Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзү, чек ара маселесине байланыштуу айрым суроолорго жооп берди.
— Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич!
— Алгачкы эле суроом БУУдагы сөзүңүзгө байланыштуу. Жогорку трибунада сүйлөгөн сөзүңүз коомчулук тарабынан аябай жылуу кабыл алынды. Тажик тарапты ачык эле агрессор деп атадыңыз. Ушул ассамблеянын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзүңүздүн текстин ким жазды? Спичрайтерлерби, дипломаттарбы же өзүңүзбү? Коомчулукта бирөөлөр жазып берди да деген сөздөр да болуп жатат?
БУУда сүйлөгөн сөзүмдү өзүм жаздым. Болгондо да учакта кетип бара жатып өтө маанилүү жерлерин толуктадым. Спичрайтерлер чек ара маселесин чечүүдө же кандайдыр бир жолугушууларга мени менен бирге катышкан эмес да. Маселе кандай чечилип же чечилбей жатканынан кабарлары жок. Спичрайтерлер менен президенттин администрациясындагы тиешелүү бөлүмдөр өлкөбүздүн ички иш-чараларда сүйлөй турган сөздөрүмдү гана алдын ала даярдашат. Бирок ошондо да баары бир көпчүлүк жерлерин өзүм оңдойм, алымча-кошумча кылам дегендей. БУУда сүйлөй турган сөзүмдүн ар бир тамгасын «Жети өлчөп, бир кеспесем» болбойт эле. Себеби БУУнун жогорку трибунасы оюнчук эмес да. Анын үстүнө бул маселе жөнөкөй маселе эмес, өтө олуттуу маселе.
— Кандай болсо да, бул сөзүңүз улутту бириктирүүчү мааниге ээ болду десем жаңылышпайм. Ал турсун мурда-кийин сындап жүргөндөр дагы кубаттап, алкап атышты. Эл кадимкидей бир муштумга бириккени көрүндү. Эми ушул биримдикти мындан ары дагы кармап калуу мүмкүнбү? Катуу сындап жүргөндөр да, адатта Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши саясий негизде козголду дешкен Ош коогалаңы боюнча жоопко тартылып жатышкан убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн тарапкерлери да сизди колдошту. Саясий иш дегендерди жаап салып, түрмөдө жаткан Атамбаевди бошотуп салсаңыз болобу?
— Ушул саясий иш дегендердин баары мен бийлик башына келгенге чейин болгон иштер. Асты 12 жыл, арты 3 жылдан ашкан иштер. Мен сотторго: “Күнөөлүүбү соттогула. Күнөөсү жокпу актагыла. Мурдагыдай сот иштерин Ак үй көзөмөлгө алып турат деген болбосун”,- деп дайыма айтып келем. Соттор ишин так аткарып жатышат. Мисалы, кечээ жакында эле Октябрь окуясы, Калыс-Ордодогу мектеп, түрк жарандарына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча Атамбаевди сот толук актап жиберди го. Эмнеге муну көрбөйсүңөр. Соттоп жиберсе, анда дагы “саясий негизде соттоп жиберди” деп чыкмаксыңар. Актап жиберсе, бирөө дагы «адилет чечим болду» деп айтып чыккан жок. Калыс болуш керек да. 12 жылдан бери «Ош коогалаңы боюнча чекит коюп бергиле» деген элдин талабы бар. Прокуратура тергеп туруп, сотко жиберди. Сот чекитти койсун. Күнөөлүүлөр жазасын алсын, күнөөсүздөр акталып чыгышсын. Биз соттун ишине кийлигишпейбиз. Биз кийлигишпеген үчүн кечээки иштери боюнча акталышты.
Ал эми «Атамбаевди бошотуп ийбейсизби» деген сурооңуз боюнча:
Сот иштери бүткүчө мен кийлигише албайм. Азыр чыгарып жиберүүгө укугум да жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши бүткөндөн кийин гана менин чыгарууга укугум пайда болот. Кечээ жакында Рустам балам: «Ата, Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюнузчу, суранып атышат. Биз деле Атамбаевге кире албай канча чуркаганбыз. Биз алардын катасын кайталабай эле коелучу» деп, Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир. «Аа балам, сен да менден бетер боорукер экенсин да» деп ичимден күлүп койдум. Балдарын кабыл алдым. Түшүндүрдүм. “Сот иштери бүтсүн, андан кийин менин укугум” дедим.
Биз мамлекет катары мыйзамдардын ар бир беренесин сыйлашыбыз керек.
— Биздин Куралдуу күчтөрдүн абалы, даярдыгы кандай? Кудай сактасын, тыштан агрессия болуп калса, алардын чабуулунун мизин кайтарганга күч жетеби? Жетет десеңиз, анда буга чейин эмнеге биздин айылдарга чейин тебелеп-тепсеп, аралап кирип келишти?
— Билесизби, чынын айтайын, мен бийликке келгенде армиябыз, башка күч органдарыбыз «итке минип» калыптыр. Бул сөзүмдү күч органдарында иштегендер дагы тастыктап беришет. Чынын айтсам, былтыр апрелде Тажикстан кол салганда аскерлерибиздин автоматтарынан башка эч нерсеси жок экен. 10 танкасы болсо, экөө от алат. Анда дагы беш чакырымга жетпей өчүп калышты. Калганы жүрмөк түгүл, от албайт. 70-80-жылкы танкалар, аккумуляторлору жок. Бир истребителибиз, бир тик учагыбыз жок. Эмнесин айтайын, мына ушундай итке минген армияны өткөрүп алыптырмын. Бир жыл ичинде колдон келишинче күчтөдүм. Тамак-аштары да эптеп эле экен. Дароо эки эсеге көтөрүп бердим. Бир жыл ичинде колдон келишинче, акчабыздын жетишинче заманбап курал-жарактар менен камсыз кылдым. Азыр эми Кудайга шүгүр, күчтүү болуп калдык. Душмандын мизин кайтарганга күчүбүз жетет. Өзүбүз катылбайбыз, катылгандын катыгын беребиз. «Итке минген» армиябыз эми «атка минип» турат десек болот. Бирок муну менен токтолуп калбайбыз. Коргонуу үчүн дагы күчтөп жатабыз.
Ал эми “биздин айылдарды тебелеп кетти” деген сөзүңүзгө жооп берейин. Тажикстан менен Кыргызстандын чек араларындагы айылдарда үйлөр шахматтын бетиндей болуп жайгашып калган. Союз чачыраганы биздин элдерибиз үйлөрүн сатып, Бишкекке же Россияга мигрант болуп кетишкен. Биз жакка алардын чабуулу башталганда ошол шахмат бетиндей болуп калган айылдарда жашаган калкыбызды былтыркыдай болбосун деп эвакуация кылып кеттик. Айыл бош калды. Алар бош калган үйлөрдү өрттөп, мектепке желегин илишти. Бирок кийин жооп катары сокку уруп, баарын бошотуп, кууп чыктык.
— Сиз 17 жыл мурун, биринчи жолу депутат болуп келгенде Жогорку Кеңеште чек ара маселесине жаныңыз күйүп, кийин кеч болуп калат деп чырылдап өтө эмоционалдуу түрдө көзү ачыктай эле билдирүү жасаптырсыз. Эми чек ара маселеси кандай болот? Сиз миллиарддаган акчаларды талап кылат деген экенсиз. Ал кезде президент Курманбек Бакиевге сунуштарды бериптирсиз. Азыр ошончо көп акча керекпи? Чек ара маселеси кантип чечилет? Же талаш жерлерди алар айткандай кылып берип салабызбы? Мүмкүн ошону менен талаш-тартыш да токтойт, курмандыктардын алдын алабыз (айла кеткенде айткан сөз да)
— 17 жыл мурун мен маселе көтөргөндө азыркы шахмат бетиндей болуп жайгашып калган үйлөрдү акырындап сатып алышып, уламдан улам бери жылып келе жатышканын көрүп айткам. Бирок ал кезде мени эч ким уккан эмес. Мен көзү ачык эмесмин. Терең ойлонгон адамга азыркы күнү болуп жаткан окуяларды талдап туруп эле 10-15 жылдан кийин кандай болоорун туюп-билип койсоң болот. «Кумтөр» темасын көтөргөндө деле ошол жылдары бизге өтпөсүнө көзүм жеткен. Анткени мафия күчтүү эле. Бирок 10-15 жылдан кийин акыры бизге өтөөрүн ошондо эле көргөм. Курманбек Бакиевге чек ара маселеси менен эле эмес, “Ошту убактылуу борбор кылып, чек ара маселелери чечилгенге чейин президент, өкмөт, парламент баш болуп беш-алты жыл ошол жакка барып иштеп туралы” деген сунуш айткам. Бул сунушумду парламентте да көтөргөм. Ошондо мени түндүктүк туугандар «түштүктүктөргө жагынып атат» деп жаман көрүшкөн. Бирок менин максатым ал кезде түштүктүктөргө жагыш керек эмес эле. Жалпы мамлекетибиздеги проблема алдын ала чечилсе деген ой-максатым бар болчу. Ошондо Курманбек Бакиев: «Садыр, мен өзүм түштүктөн болсом, Акаевдин ордуна келип олтурсам, анан борборду Ошко көчүрүп кетсем, түндүктүктөр туура эмес түшүнүшөт, бул маселени көтөрбөй эле койчу, суранам», – деп болбой койгон.
