Menu

Тенгиз Бөлтүрүк

Тенгиз Бөлтүрүк УКМКнын тергөө абагына 10-ноябрга чейин камалды

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын карап, аны 10-ноябрга чейин камакта калтырды.

Жактоочусу Кайсын Абакиров ал Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында болорун билдирди.

Тенгиз Бөлтүрүк сот залында ЖМКларга учкай комментарий берип, өзүнө козголгон кылмыш ишин “акылга сыйбаган иш” деп атаган. Ошондой эле коррупуциялык иштерди ага шылтоо негизсиз экенин билдирген.

Аталган соттун чечими менен Бөлтүрүк менен кошо камалган Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева эки айга, Рыспек Токтогулов болсо бир айга №1 тергөө абагына камалды.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Бөлтүрүк “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин Башкы прокуратура “Кумтөрдү” текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

Башкы прокуратура “Кумтөрдү” августта текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

Башкы прокуратура "Кумтөрдөн" 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгенин билдирди

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ишин текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдады.

25-августта Кумтөргө сырттан башкаруу токтотулуп, Тенгиз Бөлтүрүккө отчет берүү буйругу берилген. 23-августта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу “Кумтөр” компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.

Башкы прокуратура “Кумтөрдү” текшере баштаганын 24-августта ырастаган. Мекеме 13-сентябрда ишканага байланыштуу үч кылмыш иши козголгонун билдирди.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган.

Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калды.

Генпрокуратура: "Кумтөрдөгү" коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча Теңиз Бөлтүрүк камакка алынды

Бүгүн, 13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышты, тергөө улантылууда.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча бир катар кылмыш иштери козголгон.
Мында алдын ала эсептөө боюнча аталган коомдун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталган.

Тенгиз Бөлтүрүк: Кумтөрдөгү тышкы башкарууну узартабыз

«Кумтөр Голд» компаниясындагы тышкы башкаруу узартылат. Бул тууралуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.

Анын айтымында, тышкы башкарууну узартуу жөнүндө Министрлер кабинетине сунуш берилди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров жакынкы күндөрү чечим кабал алынарын маалымдады.

Кыргыз тарап май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген.

Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган. Учурда Нью-Йоркто сот уланып жатат. Кыргыз тарап АКШдагы сот Кыргызстандагы кендин тагдырын чече албай турганын билдирип жатат.

Кумтөрдүн айланасындагы быйылкы окуялардан улам “Центерранын” Торонто жана Нью-Йорк биржаларындагы акцияларынын баасы төмөндөп кетти. Мындан улам Кыргызстандын “Центеррадагы” 26% үлүшүнүн наркы да төмөндөдү.

Бөлтүрүк: Кумтөр кенин камсыздоо - азыркыга чейин чоң көйгөй бойдон калууда

Нью-Йорк соту чечим чыгаргандан кийин Кумтөр кенин жабдуулар менен камсыздоо көйгөй жаратууда. Бул тууралуу “Кумтөр Голд” компаниясын убактылуу сырттан башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк 21-июнда “Биринчи радионун” эфиринде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Нью-Йорктун банкрот боюнча соту чечим чыгаргандан кийин көптөгөн жеткирүүчүлөр муну туура эмес түшүнүп алып, жеткирүүлөрдү токтотушту. Азыр кепилдик каттарын жөнөтүүгө туура келип жатат. Нью-Йорктогу биздин юристтер бир да жеткирүүчү, сервис жана кызмат көрсөткөн бир да компания милдеттенмелерин токтотууга укугу жок экени жөнүндө кат жазышууда. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, – деди Бөлтүрүк.

Ал “Кумтөр Голд” компаниясынын эсептери мурдагыдай эле камакта экенин, ошондуктан кызматкерлердин маянасын төлөө үчүн “алтынды тез сатып жиберүүгө” туура келгенин кошумчалады.

“Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде сотко кайрылганын алтын кенди иштетип келген “Центерра Голд” компаниясы 31-майда билдирген. Компания Нью-Йорктогу сот жараяны “Кумтөр Голд Компани” менен “Кумтөр Оперейтинг Компаниге” каршы бардык доолордун автоматтык түрдө убактылуу токтотулушун камсыз кыларын маалымдаган. Кумтөргө байланыштуу Нью-Йорктогу соттук отурум дагы улана турган болду.

8-июнда Нью-Йорктогу сотто бул иш карала баштаган. Судья Лиза Бекермандын макулдугуна ылайык, эки компанияны юридикалык же административдик жоопко тартуу, алардан доо өндүрүү же ал ишканалардын мүлкүн тартып алуу аракеттерине убактылуу чектөө коюучу буйрук ишке кирген.

Маалыматка ылайык, ушул тапта Кумтөр алтын кенинде 3500дөн ашык киши иштейт.

Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизилген.

Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. “Центерра” мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

 

Президент Садыр Жапаров “Кумтөр” алтын кенинин иши менен таанышты. Кен кыргыз тарапка өткөндөн бери 44 миң унций алтын сатылып, $40 млн киреше түшкөн

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, “Кумтөр” алтын кениндеги убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки абал менен таанышты.

Мамлекет башчысына алтын кендин үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жаткандыгы, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКынын кызматкерлери тышкы башкаруунун киргизилишин түшүнүү менен кабыл алышкандыгы, айлык маяналар өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүп, өлкөнүн бюджетине түшүүчү бардык төлөмдөр жана салыктар планга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Мындан сырткары, жогорку окуу жайлардын студенттеринин практикалык билим алуусу үчүн, ошондой эле аталган тармакта кадрлар резервин камсыз кылуу максатында, компания жайкы практика программасын жана өлкөнүн ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү үчүн эки жылдык тажрыйбадан өтүү программасын ишке киргизген.

Президент алтын ылгоочу фабриканы көрүп чыкты. Анда бир айга жетпеген убакытта убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде “Кумтөр Голд Компани” 44 миң унций алтын сатып, анын натыйжасында 40 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дүң киреше түшкөнү белгиленди.
Ишкананын кызматкерлеринин белгилешинче, кен мол чыккан жерди казуу иштери башталса алтындын көлөмү көбөйөт.

Ошондой эле Садыр Жапаров карьерге да барып, тоо-кен иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын сактоонун зарылдыгына токтолду.

Меню