Menu

Темир Сариев

Темир Сариев менен Юруслан Тойчубеков Жетим-Тоо кенинин башчылыгын талашып жатышыптыр

Кыргыз өкмөтү Жетим-Тоо темир кенин иштетүү боюнча аракеттерин баштагандан бери эски чиновниктер түн уйкусунан качып, канткенде мындай “майлуу-сүттүү” жердин гендирекциясын ээлеп калуу жандалбасын кылышууда.

Алардын бири Темир Сариев 2020-жылы президент Садыр Жапаровдун колтугуна кире коюп, анан Садыр Жапаров 2020-жылдын 18-декабрында эл менен жолугушууда “Жетим-Тоо” темир кенин өзүбүз казабыз, анын запасы 500 жылга жетет.  Жетекчилигине Темир Сариевди жумшап жатабыз” деп жарыя кылган.

Бирок 2021-жылдын 3-августунда УКМК экс-премьер Темир Сариевди “Кумтөр” алтын кениндеги коррупцияга айыптап камакка алып, Сариевдин тилеги таш капкан.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2016-жылы 5-11-апрелдерде да КР Жогорку Кеңеши жана КР Транспорт министри ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевди  кытайлык жол куруучу «Лонг Хай» компаниясынан 6 млн доллар пара алган деп айыптап, кызматтан кетиришкен.

2021-жылдын 22-ноябрында үй камагына чыгарылган Темир Сариев бүгүнкү күндө Ак үйдүн лөктөрүнө киши салып, Жетим-Тоону сурап жүргөнү белгилүү болду. Алтургай жакында Нарынга саякат деген шылтоо менен Жетим-Тоо темир кенине алыстан көз салып келгени да айтылууда.

Ошол эле учурда дагы бир экс-чиновник, 2015-жылы “эшек бизнеси” жана “Элдик лотерея” чуулгандуу бизнестери менен белгилүү болгон Юруслан Тойчубеков да Жетим-Тоо темир кенинин гендирекциясына көзү түшүп, чуркап жүргөнү эл арасына тарап кетти.

Жетим-Тоо темир кенинин башчылыгы үчүн эки эрендин күрөшүндө ким жеңерин убакыт көрсөтөт.

Атамбаев менен Темир Сариев 2015-жылы $100 миллионго ($6,5 млрд алтыны бар) сатып жиберишкен “Жерүй” алтын кенинин маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

“Мамлекетибиздин экономикасын көтөрө турган негизги 3 тармак бар:  тоо-кен тармагы, айыл чарба жана энергетика тармактары. Бирок азыр бул тармактар көңүл жылытарлык маанайда иштебей жатат”, – деп билдирди 30-марттагы КР Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Жеңишбек Токторбаев.
“Мен Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү катары биздин өлкөбүздөгү алтын өндүрүүчү компаниялардын түзүлгөн лицензиялык келишимдерин иликтеп чыктым. “Кумтөр” кени мамлекетибизге өткөндөн кийин, 2021-жылы 14 тонна 561 кг алтын өндүрүлгөн.  Ал алтынды сатуудан түшкөн каражатыбыз 856 млн долларды түзгөн.  Анын ичинен убактылуу Тышкы башкаруу киргизилгенден бери 621 млн доллар киреше түшкөн. Андан башка 2021-жылы бюджетке 13,6 млрд сом өлчөмүндө салыктар төлөнгөн. Бул жакшы көрүнүш.  Ал эми алтындын запасы боюнча Кумтөрдөн кийин экинчи орунда турган, эң чоң алтын кени – бул Талас облусундагы Жерүй алтын кени болуп эсептелет.  Тилекке каршы биздин Жерүй алтын кенибиз  белек катары берилип кеткен.  Ал болгону 100 млн долларга сатылган. Ал эми биздин иликтөөлөр боюнча Жерүйдө 105 тонна алтын бар. Азыркы күндө Лондон биржасында алтындын 1 унциясы 2000 доллардан турат.  Бул баа менен биздин Жерүйдөгү алтындын баасы  6,5 млрд долларды түзөт. Бизде болсо болгону 100 млн долларга берип салышкан. Ушундай миллиарддаган акчаларды чет элдик компанияларга ит бекер берип салгандарды урпактар эч качан кечирбейт. Биздин кыргыз элибиз бизди эч качан кечирбейт урматтуу депутаттар.

Ошондой эле Чаткалдагы “Вертекс голд” компаниясы 11 жылдын ичинде 367 млн сом салык төлөгөн. Муну долларга которгондо 33 млн доллар болот.  Ал эми сыртка алып чыгып кеткен алтындын көлөмү 6 тонна болгон. Ал кендеги алтындын запасы 30 тоннаны түзөт.

Бул компанияларда биздин мамлекеттин жок дегенде 25% үлүшү болгондо жүздөгөн миллион доллар салык түшмөк. “Вертекс голд” компаниясынын ишине көзөмөл жүргүзүш керек. Анткени булар алтындын породасынын 1 тоннасынан 6,5 грамм таза алтын чыгат деп эсептешүүдө. Биздин маалыматтар боюнча ал жердеги породанын 1 тоннасынан 15, 17, 21 грамм таза алтын чыгат.

