе, суунун астындагы жер бизге калыш керек. Келишимге ошентип жаздырып койгула” дешет. Антип жаздырып койсок, биз келечек муунду илинчекке илип коюп кеткен болобуз. Азыркы тактап жаткан келишимдер кайра бузулуп, бүгүнкү акыбалга кайтып келет. Накта чыр ошондо чыгат. Ошондуктан, чагымчылдардын жетегине алдырбай, жаңылыштык кетирбей бүгүнкү келишим менен чек араларыбызга чекитти коюп алышыбыз керек. Биз бир күндү эмес, 100 жылды алдын ала көрө билип атабыз.

Ал жерди 70 жылдан бери суу басып жатат. Дагы 100 жыл басат. Суу түгөнсө адамзаттын жашоосу дагы түгөнөт. Макул 100 жылдан кийин суу кургап кетип жер бошоду дейли. Ошондо деле суу астынан бошогон 4000 гектар жерди өзгөндүктөр алгысы келсе башка жерден 4000 гектар берип теңме-тең алмашып алсак болот, айланайын деп эле алмашат. Себеби суу астында жаткан кум менен таш баскан сайдан көрө ким болбосун түз жерди алууну каалайт да. Дагы кандай түшүндүрүшүм керек?

Биз кошуналарыбыз менен ынтымакта жашашыбыз керек.

Түбөлүк ынтымакта, достукта жашайлы, бири-бирибизге керек болгон учурда жардам беришели деп Чолпон-Ата саммитинде келишимге кол коюштук. Биздин жакшы мамилелерибиз түбөлүк сакталыш керек. Анткени түбөлүк кошуна жашайбыз. Чек арага чекитти коюп алсак, достугубуз түбөлүк сакталат. Кандай гана маселелер болбосун бири-бирибиз менен сүйлөшүүлөр, макулдашуулар жолу менен гана эки тараптуу маселелер чечилип турат.

Чек араларыбыздын такталбагандыгынын кесепетинен чек арада кичине эле чыр чыкса, аскерлерибиз, жөнөкөй жарандарыбыз каза болуп кетип жатышат. Масштабдуу болуп кеткенден Кудай өзү сактасын. Ошондуктан, чек арага чекит коюшубуз керек!

Өзбекстан менен бүткөндөн кийин, Тажикстан менен дагы сүйлөшүү жолдору менен чек ара маселесин бүтүрөбүз.

— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич. Иштериңизге ийгилик!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

Булак: Kabar.kg

Жапаров, Путин жана Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулады

13-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан президенттери Садыр Жапаровдун, Владимир Путиндин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду.

Анда кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланганын Жапаровдун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мамлекет башчысы орус президентине биргелешкен жолугушууну өткөрүү демилгеси, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга кеңири токтолгон.

“Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманарын белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттерин эске салды. Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгиледи”, – деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Жолугушууда сөздү Владимир Путин баштап, эки өлкө тең Орусиянын стратегиялык өнөктөшү экенин, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып жатышканын белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын миллиондой, Тажикстандын 2 млн. жараны Орусияда окуп, иштеп жатканын айтып, бардык багыттар боюнча жакын байланыштар бар экенин айтты. Өлкөлөр ортосунда соода алмашуунун көлөмү көбөйүп жатканын жана анын өнүгүшүнө кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле үч тараптуу сүйлөшүүдө таңуулаган жагдай жок экенин, бирок жолугушуу жогорку мааниге ээ экенин кошумчалады.

Сүйлөшүүлөрдүн калган бөлүгү жабык форматта өттү. Ал боюнча башка маалымат айтылган жок.

Биргелешкен жолугушуу Путиндин демилгеси менен уюштурулган.

Бул – Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин чек арадагы ондогон адамдын өмүрүн алган соңку куралдуу кагылыштан кийинки алгачкы жолугушуусу. Анда Жапаров менен Рахмон кол алышып учурашкан жок.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган.

Душанбе айыпты Бишкекке оодарган.

Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу болот

Казакстандын борбору Астана шаарында 13-октябрда Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот.

Анда кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда. Бул тууралу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев журналисттерге билдирди. Маалыматка караганда, биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген орус мамлекет башчысы Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган.

12-14-октябрда Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана “Борбор Азия + Орусия” мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Ага катышуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-октябрда Казакстанга барды.

Бул Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин чек арадагы ондогон адамдын өмүрүн алган соңку куралдуу кагылыштан кийинки алгачкы жолугушуусу болот.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган.

Дүйшөмбү кайра айыпты Бишкекке оодарган.

Меню