Menu

Садыр Жапаров

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 11-октябрда, кыргыз-азербайжан биргелешкен кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун Чечимине кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу;
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2023-2025-жылдарга кызматташуу программасы;
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө Протокол;
  5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана өз ара түшүнүшүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  6. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжан Республикасынын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  7. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  8. Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) менен Баку шаарынын (Азербайжан Республикасы) ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Президент Жапаров Астана шаарындагы иш-чараларга катышат

Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтө турган бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев журналисттерге билдирди.

“Сапардын алкагында 13-октябрда мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине, 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат”, – деп айтылат маалыматта.

Ошол эле күнү Жапаров “Борбор Азия – Орусия” форматындагы 1-саммитке катышат.

Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

7-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммитине Садыр Жапаров катышкан жок. Орусиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине Жапаровдун куттуктоосун жеткирүү үчүн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлөрү кабарланган.

7-октярбда Садыр Жапаров Путин менен телефондон сүйлөшүп, аны 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты талкуулашкан.

Кемпир-Абад: Жогорку Кеңештин комитети келишимди колдоду

Кечээ, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карады.

Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен келишимди жактырды. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болду. Бул тууралуу каршы добуш бергендердин бири, депутат Чыңгыз Айдарбеков журналисттерге билдирди.

“Мен бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым. Кагаздарды, документтерди көрмөйүнчө макулдугумду бере албасымды билдиргем. Ошондуктан, мен каршы добуш бердим”, – деди ал.

Айдарбековдун маалымдашынча, келишимге кыргыз-өзбек президенттери кол койгон соң, документ Жогорку Кеңешке ратификацияга алып келинет.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралды. Жыйынга телефон алып кирүүгө, сүрөт, аудио, видео тартууга тыюу салынган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жабык кароонун себебин “жашыруун маалыматтарга байланыштуу” деп түшүндүрдү. Ташиев чек ара тууралуу документтер эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин ачыкка чыга турганын белгиледи.

Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Ошондой эле 10-октябрда парламент комитетиндеги жыйынды ачык өткөрүү тууралуу буйрук бергенин айткан.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизги документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан.

Садыр Жапаров Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган кыргыз альпинисттери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган альпинисттер менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын альпинизм боюнча курама  командасынын мүчөлөрү менен жылуу учурашып, аларды планетанын эң бийик чекиттеринин бирине ийгиликтүү чыгышы менен куттуктады.

Альпинисттердин кайраттуулугун жана өжөрлүгүн белгилеп, Садыр Жапаров кыргызстандыктардын эң бийик тоо чокуларынын бирин багындырышы өлкөнүн бүткүл элинде сыймыктануу жана шыктануу сезимин жаратып жатканына көңүл бурду.

Ал өлкөнүн альпинизм боюнча улуттук курамасына Кыргызстанды жетишкендиктери менен даңазалап, мамлекеттик тууну ушундай бийик тоо чокуларына көтөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров альпинисттерди колдоого даяр экенин билдирип, чың ден соолук, ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

Өз кезегинде кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Манаслу чокусун багындырууну көздөгөн 80 өлкөнүн 404 альпинистинин ичинен 60ка жакыны гана чокуга жеткенин айтып беришти.

Алардын арасында алтоосу кыргызстандык – КРнын альпинизм боюнча курама командасынын мүчөлөрү. Анын ичинен үчөө кислороддук колдоосу жок чокуга чейин чыгышкан. Бул алпьинизмде чоң жетишкендик.

Кыргызстандын альпинизм боюнча курамасы Гималайдагы Манаслу чокусун үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында багындырышкан.

Альпинисттер Манаслу чокусун тандап алуусу анын аталышынын символикалуулугу жана “Манас” эпосуна окшоштугуна байланыштуу болгонун белгилешти.

Экспедиция катышуучулары Кыргызстандын желеги тоонун үстүнө көтөрүлгөнүн кабарлашты. Мындан тышкары катышуучулар чокуга чейин “Манас” эпосунун үч килограммдык томун алып чыгышкан. Алардын айтымында, алар бул көтөрүлүүнү Кыргызстанга, Баткенге жана “Манас” эпосуна арнашкан.

Жолугушуунун соңунда альпинисттер Президент Садыр Жапаровго Манаслу чокусунда илинген Кыргызстандын желегин тапшырышты.

