Menu

Сөз эркиндиги

"Клооп" сайтын бир нече провайдер бөгөттөгөнү кабарланды

“Клооп” басылмасы 13-сентябрда бир катар интернет провайдерлер “фейктер жөнүндөгү” мыйзамга ылайык Маданият министрлигинин талабын аткарып, колдонуучулары үчүн kloop.kg жана ky.kloop.asia сайттарын бөгөттөгөнүн жазды.

Маалыматка караганда, алардын арасында “О!” уюлдук оператору менен Homeline провайдери да бар.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эркин басылманын сайтын бөгөттөө чечимине сайтка оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын айтып даттанганы жөнүндөгү жаңылык жарыяланганы себеп болгон. Министрлик атайын кызмат “бул макала фейктер жөнүндөгү мыйзамга каршы келет жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп кайрылганын билдирип, аны өчүрүүнү талап кылган.

12-сентябрда “Клооп” сайтындагы макала өчүрүлбөй турганын жарыялады. “Албетте, биз эч нерсени өчүрбөйбүз. Аталган жаңылыкта кандайдыр бир такталбаган маалымат бар деп эсептебейбиз. Ал эми бийликтин өжөрлөнүп, кандай ыкма менен болсо да оозубузду жабууга аракет кылганы ансайын күмөн ойлорго түртөт”, – деп жазылган билдирүүдө.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы” жазылган.

Медиа коомчулук прокурордун кайрылуусун басма сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган. Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин эркин басылманын ишмердигин чектөбөөгө үндөдү.

Алты эл аралык уюм "Клоопту" куугунтуктоону токтотууга чакырышты

Алты эл аралык уюм кыргыз бийлигинин “Клооп Медиа” мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришти.

Алар Кыргызстандын бийлигин медианы жоюу тууралуу арызын артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууга чакырышты.

4-сентябрда жарык көргөн билдирүүгө кол койгон алты уюм Евробиримдикти жана Кыргызстандын башка эл аралык өнөктөштөрүн бул кайрылууну колдоп, Кыргызстанга сөз эркиндиги жаатында алган эл аралык милдеттенмелерин сактоону эскертип коюуга чакырышкан.

Кайрылууга кол койгон Freedom Now, Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду, Адам укуктары үчүн эл аралык федерация, Норвегиядагы Хельсинки комитети, Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк уюму, Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм Кыргызстандын бийлигин жарандык коомго, журналисттерге, активисттерге жана укук коргоочуларга өз ишмердүүлүгүн коркпой-үркпөй жүргүзүүгө шарт түзүп берүүгө үндөдү.

Буга чейин эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ), “Хьюман Райт Уотч” уюму (HRW) жана Кыргызстандын медиа коомчулугу да прокуратуранын Kloop Media басылмасын жабуу тууралуу арызын айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырган.

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө арагасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

Басылманын башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

Kaktus.media басылмасы 1.000.000 сом айыпка жыгылды

23-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Вечерний Бишкек” басылмасынын Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча чечим чыкты.

Судья Жылдыз Сайдылдаеванын чечимине ылайык, Kaktus.media басылмасы жарыялаган макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арыз жарым-жартылай канааттандырылды.

Натыйжада, кабарчы 500 миң сом, “Промедиа Плюс” коомдук фонду (басылманын ээси) 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилди, мындан тышкары 700 сомдук мамлекеттик пошлина төлөө талабы да коюлду.

Доо арыз Kaktus.media сайтына былтыр 29-декабрда жарыяланган “Вечерний Бишкектин” кызматкерлери гезит 1-январдан тартып жабыларын билдиришти” деген макала жарыяланганына байланыштуу жазылган.

“Вечерний Бишкек” бул макалада так эмес маалымат келтирилгенин айтып, жалпысынан 50 миллион сомдук доо койгон.

Соңку кезде Кыргызстанда көз каранды эмес медиага басым күчөгөнүн серепчилер белгилеп жатышат. Коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров былтыр өлкөдөн күч менен чыгарылды, Next TV телекомпаниясынын жетекчиси шарттуу түрдө үч жылга соттолду, “ПолитКлиника” басылмасына каршы сотко арыз берилди, “Азаттыктын” сайты жарым жылдан бери бөгөттөлүп турат жана аны ЖМК катары жабуу аракети көрүлүүдө.