Кыргызстанда алтын казып жаткан компаниялардын лицензиялык келишимдерин иликтеп чыкканда биздин мамлекеттин кызыкчылыктары таптакыр каралбай калыптыр.  Мисалы Ала-Букадагы “Казминералс”, “Бозымчак”, “Иштамберди”, “Иштамберди восточный” алтын кендери, Чаткалдагы “Вертекс голд”, “Чаарат”, “Чаарат Түлкүбаш” кендери, Кемин районундагы “Куранды жайлоо” жана Кадамжай районундагы “Шамбисай” алтын кендери биздин мамлекеттин үлүштөрү жок берилип кеткен. Бул компаниялар 11 жылдан бери алтыныбызды сыртка ташып кетип жатышат. (Чаткалдагы “Эки баакыр Терексай” компаниясында Кыргызстандын 25% үлүшү, ошондой эле Кеминдеги алтын кенинде биздин мамлекеттин 40% үлүшү бар экен).  Жогоруда айтылган фактыларды эске алып, Кыргызстандын үлүшү жок алтын кендердин лицензияларын саясый эрк менен кайра карап чыгып, мамлекеттин үлүшүн так көрсөтүүнү сунуш кылам. Эгер биз алтын кендерин иштете албасак анда биздин неберелер же чеберелер иштетишсин”, – деди Жеңишбек Токторбаев.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2015-жылы президент Алмаз Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев Таластагы $6,5 млрд баадагы алтыны бар “Жерүй” алтын кенин Россиялык чечендерге болгону $100 миллионго Кыргызстанга 1% да үлүш калтырбай сатып жиберишкен.

Ал эми калктын караңгы катмары үчүн Атамбаев менен Сариев: “мурунку бийликтер лицензияны 300 сомго сатышкан экен, биз 100 млн долларга саттык” деп алдап келишет. Чындыгында 300 сом ал кендин баасы эмес, ал лицензиянын, бир барак кагаздын баасы. Мурунку бийликтер (министрлик) лицензияны (бир барак кагазды) 300 сомго каттап, ал эми кенди Кыргызстандын 50%дан кем эмес үлүшү менен сатып келишкен. Атамбаев менен Сариев кендеги Кыргызстандын үлүшү менен бир барак кагаздын (лицензиянын) баасын атайын чаташтырып айтып, карапайым элдин башын айлантып келишет.

2015-жылы Атамбаев менен Сариев: “Жерүй” алтын кенин 100 млн долларга саттык, ал акчага 100 мектеп курабыз” деп убада кылышкан. Бирок 60тай мектеп салынып, калган акчалар ар түрдүү шылтоолор менен дайынсыз жок кылынган. Чындыгында Жерүйдүн чыныгы акчасына 100 эмес, 10 000 мектеп, 10 000 оорукана, жүздөгөн инфраструктуралык курулуштарды курууга болот эле.

Ал эми Ала-Бука менен Чаткалдагы алтын кендерин президент Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиев, шоопуру Икрамжан Илмияновдор Кыргызстанга 1% да үлүш калтырбай кытайларга сатып жиберишкени маалым.

Темир Сариев тергөө абагында калтырылды

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Мындай чечим 25-августта Бишкек шаардык сотунда кабыл алынды. Буга чейин райондук сот Сариевди 30-сентябрга чейин камакта калтырган.

Сариевдин жактоочулары аны үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн, ушундай эле талап менен соттун алдында жүз чакты тарапкери митинг өткөргөн.

УКМК Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Сариевди “Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан” деген айып менен 3-августта кармаган. Соттун чечими менен ал эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.

Адвокаты Тимур Султанов Кумтөрдөгү экологиялык зыянды Сариев эмес, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тийиштүү мамлекеттик орган аныктаганын, Сариев жетектеген комиссия ишин ачык жүргүзгөнүн, курамында парламент депутаттары, адистер, көз каранды эмес эксперттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болгонун, анын корутундусуна учурунда Жогорку Кеңеште өтө жогору баа берилгенин билдирген.

УКМК: Кумтөр иши боюнча экс-премьер Темир Сариев камакка алынды

КР УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Тергөө ишинин жыйынтыгына жана иш боюнча алынган далилдерге таянып, 2021-жылдын 3-августунда өлкөнүн мурдагы премьер -министри Темир Сариевди КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизүү чечими тергөө тарабынан кабыл алды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, Т. Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта, Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталды.

Т. Сариев камакка алынгандан кийин ведомстволор аралык тергөө тобу аны менен бирге тергөө иш аракеттерин улантышат, анын жыйынтыгында жакынкы 48 саатта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту бөгөт коюу чарасын тандоо маселесин карайт.

УКМК кошумча түрдө Кумтөр иши боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу, анын ичинде Т. Сариевге айыпталган эпизоддор боюнча керектүү маалымат коомчулукка берип турат.

Меню