Манаслу чокусуна илинген дагы бир желекти альпинисттер тобу Баткен облусунун алыскы чек ара заставасына тапшырууну көздөөдө.

Маалымат үчүн: Манаслу чокусу же “Рух тоосу” 8 миң 163 метрге жетип, планетадагы эң бийик чокулардын бири.

Кыргыз командасынын курамы:

1: Эдуард Кубатов
2: Kaдыракун Нурмаматов
3: Илим Карыпбеков
4: Aсел Байбагышева
5: Aндрей Ерохин
6: Сергей Селивёрстов

 

Садыр Жапаров: "Төрт министрди мен өзүм алмаштырдым. Өзүңөр дайыма айтып жүрөсүңөр го, айлана- тегерегиңди тазала деп. Ишти тарта албай жаткан министрлерди алмаштырам"

Президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде акыркы мезгилдеги кадрдык алмашуулар тууралу да суроолорго жооп берди.

— Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүңүз, бир эмес, төрт министр өз каалоосу менен кызматын тапшырып кетти. Айрымдар муну чөгүп бараткан кемеден качуу катары баалашууда. Бул кадрдык жүрүштөр эмнени түшүндүрөт?

 Төрт министрди мен өзүм алмаштырдым. Өзүңөр дайыма айтып жүрөсүңөр го, айлана- тегерегиңди тазала деп. Ишти тарта албай жаткан министрлерди алмаштырам. Пара алгандарды, мамлекеттин акчасын уурдагандарды каматам. Кыскасы эч кимди аямай жок. Министр болуп келдиңби, мамлекет үчүн, эл үчүн иште! Уурдаба! Напсиңди тыя албайсыңбы, министр болбой эле кой!

Ал эми Алтынбек Сулайманов реформага шылтабай жөн эле кетип калса болмок. Бир дагы жолу мамлекеттик кызматта иштебеген киши дароо бир облустун башчысы болуп барып калып кыйналды окшойт. Жергиликтүү бийликти реформа кылыш үчүн долбоорлор даярдалыш керек да. Жөн эле ой келди жасап салгыдай мамлекет мал сарай эмес да. Долбоорлор даярдалып жатат. Айтып коюш оңой. Практика жүзүндө ишке ашырыш кыйын.

Айрым саясатчылар бар. Акыл үйрөтсө тим эле укмуш. Сүйлөсө асмандан сүйлөшөт. Бирок ишке келгенде ноль болушат. Мисалы былтыр Өмүрбек Суваналиевди Баткенге жибердим. “Сиз генералсыз, тажрыйбаңыз бар. Тажиктер менен жакшы мамиле түзүп, чек арада атышуулар болбогудай аракеттерди жасаңыз” деп. Анан эле 29-апрелде тажик тарап биринчи агрессия кылганда тажиктерге барып сүйлөшкөндү биякка коелу, облустук администрациянын алдына чогулган элге чыкпай кабинетинде жашынып олтуруп албадыбы. Анан дароо алмаштырдым.

Кыскасы, иштей албай жаткан кадрлар мага дапдаана көрүнүп турат. Иштей албагандарын көпкө күтпөй алмаштырып атам. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Өкмөттүк иш ушундай болот. Түбөлүк эч ким министр болбойт. Кан алмашуу сыяктуу тез-тез алмашып турат дегендей.

Булак: Kabar.kg

Садыр Жапаров: "Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат. Экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз"

Президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде досу Камчыбек Ташиев тууралу да суроолорго жооп берди.

— “Жогорку Кеңешке УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эки ящик курал алып барган” деген сөздөр коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул кандай максатта жасалды? Анан ушул окуядан улам, “Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов урушуп кетиптир” деген кептер бар. Маалыматыңыз барбы?

 Депутаттар “Баткен бүтө электе маалымат бергиле” деп чакырышкан экен. “Аскерлердин октору жок экен. Автоматтары жетпейт экен” деген сөздөр болуп, “Ташиев эмне кылып атат, разведкасы иштебей жатат” деген сындар болуптур. Анан “мына силерге автомат” деп алып барса керек. Албетте, парламентте эмес, барам деген депутаттарды алып барып, Баткенден берсе болмок. Бул жагынан кичине ката кетирди. Бирок ошол мезгилде анын акыбалын деле туура түшүнүш керек. Кан кечип жүргөн жеринен түз учуп келди. Анан эмоцияга алдырып койду.