Ал эми талаш жерлерди берип эле салып маселени чечип салбайсызбы деген сурооңузга:
Мен мурдагылардай жерлерибизди бере салып эле маселе чечип салгыдай, аттарын атагандан да жийиркенип турам, саткын эмесмин. Тескерисинче, алар берип жиберген жерлерди кайра алып жатабыз. Жакында кайсыл жерлер кайтарылганы ачыкка чыгат.
Ар бир сантиметр жер үчүн ар бирибиз кашык каныбыз калганча күрөшүүбүз керек.
Кыргызстандын жерлери сен экөөбүздүн менчик жерлерибиз эмес. «Ме» деп эле кармата салгыдай. Бул жерлерибиз үчүн ата-бабаларыбыз дагы канын, жанын аяган эмес. Биз дагы аябайбыз. Келечек муун дагы аябаш керек. Анткени биз ата-бабалардан ар бир карыш жерди келечек муунга мурас катары өткөрүп беребиз деп карызга алганбыз. Сенин да, менин да жерим эмес. Миңдеген жылдарга учугу улана турган келечектеги Кыргыздардын жери.
— Интернетке сиздин уулуңуз Рустам жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурастын Баткенде жүргөн сүрөттөрү чыкты. Ал жакка кандай максатта барышты? Депутаттар дагы аскер кийимдерин кийип Баткенде жүргөн сүрөттөрү чыккан, бул ошондой пиар эмеспи?
— Рустам менен Тай-Мурас пиар кылгыдай, бийликке жетпей жүргөндөрдөн эмес, эптеп элге көрүнө калып, эртең депутат же президенттикти алалы дегидей. Жөн гана: «Силердин карапайым балдардан эмнеңер кем? Баргыла, алдыда жүргүлө. Аскерлердин кем-карчы болсо, так маалыматты бизге жеткирип тургула», – деп биз өзүбүз жибердик. Барышты, колдорунан келген жардамдарын берип жүрүшөт.
— Баткенде акыркы окуяларда жабыркагандардын үйлөрүн калыбына келтирүү иштери кандай жүрөт? Суукта сыртта калып калышпайбы?
— Колдон келишинче тездетип бүтүрүп бергенге бардык күчүбүздү жумшайбыз. Жаңы жылга чейин бүткөнгө аракет кылабыз. Каражат жетиштүү. Казынабыз куру эмес. Андан сырткары, каза болгондордун баарынын жакындарына да жардам берилет. Баарын тактап чыгып жардам беребиз. Балдарын кароосуз калтырбайбыз. Үйлөнбөй кеткендерге ата-энесине беребиз. Кыскасы баатыр балдарыбыздын эрдиги бааланбай калбайт.
— Бишкекте ар кандай талаптар менен митингдер өттү. “Бийликтин колунан келбесе, биз баралы” деген сөздөр жаңырды. Бирок, унаалар келсе, бирөө дагы отурбаптыр. Сиз катардагы жарандардын баруусунун кереги жоктугун айттыңыз. Анан ушундай талаптар менен чыккандар тууралуу тийиштүү органдар сизге маалыматтарды берип турса керек, мисалы, алар кимдердин тарапташтары, максаттары эмне дегендей?
— Эң кызыктуу суроо бердиниз. Алар чыныгы мекенчилдер эмес. Учурдан пайдаланып өздөрүнүн арам максаттарына жетели дегендер. Эмне максаттары бар экенин баарын билебиз. Баарын тааныйбыз. Бирок тийбейбиз. Бизде демократия. Эркин сүйлөй беришсин. Бирок сөз эркиндиги деп эле жалган маалыматтарды тарата бербеши керек.
«Баткенге биз баралы» деген «жалган баатырларыбызды» өзүңүздөр көрдүңүздөр го. «Баткенге барсаң, мына сага унаа, жөнө» деп унаа коюп бергенде бирөөсү да олтурган жок. Эгер чыныгы мекенчил болсо, баатыр болсо Ак үйдүн алдына кыйкырып келбей, түз эле Баткенге кете бермек.
Учурдан пайдаланып ушундай «жалган патриотторго» айтып коеюн. Азырынча армиянын, күч түзүмдөрүнүн күч-кубаты жетиштүү. Эгер армиябыздын күчү жетпей баратса, силерди митингге чыгарып убара кылбай эле жылуу төшөктө жаткан жериңерден сууруп чыгып кетебиз. Бул –мамлекеттин толук укугу. Ошондо чыныгы мекенчил экениңер көрүнөт. Бирок Кудай ага жеткирбесин деп тилейли.
Ошону менен бирге жөнөкөй жарандарыбызга кайрылып кетейин. Агрессия башталганда «эвакуацияга чыккыла» дегенде, бириң калбай чыгып кетишиңер керек. Чек арачылар жана аскер адамдары гана калыш керек. Былтыр бизге Башкы суу бөлүштүрүүчү жайга (Головной водозабор) кол салуу болгондо, Баткенден жөнөкөй жаштарыбыз барып, таш ыргыта башташкан. «Баары кайтсын, аскер адамдарыбызга тоскоол болуп жатасыңар!», – деп буйрук бергенимде укпай коюшкан. 17 киши бир эле жерден гранатаметтун жарылуусунан каза болуп калышты. Жалаң жаш балдар.
— Көпчүлүк арасында “Президенттин айлана-чөйрөсүн тазалаш керек, ошолор артка тартып атат” деген сөздөр бар. Айланаңызда кимдер? Алар өздөрүнүн алдындагы милдеттерин толук аткара албай жатат дегенге кошуласызбы? Кимдерди кетириш керек?
— Ушундай сөздөрдү токтотуш керек. Ким кандай иштеп жатканы Президент катары мага даана көрүнүп турат. Албетте кемчиликтер бар. Бирок «Көч бара-бара түзөлөт» дейт. Иштей албаган кадрларды четинен алмаштырып жатабыз. Эскилери да бар. Ушул жерден жалпы журтчулук бир нерсени так билип коюшу керек. Эсиңиздердеби, Октябрь окуясынан кийин жалаң жаштарды алып келе баштагам. Жарым жылга жакын иштешти. Тажрыйба болбогондон кийин өздөрү да кыйналат экен, мамлекетти да кыйнайт экен. Министр болгондордун арасында “штаттык расписание” деген эмне экенин билбегендер болду. Анан кантип килейген министрликти башкарат? Күнөскана ачып, бадыраң өстүрүп алса эле «ии, мен министр болууга даяр экем» деп ойлобош керек. Министрлик бир теплица менен эле чектелбейт.
Ал эми эски кадрларды, Акылбек Жапаровду баш кылып иштеп бергиле деп өзүм чакырып келдим. Так сүйлөшүп алдык. “Буга чейин кандай иштегениңер, эмне кылганыңар мени кызыктырбайт. Мындан аркы мени менен иштеген ишиңер таза болбосо капа болбогула, бир гана эмгек акыга иштейсинер, бир сом уурдасаңар же жеке кызыкчылыгыңарга пайдалансаңар камаласыңар” деген келишим бар ортобузда.
Акылбек Үсөнбековичке: “Экөөбүздүн тең фамилиябыз – Жапаров. Фамилиябызды булгабайлы. Тарыхта ак тамгалар менен жазылып калалы. Балдарыбызды жер каратпайлы”, – деп айтып атам.
Жаман команда болсок, бир жылда бюджетти 280 миллиарддан 411 миллиардка кантип көтөрөт элек? Кантип эмгек акыларды 3 эсеге көтөрөт элек? Кантип жөлөкпулдарды көтөрөт элек? Кантип армиябызды күчтөп алат элек?
“Курал-жарак жана жаңы технологияларды сатып алабыз, бергиле”, – десек, өнөктөш өлкөлөрдүн жетекчилери: “Мурда бекер бергилечи деп суранып жүрчү элеңер. Азыр акчаны кайдан таап атасыңар?”, – деп таң калып сурап атышат.
