Menu

Соттордун жүрүм-туруму

УКМК: Ысык-Көлдө “Рояль бич” мейманканасына 8,19 гектар жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп берген соттор аныкталды

 КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2015-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан “Рояль бич” мейманканасынын аймагындагы 8,19 гектар жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүүгө негиз болгон чечим чыгарылганы аныкталды.

Тактап айтканда, Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо делосунда Ысык-Көл райондук сотунун аталган токтому менен менчикке берилген жер тилкелеринин аянтында олуттуу айырмачылыктар (2,05 га) бар, б.а. сот бир иш боюнча материалдык пайда алуу максатында ар кандай өлчөмдөгү жер аянттары менен эки мыйзамсыз чечим кабыл алган.

Ысык-Көл облусунун сот органдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 42 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Соттордун жүрүм-турум талаптарын бузгандыгы үчүн 2 судьянын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бир катар жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 31-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушу боюнча

  • Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Туражанова Жамиля Асадуллаевнанын жана
  • Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы  Каримбеков Ниматилла Исмаиловичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Алар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу бошотулду.

Меню