— Негизги эле Камчыбек Ташиев экөөңүздөрдү кеп кылгандар көп болуп жатат. “Экөө бийлик талашып жатат” деген сөздөр соцтармакта көп эле жазылууда. Буга кандай комментарий бере аласыз…

— Биринчиден, экөөбүз эч качан урушпайбыз. Урушканга мен жол бербейм.

Экинчиден, “бийлик талашып атат” деген калп сөз. Мен кандай буйрук берсем, дал ошондой кыйшаюусуз аткарат. Анткени мен жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болот.

Үчүнчүдөн, экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар “Ташиев кадр чечип атат. Ташиев президент болгусу келип атат” дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат. Эң негизгиси мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасак болду.

Булак: Kabar.kg

Садыр Жапаров: "Саясатчыларды Кемпир-Абад кызыктырбайт. Эптеп эле бизди элге жаман көрсөтүп, ызы-чуу салып бийликке келиш - алардын максаты. Арам ойлору ишке ашпайт"

Президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жооп берди.

— Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич!

— Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр аяктады дедиңиз. Бирок анын шарттары тууралуу ачык айтылбай жатат. Бир катар саясатчылар – Равшан Жээнбеков, Исмаил Исаков, Адахан Мадумаров жана башкалар чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү ачыктоону талап кылууда. Эмне үчүн бул маселе деталдуу айтылбай жатат? Же кандайдыр бир сыр барбы?

— Мен эми ачык эле айтайын. Чек араны тактоодо буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары бизге өттү. Айылдарда болобу, тоолордо болобу же түз жерлерде болобу талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы биздин пайдабызга чечилди. Буга жетиш үчүн эмне деген гана сүйлөшүүлөр, эмне деген гана эмгектер жумшалбады. Сыр кылып турганыбыздын себеби, кол коюшуп мыйзамдаштырып алганга чейин айнып кетип бузулуп кетпесин деген элек. Эми бүгүн мен: “Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин” деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем.

Бир Өзгөн менен эле мамлекеттин жана көпчүлүк элдин тагдырын байлап койбошубуз керек. Райондун деңгээлинен жогору бололу. Эгер өлкө ичинде эки район жер бөлүштүрүп жатсак мейли эле. Биз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен чектешкен 1400 км чек араны толук чечип, Өзбекстан менен чек ара маселесине түбөлүк чекит коюп жатабыз.

Эгер эми мыйзамдашып бүткөнгө чейин бир тарап айнып кетип кайра мурдагы абалга келип калса, кечээки тегерек стол уюштуруп, элдин башын айландырып жаткандар көпчүлүк элдин каргышына калышыт. Катуу жооп беришет. Жоопко тартабыз.

Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселеси тарыхий-архивдик документтер менен каралат. Көчөдө чогулуп алып эле “Алмакан апам айтпадыбы дегендей” маселе эмес. Эки өлкөнүн СССРден бери келе жаткан карталары, келишимдери, алдым-бердим деген актылары турат. Анан жөн эле “ал жер биздики болчу, бул жер биздики болчу” деп жалган маалымат берип элдин башын айлантпаш керек.

Ачыгын айтайын, буларды Кемпир-Абад кызыктырбайт. Саясат кылып атышат. Эптеп эле бизди элге жаман көрсөтүп, ызы-чуу салып бийликке келиш – алардын максаты. Арам ойлору ишке ашпайт. Анткени ар бир жасаган ишибиз үчүн жер карабайбыз жана бизди колдоп жаткан көпчүлүк элди дагы жер каратпайбыз. Баарын бүтүрүп, мыйзам менен бекемдеп алгандан кийин, анан ат чаптырып сүйүнчүлөтөлү дедик эле. Тилекке каршы, иш толук аягына чыга электе эле ачыктап жатабыз. Буга бузукулардын элди адаштырып жатканы себеп болуп калды. Кудай буюрса, келишим бузулбай мыйзамдашып аларбыз деп туралы

Булак: Кabar

Президент Садыр Жапаров Орусиядагы КМШнын бейрасмий жыйынына барбайт

Президент Садыр Жапаров 7-октябрда Санкт-Петербургдагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин лидерлеринин бейрасмий жыйынына барбайт.

