Menu

УКМК

УКМК: Камчы Көлбаев жана Раим Матраимов менен байланышы бар 50 бажы кызматкери жумуштарынан айдалды

“Мыйзамдагы ууру” деп аталган К.Асанбек менен тыгыз байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө, Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдар аныкталды.  

Такталгандай, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери криминалдык авторитет К.Асанбек жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Р.Матраимов менен тыгыз байланышта болушкандары аныкталды. Буга байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жогоруда аталган кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы жана ведомстволордогу абийирсиз кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерин улантууда.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери жана мүчөлөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу, рейдерлик басып алуу жана башка оор кылмыштар тууралуу билдирүүгө чакырат

Буга чейин маалымдалгандай, учурда улуттук коопсуздук органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы активдүү иш алып барууда.

Акыркы окуяларды эске алуу менен жана УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрүнө жана алардын жетекчилерине карата опузалап акча талап кылуу, рейдерлик жол менен басып алуу жана башка оор кылмыштардын фактылары боюнча, анын ичинде ишкерлерге карата жасалган кылмыштар боюнча бир катар кылмыш иштеринин тергөөсүн эске алуу менен, улуттук коопсуздук органдары төмөнкүлөрдү билдирүүнү зарыл деп эсептейт.

Коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандардын, инвесторлордун жана бүтүндөй бизнес-коомчулуктун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, инвестициялык климатты чыңдоо максатында УКМК тарабынан туруктуу негизде өлкөнүн турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндө кылмыштуулук факторунун таасирин жоюуга өзгөчө көңүл бурулат.

Буга байланыштуу УКМК уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандарды жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн мындай фактылар боюнча, республиканын аракеттеги мыйзамдарынын чегинде катуу жана компромиссиз чараларды көрүү үчүн УКМКга билдирүүгө чакырат.

Муну менен бирге УКМК жарандардын жана ишкерлердин ар бир кайрылуусу боюнча тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлө тургандыгына көңүл бурат.

Байланыш телефондору: 66-04-75, 62-65-04, 0702-68-28-68

УКМК Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Ильязованы $5000 пара алып жаткан жеринен кармады

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан сот тутумундагы коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу боюнча жүргүзүлгөн системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы “И.Н.А.” опузалап акча талап кылып алгандыгы үчүн кармалды.

Бишкек шаардык сотунун айрым судьялары каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эркинен ажыратуу менен байланышпаган оң чечим чыгарып берүү үчүн жактоочунун ортомчусу аркылуу соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң АКШ долларын (443 500 сом) өндүрүп алышкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, соттор тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын иш жүзүндөгү фактысы, алардын кылмыштуу иштерине “ишенимдүү” адвокаттар тартылганы аныкталды.

Ошол эле учурда, судьяга акча каражаттарын берүүнүн алдында жактоочунун жанында мурда даярдалган (адалдоого алынган) каражаттар болушу керек болчу, алар соттук коллегияга кирген экинчи инстанциянын судьяларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Белгилей кетсек, акча каражатын алмаштыруунун бул схемасы системалуу мүнөзгө ээ болуп, судьялар менен алдын ала макулдашылып адвокат тарабынан анын кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында ишке ашырылып жүргөн.

Бул кылмыштуу амалдын катышуучуларынын планы боюнча, эгерде алар укук коргоо органдары тарабынан кармалса, адвокат туруктуу жана ишенимдүү ортомчу катары, акча каражатын көрсөткөн юридикалык кызматы үчүн акы катары алганын айтмак, ал тууралуу алдын ала ойдон чыгарылган келишим түзүлүп даярдалган.

Ошону менен бирге, зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин бардык колдо болгон маалыматтарды, анын ичинде судьянын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылган акча каражаттарын алуу жана адалдоо боюнча “белгиленген коррупциялык схеманын иштешин”, судьялар жеке коопсуздугуна ынангандан кийин акча каражатын алганын тастыктаган көрсөтмөлөр алынды.

2023-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаардык сотунун судьясы “И.Н.А.” Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2023-жылдын 26-ноябрына чейин КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар Бишкек шаардык сотунун башка судьяларынын жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иштеринин далил базасын бекемдөө боюнча тиешелүү активдүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жалган ишкердик фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ушул жылдын 14-июлунда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү «Узун Улан» каймана аты бар У.Барчакеевдин аталаш бир тууганы, К.Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы – С.А.С., ошондой эле, уюштуруучусу Т.К.Б. кармалды, алар жалган финансылык документтерди жасоо менен өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун мыйзамсыз схемасын уюштурушкан, андан 151 мл. сом зыян келтирилген. 