Начар команда болсок, итке минген бойдон олтура берет элек. Мектептерди салбайт элек. Жалпы республика боюнча 37 мектеп, 3 бала бакча бүттү. Жылдын аягына чейин дагы 48 мектеп, 8 бала бакча, 1 саламаттык сактоо имараттары курулуп бүтөт, буюрса.
Жолдор асфальтталып жатат. Быйыл 600 километрге жакын жолду асфальт кылып атабыз.
Ошондуктан, «айланасын тазалаш керек» деген дежур сөздөн алыс боло тургулачы. Жаштарды алып келип койсок, тажрыйба топтогончо жөн эле эки-үч жыл убакытты жоготуп коебуз. Азыр аз аздан ар кайсы жумуштарга тажрыйба топтошсун деп Улуттук кадрдык резервден тандап алып, жаштарды аралаштырып жатабыз. Акырындык-акырындык менен чоң кызматтарга көтөрүп, бара-бара жашартабыз.
Ооба, аймактардагы өкүлдөрдүн, жергиликтүү бийликтегилердин, анча-мынча министрлер арасында жакшы иштей албай жаткандар бар. Оңолбосо, алмаштырабыз.
Азыр баары менин көзөмөлүмдө. Ар бир кыймыл-аракетин карап, отчёт алып турам. Эл-журттан суранарым, мага ишенип, беш жыл президент кылдыңарбы, аягына чейин ишенгиле. Беш жылдан кийин жыйынтык чыгарасыңар.
Анан блогер, акылдуусунуп акыл үйрөткөн жаштардан суранарым, акыл үйрөтпөй эле койсоңор. Айрымдары ансыз деле жасалып жаткан иштерди «минтип койбойсуңбу же тигинтип койбойсуңбу» деп акыл үйрөтүп киришет, өзүнөн сурасаң же жогорку билими, же тажрыйбасы жок. Сүйлөсө эле Москва, Лондондон кеп кылат. Анан эле интернетте олтуруп алып, акыл үйрөтүшөт. Баткен боюнча канча акыл үйрөтүштү. Анын баары ансыз деле жасалып бүткөн же жасалып жаткан иштер болчу.
— Владимир Путин менен акыркы жолугушууңузда ал «Кыргызстанга техникаларды бердик» деди. Кечээ жакында эле “ӨКМге техникаларды өзүбүз сатып алдык” деген маалымат тарады эле. Ошондо өзүбүз алганыбыз калппы, түшүндүрүп ачыктап берсеңиз.
— Мен келгени Россиядан ӨКМге бир да техника ала элекпиз. Владимир Владимирович бир тик учак жана өрт өчүргүч унааларга кол коюлган, эми беребиз деген сөздү айтты. Тагыраагы, жакын арада жиберебиз деди. Анын сөзүн «недоброжелателдер» бурмалап жатышса керек. Өткөндө ӨКМге алынган бир тик учак жана башка техникалар 100 пайыз өзүбүздүн бюджеттин эсебинен сатылып алынды.
— «Алтындарыбыз уурдалып жатат» деген кеп-сөздөрдүн аягы дагы деле токтой элек. Буга эмне деп жооп бересиз?
Өткөндө эле айттым эле, учурдан пайдаланып, дагы бир жолу айтып коеюн. Жогорку Кеңеш тиешелүү комиссия түзүп, текшерип келгенге толук укугу бар. Эч ким бут тоспойт. Төрагага айтам, комиссия түзүшсүн. Текшерип келип, жалпы элге чын экен же калп экен деп жарыя кылып коюшсун. Комиссияга коомчулуктун өкүлдөрүнөн дагы кошуп алышсын. Алтындын «А» тамгасын түшүнбөгөн блогер чалыштарды сөзсүз кошуп алышсын. Билип алышса, анан ар кандай сөздөр токтойт эле.
Мен айтып коеюн, тонналаган алтынды биякка коелу, 1 кг алтын уурдаган болсо, жакыным же досум экенине карабай каматам. Уурдаганын он эселеп кайтартабыз.
Андыктан, мен президент болуп турганда «алтын уурдалат» деген түшүнүктөн таптакыр эле алыс болгула.
— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич, бизге убакыт бөлүп, суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн. Иштериңизге ийгилик каалайбыз!
— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.
Булак: Kabar.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында (Өзбекстан) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитинин аянтчасында жолугушту.
Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.