Бул тууралу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Бейрасмий жыйында Орусия менен Тажикстандын президенттеринин 70 жылдык мааракеси белгиленип, аймактагы туруктуулук, коопсуздук маселелери талкууланары пландалганын орус маалымат каражаттары жазып чыккан.

Владимир Путин Эмомали Рахмонду 4-октябрда “Мекенге сиңирген эмгеги үчүн” III даражадагы ордени менен сыйлаган. Путиндин жарлыгында орден “Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн” берилгени жазылган.

5-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев Путиндин тажик президенти Эмомали Рахмонду орден менен сыйлаганы тууралуу Фейсбукта пикирин билдирип, “сыйлык “күнөөлүүнү” тапты” деп жазган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарган.

20-cентябрда Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, ондогон адамдын өмүрүн алган окуяны “масштабдуу аскердик кагылышуу” деп атап, Тажикстанды “бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады” деп айыптаган. Андан көп өтпөй тажик тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин да Башкы ассамблеяда сөз сүйлөп, айыптоолорду четке каккан.

Кыргызстан бул куралдуу кагылыштан 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындаган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда

 

 

Алмаз Атамбаев: "2020-жылы октябрда Сооронбай Жээнбеков бийлик тизгинин Жапаров, Ташиев, Зулушевдерге макулдашып өткөрүп берип элден өч алууга жетишти"