Айта кетсек, жалган фирмаларды салык органдарына каттатуу менен, алар ЕАЭБ өлкөлөрүнө «Ак-Тилек» жана «Чалдавар» автожол бекеттери аркылуу товарларын экспорттоп ташып келишкен.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: Бийликти күч менен басып алууга жашыруун даярданган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү кармалды

КР УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө өлкөдө массалык нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин бети ачылып, бөгөт коюлду.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык баш аламандыкка чакыруу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 6-июлунда КР УКМК тарабынан “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.  

Тинтүү учурунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын партиялык материалдарынан тышкары бул партиянын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынды. Мындан тышкары, тинтүүлөрдүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынды.

Маалымат үчүн: Кармалган материалдарда төмөнкүдөй кайрылуулар болгон: «Ансыз деле төңкөрүш керек». «Революция болсо токтойт баардык иш. 2 жылдан бери айтып келе жатам. Бул бийлик созду тушунбойт. Муштумду тушунот. Буларды уруп же жок кылып токтотосуздар. Революция болот по любому. Бараарда революцияга башынарды кылычка сайып барыныздар»; «Барыныздар Кастет, дубинка, Сухой пайок алып алыныздар, дубинка алып ал. Милиция же кара кепкачанды корсон эле башка чап дароо ойлонбой»; «дубинка, Коктейл молотовго алып алгыла, керек болот. Баарын оптом орттоп салгылачы кулун асманга сапырып. Болду артка жол жок согушса согушабыз акмактар адырандаган сарт менен уйгур зектер».

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын З.У.А. жана Т.И.М. аттуу активдүү жактоочулары КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97беренесинин негизинде КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу  жайына киргизилди. Калган кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

А.Мадумаровдун тарапташтарынын, анын ичинде З.У.А. жана Т.И.М.дин аракеттери “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турган, тактап айтканда, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгынын кызматкерлери тарабынан А.Мадумаровдун жер-жерлерде тарапташтары менен туруктуу байланышта болуп, мобилдик тиркемелерде, мессенджерлерде жана социалдык тармактарда “тайпаларды” түзүү аркылуу тыкыс байланышта болуп, массалык баш аламандыкка даярдык көрүү менен байланышкан нааразылык акцияларын уюштурууда партиянын катардагы мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн деструктивдүү таасир берип турушкан.

УКМК органдары тарабынан коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

 

УКМК: Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттердин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлдү

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан имамдары жергиликтүү тургундар тарабынан өзүм билемдик менен дайындалып, ошол эле учурда тиешелүү теологиялык билими жок, өз ишмердүүлүгүн КМДБнын макулдугусуз жүргүзгөн мыйзамсыз мечиттерде экстремисттик идеологияны пропагандалоону аныктоо боюнча комплекстүү иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүүдө.  

Мечиттердин курулушун координациялоонун жана аларды каттоонун бирдиктүү эрежелерин текшерүү максатында, Жалал-Абад облусунун аймагындагы мечиттерди текшерүүнү уюштуруу боюнча КР УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ички иштер башкармалыгынын, “Кадастр” ММ, ӨКМ, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ДИМК жана КМДБнын кызматкерлеринен турган атайын комиссия түзүү демилгеленген.

Комиссиянын ишинин жүрүшүндө КМДБнын жана ДИМКнын каттоосунан өтпөгөн 60 мечит аныкталган. Райондор жана шаарлар боюнча: Сузак – 33, Базар-Коргон – 2, Ноокен – 5, Аксы – 3, Чаткал – 5, Токтогул – 1, Тогуз-Торо – 7, Жалал-Абад – 3, Майлуу-Суу – 1.

Атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгында 11 мечит КМДБдан жана ДИМКдан каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерин даярдады. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ведомстволор аралык комиссия тарабынан 49 мечитке аларды КМДБ жана ДИМК каттоодон өткөрүү маселесин чечүү боюнча сунуштар берилди. 

Белгилей кетсек, мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, архитектуранын, КМДБнын макулдугусуз өз алдынча, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабрындагы № 282 Мыйзамынын 10-берененин 1-бөлүгүн “Диний уюм дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилген каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк берилген учурдан тартып диний иш жүргүзүү укугуна ээ болот” бузуу менен курулган.

