Menu

Талас

Таласта сугат айдоо жерлерин жеке менчик үй курууга мыйзамсыз саткан жетекчилерге кылмыш иши козголду

УКМК тарабынан Талас районунун “Кадастр” ММ, архитектура башкармалыгынын жана Нуржанов а/а айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду, алар 2014-2022-жылдар аралыгында материалдык пайда алуу максатында мораторий коюлган жана сугат айдоо жерлеринин категориясына кирген жер тилкелерин жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыны мыйзамсыз жол-жоболоштуруп беришкен.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө.

УКМК: Талас шаардык мэриясынын жетекчилеринин бири жасалма диплом менен иштеп жүргөндүгү аныкталды

КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас шаарынын мэриясынын ММБнын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Д.Э. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку билим жөнүндө жасалма дипломунун негизинде аталган кызматты ээлеп турганы аныкталды.

Бул факты боюнча жогорку билими тууралуу жасалма документтерди жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Видео - УКМК: Талас районунун акиминин орун басары 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Кечээ, 28-июлда Кыргыз Республикасынын УКМК кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузууларга жол бербөө, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары “Т.К.Р.” 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары КР жаранынан оң чечим чыгарып, ишкердүүлүк ачууга уруксат кагаздарын берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

Тиешелүү далилдердин негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында, “Т.К.Р.” Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, Талас облусунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

 

Меню