Бүгүн, 18-февралда КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, экстремисттик материалдарды таратуу фактысынын негизинде С.Т. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.
Семетей Талас уулу
0 комментариялар