Menu

Тажикстан-Афганистан

Эмомали Рахмон Тажикстандын Ооганстан менен чектешкен райондоруна барды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 16-июлда Хатлон облусуна барып, аймактагы аскердик бөлүктөрдүн даярдыктары, техникаларынын абалы жана чек арачылар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Хатлон облусундагы президент барган Пянж жана Мир Саид Али Хамадони райондору менен чектешкен Ооганстандын уезддери “Талибан” кыймылынын көзөмөлүнө өткөн.

Чек арачылардын алдында сүйлөгөн Эмомали Рахмон коңшу Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен аймактарында аскердик-саясий абал өтө оор бойдон калып жатканын белгиледи.

«Бул өлкө менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын коргоо — биздин өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй КМШдагы, ал эмес Европа биримдигиндеги коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өзгөчө маанилүү болуп эсептелет», — деди президент.

5-июлда Рахмон өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, коргоо министрине тажик-ооган чек арасын бекемдөө үчүн резервдеги 20 миң аскерди мобилизациялоону тапшырган.

Тажикстан менен Ооганстандын Бадахшан аймагындагы жалпы чек арасынын узундугу 910 чакырымды түзөт. 4-июлда Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматы Ооганстандын түндүгүндөгү уезддердин көбү талибдердин карамагына өткөнүн кабарлаган.

Акыркы айларда «Талибан» кыймылы Ооганстандын түрдүү провинцияларындагы позицияларын бекемдеп, улам жаңы аймактарды басып алууда. Буга чейин 2 миңден ашык ооган аскери талибдердин кысымынан улам Тажикстандын аймагына кире качканы кабарланган. Мындан тышкары Ооганстандагы Бадахшан аймагынын 1500гө жакын жашоочусу талибдерден качып, Тажикстандын аймагына өтүүгө аргасыз болушкан.

“Талибандын” чабуулдары АКШ менен НАТОго мүчө башка өлкөлөр Ооганстандагы аскерлерин чыгарып жаткан учурда күчөп жатат. 8-июлда Москвага барган уюмдун өкүлдөрү Ооганстан аймагынын 85% алардын көзөмөлүнө өткөнүн билдиришкен. Мындан тышкары алар ооган-тажик чек арасына чабуул жасабай тургандыктарын айтышкан.

Мурдараак тажик бийлиги Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөргө кайрылып, Ооганстан менен чек арасын коргоого жардам сураган.

АКШ, Европа биримдиги, Орусия жана башка эл аралык уюмдар Ооганстан менен чек арасын бекемдөө үчүн Тажикстанга жардам берип келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тоолуу Бадахшан автоном облусуна 1000ден ашык ооганстандык качкын өттү

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бийлиги Ооганстандын түндүгүндөгү аймактардын көбүн талибандар басып алгандан кийин 1000ден ашык киши Тажикстанга качып келгенин билдирди.

“Качкындар үчүн бардык шарттар түзүлүп, тамак-аш менен камсыз кылынууда. Бүгүнкү күндө аларга гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу эл аралык кайрымдуулук уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деп билдиришти облустук акимчиликтен.

Мекеменин басма сөз катчысы Голиб Ниятбекзода Ооганстандан 1037 киши качып келгенин, алардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, качкындар чек арадан Ооганстандын Бадахшан аймагындагы бир нече уездди талибдер ээлеп алган 4-5-июль күндөрү өтүшкөн.

“6-июлда облус башчысы Ёдгор Файзов ооган качкындарынын кийинки тагдыры тууралуу БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын өкүлдөрү жана Ага Хан фондунун жетекчилери менен сүйлөштү”, — деди Ниятбекзода.

Жергиликтүү бийлик качкындардын агымына даяр экенин жана өз аймагына 10 миңге чейин ооганстандыкты жайгаштыра аларын билдирүүдө.

Күн мурун Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши Тажикстандын аймагына качып өтүүгө аргасыз болгон 2300 ооган жоокери кайра кайтып келгенин билдирген. Бирок азырынча расмий Кабул жарандык адамдарды кайтарып келүү ыктымалдыгы боюнча эч кандай маалымат бере элек.

АКШ баштаган эл аралык аскер күчтөрү Ооганстандан чыга баштагандан тарта Талибан кыймылы өлкөдө элүүдөн ашуун аймакты басып алды. Тажик бийлигинин маалыматында учурда ортодогу чек аранын үчтөн эки бөлүгү талибдердин көзөмөлүндө. Тажик-ооган чек арасынын узундугу 1350 чакырымдан ашык.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикистан ЖККУга жардам сурап кайрылды

Тажикстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) өкүлү Хасан Султанов Ооганстан менен чек арасын кайтаруу үчүн уюмдан жардам сурады.

