Президент Садыр Жапаровдун мурдагы журт башчылары менен болгон жолугушуусу ушул аптадагы негизги саясий окуялардын бирине айланып, учурда кызуу талкууга алынып жаткан кези. Кыргызстандын мурдагы жана учурдагы башчыларынын жолугушуусу тууралуу калк ичинде ар кандай талкуулар жаралып, арасында ача-пикирде болгондор да жок эмес. Айрымдары жолугушууну кубаттаса, кээ бирлери ачык эле сындап чыгууда. Мурдагы президенттер менен болгон жолугушууну уюштурууга эмне түрткү болду жана анын максаты эмнеде? Көпчүлүктү түмөн түйшүккө салган ушул жана башка суроолор боюнча президентке кайрылып, өз оозунан жооп алдык.
— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!
— Саламатчылык.
— Түз эле суроолорубузга өтө берсек. Мурдагы президенттер менен болгон жолугушууну уюштурууга эмне түрткү болду? Жалпы элге абдан кызыктуу жана табышмактуу болуп турат. Бардыгын бир жерге чогултуу оор болдубу? Макул көрсөңүз толук айтып берсеңиз. Кандай тосуп алдыңыз? Алар кандай келишти? Кайсы темада сөздөр болду? Кандай узап кетишти дегендей?
— Баарын Дубайга чогултардан мурда Бишкекте Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичти бир столго олтургузуп, экөөнү элдештиргенбиз. Экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган. Андан кийин анан бардык мурдагы президенттерди чогулттук. Албетте ар бири менен өз-өзүнчө сүйлөшүп, Дубайда жолугушабыз дегенбиз. Бири-бирине айткан жокпуз. Бул чындык. Айтсак айрымдары келбей коет эле. Бирок бизде сыр маалыматты жашыра албайсың да. Кыргызстанда баары ачык. Арасында бардык президенттер чогулуп жатканын билип алгандар да бар экен. Ошентсе да баары келип беришти.
Мен сөз баштадым: “Урматтуулар, негизги сөзгө өтөөрдөн мурда, сиздерге бир нерсени айтып коеюн. Кыргыз саясатчылары жалган сөздөрдү таратмай адатыбыз бар эле. Тилекке каршы, элибиз дагы ошондой ушактарга тез ишенип алат. Мен жөнүндө 13 жылдан бери эле “Бакиевден акча алып келип революция кылганы жатат, Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алып шайлоого барды. Экөөнө көз каранды” деген сыяктуу жалган сөздөрдү тараткандар болду.
Кудайдын куттуу жери, пайгамбарыбыздын буту баскан ыйык жерде олтурабыз. Бирөөңөрдөн бир тыйын алган болсом, ушул жерден Кудай алдында айткыла”, – дедим. – Албетте жок дешти. Кыскасын айтсам, “ушул жерде олтурган баарыңыздардын алдыңарда финансылык дагы, саясий дагы карызым, милдеттемем жок. Менин президент болушума бирөөңүздөрдүн дагы тиешеңер жок.
Бир гана Кудай алдында, анан карапайым элдин алдында милдеттүүмүн. Кудай колдоп, карапайым эл алып келип бийликке койду. Ошондуктан “арабызда олтургандардын арасынан бирөө-жарымга милдеттенмеси барбы” деген ар кандай күмөн ойлордон алыс болуңуздар.
Сидерди чогулткан себебим бирөө эле – ынтымакка алып келүү. Башчылар ынтымакка келмейин, башкалар ынтымакка келиши кыйын экен. Ошондуктан тарапташтарыңарды ынтымакка чакыргыла. Чындап келсе мен силердин тарапташтарыңардын колдоосуна деле муктаж эмесмин. Өзүмдү колдогон 80 пайыз элдин колдоосу деле президенттик мөөнөтүм бүткөнчө жетет. Бирок калган 20 пайыз эл “баланчаевчи, түкүнчөевчи” болуп алты-жетиге бөлүнүп жүрөт. Келгиле бир эле кыргызстандык бололу. Көрүп турасыздар, дүйнөдө акыбал начар болуп турат. Кыргызстан эми гана бутубузга туруп келатабыз. Былтыр экономикабызда жакшы жылыштар болду. Быйыл андан да жакшы болот. Эмдиги жылы андан беш бетер болот. Кылымдын долбоору болгон темир жол, ири ГЭСтерди куруу иштерин баштадык. Ушундай ири долбоорлорду ишке ашырып алышыбыз керек. Ошондо Кыргызстандын келечеги кең болот. Күчтүү мамлекет болобуз, Кудай буюрса”, – дедим.
Менден кийинки сөздү улуулашып Аскар Акаевич улады. Андан соң баары сөз сүйлөп, “ынтымакка келели, бир муштум болуп биригели” деген демилгемди колдоп кубатташты. Баары 4 саатка жакын убакыт жакшы олтуруп, анан тарап кетишти.
— Бул жаңылык чындыгында коомчулуктун көпчүлүк бөлүгүн таң калтырды. Талкуу аягы азыркыга чейин уланууда жана жакын арада дагы бүтө турган эмес. Айрымдар Бакиев мыйзам чегинде соттолгонун айтып, сизди ал кылмышкерди кармагандын ордуна эмнеге жолугушуп жүрөт дешүүдө?
— Ооба, ал киши боюнча “соттолду” деген соттун чечими бар. 13 жылдан бери Беларуска биздин Башкы прокуратура “бизге өткөрүп бергиле” деп 4 жолу суроо-талап жөнөткөн экен. 4 жолу тең баш тартышкан.
Менин жолугушуум боюнча айтсам. Биздин Баш мыйзамыбыз эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2-пунктунда “Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат” деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча болсо, ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет.
— Өз постуңузда кечиримдүүлүккө чакырдыңыз. Башкы максаты эмне? Суроомду түз эле берейин, Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келели деп жатасыңарбы?
— Көпчүлүк бул жолугушуу ушул максатты көздөгөнүн жазышууда. Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтуруш керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек.
— Эми мындан аркы кадамдар кандай болот?
— Бул ынтымак жолугушуу өз жолу менен, мыйзам алдында кимдин жоопкерчилиги болсо, ал өз жолу менен улана бериши керек. Мыйзамдарды, соттун чечимдерин аттап өтмөй жок! Мындан ары деле ынтымак чогулуштарды улай беребиз. Мен бардык саясатчыларды ынтымак столуна олтургузууга даярмын. “Ынтымак бар жерде – ырыс бар” дейт эмеспи элибизде.
— Саясатчылар демекчи, Мадумаровду деле ынтымак столго чакырып койбойсузбу?
— Аны деле чакырганбыз. Чакырганда дагы үйгө чакырганбыз. Былтыр жай мезгилинде болчу. Бир дасторкондо олтуруп: “Келиңиз ынтымакташалы. Бир эле Кыргызстаныбыз бар. Жаакташпай бирге иштешели. Биригип Кыргызстанды көтөрөлү”, – дегенбиз. Укмуш тил табышып, кучакташып достошуп жылуу тараганбыз. Бир апта өтүп-өтпөй эле сөзүнө турбай кайра тескери кетсе болобу. “Мейли, өзү билсин” дедик. Башка эмне дейбиз, ага жалдырамак белек.
— Суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн Сизге рахмат!
— Рахмат. Ишиңерге ийгилик каалайм!
Маектешкен Медербек Шерметалиев


Кыргызстанды башкарган инсандар Турдакун Усубалиевге, Апсамат Масалиевге, Роза Отунбаевага, Сооронбай Жээнбековго жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго, УКМКнын генералы Анарбек Бакаевге мамлекеттик толук камсыздоодогу “Ала-Арча” резиденциясынан бирден хансарай бөлүнүп берилип, аны “дача” деп тергеп коюшкан. Ал хансарайлардын бардык чыгымдары элдин эсебинен төлөнөт.
