Menu

Түркия

Адана: Зилзалада онго жакын кыргызстандык кыз-келин үй-жайсыз калды

Түркиядагы зилзала учурунда Адана шаарында иштеген он чакты кыргызстандык кыз-келин үй-жайсыз калды. Аларга жардам берүү үчүн атайын топ жолго чыгып кеткенин Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошонов журналисттерге билдирди.

Түрк бийлиги зилзаладан 10 шаар – Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Османие, Адияман, Малатя, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис зыян тартканын билдирди.

6-февралда кечке жуук таратылган расмий маалыматта айтылгандай, набыт кеткендер Түркияда 1500дөн ашса, Сирияда 800гө жакындады. Куткаруучулар урандылардын астында калгандарды издеп жаткандыктан, бул сандар өсүшү ыктымал. Айрым маалымат каражаттары тирүү табылгандар тууралуу жазып жатышат.

Дүйшөмбүдө Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зилзаладан жабыркаган Түркияга 63 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөтүп жатканын кабарлаган.

“Куткаруучулар тобунун арасында психологдор, дарыгерлер да болот. Түркияга барчу кызматкерлерибиз Оштон дагы келе жатат. Эгер үлгүрсө, алар бүгүн, 6-февралда жөнөп кетишет, болбосо калгандары эртең учат. Куткаруучулар атайын борт менен тамак-ашын, чатырын, болгон шаймандарын кошо ала барат. Алардын арасында кинолог эки ити менен учат”,-деген министрликтин басма сөз катчысы Алим Токторов.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллдык жер титирөө кайталанган.

Президент Садыр Жапаров: Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов — планетардык аң-сезимге салым кошкон адам

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-июнда Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты.

Мамлекет башчылары иш-чарага келгенден кийин Кыргызстан менен Түркиянын гимндери жаңырды. Андан соң форумдун катышуучуларына Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана анын дүйнөлүк маданият менен адабиятты өнүктүрүүдөгү чоң ролу жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү.

Алгачкы сөз Президент Садыр Жапаровго берилип, ал түрк элине жана Режеп Тайып Эрдоганга залкар жазуучунун планетардык масштабдагы мурасын даңктоо уланып жаткандыгын тастыктаган Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумун уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

«Чыңгыз Айтматовдун адабий аренада жарк этип жаралуусу беш континенттин миллиондогон окурмандарын таң калтырды. Кыргыз элинен бүткүл түрк тилдүү дүйнөнүн кадыр-баркын көтөргөн таланттуу жазуучунун чыкканы күтүүсүз болду. Ал  XX кылымда Орто Азия республикаларынын тарыхында болуп көрбөгөндөй секирик жасады», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Ал 1986-жылы биринчи жолу Чыңгыз Айтматов адамзаттын келечектеги глобалдык көйгөйлөрүн талкуулоо жана алар боюнча пикир алмашуу максатында дүйнөлүк интеллектуалдардын расмий эмес жолугушуусун Ысык-Көл жээгине уюштурган форумдун тарыхына кыскача токтолду.

Президент Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, адабий мурасы, айткан акыл сөзү, даанышман ойлору терең изилдөөнү талап кылган эбегейсиз руханий байлык экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришкенден кийин биринчи Жарлыгына — «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыкка кол койгондугуна токтолду.

Ал Жарлыктын негизги максаттары: жогорку моралдык ченемдер, улуттук каада-салттар, үй-бүлөлүк жана коомдук салттуу баалуулуктар менен катар, бардык элдердин маданияттарынын кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктар аркылуу жарандарды тарбиялоо тууралуу айтып берди.

«Демек, Айтматов жар салгандай, адамзаттык баалуулуктар кайсы бир этникалык жана улуттук кызыкчылыктардан жогору турат, ал эми акыл-эстүү адамдын жаратмандык күчү тынчтыкка жол ачат.

Ошол эле учурда адамзат цивилизациясынын өнүгүшүндө улуттук маданияттын ролу үстөмдүк кылат. Бир эле тил, бир эле маданият жок болсо, дүйнөнүн боёгу өчө түшөт, бир жери кемий түшөт. Көп түрдүүлүктү сактоо көп кырдуу жана бирдиктүү аракеттерди талап кылат», — деди Мамлекет башчысы.

Мындан улам, Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнө элинин улуттук оюндарын, каада-салтын сыймык менен ааламга таркатуучу аянтчага айлангандыгын белгиледи. Анын айтымында, бул оюндардын өткөрүлүшү — көчмөндөр цивилизациясынын маданий мурасынын маанилүү бөлүгүн сактап калууга жасалган аракет. Ал кийинки жылы Түркия жергесинде өткөрүлүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ийгилик каалады.

«Айтматовдун дагы бир сабагы — Ак илбирс Жаабарс, бөрү эне Акбаранын образдары, Арал деңизи, мөңгүлөр аркылуу туюнтулган экологиялык проблема. Табияттын чынжырына кыпындай доо кетсе, калыбына келтирүү кыйын. Айтматовдун чыгармаларында булар туурасында принципиалдуу жаңы ой жүгүртүүлөрдүн башталышына негиздер салынган.

Демек, биздин Айтматов — планетардык аң-сезимге салым кошкон адам. Түрк элдеринин улуу жазуучусунун улуу ойлору түбөлүк даңазаланууга татыктуу», — деп билдирди Президент Садыр Жапаров бардыгын Айтматовдун идеяларын бүткүл адамзатка жайылтууга чакырып.

Баяндамалардан соң форумду уюштуруучулар эки өлкөнүн президенттерине Форумдун жыйынтыктоочу документин салтанаттуу турдө тапшырышты.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба каттамдар көбөйөт

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аба каттамдардын саны көбөйөт. Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-июнда айтты.

Ал Кыргызстандын лидери Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин уюштурулган маалымат жыйында буга чейинки каттамдардын саны 28ге көбөйгөнүн кошумчалады.

Тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын алкагында сүйлөшүүлөрдү улантышты.

Садыр Жапаров Түркияга расмий сапары 9-июнда башталды. Ал 11-июнга чейин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен да жолугушат. Кыргызстандын мамлекет башчысы эки өлкөнүн бизнес форумуна катышып, Анкарада иштеп жүргөн мекендештер жана окуп жаткан студенттер менен баарлашмакчы.

Бул Садыр Жапаровдун бешинчи чет элдик сапары болуп калды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Президент Садыр Жапаров 9-11-июнда Түркияга расмий иш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 9-11-июнунда Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирди.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда өтөт.

Расмий иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бизнес-форумга да катышат.

Ошондой эле ал Түркиянын борбору Анкара шаарында иштеп  жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, студенттери жана диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушат.

Меню