Эки өлкөнүн лидерлери тийиштүү түзүмдөргө ок атышууну токтотуу жана ок атышуу линиясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тапшырма берүүнү макулдашты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана ТР мамлекеттик коопсуздук министри Саймумин Ятимов жеринде иштеп, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлөт.
Ошондой эле, Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тездетүү боюнча макулдашуу жетишилди.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев 15-сентябрда Самарканд шаарында жолугуп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата – 1 ГЭСинин долбоору жөнүндө сүйлөштү. Бул тууралуу Жапаровдун администрациясы маалымдады.
Эки президент бул ири долбоорлорду ишке ашыруу Борбор Азиянын өнүгүүсүнө өбөлгө болорун белгилешти. Алар эки өлкөнүн бардык тараптан кызматташуусун өнүктүрүү жана өзгөчө чек арага жакын облустардын ортосундагы алаканы жакшыртууга көңүл бурушту.
Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда башталган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлду.
Жапаров ШКУнун 15-16-сентябрь күндөрү өтүп жаткан саммитине катышууда. Президенттин басма сөз кызматы жыйында көп тараптуу кызматташуу, аймактык жана эл аралык саясий маселелер талкууланарын буга чейин билдирген.
Садыр Жапаров бул иш-чаранын алкагында Өзбекстандын, Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Пакистандын лидерлери менен жолукту.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине келген мамлекет башчылары менен бирге көчөт отургузууга катышты.
Символикалык иш-чарага Өзбекстанга ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына келген өлкөлөрдүн лидерлери катышты.
Көчөттөрдү биргелешип отургузуу ШКУнун саммити өтүп жаткан «Самарканд Жибек жолу» туристтик комплексинде өттү.
Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров өлкө башчылары менен бирге «Түбөлүк шаар» комплексинде болуп, ал жердеги орто кылымдардагыдай стилдештирилген базарды, карапа, жибек кагаз, зергерчилик, килем токуу жана башка буюмдарды жасоочу устаканаларды көрүп чыкты.
“Түбөлүк шаар” менен таанышкандан кийин мамлекет башчылары майрамдык концерттик программанын коштоосундагы бейформал сый тамакка өтүштү.
Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отурумунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Кытай менен Кыргызстандын лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды:
- Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
- Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине көчмө оорукананы берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо» № 1 Лот долбоору боюнча өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы.
Бүгүн, 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Самарканд шаарында (Өзбекстан) Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушуунун алдында Садыр Жапаров кесиптеши Владимир Путинди күттүрүп коюп, бир топ убакыттан кийин келип саламдашты.
Владимир Путин башка өлкөлөрдүн президенттери менен жолугушканда дайындалган убакытка так келбей күттүрүп коюп, 2-5 мүнөт кечигип келчү адаты бар. Бул тууралу дүйнөлүк ЖМКларда көп айтылып келет.
Жолугушуу жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.
Жолугушуу жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында да жогорку динамикасы менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи.
Ал Россия салттуу түрдө Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара сооданын олуттуу– өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе өсүшү катталганын белгиледи.
«Инвестициялык долбоорлор, анын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ийгиликтүү жылып жатат. Бүгүнкү күндө Фонд 440 миллион долларга жакын 3200дөн ашык долбоорду жактырды», — деди ал.
Кыргыз-орус кызматташтыгынын дагы бир приоритеттүү багыты гуманитардык тармак экенин белгилеп, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын аймагында орус тилинде окутуулар менен жалпы билим берүүчү мектептердин курулушунун башталышы күтүлүп жатканын кошумчалады,
Президент Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу кыргыз-орус көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого жана эки тараптуу күн тартибинде турган маселелерди иш жүзүндө ишке ашырууга көмөктөшөөрүнө ишеним билдирди.
Өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путин Россия менен Кыргызстан жакын өлкөлөр, стратегиялык өнөктөштөр жана бир катар регионалдык уюмдардын алкагында биргелешип иш алып барган союздаштар экенин белгиледи.
«Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү бойдон калууда. Өткөн жылы товар жүгүртүүнүн өсүшү байкаларлык болсо, быйыл көлөмү өсүүдө жана абдан жакшы темпте. Өткөн жылы ал 46,6% өскөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч», — деди ал.
Владимир Путин орус тарап Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын жана өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктарды жоюу жаатында техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Ал ушул жылдын июлунда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасына өрт өчүрүүчү жана тик учак техникаларын жеткирүү боюнча токтомуна кол коюлганын, бул максаттарга орус бюджетинен дээрлик 1,5 миллиард рубль бөлүнгөнүн билдирди.