“Азаттыктын” жана Kaktus.media басылмасынын жабылышын талап кылып социалдык түйүндөргө пикир жазгандардын көбү фейк аккаунттар экенин Bulak.kg сайты аныктап чыккан.

ЖМК жөнүндө мыйзамдын бешинчи варианты иштелип чыкты

Кыргызстанда президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун бешинчи вариантын сунуштады. 56 беренеден турган документте буга чейин медиа коомчулук каршы чыккан талаптар дагы деле калтырылганы белгилүү болду.

Долбоордо веб-сайттар Санариптик өнүктүрүү министрлигинен тармактык маалымат каражаты катары каттоодон өтүүгө милдеттүү экени жазылган. Ал эми Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаты болуп каттоодон өтүү үчүн Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине арыз берилери көрсөтүлгөн.

Ошол эле учурда мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдарын, ченемдик укуктук актыларын жарыялаган сайттар ЖМК катары катталбайт.

ЖМК ачылгандан кийин алты айдын ичинде иштеп башташы керек. Бул убакыт аралыгында эч кандай материал чыгырбаса, каттоо күбөлүгү жараксыз болуп калат.

Президенттин администрациясы былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.

Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыккан. “Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчи болгон. Андан бери жумушчу топ эки эле жолу жыйынга чогулган.

Журналист Ыдырыс Исаков милицияга сурак берип чыкты

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жазды.

Күн мурун Исаков милицияга аны оозеки чакырышканын, колуна чакыруу тие электигин билдирген. Анын айтымында, алгач ага Ички иштер министрлигинен байланышып, кийин шаардык милициянын тергөөчүсү телефон чалган. Алар журналисттин интернетте тарап жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Журналист өзү кеп болуп жаткан видео азыркы президент тууралуу болушу мүмкүн деп болжоп жатканын айткан. Анда Ыдырыс Исаков Садыр Жапаров камакта жаткан маалдагы видеолорунун биринде сыпаттама берип сүйлөгөн. Ал видеону белгисиз адамдар кыркып, жаңылап, кайрадан Тик-Ток жана башка социалдык түйүндөргө таратып жиберишкен.

Ыдырыс Исаков “Азаттык” радиосунда бир нече жыл эмгектенип, курч материалдары жана иликтөөлөрү менен таанылган. Учурда өзүнүн аты менен YouTube порталында канал ачып, түрдүү багыттагы материалдарды чыгарып келет. Анын каналында 417 миң катталуучу бар.

CPJ уюму "Клоопко" басымды токтотууга чакырды

“Журналисттерди коргоо комитети” (The Committee to Protect Journalists – CPJ) эл аралык уюму Кыргызстанда “Клооп” басылмасынын сайтын бөгөттөө аракети көрүлүп жатканын белгилеп, 2-февралда атайын билдирүү таратты. Анда ал өлкө бийлигин мындай кадамга барбоого чакырды.

“Кыргызстандын бийлигинин өлкөдөгү эң абройлуу жаңылык агенттиктеринин бири болгон “Клоопту” цензуралоо аракети эч убакта кабыл алынбашы керек болгон “жалган маалымат” тууралуу мыйзам канчалык абсурд жана чектен чыккандык экенин дагы бир жолу айгинелеп турат. Бийлик “Клооптун” сайты бөгөттөлөт деген коркутуусун токтотуп, “жалган маалымат” жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарып, көз каранды эмес прессага каршы күчөп жаткан репрессияны токтотушу керек”, — деди баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан CPJ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.

Веб-сайты бөгөттөлүшү ыктымал экени тууралуу өкмөттөн эскертүү алганын “Клооп” (Kloop) басылмасы 1-февралда кабарлаган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы басылмага Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) байланыштуу макаланы веб-сайтынан өчүрүү талабы менен кат жолдогон. Расмий катта бул материалда “жалган маалымат” берилгени белгиленген.

“Kлооп” бул талапка макул эмес экенин жана макаланы сайтынан өчүрбөй турганын жазган.

Ушу тапта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианы” да жабуу аракетин көрүп жатат. Министрлик буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтына чыккан видео материал негиз болгонун айтууда. “Азаттык” бул материалда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы эч нерсе жок экендигин билдирүүдө.

Министрликтин кадамын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап жатышат.

HRW: Кыргыз бийлиги сын айткандарды жана жарандык коомду чектөөдө

Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча берген убадаларына карабастан кыргыз бийлиги соңку жылы сын айткандарды жана жарандык коомду чектеп келгенин эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму 2022-жылдын жыйынтыгына арналган баяндамасында билдирди.

Анда бейөкмөт уюмдар, абактагылардын абалы, үй-бүлөлүк зомбулук, жарандык жана саясий укуктар, коопсуздук, майыптыгы барлардын укуктары сыяктуу маселелер менен катар сөз эркиндигинин абалына да баа берилген.

Жылдык баяндамада сөз эркиндиги көз каранды эмес журналисттерге, блогерлерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы козголгон кылмыш иштеринин айынан коркунучка кептелгени белгиленди.

Кеңири сынга кабылган “анык эмес маалымат” мыйзамынын негизинде июнь айында ResPublica гезитинин сайты эки айга, августта 24.kg маалымат агенттигинин, октябрда “Азаттык” радиосунун сайты бөгөттөлгөнү, март айында Next TV телеканалынын кеңсеси жабылып, директору Таалайбек Дүйшенбиев абакка отуруп чыкканы, көз каранды эмес Temirov LIVE иликтөө агенттигинин жетекчиси Болот Темиров өлкөдөн чыгарылганы айтылды.

Былтыр 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жапкан.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырышкан.

13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү баштаган 120дан ашуун инсан президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошкон. Алар кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун толук иштөөсүнө шарт түзүүгө үндөшкөн.

Бийлик сөз эркиндигине байланыштуу сынды четке кагып келет. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бийлик сөз эркиндигин сактай турганын айтып, “Биз ар дайым талкууга ачыкпыз, сунуштарды угабыз. Сөз эркиндиги – көз каранды эместигибиздин жетишкендиги. Ошондуктан, мамлекет өз кезегинде сөз эркиндигин сапаттуу деңгээлде кармап турууга аракет кылат”, – деген.

Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, аны сактай турганын президент Садыр Жапаров да дайыма белгилеп келет.

Чет өлкөлүк журналисттер жана уюмдар кыргыз бийлигине кайрылды

13-декабрда Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Грузиянын, Литванын, Молдованын бир катар журналисттери, баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” жана “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму кыргыз бийлигине кайрылды.

Анда Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөп, демократиялык баалуулуктардан артка чегүүнү болуп жатканын билдирип, өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жабууга, мыйзамсыз кармоолор жана токулган иштер менен сайттарды бөгөттөө үчүн мыйзамдар кабыл алынып жатканын сынга алышты.

Кайрылууда сөз эркиндигин, маалыматка жетүүнү жана пикирлердин плюрализмин коргогон бир катар журналисттер, блогерлер, жарандык активисттер саясий куугунтукка кабылганы айтылат. Аларга кылмыш иштери козголуп, соттор камакка алууга чейинки мыйзамсыз чечимдерди чыгарганы белгиленген.

“Өлкөнүн жогорку жетекчилеринин коррупциялык иштери боюнча бир катар чоң иликтөөлөрдү жасаган журналист Болот Темиров Кыргызстандын жараны экенине карабастан өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылды. Чет элдик маалымат каражатынын материалын жарыялап койгону үчүн Next TV телекомпаниясынын башкы директору Таалай Дүйшембиев беш жылга шарттуу кесилди. “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” антиконституциялык мыйзам кабыл алынып, анын арты менен “Азаттыктын” жана ResPublica порталынын сайты жабылды”, – деп айтылат кайрылууда.

Журналисттер менен эл аралык уюмдар Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүп алынып, Кыргызстанда коомдук талкууга чыгарылган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”, “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” жана “Чет элдик өкүлдөр жөнүндө” мыйзам долбоорлору сөз эркиндигине, тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигине кедергисин тийгизе турганын эскертти. Кайрылууга Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү 26 журналист, уюмдар кол койду.

13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү баштаган 100дөн ашуун адам президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошту. Алар “Азаттык” радиосунун толук иштөөсүнө шарт түзүүгө үндөштү.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы “Азаттыктын” телерадио берүүлөрүн обого чыгарбай калган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин административдик даттануусун 30-ноябрда карап, аны канааттандыруусуз калтырган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин белгилеп, ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин буга чейин да “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга жана сөз эркиндигин сактоого чакырып келет.

Бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин, Болот Темиров мыйзам чегинде жазаланып, “Азаттыктын” сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирип келет. Президент Садыр Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин бир нече жолу кайталаган.

Маданият министрлиги "Жалган маалыматтан коргоо" мыйзамын толуктоону сунуштоодо

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо” жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Документтин негиздемесинде мыйзамдын азыркы редакциясында кемчиликтер бар экени, нормативдик-укуктук актыны аткаруу учурунда кедергилер жаралып жатканы белгиленген. Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштагандар жалган маалымат тууралуу арыз берген адам ЖМК, уюм же физикалык жак чындап эле жалган маалымат таратканы тууралуу далилдерди кошо көрсөтүшү керек деп эсептешет.

Сентябрдын ортосунда Жогорку Кеңештин депутаттар тобу “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо” жөнүндө мыйзамды өзгөртүүнү демилгелешкен. Эл өкүлдөрү экинчи тарапка да укук берүүнү, алардан арыз түшө турган болсо сайтты бөгөттөөнү токтото туруу керектигин сунуш кылышкан.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылдын август айында кабыл алынган, ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршы болушкан. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Ага ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлүп коюлат.

"Сорос-Кыргызстан" өлкөдөгү сөз эркиндигине байланыштуу тынчсыздануусун билдирди

“Сорос Кыргызстан” фонду “Журналисттерге карата кылмыштар үчүн жазасыз калууга каршы күрөшүүнүн” эл аралык күнүнө байланыштуу билдирүү таратты. Анда фонд “сөз эркиндигине кысым жана чабуулдар акыркы убактарда көп болуп жатканына тынчсыздануусун” билдирген.

“Жазасыздык журналисттерди жана активисттерди коркутуп, кылмышкерлерди кайраттандырып, коомго терс таасирин тийгизип, антидемократиялык цензуранын уланышына жол ачат. Ушул оор мезгилде кысымга жана кол салууга каршы туруу үчүн журналисттердин колдоосу жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын тилектештиги маанилүү. Көз карандысыз ЖМКларга жана медиа уюмдарга гранттык колдоо көрсөтүү аркылуу биз сөз эркиндигин коргоо, медиа сабаттуулукту өнүктүрүү, журналистиканын стандарттарын үйрөтүү жана маанилүү темаларда сапаттуу контентти түзүү боюнча иштерди улантып жатабыз. […] 24-октябрда биз кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун дүйнөдөн кайтканынын 15 жылдыгын белгиледик, бул дата журналисттердин ишинде адилеттүүлүк маанилүү экенин дагы эле эскертип келет”, – деп жазылган фонддун билдирүүсүндө.

Кыргызстандагы “Медиа Полис Институту” уюму 2020-жылдын октябрь айынан баштап 2022-жылга чейин өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жөнүндө мониторинг кылып, атайын баяндамасын жарыялады.

Анда мамлекеттик жогорку кызмат адамдарынын жана саясатчылардын бардык социалдык тармактардагы баракчаларына мониторинг жасалган. Изилдөөнүн жыйынтыгында сөз эркиндигинин абалы начарлап, Кыргызстандын саясий айдыңында авторитаризмдин белгилери, репрессиялык ыкмалар, медиага көзөмөлдү күчөтүү аракети жана эркин массалык маалымат каражаттарына кысым байкалган.

Эксперттердин баамында, жакында 20дан ашуун активист менен саясатчылардын кармалышы, “Азаттыктын” сайты менен банк эсебинин бөгөттөлүшү Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканынын көрсөткүчү.

Өз кезегинде бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бузулбаганын байма-бай айтып келет. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Азаттыктын” сайты бөгөттөлгөндөн кийин, 28-октябрда билдирүү жасап, өлкөдө эркин медиалардын ишине чектөө жок экенин, сөз эркиндиги дайыма болорун билдирген.

Меню