Menu

Темирлан Султанбеков

Темирлан Султанбеков, КСДПчы: “Мага Садыр Жапаров “сени камакка алууну Сооронбай Жээнбеков чечкен жана сени түрмөдө калтыруу үчүн колунан келгендин баарын жасады” деп айтты”

«Биздин бүгүн соттон акталганыбыз боюнча бийликчил депутаттар жана жогорку рангадагы чиновниктер куттуктап жатышат”, – деп билдирди 28-июндун кечинде КСДПнын лидери, “ыйлаак бала” Темирлан Султанбеков өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу.

“Атамбаевдин ден соолугу боюнча акыркы медициналык корутундуларды жана анын Сооронбай Жээнбеков учурунда жасалма козголгон акыркы кылмыш иштеринен акталып чыккандарын эске алып, эми биз Атамбаевди түрмөдөн бошотуп, үйүнө – жубайына, балдарына жана неберелерине жөнөтүүнү суранабыз”, – деди Т. Султанбеков.

“Мага Садыр Жапаров “сени камакка алуу чечимин Сооронбай Жээнбеков кабыл алган жана сени түрмөдө калтыруу үчүн колунан келгенинин баарын жасады” деп айтты. Мен Садыр Жапаров чындыкты айтты деп ишенем. Эгер Сооронбай Жээнбеков президент болуп калганда бул кылмыш иштеринин аягы башкача бүтмөк.  Ошондуктан мен Президентти башка маселелер боюнча да мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын улантпоону суранам.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Чүй ОИИББы: Темирлан Султанбековдун мага кол салуу болду деген билдирүүсү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган ыкчам тергөө тобу түзүлүп, зарыл болгон иш-чараалар жүргүзүлүүдө.
2021-жылдын 26-август күнү болжол менен саат 16:45 чамаларында Темирлан Султанбеков өзүнүн «Фейсбук» социалдык баракчасы аркылуу, 26-август күнү болжол менен саат 01:30 чамаларында анын автоунаасына карата белгисиз бирөөлөр ок чыгарганын жазган. Анда окуя кайсыл жерде болгону так көрсөтүлгөн эмес.
Жогорудагы маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы факты Аламүдүн районунун аймагында болгону аныкталган.
Темирлан Султанбеков өзү Алдамүдүн РИИБүнө 26-август күнү болжол менен саат 18:30 чамаларында кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталган.
Т.Султанбеков 26-август күнү «Nissan X-TRAIL» үлгүсүндөгү авттоунаанын айдоочусу А.Б. менен Кой-Таш айылындагы көчө менен түштүк тарапты карай баратып, жолдо уктап кетип, автоунаанын өзү отурган оң жак тарабынан
катуу үн чыкканын угуп ойгонуп кеткен. Айдоочу жогорку ылдамдык менен автоунааны айдап, К.А. аттуу жарандын үйүнө келип токтоп, автоунаанын арткы оң жак терезеси жабыркагынын байкашканын билдирген.
Т.Султанбеков жана автоунаанын айдоочусу эч кандай жабыркабагандыктарын билдиришип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.
Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзүшүп, тиешелүү иштер жүргүзүлгөн. Кийин автоунаага кароо жүргүзүлүп, анын арткы оң жактагы терезесиндеги жабыркаган жери аныкталып,
соттук-трассологиялык экспертиза дайындалган.
Бул фактыга тиешелүүлөрдү аныктоо жана кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлүп, зарыл болгон иш-чараалар
жүргүзүлүүдө.
Бул факты ИИМдин жана Чүй ОИИББнын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.
Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Меню