Апсамат Масалиевдин көзү өткөндөн кийин балдары ал үйдү дароо мамлкетке өткөрүп беришкен. Ал эми Турдакун Усубалиевдин, Чыңгыз Айтматовдун, Анарбек Бакаевдин балдары ал хансарайларда бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик камсыздоодо жашап келе жатышат. Алтургай Чыңгыз Айтматовдун баласы хансарайдын жарымын хирург Мамбет Мамакеевге сатып жиберип, ал да көчүп барып кирип алган.
Буга байланыштуу КР Жогорку Кеңешинин депутаты Жеңишбек Токторбаев жаңы мыйзам долбоорун жазып, мамлекетти башкарган кишилер кызматтан кеткенден кийин 1 айдын ичинде резиденциядагы үйдү бошотуш керек деген норманы киргизип жатат.
Төмөндө мыйзам долбоорунун негиздемесинин текстин толук жарыйлайбыз:
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору мамлекеттин бюджеттик каражаттарын жана мүлкүн рационалдуу пайдаланууга багытталган.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын Экс-Президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 15, 16-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти өмүр бою мамлекеттик күзөт менен толук өлчөмдө камсыз кылынат, ошондой эле мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет. Экс-президент аэропорттордун жана аэровокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана станцияларынын кызмат адамдары жана делегациялар үчүн залдарынан акысыз пайдаланууга укуктуу. Экс-президент мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга таандык болгон мамлекеттик байланыштарды жана байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдаланууга, ошондой эле байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн кезектен тышкаркы тартипте алууга укуктуу.
Жогорудагылардан тышкары, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык маянасынын 75 пайызы өлчөмүндө ай сайын өмүр бою акчалай каржы алууга, ал эми пенсия курагына жеткенде – Кыргыз Республикасынын Президентинин айлык акысынын 75 пайызы өлчөмүндө пенсияга укуктуу. Муну менен катар, акчалай каржылоонун (пенсиянын) өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин эмгек акысынын өсүшүн эске алуу менен көбөйтүлөт.
Дүйнөлүк практикага кайрыла турган болсок, Түркия экономикалык кубаттуулугу боюнча дүйнөдөгү жыйырма мамлекеттин катарына киргендиктен, Түркиянын экс-президенттери бардык артыкчылыктардан жана кепилдиктерден пайдаланса болмок эле, а бирок Түркиянын экс-президенттери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин, мамлекеттин эсебинен пенсия гана алышат.
Ушундай эле практика Украинада да калыптанган, 2014-жылдан бери бийлик мурдагы бардык чиновниктер үчүн жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды жокко чыгарганын жарыялаган.
Корея Республикасы калктын жан башына кирешеси жогору, экономикалык жактан өнүккөн мамлекет экенин баарыбыз билебиз (2018-жылдын сентябрына карата орточо эмгек акы айына 3 323 АКШ долларын түзөт, 2022-жылдын 1-январынан баштап минималдуу эмгек акы саатына 7,70 АКШ долларын түзөт). Экономикалык жактан ушундай өнүккөн мамлекеттин экс-президенти Кыргыз Республикасынын экс-президентиндей артыкчылыктарга ээ эмес.
Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында жана аларды мамлекеттин башка маанилүү муктаждыктарына багыттоо үчүн Мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:
– 10-1-статья, Кыргыз Республикасынын Президентин кошпогондо, убактылуу жашаган кызмат адамдарынын өз каражаттарынын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнү караган абзац менен толукталсын.
– 13-статья жаңы редакцияда баяндалган, анда Кыргыз Республикасынын экс-президентинин жеке каражаттарынан мамлекеттик күзөт кызматын пайдалануу укугу каралган;
– 15-статьянын 1-бөлүгү жана 16-статья күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.
Каралып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.