“Аймактагы кырдаалды жана Ооганстан менен чек аранын кээ бир жерлери тоолордо экенин эске алганда чек араны жалгыз кайтарууда кыйынчылык жаралып жатат” деди Султанов.

Ал акыркы эки жумада талибдерден чегинип, 1,5 миңдей ооган аскери Тажикстанга качып өткөнүн мисал келтирди.

Орусия буга чейин эле Тажикстанга чек арасын бекемдөөгө жардамдашууга даяр экенин билдирген. Тажикстанда Орусиянын 201-аскер базасы жайгашкан. “Интерфакстын” белгилешинче бул Орусиянын чет өлкөдөгү эң ири жана кубаттуу аскер базасы.

АКШ баштаган эл аралык аскер күчтөрү Ооганстандан чыга баштагандан тарта Талибан кыймылы өлкөдө элүүдөн ашуун аймакты басып алды. Тажик бийлигинин маалыматында учурда ортодогу чек аранын үчтөн эки бөлүгү талибдердин көзөмөлүндө. Жалпы тажик-ооган чек арасы 1350 чакырымдан ашуун.

Душанбе качкындардын саны өсүшү ыктымалдыгын белгилеп, кире качкан ооган аскерлерин баш калка жана азык-түлүк менен камсыздоо башталганын билдирди.

Тажикстан 6-июлдан бери 600дөй ооган жоокерин төрт учак менен кайра Ооганстанга жөнөттү. Тажик коопсуздук күчтөрүндөгү булактар Reuters жаңылыктар агенттигине ырастагандай, жакынкы күндөрү дагы 300дөй ооган аскери мекенине жөнөтүлгөнү турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кабул: Тажикстандын аймагына кире качкан 2300 ооган жоокери кайтып келди

Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши Тажикстандын аймагына качып өтүүгө аргасыз болгон 2300 ооган жоокери кайра кайтып келгенин билдирди.

“2300 жоокер Ооганстандын коопсуздук жана коргонуу күчтөрүнө келип кошулду. Алар дароо Бадахшан провинциясынын борбору Файзабаддагы коопсуздукту камсыз кылууга тартылды”, — деди мекеменин өкүлү.

Ал ооган аскерлери Тажикстандан качан жана кандай жол менен кайтарылганы тууралуу айткан жок.

Азырынча Тажикстандын бийлиги бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Бирок 6-июлда айрым басылмалар талибдер менен салгылаштан кийин Тажикстанга кире качкан ооган аскерлеринин бир бөлүгү Кабулга жөнөтүү үчүн Кулябдагы аэропортко жеткирилгенин кабарлашкан.

“Озоди” радиосунун маалыматына караганда, Тажикстандагы ооган жоокерлерин мекенине кайтаруу маселеси 4-июлда тажик президенти Эмомали Рахмон менен Ооганстандын лидери Ашраф Ганинин телефондук сүйлөшүүсү маалында талкууланган.

5-июлда Эмомали Рахмон Ооганстандагы курчуп жаткан абалды Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын лидерлери менен талкуулаган. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө тажик-ооган чек арасындагы маселелерди чечүү үчүн Душанбеге жардам берүүгө даяр экенин айткан. Ошол эле күнү Рахмон Ооганстан менен чек араны бекемдөө үчүн резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоону тапшырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанга кире качкан 120дан ашык ооган жоокери Куляб аэропортуна жеткирилди

4-июлда талибдер менен салгылаштан кийин Тажикстанга кире качкан 120дан ашык ооган жоокери Куляб шаарындагы аэоропортко жеткирилди. Бул тууралуу Ооганстандын Хохон чек ара отрядынын командири Мухаммад Хусейн “Озоди” радиосуна билдирди.

«Бизди Ооганстанга жөнөтүү боюнча акыркы чечим азырынча кабыл алына элек. Кулябда канча күн болорубуз да белгисиз», — деди ал.

Акыркы күндөрү Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен бир нече аймагын талибдер ээлеп, 1500дөн ашык ооган жоокери тажик тарапка качып өтүүгө аргасыз болгон.

5-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ооганстандагы курчуп жаткан абалды Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын лидерлери менен талкуулаган. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө тажик-ооган чек арасындагы маселелерди чечүү үчүн Душанбеге жардам берүүгө даяр экенин айткан.

Ал ортодо Эмомали Рахмон Ооганстан менен чек араны бекемдөө үчүн резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоону тапшырды. Мындай талапты Рахмон 5-июлда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында коргоо министрине койду. Анда чек араны бекемдөө зарылчылыгы Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам жаралганы айтылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню