Menu

Сөз эркиндиги

Amnesty International: өзбек бийлиги блогерлердин укуктарын чектеп жатат

Өзбекстанда онлайн-платформалар менен социалдык түйүндөрдө өз пикирин айткан активисттердин жана блогерлердин укуктары чектелип жатат. Бул тууралуу Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюмунун 25-июнда жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.

Анда өлкөнүн борбордук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындаганы үчүн куугунтукка, кысымга кабылып же камакка алынган өзбекстандык блогерлердин аты-жөнү жазылган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2019-жылы “блогерлерди дайыма колдой турганын” айткан. Андан бери мамлекет башчысы туруктуу түрдө соцтармактарды карап турарын жана блогерелер менен журналисттердин сындары болуп турушу керектигин бир нече жолу белгилеген.

Бирок уюмдун маалыматына караганда, жергиликтүү ЖМКларда көп чагылдырылбаган темаларды анализдеп чыгарган блогерлердин көбү жыйынтыгында куугунтукка кабылууда. Ошол эле маалда өлкөдөгү блогерлер жогорку кызмат адамдарынын – президенттин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, премьер-министрдин, Ташкенттин акиминин жана облус башчыларынын ыктымал коррупциялык иштерине байланышкан темаларга көп кайрылбоого аракет кылышат. Акыркы убактарда Өзбекстанда аталган тема тууралуу айткан блогерлерге басым күчөп, айрымдары камакка алынган учурлар катталууда:

– жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындаган сурхандарыялык блогер Отабек Саттори жети жылга соттолду;

– бийликти коррупция үчүн сындап, сөз эркиндиги менен ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктары тууралуу айткан ташкенттик блогер Миразиз Базаров үч жылга эркинен ажыратылды;

– өзбек бийлигинин дин саясатын ачык сынга алган ташкенттик блогер Фозилхожа Арифхожаев 7,5 жылга соттолду.

Human Rights Watch, “Чек арасыз кабарчылар”, “Журналисттерди коргоо комитети”, эл аралык “Мунапыс уюму”, ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаменти менен Батыш өлкөлөрү өзбек блогерлерине карата жасалып жаткан кысым менен куугунтукту айыптап келишет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

АКШ дүйнө жүзүндөгү журналисттерди коргойт

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен үч жыл мурда Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунун имаратында өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашоггини эскерген билдирүүсүн жарыялады. Бул тууралуу “Америка үнү” басылмасы кабарлады.

“Кошмо Штаттар ар дайым дүйнөдөгү бардык адамдардын жазадан же зыян тартуудан коркпостон өз жарандык укуктарын ишке ажырууга мүмкүндүгү болушу керек деген принципти коргойт”, – деп жазылган билдирүүдө.

Быйыл февралда Конгресске Хашоггинин өлүмү боюнча тергөөнүн материалдары жөнөтүлгөндөн кийин АКШ мындай окуялардын алдын алуу үчүн кадамдарды жасай баштаган.

“Биз өкмөттөрдүн өлкө сыртында жүргөн журналисттерге, активисттерге жана диссиденттерге кол салуусун болтурбоо жана аларга реакция кылуу боюнча аракеттерди координация кыла баштадык. Мындан тышкары биз Хашогги деп аталган америкалык визаларды берүүнү чектөө боюнча глобалдык саясатты иштеп чыктык. Ага ылайык, Кошмо Штаттар дүйнөнүн кайсыл жеринде болбосун журналисттерди, активисттерди же диссиденттерди куугунтуктоого тиешеси бар адамдарга берилген визаларды кайра чакыртып ала алат”, — деп билдирди Блинкен.

Буга чейин Мамлекеттик департамент өлкө сыртындагы диссиденттерди куугунтуктоого, анын ичинде Хашоггини өлтүрүүгө тиешеси бар Сауд Арабиясынын 76 жаранына визалык чектөө киргизген.