Сунушталган мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
Сунушталган мыйзам долбоору ишкердик ишин жөнгө салуу маселелерин камтыбайт, демек, жөнгө салуу таасирлерине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт.
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык коомдук талкуулоодон өткөрүү үчүн бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтында жайгаштырылган.
Кыргызстандын президенти жана экс-президенттердин макамына байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Коомдук талкууга чыккан мыйзам долбоорунда экс-президенттерге берилген бир катар жеңилдиктерди алып салуу каралган. Муну менен экс-президенттерди мамлекеттин эсебинен багууну токтотуу, жансакчы алып жүрүү жана башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз эсебинен төлөтүү сунушу бар.
Мындан сырткары жаңы президент шайланып келгенден кийин бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядан чыгып кетиши керек. Мыйзам долбоору колдоо таап, кабыл алынса мамлекет башчы катары ыйгарым укуктарын токтоткон күндөн тартып өзүнө жана үй-бүлөсүндөгү жашы жете элек балдарын акысыз медициналык тейлөө укугуна, мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдаланууга берүүгө байланыштуу беренелер күчүн жоготот.
Мыйзам долбоору мамлекеттин мүлкүн жана бюджет каражатын рационалдуу пайдаланууга багытталган. Мыйзам долбоордун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев.
Эл өкүлү экономикалык жактан кубаттуу Түркия, Түштүк Кореянын кызматтан кеткен мамлекет башчыларына Кыргызстандын экс-президенттериндей артыкчылыктар берилбей турганын белгилеген.
Учурда Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына ээ.
Мурдараак айрым активисттер алардын “экс-президент” макамын алууга байланыштуу кол топтой баштаган. Алар “өлкө кыйналып, жумушсуздук жана миграция күчөп турган маалда мурдагы мамлекет башчылар чоң суммада пенсия алып, сакчылардын кароосунда жүргөнү туура эмес” деген жүйө келтиришкен.
2020-жылдын октябрь айындагы окуялар учурунда жабыр тарткандар да экс-президент Сооронбай Жээнбековдун макамын алуу чакырыгы менен чыгышкан.
Жаңы президент Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолугуп жүргөн учурда ушул боюнча келген суроого жооп берип жатып, Жээнбековдо “экс-президент” макамы сакталып калышы керектигин айткан.
Роза Отунбаева Кыргызстандын үчүнчү президенти. Ал өлкөнү 2010-жылдан 2011-жылга чейин башкарган. Бешинчи президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башында 2017-жылдан 2020-жылга чейин турган.
“Өнүккөн Европа мамлекеттеринде чиновниктер жумуштарына велосипеддер менен барышат. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дагы жумушуна велосипед менен барып келет экен, сиз ушуну билесизби?” – деп сурады 15-июндагы Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Жеңишбек Токторбаев УКМКнын 9-кызматынын начальниги Жумгалбек Шабданбековдон.
“Биздин мамлекеттик чиновниктерди эмне үчүн мамлекеттик сакчылар кайтарат? Ал сакчыларды кайтаруудан алып салыш керек. Чиновниктер троллейбуста эле жүрүшсүн. Эмнеге алар үчүн мамлекеттик акчаларды ысырап кылабыз”, – деди эл өкүлү.
Шабданбеков “билем” деп баш ийкеп жооп берди.
“Бизде экс-президенттерден кимдерди мамлекеттик сакчылар кайтарат?” – деп тактады депутат.
“Роза Исаковна менен Сооронбай Шариповичти”, – деп жооп кайтарды УКМКнын 9-кызматынын начальниги.
“Мамлекетибиз карызга батып, бюджет эч нерсеге жетпей тартыш болуп жатса эмне үчүн Роза Исаковна менен Сооронбай Шариповичти мамлекеттин эсебинен сакчы жалдап кайтарышыбыз керек? Кайсы сиңирген эмгектери үчүн? Мамлекеттик кайтарууну алардан алып салыш керек” – деп билдирди депутат Жеңишбек Токторбаев.