Абакта жаткан Алмаз Атамбаев 2020-жылдын октябрь окуяларынын 2 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады:
2020-жылдын октябрь окуяларынан бери эки жыл өттү. Ал күндөрдө болгон окуяларга тарыхчылар так баасын бериши зарыл.
5-6-октябрда эл мамлекеттин тарыхында үчүнчү жолу үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол берген президентти кулатты. Бирок андан аркы окуялар Март же Апрель революциялар учурундагыдай болгон эмес, тескеринче таптакыр башка нукка бурулган.
Элдин кыжырдануусунан жашынып жүргөн президент, митингдин лидерлеринин ортосундагы карама-каршылыктары менен пайдаланып, айрымдары менен ортомчулар аркылуу тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки күндөн кийин 8-октябрда бийликти кайрадан тартып алган.
Бир жумадан кийин, 15-октябрда президенттиктен расмий түрдө баш тартууга аргасыз болгону менен, ал чындыгында бийлик тизгинин Жапаров, Ташиев, Зулушевдерге макулдашып өткөрүп берип элден өч алууга жетишти .
Атайын кызматтар тарабынан жазылып, соцтармакка тараткан, уят сөздөрдү камтыган аудиотасмада муну Сооронбай Жээнбеков өзү да мойнуна алып жатат.
Башкача айтканда, жеңиш элден жөн эле уурдалган.
Кыргызстандын тарыхындагы эң ыплас парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн Ала-Тоо аянтындагы карапайым эл резина окторунун, ууланган газдын жана кулак тундурган гранаталардын мөндүрүнө кантип туруштук бергени эсибизде.
Бийлик аларга каршы милицияны гана эмес, аскерлерди да жөнөтүп, желим окторду, ууланган газ снаряддарын жана жеңил үндүү гранаталарды колдонду. Натыйжада аянтта 19 жаштагы Үмүт каза болду, жүздөгөн балдар олуттуу жаракат алды, ондогону көздөрүнөн ажырап, көрбөй калды. Мына ушулардын аркасы менен Садыр Жапаров абактан чыгып, президент болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бирок ал жабыркаган жаштарга кандай мамиле кылды? Сыйлыктарды тапшырып жана дарыланууга жардам берүүнүн ордуна, алардын көбүн баш аламандыкка катышканы үчүн деп милиция тарабынан суракка тартылды. Ал эми тескерисинче, азыркы бийлик бир эле Сооронбай Жээнбековду коргоп-колдоп, «ырымдаган» жок, анын бүтүндөй уурулар кланын, коррупционерлерди жаап-жашыргандарды, укук коргоо органдарында кылмыш иштерди ойлоп табып токугандарды коргоп-колдоп, «ырымдап» жатат.
Анткени Садыр Жапаров эмнегедир президенттик кызматы үчүн Жээнбеков, Зулушев, Ташиевдерге милдеткермин деп сезет, алардан кийин гана ага ишенип, лидер деп эсептеген элге карызмын деп эсептейт. Бул анын негизги катасы. Ал чын эле ошондо көптөгөн адамдардын үмүтү болгон жана интригаларсыз, ар кандай жабышчактарсыз эле өзү жеңишке жетип, президент боло алмак.
Эки жыл өттү. Балким президент чындап эле элдин жашоо турмушун жакшырткысы келип жаткандыр. Бирок, башында калпка, бир ууч саясатчыларга көз карандылыкка негизделген саясат ийгиликке алып бара албайт. Ошондуктан, Садыр Жапаровдун эң эле келечектүү көрүнгөн долбоорлору менен иш-аракеттери да чанда гана жакшы аяктайт. Бир калп аны менен калган кирдин баарын сүйрөп келет. Чек ара, кадрлар, экономика, коррупционерлер жана башка көйгөйлөр боюнча бүдөмүк, күмөндүү чечимдер ишенимсиздикти жана көптөгөн мыйзам ченемдүү суроолорду жаратты. Керек болсо бийлик бетине кармап мактаган Кумтөр боюнча да коомдо көп суроолор пайда болуп жатат.
Келечекте бул келишим чындап эле пайдалуу болобу? Кумтөрдөн тонналаган алтын азыр кайда кетип жатат? Кезинде Кыргызстандын жетекчилигиндеги айрым адамдар “Камеко” компаниясы менен шылуундук кылып жүрүп алган “Центерранын” акциялары азыр кимге өтүп жатат?
Бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук системасы кыйрады. Өкмөттө да, мамлекетте да бирдиктүү чечим кабыл алуу борбору жок. Куралдуу күчтөрдү реформалоодон жана армияны курууга системалуу мамиледен артка чегинүү Баткенде көптөгөн курмандыктар менен коштолгон эки трагедияга алып келди.
Биздин кошуналар чек араларыбызда эч качан мынчалык текебер болгон эмес!
Жаңы-эски бийлик чындыгында чыныгы коррупционерлерди колдоп, жада калса мыйзамдаштырууга жардам берип жатат. Бийликтеги бир ууч саясатчылар каалаганын кылат, бирок аларды сурай турган эч ким жок. Жоопкерчиликти толугу менен мойнума алам деген президент ыңгайсыз суроолордон качууга аргасыз.
Анткени өлкөдөгү эң маанилүү кызматтарда жалпы ыплас сырлар, убадалар, милдеттенмелер менен байланган, эң оор кылмыштары үчүн да жазалана албай турган бир топ кол тийбес адамдар бар. Ошол эле учурда мамлекетте мыйзамдуулуктун сакталышына дал ушул адамдар жооптуу!
Мен ар дайым айтып келем, кайсыл мамлекетте болбосун, баш аламандыкка, революцияга негизди бийликтин өзүлөрү ортоңку аракеттери менен даярдап коёт. Бирок, чындап эле кыйын мезгил босогодо турганда, бүткүл дүйнөлүк тартип кыйрап турганда, биздин өлкөгө чындап эле дагы бир революция керекпи? Бүткүл дүйнө катастрофалар болбосо, глобалдык соккулардын босогосунда турганда? Бирок бул интригалардын саясаты, көшөгө артындагы чечимдер, калп менен куулук, коркутуулар, бийликтин уялчаактыгы өлкөбүздү кайда алып барат? Чынында эле чек ара маселелери боюнча шашылыш чечимдердин натыйжасында Кыргызстан Баткен облусунун бир бөлүгүнө түз кирүүдөн ажырап калышы мүмкүн! Ал эми бийликти бөлүштүрүү системасынын кыйрашы, өлкөнүн экономикасы менен саясатынын эң орчундуу маселелерин көшөгө артында чечүү бизди кайда алып барат? Президент Жапаровго акыры ойлоно турган учур келди. Эл алдындагы, өлкө алдындагы, тарых алдындагы жоопкерчилик жөнүндө!
Менимче, азыр да ал калыс, коомчулук үчүн түшүнүктүү чечимдерди, анын ичинде кадрдык чечимдерди кабыл алууга кеч эмес. Биринчиден азыркы кырдаалда калп айтуу жана куру мактануу таптакыр туура эмес. Президент Жапаров дагы деле кырдаалды оңдой алат.
Ошол эле учурда жарандар бийлик 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар сыяктуу үрөй учурган окуялардан сабак алганын көрүшү өтө маанилүү. Өкмөттүн бардык чечимдери ачык жана чынчыл болсун. Жасалма эмес, реалдуу оппозиция мамлекетке керек. Мыйзам алдында бардыгы бирдей болушу керек . Кол тийбес адамдар болбошу керек. Ошондо гана эл менен мамлекеттик бийликтин биримдиги тууралуу сөз жаралат. Ушундай болгондо гана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана балдарыбыздын келечегине ишене алабыз!
Алмаз Атамбаев.