“Президент Байден өлкөнүн тышкы саясатында адам укуктары негизги орунда турарын ачык айтты… Адам укуктарын коргоо — Американын улуттук кызыкчылыктарына түздөн-түз жооп берет жана биздин улуттук коопсуздугубузду бекемдейт. Кошмо Штаттар журналисттер, активисттер жана диссиденттер кайда гана болбосун өз ишин коопсуз шарттарда аткарышына көз салып туруу үчүн бардык ылайыктуу ыкмаларды колдонот, — деп кошумчалады Блинкен.

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) Садыр Жапаровду сөз эркиндигин чектеген мыйзамга кол койбоого чакырды

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жакында парламент кабыл алган “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун четке кагып, аны артка кайтарууну сунуштады.

Эл аралык уюмдун маалымдашынча, бул мыйзам долбоору Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн олуттуу коркунуч туудурат.

Кайрылууда кыргыз бийлиги журналисттерге каршы колдонулушу мүмкүн болгон мыйзамдарды иштеп чыгуудан алыс болушу керектиги көрсөтүлгөн.

Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) программалык директору Карлос Мартинестин айтымында, Кыргызстанда бул мыйзамды кабыл албаган күндө деле атайылап ойдон чыгарылган жалган ушактарды таратууну ооздуктоочу мыйзамдык механизмдер жетиштүү. Ошондуктан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорундагы мамлекеттик органдарга бериле турган ыйгарым укуктар көз карандысыз медиага каршы колдонулуп, сөз эркиндигин басмырлоого жол ачышы мүмкүн экени айтылат.

Жогорку Кеңеш 28-июлдагы кезексиз жыйынында чоң талаш-тартыш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган. Мыйзам долбоорун 97 депутат колдоп, 5 эл өкүлү каршы болгон.

Алгач мыйзам долбоору парламенттин 30-июнундагы жыйынында өтпөй калган эле. Бирок аны 28-июлда кээ бир депутаттар кайра добушка салуу керектигин айтып чыгышкан.

Бул документти депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Ушул эле мыйзам долбоору буга чейин “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталып, парламент былтыр экинчи жана үчүнчү окууда удаа кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.

Быйыл, 2-июнда парламентте документтин макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам долбоору “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” деп өзгөртүлгөн, бирок ал колго салганда парламенттен колдоо тапкан эмес.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, четке кагылган мыйзам долбоору алты айдан кийин гана кайра каралышы керек болчу.

Маалымат мыйзамынын долбоору добуш берүүдөн өткөн жок

Маалымат мыйзамынын жаңы долбооруна каршы акцияга чыккан укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору өтпөй калды.

Парламенттеги 59 депутат “макул” деп добуш берсе, 38и “каршы” болду. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүш үчүн 61 добуш талап кылынат.

Добуш берүүдөн кийин депутат Бактыбек Райымкулов айрым депутаттар адашып калганын айтып, кайра добуш берүүнү талап кылды. Буга эл өкүлү Дастан Бекешев каршы чыкты. Бирок, парламент башка маселени кароого өттү.

Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралган. Талкуунун жүрүшүндө депутаттардын арасында кайым айтышуу орун алды. Демилгечилер жана колдогондор долбоордун негизги максаты ар бир жарандын укугун коргоо жана такталган маалымат алууга шарт түзүү экенин айтып жатышат.

28-июнда Жогорку Кеңештин тармактын комитети аталган мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары долбоор сөз эркиндигин чектей турганын билдирип, сынга алышууда. Кечээ, 30-июнда жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер Жогорку Кеңештин алдында бул мыйзам долбооруна каршы митингге чыкты.

Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтолуп жатат. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталды. Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөп жатышат.

Жалган маалымат мыйзам долбооруна каршы митинг өттү

Бүгүн, 30-июнда Бишкекте жарандык коомдун 50 чакты өкүлү “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акцияга чыгышты.

Ушул тушта Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтолуп жатат.

Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети 28-июнда “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган.

“Медиа полиси” институту бул долбоор тууралуу кеңири анализ жүргүзгөн. Анда документ Баш мыйзамга, эл аралык келишимдерге каршы келип, адам укугун, сөз эркиндигин чектей турганы белгиленген.

Долбоордун авторлору дооматтардын баарын четке кагып келет.

Меню