Владимир Путин ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурду.
Сүйлөшүүнүн соңунда мамлекет башчылары биргелешкен күн тартибин мазмундуу толтуруу үчүн ар кандай багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда алтын куймаларды кармап түшкөн бир тууганы Сабыр Жапаровдун талкуу жараткан сүрөтүнө түшүндүрмө берди.
— Урматтуу Садыр Нургожоевич, саламатсызбы!
— Саламатчылык.
— Учурда социалдык түйүндөрдө агаңыз Сабыр Жапаровдун чет элдиктерге окшош бир бейтааныш киши менен алтын куймасын кармап түшкөн сүрөтү талкууланып жатат. Бул талкууларды акыркы убакта “19 тонна алтын жок” деген сөздөр да кызытып жаткандай. Ушуга кандай жооп бересиз? Дегеле агаңыздын тиешеси кандай?
— Бул сурооңузга так жооп берип кетейин. Мамлекетке тиешелүү алтындарга менин бир туугандарым эле эмес, мен дагы жолой албайм.
Өткөн жылы “Кумтөрдү” кайтарып алуу процесси жүрүп жатканда Теңгиз мырзага: “Кимдир бирөөлөрдү гана эмес, мени дагы укпагын, ар бир грамм алтын, ар бир сом үчүн керт башың менен жооп бересиң! Мамлекеттин укуругу узун, бир сомдун артынан сая түшүп издеп табат”, – деп айткан элем.
Ошентип бир да кадр киргизбедим, бир дагы ишине кийлигишпедим. Себеби “Мына сиз кийлигишип, “Кумтөр” ишин толук аткара албай калды” деген дооматтар болбосун дедим. Толугу менен өзүнүн эркине койдум. Теңгиз мырзанын башкаруу убагында алтын боюнча эч кандай маселе болгон жок. Болушу да мүмкүн эмес эле. Анткени алтын уурдоо деген түшүнүк ал жакта жок, баары компьютерлештирилген.
“Кумтөрдөн” баштап “Кара-Балтага”, андан бери “Кыргызалтын”, анан Улуттук банкка чейин 24 саат бою видеокамералар, сакчылар, текшерүүчүлөр коюлуп, бири-бирине акт менен өткөрүп берип турушат.
Ал эми кен иштетүүдө керектүү товарларды сатып алууда жогорулатылган баа көрсөтүлгөн учурлар аныкталды. Ал боюнча азыр тергөө тобу иштеп жатканын билесиздер. Теңгиз мырзанын катышы барбы же жокпу, аны тергөө аныктайт.
Убагы келгенде аны да айтабыз. Элден жашыра турган эч нерсебиз жок. Мындан ары эч нерсе жашыруун болбойт.
Ал эми 19 тонна алтын боюнча өткөндө эле жооп бердим эле, азыр да жооп берип коеюн. 19 тонна эмес, 19 грамм алтындын эсеби дагы архивде түбөлүк сакталат.
“Кумтөр”, “Кыргызалтын”, Улуттук банктын жооптуу кызматкерлери жана башка алтын сатууга катыштыгы бар жүзгө жакын киши алтындын ар бир граммына чейин жооп берет. Бир грамм жоголсо же кемисе да жооп беришет.
Менин бийлигим түбөлүк эмес. Менден кийин кайсыл бийлик келбесин, текшерип чыкса баары калкып чыгып калат. Ошондуктан эч кимиси алтын уурдоого даап барбайт.
Анткени система ошондой коюлган. Бир грамм алтын көзөмөлсүз эч жакка сатылып кетпейт.
Айрым депутаттар, саясатчылар текшерип чыгалы деген сунуштарын айтып жатышпайбы, эч каршылык жок. Текшерүү комиссиясынын башына оппозициядан коюшсун. Же эң сабаттуу депутатты комиссиянын башына коюп, былтыртан берки алтындын ар бир граммын текшерип чыгышсын. Коомчулуктун атынан Азимбек Бекназаровду, алтындын “а” тамгасынан түшүнүгү жок жаш балдар чыгып атышат, аларды да кошуп алса болот. Алтын боюнча тагыраак маалымат билип алгандары өздөрүнө да жакшы болот. Канча алтын чыкты, кайда, канчадан сатылды жана башка бардык суроолуу маселелери болсо текшерип чыгып, элге ачык жарыялашсын.