Садыр Жапаров: Чындык эшикке чыкканча, калп дүйнөнү эки жолу айланып келет!

КР президенти Садыр Жапаров Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн  баракчасына пост жазып, Кемпир-Абад суу сактагычы, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жаңы макулдашуулар тууралу оппоненттерине жооп кайтарды.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Бул кайрылууну жасаганга аргасыз болуп турам. Кечээ күнү Өзгөнгө барып, эл менен жабык эшик артында сүйлөшүп, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны такташуу меселесин адамча түшүндүрүп бердим. “Биз залга батпай калдык” деген 300дөй кишини экинчи этап менен залга киргизип, дээрлик бир күн, эртең мененки саат 10:00дон баштап кечки саат 17:00гө чейин, 7 саат бою так документтер, илгерки келишимдер менен түшүндүрүп бердик. Эмне үчүн жабык эшик артында карап жатканыбызды дагы адамча түшүндүрүп бердик.
Кудай буюрса, жакын арада келишимге кол коюлуп, парламенттен өтүп, келишим бузулгус болуп бекигенден кийин кайсы жерлер бизге өткөндүгү ачыкка чыгат. Жалпы эл чыдап күтө тургула. Негизинен талаш жерлер дээрлик 99 пайыз биз тарапка өттү. “Кемпир-Абадды” буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, эми мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк. Ошондо көлдүн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытына колдонушат.
Калган чек ара жерлери боюнча мен жогоруда айткандай, кийин угасыздар. Сүйүнүү, кубаныч менен кабыл аласыздар. Бизге рахмат айткандан башка, эч бир доомат арта албайсыздар. Биз бир сантиметр жер берген жокпуз. Тескерисинче алдык. Жүз жылдан кийин дагы биздин эмгек, биздин чечим ак жана кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн болгонун тарых тастыктап берет.
Биз Каркыра, Төрт-Көчөнү берген чыккынчылардан эмеспиз.
Ошондуктан Кемпир-Абаддын тегерегине чыгып алып бузукулук кылып жаткандарга катуу эскертем, эсиңер барда этегиңерди жыйгыла! Тартип сакчыларына буйрук берем, элди козутабыз деп бузукулук кылып жаткандарга мыйзам чегинде катуу чараларды көргүлө. Эркелегендин дагы чеги болот. Чектен ашып кетишти.
“Залга батпай калдык, биз түшүнбөй калдык, маалыматыбыз жок” деп жалган сүйлөп, бозүй тигип жаткандар Өзгөн акимчилигине келгиле. Күнү-түнү дебей ар бир жараныбызга документтер менен баарын көрсөтүп, түшүнүгү жок болсо дагы мээлерине куюп, түшүндүрүп беребиз. Кечээки жыйындын аягында добушка салганымда адамча түшүнгөндөр колдоп беришти. Добушка койгондо залдын баары макул, сегиз киши каршы болду. Албетте каршы болгондор кимдер экенин, эмне максатты көздөп жаткандарын жакшы билебиз. Андай арам ойлуу максатыңардан кайткыла. Бийлик башына келип, отуз жылдан бери ашкере эркелеп жүрүп мамлекетибизди жок кылып же толук көз каранды мамлекетке айлантып ала жаздаганыбызды көрдүм. Андайга жол бербейбиз.
Жакын арада баары бүтөт. Ачыкка чыгат. Ошондо чек ара маселеси 99 пайыз биздин пайдабызга чечилгенин билип, өзүңөр эле эл алдында уят болуп каласыңар, туугандарым.
Тынч болгула!
Меню