УКМК мурда маалымдагандай, Кумтөр долбоору боюнча, Ведомстволор аралык тергөө тобу 2017 -жылы Кумтөр долбоору боюнча стратегиялык келишимдин түзүлүшүнө байланышкан окуялардын активдүү этабын баштады.
Комиссиянын жагдайын толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында, айрым жогорку кызмат адамдарынын кылмыштуу иш аракеттерин иликтөө менен белгиленген, зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Буга байланыштуу, кылмыш ишине тиешелүү окуялар боюнча, 2017 -жылы өлкөнүн премьер-министри болуп иштеген, экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2021-жылдын 12-августунда күбө катары суракка чакырылды.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иши боюнча күнөөсү тергөө тарабынан аныкталган бардык айыпталуучулардын аракеттери,
УКМК С.Жээнбеков менен тергөө аракеттерин улантарын белгилейт.
Тергөөнүн жыйынтыгында, күнөөсү тергөө тарабынан аныкталган кылмыш иши боюнча бардык айыпталуучулардын аракеттерине, ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине карабастан, объективдүү юридикалык баа берилмекчи.
“2018-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Таласка келип, Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени – Шекер айылына чейин кирип ““Чыңгыз ордо” комплексин куралы, ал жерге Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотолу, улуу жазуучунун бүт адабий жана маданий мурасын ошол жерге чогулталы”, – деп жакшы демилге көтөргөн эле. Мыктыны мыкты деш керек. Сөзүнө туруп, биринчи транш деп 65 млн сом да бөлдүрүп берген”, – деп билдирди Апрель баатыры, экс-аким Төлөгөн Наралиев.
“Ал акча 2019-жылы Талас облустук Капиталдык курулуштар башкармалыгынын эсебине келип түшкөн. Курулуш башталган. Анан эле жергиликтүүлөрдөн ар түрдүү оюндар, схемалар чыга баштады. Талас УКСи Чыңгыз Айтматовдун эстелигине кыргыз скульпторлорунун арасында сынак жарыяламак, ким жакшы эстеликтин долбоорун сунуш кылса ошол сынактын жеңүүчүсү болуп, акчалай сыйлыгын алмак. Бирок кайдан-жайдан КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков ортого аралаша калды да Ростов-на-Донудагы бир эмгек мигранттары заказ кылган Чыңгыз Айтматовдун даяр эстелигин 2,5 млн сомго арзан сатып алууну сунуштай коюп, Талас УКС ошол эстеликти сатып алып келишти. Ал эстелик тендерсиз жасалгандыктан сапаты жана көркөмдүгү жагынан Шекерликтерге жаккан жок. “Эстеликтин денеси – Пушкиндин эле денесине Чыңгыз Айтматовдун башын чаптап койгондой болуп калыптыр. Айтматовдун дене түзүлүшү мындай эмес. Анан калса жасалган материалы да чирип, сынып, тешилип калган. Араң эле турат” дешип, эмгек мигранттары менен депутат Момбеков алып келген эстеликти жактырбай коюшту. Бирок 2,5 млн сом кетти. Аңгыча бөлүнгөн 65 млн сомдун 31 млн сому иштетилди деп отчет берилгенде финансылык мыйзам бузуулар чыгып, Эсеп палатасы жана прокуратура текшерип, иштердин баары токтоп калды. Мына, эми эки жылдан бери жаңыдан курула баштаган комплекс четинен урай баштады. Бул кейпинде Чыңгыз Айтматовдун арбагынын астында да уят болот окшойбуз. Баса, анын 95 жылдык юбилейи да жакындап келе жатат. Ага чейин бүткөрүп койсок жакшы болот эле”, – деди тынчсызданган Төлөгөн Наралиев.
Чыңгыз Айтматовдун эмгек мигранттары менен депутат Момбеков жасатып алып келген эстелиги. Шекерликтерге жаккан жок.