Жашыра турган эч нерсебиз жок. Учурда ал жакта тергөө тобу иштеп жатат. Ошолор менен бирге иштешсин.
Азыркы жаңы жетекчиси Алмаз Барктабасов мырзага да Теңгиз мырзага койгондой эле, “Кумтөрдөн” бир грамм алтын, бир сом уурдалбасын. Уурдалган каражат үчүн катуу жооп бересиң” деген талаптарды койдум.
Менимче эч ким түрмөгө баргысы келбесе керек.
Ал эми сүрөт боюнча, мен тактадым. Түркияда түшкөн сүрөт экен. Эсиңиздерде болсо, былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатуусуна чек коюп койгон.
Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик чиновниктердин кабылдамасына кире алышпай, агама чыгышкан экен. (Бизде бюрократия жоюла элек да).
“Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Биздин алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар” деп кайрылышыптыр.
Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм. Ансыз деле аларга же башка жеке булактарга бир грамм да алтын сатылган эмес. Түрк туугандардан башка он чакты мамлекеттерден жогорудагыдай сунуштар түшкөн.
Чамасы, бизди дүйнөлүк биржада алтыныбызды сата албай калат деп ойлошсо керек. Бирок жыл айланбай эле LBMA менен көйгөйүбүздү чечип алдык.
Алтындар бир жылдан бери сатылбай чогула берген. “Кыргызалтын” аркылуу бир гана Улуттук банк сатып алып турган. Эми LBMAдан андай чектөөлөр алынып салынды. Буюрса, дүйнөлүк биржада эң жогорку баа менен сатабыз.
Мага жана менин бир туугандарыма бир грамм алтындын кереги жок. Алтынсыз эле жашап келгенбиз, алтынсыз деле жашай беребиз. Тескерисинче, бир туугандарым мамлекетке кандай жардам берсек экен деп ойлонушат.
Менин иштеримде кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, бир туугандарым “мурдагы президенттердин катасын кайталабасак экен, президенттик мөөнөтү бүткөндө элдин жүзүн ачык карап жүрсөк экен” дешип, сарсанаа боло башташат.
Былтыр ошол мезгилде, LBMA биздин алтын сатуубузду чектеп койгондо, баары сарсанаа болушканы эсимде. Ошол мезгилде, “балким жардамым тийип калабы” деп Түркияга барган экен. Мамлекет тараптан кимдир бирөө суранган эмес.
“Кумтөрдүн” алтынын сатыш үчүн эмес, жалпы эле Кыргызстандан өндүрүлгөн жеке жактардын алтынын канчадан сатып алып жаткандарын билиш үчүн барган экен.
Бирок абдан эле төмөн болгондуктан, бир грамм алтын сатылган эмес.
Бардык эле өлкөлөрдө чет өлкөдөн келген конокпу, инвесторбу президенттин жакындарына чыга беришет. Мындай иштер буга чейин да болуп келген. Мурдакылардын катасы жакындарын мамлекеттик иштерге аралаштырып жибергенинде болгон. Мен андайга жол бербейм.
Кайда, канчадан сатсак болорун агамдын жардамы жок эле, мамлекет өзү билип алат.
Президент болуп бир мөөнөт олтурамбы, эки мөөнөт олтурамбы, кыскасы, мөөнөтүм бүткөндөн кийин жер карабай, башты бийик көтөрүп жүргөндөй болуп кетем.
Эми учурдан пайдаланып, “Кумтөр” жана башка мамлекеттин үлүшү бар алтын кендери жөнүндө дагы маалымат бере кетейин. Мен мамлекет башына келгенге чейин бир дагы алтын кен толугу менен 100 пайыз мамлекеттики болгон эмес. Таблицада көрүп турганыңардай бир аз гана үлүштөрү мамлекетке таандык болгон.
Мен мамлекет башына келгенден бери “Кумтөр” 100 пайыз мамлекетке өттү. Башка кен байлыктарга дагы мамлекеттин үлүшүн киргизе баштадык. Малекеттин үлүшү жок алтын кендерге мындан ары таза кирешенин 30 пайыз үлүшүн киргизүү боюнча мыйзам кабыл алдык.
Мындан ары элдин байлыгын элге иштетүү боюнча иш алып барабыз.
— Маегиңизге чоң рахмат. Иштериңизге ийгилик каалайбыз!
— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.
Булак: Kabar