Атайын комиссиянын чечимине ылайык, мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, архитектуранын, КМДБнын жана ДИМКнын тиешелүү органдары жаңы мечиттердин курулушун жана алардын мындан аркы каттоосун көзөмөлгө алышат.

УКМК "Туризмди колдоо фондуна" козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди

Башкы прокуратура “Туризмди өнүктүрүү фонду” ишканасына козголгон кылмыш иши тууралуу 4-майда маалымат берди.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, 22-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети фондго Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бул иштин алкагында 28-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен фонддун кеңсеси жана анын жетекчиси Елена Калашникованын үйү тинтүүгө алынган.

“29-апрелде Финансы министрлигине фондду аудиттик текшерүүдөн өткөрүү дайындалган”, – деди Конкубаева.

УКМКнын төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков фондго кылмыш иши туристтик эс алуу жайларын куруу долбоорун ишке ашырууга байланыштуу козголгонун билдирди.

Жыйынга Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова да катышып жатат. Ал кылмыш иши козголгонун жаңы билгенин айтып, ишкананын кеңсесинде жана өзүнүн, кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргөнүн ырастады.

“Жалпы 1 млрд. сом уставдык капиталдын 762 млн. 190 миң 370 сому накталай түрдө сакталуу. Ал эми жалпы 257 млн. 67 миң 294 сому коротулду. Анын 113 млн. сому туристтик эс алуучу жайларды курууга бөлүнгөн. Алар жалпысынан 68 жерге, өлкөнүн ар кайсы аймагына салынууда”, – деди Калашникова.

“Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коому март айында түзүлүп, анын уставдык капиталы 1 млрд. сом деп белгиленген.

Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.
Мындан тышкары региондордо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртууга, алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүүгө, калктын социалдык жактан аялуу катмарын, аялдарды окутуу программаларын, туристтик жайлардын базасында иш менен камсыз кылууга, калктын билим деңгээлин жана туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга колдоо көрсөтөрү айтылган.

Баткенде жакын тууганына карата козголгон кылмыш ишин жаап бер деп коопсуздук кызматкерине $35.000 пара берип жаткан жаран кармалды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен РИИБ ​​менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 35 миң АКШ доллары (3 059 700 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен 1987-жылы туулган О.И. аттуу Баткен районунун тургунун кармады. 

Аталган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине анын мурда аткезчилик менен кармалган жакын тууганына карата кылмыш ишин тергөө жана токтотууга жардам берүү үчүн пара берүүгө аракет кылган.  

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бишкекте аял кишини, анын жаш кызын жана эркек баласын кыйнап өлтүргөн УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери кармалды

Кечээ, 16-февралда Бишкек шаарынын 5-кичи районунда 3 адам өлтүрүү фактысы катталды. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын ИИББнын жана Октябрь РИИБдин тергөө ыкчам тобу менен биргеликте кароо жүргүзүлдү. Аталган даректе энеси, кызы жана уулунун денесине оор залалдар келтирилген жансыз денеси табылган. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
 Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде катталган.
 Окуя болгон жерге ИИМдин КИББдин, Бишкек шаарынын ИИББнын жана Октябрь РИИБдин тергөө ыкчам тобу тарабынан толук кароо жүргүзүлүп, анда адамдардын кол тактары, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
 Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Ч.А. кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге жеткирилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
 Азыркы убакта бул факт боюнча ар тараптуу, толук кандуу, объективдүү териштирүү иштери колго алынып, тийиштүү экспертизалары дайындалып, ыкчам иликтөө иш чаралар жүрүүдө.
Маалымат боюнча адам өлтүрүү 16-февралдын таңында болгон, коңшулары кечинде гана байкашып милицияга билдиришкен. Шектүү ошол эле түнү кармалган.
УКМК ал шектүү УКМКнын 9-кызматында 2006-2021-жылдары иштеп кеткен деп тастыктады.

УКМК: Кечээ 3 адамды өлтүрүп кармалган адам УКМКнын 9-кызматында 2006-2021-жылдары иштеген

Кечээ, 16-февралда үч жолу адам өлтүрүүгө шектелген жаран мурда КР УКМКда кызмат өтөгөн деген маалымат ЖМКларга жарыяланганына байланыштуу атайын кызмат төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:

Өлүмгө шектүү 1986-жылы туулган А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн.

Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген.

2021-жылы А.Ч.К. пенсияга эмгек стажына байланыштуу УКМКнын 9-кызматынан бошотулган.

Меню